«Кызыл короздун» кыйкырыгынын алыска угулганына котормочунун эмгеги чоң болду…»

Уучу кур эмес улуттук адабият

(Стокгольм) өткөн эл аралык Евразия адабий фестивалында расмий түрдө эл аралык деңгээлдеги жазуучу деп таанылдым, диплом ыйгарылды. Евразия жазуучулар гильдиясына мүчөлүккө жана Евразия жазуучулар гильдиясынын эксперт-мүчөсүнүн катарына кабыл алышты. Евразия жазуучулар гильдиясы 2018-жылы “СПАВШИМ МИР” ордени менен сыйлашты.

– “Эл аралык жазуучулар союзу” (ИСП) менен качантан кызматташа баштадыңыз?

– Интернет дегениңиз сонун турбайбы, каалаган маалыматтарды үйдө отуруп таап, байланышсаңыз болот экен да. Ошонун пайдасы тийди. “Красный петух” деген аңгемем боюнча кыска метраждуу көркөм фильм 2016-жылы КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кыргызтелефильм” студиясынын режиссеру Ф.И.Газиева тарабынан тартылып, ЛОНДОН эл аралык кинофестивалында II орунду жеңип алды. Андан соң, ИСПнын конкурстарына катыша баштадым. 2016-жылы орус жана болгар тилиндеги атайын чыгарылыштагы Россия-Болгария адабий жыйнагынан “Манас великодушный” деген аңгемем конкурстун жеңүүчүсү катары жарык көрүп, Кирилл жана Мефодий медалы ыйгарылыптыр. Бирок, негедир диплом колго тийди. 2017-жылы ИСП тарабынан Владимир Набоков атындагы сыйлыкка конкурс жарыяланды, ага катыштым. Жыйынтыгында диплом ыйгарылды. Ал конкурстун жыйынтыгы менен жети аңгемелер жыйнагым ИСПнын жардамы менен англис тилине которулуп, 2017-жылы “RUSSIAN BELL” журналынан жарык көрдү. Ошол эле жылы С.Каралаев менен Кетмен-Төбөдө болгон окуясына арналып жазылган “Шумкар шаңшыйт” аттуу аңгемем үчүн С.Каралаев атындагы коомдук фонд медаль менен сыйлашты.

– Сиз кыска аңгемелер жазасыз, эми роман жазууга өтөйүн деген ой-пландар барбы?

– Андай планда да, оюмда да жок. Анткени, ал жетпеген нерсеге асыла берүү жакшы натыйжа бербейт. Куру бекер убакыт да кетет. Роман же чоң чыгарма менин табиятыма деги төп келбээрин, жарашпаарын билем. Адамга табиятынан өзүнө берилген жөндөм болоору белгилүү эмеспи. Менин билим деңгээлиме, табитиме ылайык келбейт. Албетте, аракет да жасаган жокмун. Өзүмө ишенем айтайын деген ойдун өзөгүнөн адашып, чанжыратып жиберишим эч кеп эмес. Баса, Лондонго эл аралык адабий-кинофестивалга барганда бир сынчы-эксперт (аты эсимде жок) аңгеменин бет ачарында “Сиздин кесибиңиз эмне?” деп суроо берди. Мен: “педагог, физика мугалими” дедим. “Аа, эми түшүндүм. Ошондуктан акылга эмне келсе ошону, өткөндү эстеп эле тайманбай, тобокелге салып, рамкага салбай шар жазган экенсиз” деди. “Мен түшүнбөдүм”, – десем, “Эгерде сиздин адабият боюнча кесиптик билимиңиз болсо эреже, нормалардан, теориялардан алыс кете албайт элеңиз. Кыскасы, эки жакты каранып, чоочулап, чектелип калмаксыз. Ошо теорияны жакшы билбегениңиз сизге эркиндикти, баатырдыкты алып келген. Тайманбай ой келди, интуициянын көрсөткөн жолу менен жазып кеткенсиз да ошентип жасалмалуулуктан алыс калганыңыз жакшы болгон. Сиздин ийгилигиңиздин башаты ошол жерде жатат”, – деп адамдарды күлдүргөн. Көрсө, адабиятта да, астыда көп жол турса, кайсы жолду тандай албай башың маң болгондой эле кеп турбайбы. Албетте, адабий теориянын зарылдыгына шек келтиргим келбейт, бирок мындай кокустуктан да, ийгилик жаралып кетиши мүмкүн экен, – деп түшүндүм. Адабияттын теориясын билүү ашык эмес, теориялык билим, сабаттулук адабий чөйрөдө курал-каражаттын милдетин аткарышы мыйзам ченемдүү.

