К.Боронов: “Борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин максималдуу түрдө тез арада жүзөгө ашыруу керек”

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында  тармактык мамлекеттик органдарга ушундай тапшырма берди.

«Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги  борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкө аймагындагы ооруканаларга ревизия жасап, схемасын  түзүү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек шаардык мэриясы да жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө реанимациялык бөлүм ачылган медициналык мекемелерге тез арада кычкылтек киргизүү зарыл», — деди Өкмөт башчы.

Муну менен катар ооруканалар жана стационарларды кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.

«Заводдон өндүрүлгөн кычкылтекти ташууда коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулсун. Аймактарга жеткирүү шарттары комплекстүү түрдө каралууга тийиш», — деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалардын реанимациялык блокторун электр энергиясынын альтернативдүү булагын түзүү — генераторлорду орнотуу ишин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлерин сапаты жогору болгон жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылууну катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.

Мындан тышкары тармактык мамлекеттик органдарга медициналык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана алардын корун  түзүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Асель Раманкул кызы “Кыргыз Туусу”