Сооронбай Жээнбеков:  “Мындай адамдар мамлекеттик бийликте иштебеши керек. Алардын орду башка жерде»

Президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде учурда ѳзүн эмнелер ѳкүнтѳ тургандыгы боюнча да ачык жооп берди:

“Мени Президент катары, жаран катары да чиновниктердин армиясындагы адам фактору, тагыраак айтканда, жоопкерчиликсиздик, кайдыгерлик абдан өкүндүрөт. Бир мисалга токтолуп кетейин. Кечээ Токмоктогу «Транс текстиль» фабрикасына бардым. Мурун дагы баргам. Булар кездеме чыгара башташкан. Алар эми профилин өзгөртүп, маска чыгара башташты. Эми азыр биз маскага абдан муктаж болбодукпу. Сырттан алып келип жаттык. Мына ошол сырттан келип жаткан масканы токтотуп, бир эле бизге эмес, экспортко чыкканга чоң мүмкүнчүлүгү бар фабриканы башташкан да. Эми ошого жардам бергендин ордуна, биздин мамлекеттик органдар, айрыкча орто звенодогу чиновниктердин кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан улам бир-эки кагаз ала албагандыктан толук кандуу иштей албай жатат. Кечээ ушуну көрүп абдан кейидим. Ал жерде жумушчу орундары бар, салык төлөйт, соцфондго чегерет. Ошол жерде иштегендер айлык алат, сыртка кетпейт. Жумушчу орун болот ал жерде. Ошонун баарын көрүп туруп, ошол мамлекеттик органдардын — Каржы министрлигинин башкармалыгынын, Экономика министрлигинин, стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдын, Саламаттык сактоо министрлигинин кайдыгерлигин көрүп абдан капаландым».-  деди ал.

Президент андан ары: «Бул боюнча тапшырма бердим, чара көрүлөт. Биз азыр фабрика, завод салалы, ошолорду иштетели деп аракет кылып жатабыз.Жаңы технология менен экинчи бир жаңы линиясын салыптыр. Пахтаны кайра иштетет. Былтыр 300 тонна пахта сатып алыптыр, өзүбүздүн жарандар, ишкерлер мына. Ошол ноябрда ишке кирмек экен. Мына бир жыл болуп калыптыр. Ошону дагы биздин мамлекеттик органдар бербей, созуп ушул күнгө келген да. Мындайлар менен биз катуу күрөшөбүз. Мындай адамдар мамлекеттик бийликте иштебеши керек. Алардын орду башка жерде. Мени элибиздин кең пейилдиги кубантат. Ынтымак, биримдиги кубантат. Оор мезгилде биз — кыргыз эли өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин ыктыярчыларыбыз, жалпы элибиз көтөрүлдү, «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, мына мени ушул кубандырат»,- деп билдирди Президент.

Т.АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»