– Орус тилинде жазасызбы?

– Кыргызча эле.

– Котормочулар менен иштешет турбайсызбы?

– Ооба. Бирок, туруктуу котормочум деле жок. Аларга акчадан мурда да бош убакыт жетпейт экен, өздүк жумуштар, илимий иштери ж.б. себептер болуп, колдору__

– Дүйшөн байке, шыбыр-шыбыр кеп угам, сизди Москвадан сыйлык алды деп угам.

– “Уккан кулакта жазык жок”. Быйылкы жылдын мартында, тагыраагы 15-мартта Москвадагы адабиятчылардын үйүндө Интернационалдык Жазуучулар Союзунун (ИСП) 65 жылдык юбилейине каратаадабий чыгармалардын конкурсу болгон. Анда, мага насип болдубу, 2027 катышуучунун ичинен конкурстун номинаттарынын катарына кошулдум, андан соң, финалчылардын катарына  кириптирмин. Ал адабий конкурстун жеңүүчүлөрүнүн китептеринин бет ачарына катышуу укугу да мага ыйгарылыптыр. Ушул кабарларды электрондук почта аркылуу угузуп, кабарлап турушту. Финалчылардын китептерин жарыкка чыгарышты. Менин “Детство, живущее в душе” аттуу китебим жарык көрдү жана бет ачары өттү. Анда 9 жазуучу – жеңүүчүлөр катыштык. Сынчылар, адабиятчылар тарабынан чоң талкуу болду. Талкуу аяктаганда «СО- ВРЕМЕННИКЪ» журналынын журналисти “Красный петух” аттуу аңгемемди Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык юбилейлик чыгарылышына карата басууга уруксат сурады. Журнал бир ай ичинде жарык көрөт, алдын ала жарыкка чыкчу макулдугумду алуу үчүн ошол номерди жөнөтүшкөн экен. Аны да алдын ала жакында окудум, макулдугумду бердим. Бет ачардын жакшы жери өзүнчө адабий билим, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө илимий-методикалык жактан кеңеш- сунуштарды беришип, тажрыйба алмашуулар, дискуссиялар менен коштолду. Жаңы көз караштар, түшүнүктөр жаралып, дүйнөлүк адабияттын казынасына киргендей, өзүңдө да альтернативдүү ойлор келип, кыйла көзүң ачыла түшөт экен. Айрым белгилүү, эл аралык деңгээлдеги жазуучулар менен чай ичишип, пикир алмашууга туура келет. А да өзгөчө чыгармачылык сабак. Ток этер жерин айтсам: айрым кемчиликтерине карабастан китепти жактырышты. Жыйынтыгында ИСПнын юбилейлик медалы менен сыйландым. Дагы бир мага жаккан баса айтчу нерсе, биринчи китепти сындаган сынчы-адабиятчы угуучуларга чыгарма боюнча конкреттүү талдоо жүргүзүп айтып берет. Андан соң, өзүңө сөз берилет. Анда бир гана суроого жооп бересиң. Ал суроо бу китепте же чыгармада айтайын деген оюңдун маңызы эмне, кыскача жооп берүүгө тийишсиң. Бу суроо да ой токтотуп силкинүүгө китептеги ашыкча ойду ыргытууга маңызын талдап ой топтоого, жыйынтык пикирди ойлонуп, акыл топтоп, тактап айтууга даярдап, жол көрсөтүп коёт. Кенен айтып отурсак абдан кызыктуу.

– Бул сиз алган эл аралык сыйлыктардын алгачкысы эмес. Буга чейин да алып келгенсиз. Сөз болгон бет ачарда сиздин жыйнакты эл аралык “Лондон адабият сыйлыгына” көрсөткөнү чынбы?

– Ооба, ошондой мен күтпөгөн жаңылык-окуя да болду. “Лондон адабий сыйлыгына” чейин номинант, андан соң финалчы тепкичтерин бастым. Бул сыйлык коронавирус пандемиясына байланыштуу качан тапшырылаары белгисиз же жол ачылса Лондондо Королева Сарайында тапшырылат же кийинки 2021-жылга калышы да мүмкүн деген арсар кабар да келген. Азыркы ал кабардын жыйынтыгын пандемиянын акыбалы чечет экен. Аман болсок көрөбүз да

– Буга чейин алган сыйлыктарыңыз тууралуу кеп салып бербейсизби?

