«Апам ак таңдай акын Коргоол Досу уулунун колунда чоңойгон тун небереси»

Сайра БАТЫРКУЛОВА, акын, актриса, журналист:

Биздин бүгүнкү маектешибиз, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты, “Сүйүү көктөмү” ыр жыйнагынын автору, “Коргоол” китебинин түзүүчүсү Сайра Батыркулова Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1996-жылы Бишкектеги Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун театр жана кино факультетинин актёрдук бөлүмүнө кирип, дипломун алган жаш актриса Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы куудулдар театрында иштеген. 2004-жылдын күзүнөн тарта КТРКнын «ХХI кылым» радиосунда ди-джей, 2011-жылдан тартып «Биринчи радионун» кабарчысы болуп эмгектенет.

 – Сайра, мындай көп кырдуулук сага кайдан, кимден келген? Сыягы, бала чакка кайрылат окшойбуз?

– Менден улуу эки эжем, бир агамды чоң ата, чоң апалар багып алышып, иним экөөбүз ата-энебизге эркелеп өстүк. Бары бар эле, кооз кийимден да, оюнчуктан да, мээримден да өксүгөн жокпуз. Апам бизди кечкисин жомок менен уктатып, эртең менен бетибизден өөп ойготчу эле. Атам мектептерде жетекчилик кызматтарда иштеди. Кайсыл айылдын мектебине которулса биз ошол жакта жашадык, мен биринчи класска бараарда чоң атам ооруп калып, Чоң-Арык айылына көчүп келип, бир туугандарым менен чогуу жашап калдык. Алар бөлөк өскөн үчүн атам турсун, апама да ойлорун ачык айта алышчу эмес, а мен атамын эрке кызы болчумун. Кыштын узун түндөрүндө атам аккордеон ойноп, апам ырдап, биз коштоп үйүбүз шаңдуу эле. Атам жакшы ырдачу, ыр жазып, обон да жараткан жайы бар. Апам болсо ак таңдай акын Коргоол Досу уулунун колунда чоңойгон тун небереси. Апам да бир чоң дептер ыр жазып жүргөн экен, аны чоңойгондо билгем. Менден улуу бир туугандарым жакшы окушуп, мектепте өтө активдүү эле, агам комуз чертип ырдап, кароо-сынактардан калчу эмес. Кийин искусство институтунун фольклор факультетине тапшырган. Улуу эжем пионерлердинжетекчиси, анан сулуулар конкурстарына катышып жүрсө, андан кийинкиси классында класском, анан спорттук мелдештерге кыйын эле . Мен алардын көлөкөсүндө эле жүрчүмүн, бирок алардан калышпай жакшы окуп, тың элем. Инимден кийин төрөлгөн сиңдим да эң кичүү экенине карабай, биздей балалыктын доорун сүргөн жок. Анткени, атабыз ооруп калып, тынч жашообузга бүлүк түшүп, баарыбыз бат эле чоңойдук. Көрсө, ата деген үй-бүлөнүн негизги таянычы, тиреги тура.

 – Сен кимсиң? Акынсыңбы, актрисасыңбы же журналистсиңби? Кайсынысы сени өзүнө көбүрөөк тартат?

–Мага үчөө тең жакын, үчөө тең ыйык. Театрда иштеп жүрүп, радиого өткөндө театрды көпкө сагынып жүрдүм. Спектакль көргөнү барсам, кошо чыгып ойногум келип, кээде буулугуп ыйлагым келе берчү. Азыр төрт жылдан бери бала менен үйдө отуруп, микрофонду сагындым. А акындык, жазмай дайыма эле мени менен. Бала күнүмдөн күндөлүк жазчумун, кийин студент кезде ыр жазып жүрдүм, театрга иштеп калганда бир күнү көчөдөгү эле бирөөдөн: “Ушул жакта жаш акын балдар-кыздар чогулуп ыр окуп турушат”, – дегенди угуп барып «Нур борборго» кошулуп калгам. Бул үчөө бири-бирин толуктап гана турат.

 – Актриса катары чындап эле образга кирип кетесиңби? Ошол кездеги ички абалың кандай болот?

– Сахна халтураны жактырбайт, көрүүчү жалганга ишенбейт. Анын үстүнө театр – көрүүчү менен актёрдун жандуу баарлашуусу да. Баары турмуштагыдай чыныгы болуусу керек, ый дагы, күлкү дагы. Ал үчүн спектакль көрүүчүгө сунушталганга чейин сахна артында көп эмгек, изденүү талап кылынат. Бир окуя айтып берейин. Биз Чүй театрында Б.Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» чыгармасын сахналаштырып калдык.70-80 жаштагы, карылар үйүндөгү апа-аталардын образын жаратышыбыз керек эле. Өзүбүз болгону жыйырмадан ашканбыз. Образ издеп, биз карылар үйүнө чейин барганбыз. “Сенин каарманыңдын буту бүгүлбөйт”, – деди режиссер А.Абдыкалыков. Мен бир ай бутума таяк коюп, таңып алып жүргөм.

 – Сен үчүн кайсынысы көбүрөөк маанилүү, үй-бүлөлүк түйшүкпү же чыгармачылык түйшүкпү?

– Чыгармачыл аял болуу кыйын деп көп укчу элем. Азыр менде чыгармачылык менен алектенүүгө, ыр жазууга убакыт аз. Чабал акын болсом мейли, а бирок начар апа болууга акым жок деп ыр жаздым эле. Анын сыңарындай, азыр мага жашоонун маңызы – балдарым. Үйдө ошолордун күлкүлөрү угулуп турса, көңүлүм жайдары, санаам тынч. А бирок ырлар да жазылып жатат. “Жазылбаса, ыр да жүк” — дегенди уктум эле, туура экен. Кээде жүрөктөгүнү кагазга түшүргөнчө кыйналам. Көбүнчө балдар уктагандан кийин жазганга аракет. Бул пандемия болбосо, жазда театралдашкан чыгармачылык кече өткөрсөм деп тилек кылгам, бирок ишибиз башталбай жатып, баарыбыз эшикке чыга албай калдык…

 – Жашоо-тиричилик…

– Бишкектин четинде жаңы конушта турабыз. Төрт балабыз бар. Кичүүсү бир жарымда, эки кыз, эки уул. Атабыз укук коргоо жаатында эмгектенет. 1-2 ишкана менен иштешип, алардын жарнамалык текстерин оңдоп-түздөп, которуп берип, азыраак айлык алам. Бир жеке компаниянын тексттерин окуп берип турам чакырышканда. Алардан азыраак тыйын алып турам. Кыскасы, курсагыбыз ток, көңүлүбүз жайдары. Кадимки жай турмушту кечирип жатабыз.

 – Пандемия тууралуу учкай сөз айтылып кетпедиби?

– Вируска маани бербей жатып, азыр өлкөдөгү абал курчуп баратканын көрүп аябай тынчсызданып жатам. Батыраак жай турмуш орносо экен деп тилейм. Аралыкты сактап, ар ким өзү үчүн, жакындары үчүн оорудан алыс болууга, коргонууга милдеттүү экенин түшүнсө деп ойлойм

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”