Коронавируспу же пневмониябы?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ВОЗ) уюмунун эксперттик тобу Казакстанга пневмония менен ооругандардын  саны эмне себептен өсүп жаткандыгын аныктоо үчүн келерин ДССУнын жетекечиси Кэролайн Кларинваль билдирди.

Кытай элчилиги өзүнүн сайтына Казакстан өлкөсүндө COVID-19 илдеттинен эмес “белгисиз пневмониядан” каза тапкандар көп,- деп жазып чыккан. Бул ойду Казакстандын саламаттыкты сактоо министирлиги четке какты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгисиз пневмониянын жаралышы COVID-19 илдети болуп саналат деп билдирди.

“Азыркы учурда эрте чечим чыгарууга шашылбоо керек. Июнь айынан баштап пневмония илдетине чалдыккандар көп болду. Бул абалды жөнгө салуу иштери бизге тапшырылган. Саламаттыкты сактоо министирлиги дагы иштеп жатат. Бул маалыматтар ЖМКда чоң талкууну жаратты, бирок жыйынтык чыгаруудан мурун анализ жүргүзүү керек”- деп Кларинваль БУУга берген интервьюсунда айтты.

Коронавирус Казакстанда жалпысынан 61755 адамдан табылды, алардын ичинен 375 бейтап каза болду, 35991 бейтап айыгып чыкты.

Кыргызстанда 11538 адамдан коронавирус илдетти табылды, алардын ичинен 149 бейтап кайтыш болду, 3569 бейтап айыгып кетти.

Которгон Асель Раманкул кызы «Кыргыз Туусу»