«Манас» эпосундагы байыркы музыкалык аспаптарды жасап жатабыз»

Кыргыздын элдик музыкалык аспаптарынын абалкы түрлөрү дээрлик жоголуп бара жаткан. КРнын эл артисти, композитор, “Ордо сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблдин көркөм жетекчиси Нурланбек Нышанов аларды калк арасынан изилдеп таап, кайра жасап чыгарган абдан сейрек, түйшүктүү кесипти аркалаган инсан. Учурда Нышановдун демилгеси менен “Манас” эпосунда айтылган жоокердик музыкалык аспаптар калыбына келтирилүүдө. Каарманыбыз менен ушул темада маек курдук.

 – Нурланбек мырза, мындан жыйырма жыл мурда “Ордо сахна”фольклордук-этнографиялык ансамбли түзүлүп жатканда элдик музыкалык аспаптарды кайдан таап, иш баштадыңыздар эле?

– 1999-жылы “Ордо сахна” фольклордук-этнографиялык ансамбли уюшулду. Ошол жылы кыргыздын театр өнөрүнүн залкар таланты, атактуу режиссер, КРнын эл артисти Медербек Назаралиев дүйнө салды. Анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында ансамблге Назаралиевдин ысымы ыйгарылган. Алгачкы мезгилде чоордо, сыбызгыда, темир ооз комузда жогорку деңгээлде ойной турган музыканттар жетишпей жатты. Ошондон улам музыканттарды Асанкан Жумакматов жетектеген симфониялык оркестрден чакырып, аларга элдик аспаптарды ойноону үйрөттүк. Бир замандарда кыргыздар колдонуучу нукура улуттук музыкалык аспаптарыбыз совет мезгилинде  унутта калган болчу. Бала чагымда Толтой Мураталиев тарткан кыл кыякты анда — санда телевизордон көргөнүм эле болбосо, башка аспаптардын атын гана укчумун. Өспүрүм кезимде темир ооз комузду, комузду түзүк ойногонду үйрөнгөм. Жыйырма жыл мурда улуттук музыкалык аспаптар Кыргызстандын эч жеринде адисттик катары окутула элек болчу. «Ордо сахнанын» музыканттарына бир жылга чукул мезгил ичинде элдик аспаптардын түрлөрүн үйрөтүү, ага карата жаңы чыгармаларды иштеп чыгуу зарыл эле. Тынбай эмгектенүүнүн натыйжасында «Ордо сахна» мына бүгүн элдик музыканы сактап калуу, өнүктүрүү, жайылтуу боюнча эң алдыңкы саптагы ансамблдердин бири болуп калды.

«Ордо сахна» жаңы түзүлгөндөгү алгачкы концертке болгону жыйырма көрүүчү келгени эсимде. Анткени, Европанын опера, симфония, оперетта, балет сыяктуу элитардык искусствосу алдыга чыгып кеткен. Нукура улуттук музыкалык аспаптарда аткарылуучу элдик ыр — күүлөр алардын көлөкөсүндө калып, кадыры түшүп калган. Ал эми былтыркы жылы 20 жылдык отчеттук концертибизге келген  көрүүчүлөр филармониянын чоң залына жык жыйма толуп, артисттерди кетирбей бир топко кол чаап турушту. Жүздөгөн жылдар мурдагы аспаптарда аткарылган элдик музыка өнөрү «эски», «жок болуп кетүүчү» маданияттын катарына кирип бара жаткан болчу. «Ордо сахна» мына ошол стереотипти бузуп, эзелки музыкалык маданиятыбызды кайрадан калыбына келтирүүгө, көптөгөн чет мамлекеттерге чейин жайылтууга салым кошууда. Ушуга байланыштуу «Ордо сахнаны» өз учурунда түптөгөн продюсери Шамил Жапаров менен директору Чолпон Жапаровага чоң ыраазычылык билдиргибиз келет.__

 – Сиз музыкалык аспаптарды жасоого кандайча киришип калдыныз?

– Сексенинчи жылдары советтер союзунун айдыңында кайра куруу саясаты жүрүп, союздук республикалар өзүнүн түпкү тарыхына, улуттук маданиятына кайрылып калган кез эле. Этно искусствонун баалуулугуна кайтуу процесстери ордунан жыла баштаган. Менин жаштыгым ошол учурга туура келди. 1987-жылы жогорку окуу жайына өтүү үчүн Фрунзеге келгем. Ошол учурда Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдында улуттук музыкалык аспаптардын түрлөрүн калыбына келтирүүчү эксперименталдык устакана ачылганын уктум. Устакананы жетектеген Сураган Айдаралиев аттуу чоң устага шакирт болуп ишке кирдим. Биз адегенде үйлөмө аспаптарды жасай баштадык.  Сураган байкенин жардамы менен кадимки кыргыздын чоорун калыбына келтирдик. Чопо чоорду жасадык.

1987-жылы Токмок шаарында «Эл чыгармачылыгы» аталыштагы республикалык фестиваль өткөрүлгөн болчу. Ага Баткенден Салам Кахраманов аттуу уста аксакал төрт көзөнөктүү кичинекей чопо чоорду жасап келген. Анын чопо чоору менен кыска кайрыктар ойнолот экен. Салам ага сахнанын артына чыкканда жанына жетип барып:«Чопо чоорду жасаганды үйрөтөсүзбү?», – деп сурап жибердим. Ошондо чопо чоорду биринчи жолу колума кармадым. Кечинде ал киши экөөбүз мейманканада кездештик. Ал мага чопо чоордун жасалышы, тарыхы тууралуу чыпчыргасын коротпой айтып берди. Булл аспап керамикага жарай турган кызыл чоподон же фарфордун негизин түзгөн ак чоподон жасалат экен. Салам аксакал мага аны жасоочу курал-шайманын дагыкошо берди. Ушундан кийин Жумгалдагы айылыма барып, алгачкы жолу чопо чоорду жети көзөнөккө жеткире жасап алып  Бишкекке келдим. Сураган Айдаралиевдин устаканасында чоор, чопо чоор, сыбызгы, нотанын «ре» түрүнө күүлөнгөн кичине чоорду жасадык.

