Бул сыноону да жеңебиз!  

Кышкы каникулдан соң айылдан шаарга келдим. Шаар өз нугунда тынч жашоосун улантып жатыптыр. Группалаштар бири-бирибизди сагынгандыктан кол алышып, кучакташып учурашып жаттык. Ошол учурда минтип учураша албай каларыбызды кайдан билдик.

Күндөрдүн биринде, группалашым: «Кытайда грипптен көп адамдар каза болуп жатыптыр го”, — деп калды. Ага маани бербей, капарыбызга деле албадык. Кийинчерээк Кытайда “коронавирус” деген илдет чыкканын, анын дарысы жок экенин, каза болгондордун саны көбөйүп жатканын угуп жаттык. Анда да бул апаат бизге келет деген ой жок эле. Март айы менен кошо Кыргызстанга аты жаман оору кошо кирип келди. Ошондо гана “жерибизде тынчтык, элибизде аманчылык болсун» деген алтын сөздүн кандай терең экенин түшүндүм. Карантин башталды. Студенттер онлайн окууга өттүк. Онлайн окуганыбызга бир ай болгондо, университет эң ыйык, эң таттуу, керемет жай экенин, мугалимдерденбетме-бет сабак алууга эч нерсе жетпесин аңдадым.

Үч айлык карантинде айылда жүргөндүктөн тууган-туушкандарга аралашып, жан дүйнөм негедир тынч алып, эс алгандай болдум. Июнда кайра борборго келдим. Бүтүрүүчү курс болгондуктан дипломдук ишиме даярданышым керек эле. Студенттердин тилегени эле дипломдук ишти онлайн эмес, мурдагыдай эле жактоо. Тилекке каршы, онлайн тапшырдык. Кыргызстанда биринчи жолу дипломду онлайн жактаган 2020-жылдын бүтүрүүчүлөрү болдук окшойт. Онлайн тапшыруунун дагы өзүнчө сүрү да, жакшы жагы да болот экен. Группалаштардын көбү дипломдук иштерин “4”, “5” деген бааларга жактап кубанычыбызда чек жок болду.

Окууну бутуп жумушка орноштум Студент кезде практика өткөн жерге ишке алындым. Кээ бир группалаштарым коронавирустун айынан жумушка кире да албай калышты. Кай бирлеринин чет өлкөдө окуумду улантам деген аруу кыял максаттары талкаланды. Илдет адамзаттын тагдырын аз убакыттын ичинде өзгөртүп салды. Карантин убагында иш- каналар токтоп, бизнес, ишкерлик солгундап, экономикабыз чоң зыянга учурады. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов: « Эрки жок адам сыноодон сынат, күчтүү адам сыноодон бышат. Бирок эч ким сыноодон качып кутула албайт» –деген экен. Анын сыңарындай, дүйнө жүзүнө келген бул сыноодон кыргызстандыктар да качып кутула албайт экенбиз.

Азыркы учурда бул вирустун жеңил түрү мени да сынап жатат. Алгач мурдум бүтүп, сасык тумоо болуп баштадым. Гриппке каршы дарыларды ичсем да жардам болбоду. Жыт менен даамды сезбей калдым. Врачка кайрылсам вирустун жеңил түрү экендигин, ал жеңил өтөрүн айтып дарыларды жазып берди. Аталган дарыларды ичип жатканыма 4 күндөн ашса дагы жыйынтык болгон жок. Кайра дарыгерге кайрылып жөтөл, энтигүү бар экенин айтсам пневмонияга каршы капельница жазып берди. Коркуу сезими башталды, ошол эле учурда бул оорудан батыраак айыгайын деген күч пайда болду. Кечке жуук ысык ванна кабыл алып, түнү тердеп чыктым. Эртеси бир аз жыт сезип калыптырмын. Капельница алуу үчүн өзүм жактагы поликлиникага бардым. Ийне сайбайбыз деген жоопторду угуп башка бир жерге барсам 183сомдон сайып жатыптыр. Капельница алган бөлмөдө 4 керебеттин бири бош экен, ошол жерге жаттым. Ал жерде алтымыштарга таяп калган эки эже жана жыйырмалар чамасындагы жигит да бар экен. Мага капельница сайып жаткан дарыгер эже ооруганына карабай аны ишке чыгарып коюшканын, аны менен бирге иштеген врачтардын көбү үйлөрүндө дарыланып жатканын айтты.

Эртеси тиги медайым ишке кеч келип: “рентгенге түштүм, менде да пневмония башталыптыр. Мени бошоткула десем болушпады, жада калса форма дагы беришкен жок”, – деп ыйлагыдай болду. Жашы 50, 60гы карылар жана 22ден 30га чейинки жаштар кезекте турабыз. Врач эже бизге капельница сайып коюп ишин токтоторун айтып, бизден кийинкилерди кабыл алган жок. Эки күндүк капельницамды үйдөн ала турган болдум.

Жараткан берген дүйнөнү сүйүү адамзаттын баарына тийиштүү нерсе болсо, өз эли-жерин сүйүү ар бир улутка, ар бир жаранга тийиштүү сезим. Ушундай кыйын кырдаалда эли-жерин сүйгөн жарандарыбыз колунан келген жардамын аябай берип жатышат. Бул ынтымакты көрүп жүрөк жылып, Кыргызстандын келечеги бар экенине ынанасын! Жети акенин бири Сарт акенин: «Элдин ал-абалы, бүтүндөй тагдыры жөнүндөгү ой-санаа жүрөгүңдү жарып өтүп, бүт денеңди тынбай аралап турбаса, алдыда койгон улуу милдеттин мүдөөсүнө чыга албайсың», – деп айтканы бар. Биздин элим деген врачтарыбыз, жаштарыбыз турганда буюрса булл сыноону да жеңип чыгабыз!

Асель Раманкул кызы,
“Кыргыз Туусу”