Подполковник Рашидинов Руслан Кубанычбекович 43жашында дүйнө салды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн  улук офицери подполковник Рашидинов Руслан Кубанычбекович 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Рашидинов Руслан Кубанычбекович 1977-жылдын  13-сентябрында  Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. Билими жогорку, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 2012-жылы РФнын Жарандык коргонуунун Академиясын аяктаган.