Кубатбек Боронов Минск шаарына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Минск шаарына (Беларусь Республикасы) Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумуна катышуу үчүн учуп кетти.

Соода, өнөр жай, экономика, каржы саясаты жана агроөнөр жай комплекси тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Ошондой эле  ЕАЭБдин  жалпы газ рыногун түзүү, биримдиктин каржы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар маселелерди талкуулоону пландаштырууда.

Өкмөт башчысынын кеңештин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.