– 2019-жылы ушул эле жыйнак “Детство, живущее в душе” адабий чыгармалардын эл аралык конкурсунда (кыска аңгемелер) Антуан де Сент-Эзюпери сыйлыгына татып, медаль жана диплом ыйгарылды. Андан соң бул жыйнакка кызыккандардын саны көбөйдү. Электрондук варианты интернеттен жарык көрдү. 2017-жылы ноябрь айында Швецияда (Стокгольм) өткөн эл аралык Евразия адабий фестивалында расмий түрдө эл аралык деңгээлдеги жазуучу деп таанылдым, диплом ыйгарылды. Евразия жазуучулар гильдиясына мүчөлүккө жана Евразия жазуучулар гильдиясынын эксперт-мүчөсүнүн катарына кабыл алышты. Евразия жазуучулар гильдиясы 2018-жылы “СПАВШИМ МИР” ордени менен сыйлашты.

– “Эл аралык жазуучулар союзу” (ИСП) менен качантан кызматташа баштадыңыз?

– Интернет дегениңиз сонун турбайбы, каалаган маалыматтарды үйдө отуруп таап, байланышсаңыз болот экен да. Ошонун пайдасы тийди. “Красный петух” деген аңгемем боюнча кыска метраждуу көркөм фильм 2016-жылы КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кыргызтелефильм” студиясынын режиссеру Ф.И.Газиева тарабынан тартылып, ЛОНДОН эл аралык кинофестивалында II орунду жеңип алды. Андан соң, ИСПнын конкурстарына катыша баштадым. 2016-жылы орус жана болгар тилиндеги атайын чыгарылыштагы Россия-Болгария адабий жыйнагынан “Манас великодушный” деген аңгемем конкурстун жеңүүчүсү катары жарык көрүп, Кирилл жана Мефодий медалы ыйгарылыптыр. Бирок, негедир диплом колго тийди. 2017-жылы ИСП тарабынан Владимир Набоков атындагы сыйлыкка конкурс жарыяланды, ага катыштым. Жыйынтыгында диплом ыйгарылды. Ал конкурстун жыйынтыгы менен жети аңгемелер жыйнагым ИСПнын жардамы менен англис тилине которулуп, 2017-жылы “RUSSIAN BELL” журналынан жарык көрдү. Ошол эле жылы С.Каралаев менен Кетмен-Төбөдө болгон окуясына арналып жазылган “Шумкар шаңшыйт” аттуу аңгемем үчүн С.Каралаев атындагы коомдук фонд медаль менен сыйлашты.

– Сиз кыска аңгемелер жазасыз, эми роман жазууга өтөйүн деген ой-пландар барбы?

– Андай планда да, оюмда да жок. Анткени, ал жетпеген нерсеге асыла берүү жакшы натыйжа бербейт. Куру бекер убакыт да кетет. Роман же чоң чыгарма менин табиятыма деги төп келбээрин, жарашпаарын билем. Адамга табиятынан өзүнө берилген жөндөм болоору белгилүү эмеспи. Менин билим деңгээлиме, табитиме ылайык келбейт. Албетте, аракет да жасаган жокмун. Өзүмө ишенем айтайын деген ойдун өзөгүнөн адашып, чанжыратып жиберишим эч кеп эмес. Баса, Лондонго эл аралык адабий-кинофестивалга барганда бир сынчы-эксперт (аты эсимде жок) аңгеменин бет ачарында “Сиздин кесибиңиз эмне?” деп суроо берди. Мен: “педагог, физика мугалими” дедим. “Аа, эми түшүндүм. Ошондуктан акылга эмне келсе ошону, өткөндү эстеп эле тайманбай, тобокелге салып, рамкага салбай шар жазган экенсиз” деди. “Мен түшүнбөдүм”, – десем, “Эгерде сиздин адабият боюнча кесиптик билимиңиз болсо эреже, нормалардан, теориялардан алыс кете албайт элеңиз. Кыскасы, эки жакты каранып, чоочулап, чектелип калмаксыз. Ошо теорияны жакшы билбегениңиз сизге эркиндикти, баатырдыкты алып келген. Тайманбай ой келди, интуициянын көрсөткөн жолу менен жазып кеткенсиз да ошентип жасалмалуулуктан алыс калганыңыз жакшы болгон. Сиздин ийгилигиңиздин башаты ошол жерде жатат”, – деп адамдарды күлдүргөн. Көрсө, адабиятта да, астыда көп жол турса, кайсы жолду тандай албай башың маң болгондой эле кеп турбайбы. Албетте, адабий теориянын зарылдыгына шек келтиргим келбейт, бирок мындай кокустуктан да, ийгилик жаралып кетиши мүмкүн экен, – деп түшүндүм. Адабият- тын теориясын билүү ашык эмес, теориялык билим, сабаттулук адабий чөйрөдө курал-каражаттын милдетин аткарышы мыйзам ченемдүү.