Алгачкы ирет «Камбаркан» этно- графиялык элдик ансамблдин үйлөмөаспаптарын чыгардык. Биротоло унутта калган элдик музыкалык аспаптарды ошол жылдан бери жасап чыгарып келе жатабыз.

 – «Манас» эпосунда айтылып жүргөн элдик аспаптар да ушул устаканада жасалып жатабы?

 Ооба, жоокерчилик замандарда кыргызда «кабар берүүчү» деп аталган элдик аспаптар болгон. Алар тууралуу «Манас» эпосунда да айтылат. Абалкы доордо керней, сурнай, чыңыроон, жезнай деген үйлөмө аспаптар жана добулбас, доол, камыш сурнай, баңдулу сыяктуу урма аспаптар колдонулган. Бир доорлордо жогорудагы аспаптардан куралган ансабль болгону тууралуу маалыматтар бар. Мен бир нече жыл бою: «Ушул аспаптарды кантип кайра калыбына келтиребиз?», –деген ойдо жүрдүм.

Токтогул районундагы Болот Батырканов аттуу мыкты устадан керней, сурнай алып келгенбиз. Ар бир уста аспапты өз ыкмасына салып жасайт. Ошондуктан күүлөнүшү биздин тембрге анча тура келбей жатты. Максатымды ишке ашыруу үчүн төрт жыл мурда Американын «Крестинсент» фондусуна долбоор жазып кайрылдым. Ошол фонд «Манаста» айтылган музыкалык аспаптарды жасап чыгарууга каржылык жардам берди. Бир жыл бою Сураган, Болот байкелер, Мирбек Маратбаев, Марат Берикбаев болуп, «Манастагы» «кабар берүүчү» аспаптарды калыбына келтирүүнүн үстүндө иштедик. Болот Батырканов экөөбүз кернейдин чоңун жана кичинесин кыргыздын тембрине ылайыктадык. Сураган байке доолду калыбына келтирди. Мирбек болсо «Манаста» сүрөттөлгөн тай казандай болгон илгерки чоң добулбасты жасады. Бир жылдан кийин кылымдарды карыткан аспаптарыбыздын бет ачарын өткөрдүк. Менин окуучум, абдан таланттуу композитор Камбар Календаров «кабар берүүчү» аспаптар үчүн чоң чыгарма жазды. Мисалы, чыңыроон жезден жасалат. Чыңырганда үнү абдан алыска кетет. «Манаста: «Чыңыроон тартып жезнайдан, Чымчык учпас Кең-Сайдан», – деп айтылат.

Изилдеп көрсөк, бул аспаптардын баа жеткис ролу бар экен. Душманга каршы аттанаар алдында жоокерлерди ыкчам чогултуп топтоо үчүн ойлонуп табылган. Ушул аспаптарды кайра калыбына келтирүү үчүн тарыхый маалыматтарды казып, айрыкча «Манас» эпосунун варианттарына сүңгүп кирдик. Мен бүгүнкү белгилүү манасчылардан “Манас” трилогиясындагы музыкалык аспаптарга тиешелүү бардык материалдарды чогултуп берүүнү өтүндүм. Манасчылар мунун үстүнөн төрт айдан ашык иштешти. Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев жана Жусуп Мамайдын варианттарын казып отурушуп, баалуу маалыматтарды чогултуп беришти. «Манас» эпосунда бул аспаптар эмнеден жасалганына чейин айтылат. Мисалы, «Жезден кылган баңдулу, Баңдулуну урганда, Каңгыраган добушу Бир күндүк жерге угулду» деген саптар бар. Баңдулу кытайдын «ка- ааң!» деген дабыш чыгарган “гонг” аспабына окшошураак. Анын формасы тегерек болуп, түркүккө илинип коюлат. Бул аспап аскер кошундарында, хан ордосунда болчу экен.

2018-жылы Б.Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр университетинде окуган шакирттерим менен бирге “кабар берүүчү” аспаптардын ансамблин уюштурдук. Бул ишибиз жоокерчилик замандардагы окуяларды көз алдыга келтирүүчү, элдин рухун көтөрүүчү күчтүү таасирге ээ болду. Азыркы учурда ушул ансамблди үзгүлтүксүз иштетүү үчүн жаңы чыгармалардын үстүндө эмгектенип, андан тышкары, радионун “Алтын казынасынан” кыргыз күүлөрүн нотага түшүрүп жатабыз. Ушул күүлөрдү биз «Ордо сахнанын» репертуарына да кошобуз.

Элдик музыкалык аспаптарды жасаган устачылык кесип беш манжадай аз адамдарды камтыйт. Себеби, анын бир эле учурда чыгармачылык эргүүнү, кара жумушчу күчүн жана акыл эмгегин талап кылган өзгөчөлүгү бар. Буга өтө сейрек адамдардын гана чыдамы жетип, туруктуу иштей алат. Мындай усталарды мамлекет окутуп даярдабайт. Жеке демилге менен жүргүзүлүүчү жумуш. Ушуга байланыштуу өткөн жылы элдик музыкалык аспаптарды жасап чыгарууну эл арасында жайылтуу максатында клип тартып, интернетке чыгардык.

Нарынкїл НАЗАРАЛИЕВА,
«Кыргыз Туусу»