Бишкекте 113-каттам токтотулуп, автобус жүрө баштады

113-каттамдагы кичи автобустар 23-июнда толук токтотулат. Бул тууралуу «Маралга» Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурлан Атаканов билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маршруткалардын ордуна жаңы келген автобустар 35-каттам менен жүрө баштады. Ушул учурда калаадагы бири-бирин кайталаган маршруттар токтотулууда.

Шаардагы каттамга автобустарды киргизүү аракетинин кийинки этаптарында 114-214-213-каттамдар алынат.