– Орус тилинде жазасызбы?

– Кыргызча эле.

– Котормочулар менен иштешет турбайсызбы?

– Ооба. Бирок, туруктуу котормочум деле жок. Аларга акчадан мурда да бош убакыт жетпейт экен, өздүк жумуштар илимий иштери ж.б. себептер болуп, колдору дайым бошобойт турбайбы. Анан, көп учурда макул болушпайт. Бир эксперт котормочу досум бар, филология илимдеринин доктору Гүлжигит Сооронкулов. Ч.Айтматовдун “Балалык” аттуу чыгармасын да Гүлжигит Умарович которгон. Кыргызстанда белгилүү котормочу. Ал суроом боюнча менин биринчи “Кызыл короз” деген аңгемемди орусчалап берген. Ушул котормо Россияда, Англияда, Швецияда кызыгууларды жаратты. Көрсө, котормочунун да котормочусу болот турбайбы. Бу таланттуу котормочуга дагы сурансам:  “Дүйшөке,  сенин чыгармаларыңды которуп өмүр өткөрөмбү же докторлук ишимди бүтүргөнүм оңбу”, — десе боло, маселени кабыргасынан коюп. “Орок” деген айылда бирөөгө жиберип, “биринчи эки барак котормону сыноо үчүн мага алып кел” деп, анын котормосун жактырган жок. Анан мага: “Сенин жазгандарыңды которуу үчүн: сенин кылык жоругуңду, мүнөзүңдү, каймана, ойкутма-кайкытма куудулданчу кеп-сөздөрүңдү жана философияңды уккан-көрүп бирге жүргөн адам гана ийине жеткире которот экен. Көбү, түз түшүнүп алышы ыктымал” деди. Кыскасы, “Кызыл короздун” кыйкырыгынын алыска угулганы ошол доктор котормочуга тикеден-тике байланыштуу болду.

– Эл аралык адабий чөйрө баалап жатыптыр. Кыргыз сынчылары кандай кабыл алды?

– Жолдош Турдубаев мыкты адабиятчы, ары сынчы эмеспи, алгач жазып баштаганда, сындатайын деп төрт аңгемемди бердим. Бир далай убакыттан соң, бардым. “Бул чыгармаларыңызды ушу бойдон басмага берсеңиз уят болосуз. Грамматикалык катасынан да, ой-чабыттарыңыз ойку-кайкы. Ойлор системалуу эмес. Ой-максатыңыз өзөктөн алыс, чаң-тополоң экен”, – деп катуу сын айтты. Кара бетим бозоргончо ачык, бетке айтып, ынандырган. Ошентип көзүмдү бир ачкан. Анын айткан сындары өзүнчө эле бир курстук окууга тете болду. Айрым адабиятчыларга көрсөтсөң “жакшы, жакшы эле басмага бере бериңиз” деп мактап-сактап жолго салат.

– Чыгармаларыңыз Кыргызстандын гезит-журналдарында жарык көрүп жатабы?

– 2014-жылы июндагы санында “ЖАҢЫ АЛА – ТОО” журналында жарык көргөн. Эл-журтка аттын кашкасындай белгилүү журналист, маркум Алым Токтомушевдин сунушу менен “Актануу” аттуу аңгемем басылды.Үзүндүлөр көп гезиттерде жарык көрдү. Китептер чыкты.

– Жаңы чыгармалар жазылып жатабы?

– Ооба. Үч аңгеме бар бүтө элек, куда кааласа жарык көрүп калса окуурсуңар

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,

“Кыргыз Туусу”