Мирзиёев көп аял алууга каршы

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-июнда өлкөнүн дин кызматкерлери менен болгон жыйында сөз сүйлөп, экинчи аялга нике окуган молдокелер мыйзам алдында катуу жазага тартыларын айтты. Анын бул видеосу Youtube каналында эң көп көрүлүп жана талкууланып жатат. Ал BBC дүйнөлүк кызматынын өзбекче сайтында да популярдуу болду.

«Акыркы мезгилде аялдын үстүнө аял алып, шарият жолу менен нике кыйдырып алган орой учурлар аябай көбөйүп кетти. Мамлекеттик каттоодон өтпөй туруп мындай жосунга баргандар айрыкча Ташкент шаарында арбын. Экинчи аял болуп тийген аялдардан төрөлгөн мыйзамсыз балдардын эртеңи кандай болот? Урматтуу молдокелер, дал ушундай балдардын убалы силердин мойнуңарда болот», — деди. Президент ошондой эле расмий нике күбөлүгүн көрбөй туруп нике кыйган имамдарды жазалоо боюнча атайын мыйзам иштелип чыгарын да эскертти.

Маалымат булагы Азаттык

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *