Хоббитон айылын ким курган?  

Жаңы Зеландияда адамды таң калтырган табигый кооздуктар жана жасалма жерлер бар.

Алардын бири – Хоббитон айылы. Айыл туристтер арасында абдан популярдуу, анткени ал жерде бардык нерсе чынында эле хобби (мультфильм каармандары) жашаган сыяктуу.

Мультфильмдеги кызыктуу үйлөрдөй болгон бул жай Матамат шаарынан алыс эмес, Жаңы Зеландиянын Түндү каралында жайгашкан. Хоббит үйлөрү “Властелин колец” аттуу тасманы тартуу үчүн курулган. Толкиендин окуясы режиссер Джексонду ушунчалык таасирленткендиктен, ал чыныгы жашоодо да хоббит үйлөрүн декорация катары курууну чечкен. Фермерлер менен сүйлөшүүдөн соң кино тартуучу топко чакан айылды куруу үчүн уруксат берилген. Курулуш иштери 1999-жылы башталып 9 айда курулуп бүткөн. Автоунаа токтотуучу жайдан Хоббитонго чейинки жолду асфальттоого Жаңы Зеландиянын аскер күчтөрүн жардамга чакырышкан.

Тасма тартылып бүткөндөн кийин айылга ар кай жактардан туристтер агылып келе башташкан. Андан көп өтпөй Хоббитонго турлар уюштурула баштаган, атайын гиддер туристтерди кабыл алып, кызыктуу окуяларды, айыл тарыхын айтып берип турушат. Бүгүнкү күндө “Хоббитон” туристтик айылы тегерек эшиктери жана оюлган терезелери бар 37 үйдөн турат. Айылда көлдүн үстүнөн өткөн көпүрө, бакча, жаныбарлар үчүн жайыт бар. Тегирмен жана айланасындагы бакчалар көз жоосун алат. “Жашыл дракон” аталышындагы тамактануучу жай да бар. Ал жактан түрдүү даамдарды сызсаң болот. Туристтерге үйлөрдүн ичине кирүүгө тыюу салынган, бирок көчөлөрдү кыдырып чыгууга уруксат берилет. Хоббитон айыл чарба жаныбарларынын мекени. Кой-эчкилер адамдарга ушунчалык көнүп калгандыктан, алардын колунан тамак жешет. Бул кызыктуу шаарчаны көрүп чыгуу үчүн 3 саат убакыт кетет. Ал жакка баруу үчүн алдын ала жазылып кою кажет. Баасы чоң кишилер үчүн 90 доллар болсо 8 жашка чейинки бөбөктөр үчүн бекер.

 

 

 

 

 

 

 

 

Асел СҮЙӨРКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”