Добуш берүү мөөнөтүн жылдырууга болбойт

Өлкө аймагында коронавирус пандемиясы күч алууда. Айрым саясатчылар болсо 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону башка мөөнөткө жылдыруу боюнча ойлорун айтып жатышат. Ушуга байланыштуу коомчулук өкүлдөрүнүн пикирлерин жарыялап коюуну туура көрдүк.

Азыркы күндө Кыргызстандагы пандемия өзүнүн туу чокусуна жетип жатат. Адистердин айтымында, күзгө чейин анын күчү кайтып, кадыресе тиричиликке киребиз. Ошондуктан шайлоону кийинкиге жылдыруунун кажети жок.

Бирок, эл аралык эксперттер коронавирустун экинчи толкуну ноябрь-декабрда кайра кайталанышын болжолдоп жатышат. Пневмония кары-жашты калтырбай өпкөдөн алып жыккан дарт экен. Саясатчылар шайлоонун мөөнөтүн кышка жылдыруу сунушун берүүдөн мурда ушуну ойлонушсун. Чукул континенталдык климаттуу Кыргызстан үчүн суук күндөрү ири иш чараларды өткөрүү ого бетер кыйын. Андай болсо парламенттик шайлоо 2021-жылдын жаз-жай айларына жылдырылып калабы? Бул өтө татаал маселеге айланып кетет.

Россия пандемиядан кийин Улуу Жеңиш парадын, андан кийин референдум өткөрүп алды. Дүйнөнү каптаган бул апааттан аман чыккан постсоветтик республикалар массалык иш-чараларын өткөрүп алып жатышат. Ушундан улам, Президент С.Жээнбековдин шайлоону өткөрүү боюнча жарлыгы ошол учурга карата болжолдуу багытталды деп ойлойм. Анын үстүнө каникулга тараган парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтүн узартууга мүмкүн эмес. Ыйгарым мөөнөтүнөн ашыкча иштеген парламенттин мыйзамдарды кабыл алууга укугу болбой калат. Бийлик бутактарынын ишмердүүлүгүндө башаламандык келип чыгары бышык.

Ошондой болсо да добуш берүү учурунда гигиеналык талаптарды аткарууга туура келет. Мисалы, Россияда коронавирус чегинди дегени менен референдумга келген эл дээрлик социалдык аралыкты сактап, гигиеналык эрежелерди колдонушту. Ушунусу менен 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо уюштуруу жагынан мурдагылардан айырмаланат. Ал үчүн БШК, Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү добуш берүү участкаларын бардык талаптарга шайкеш келтирип, жакшы камылга көрүүлөрү керек.

Кемел АШЫРАЛИЕВ, легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер