Сооронбай Жээнбеков: «Менин ар бир күнүм ушул пандемия менен башталып, пандемия менен бүтүп жатат»

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде Саламаттык сактоо тармагы толук реформа жасала тургандыгын билдирди.

«Президент катары, эң маанилүү жана керектүү жагдайлар боюнча менде толук маалыматтар бар. Өкмөт, жергиликтүү бийлик эмне чараларды көрүп жатканынан толук кабардармын. Өзүм дагы күнүгө талапты коюп, сүйлөшүп, тиешелүү чараларды көрүү, элге медициналык кызмат көрсөтүү, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча талаптарды коюп жатам», — деди Президент.

Ошондой эле мамлекеттик системадагы кемчиликтердин бар экендигин да ачык айтты:

«Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдетибизди ашкереледи. Жыйынтыктарды чыгарабыз. Бир топ мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды. Буйруса, саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз».,-деди Мамлекет башчы.

Т.АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»