Сооронбай Жээнбеков: «Парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт»

 Учурда күздѳгү парламентке шайлоолор боюнча ар кандай сѳздѳр айтылууда. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде алдыдагы шайлоолор Баш мыйзамга ылайык белгиленген мѳѳнѳттѳ ѳтѳ тургандыгын билдирди.

«Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат» деген суроо азыр  жөндүү болуп, айрым мекендештерге жагып жатат, анткени кырдаал ошондой болууда да. Бирок, урматтуу мекендештерим, президент катары айтам, бардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз. Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт»,- деди Президент.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»