Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алышта Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагыда Жалал-Абад шаарындагы жана Ноокен районундагы бир катар ишканалар жана айыл чарба объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Ноокен айыл аймагында «Ноокен» пахта чыгарган айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгүн көрдү.

Аталган кооперативдин башчысы Талантбек Камытов түшүм жыйноо, анын сапаты жана көлөмү тууралуу толук маалымат берди. Кооператив 1995-жылы түзүлгөн. Азыркы тапта кооперативде 1100 адам жумуш менен камсыз болуп, 650 гектар жерге пахта жана буудай өстүрүү менен иш алып барат.

Сооронбай Жээнбеков Ноокен району айыл чарба продукциясынан пахта өстүрүү аркылуу чоң тажрыйбасы бар район катары белгилүү экенин билдирди. Аны менен бирге ал айыл чарба азыктарын башка түрүн, мисалы мөмө жана жер жемиштерди өстүрүүнү карап чыгууну сунуштады. Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө болушу менен ата мекендик азыктарды миллиондогон калкы бар рынокко чыгарууга жол ачылды.

 

Премьер-министр мындан кийин Ноокен районунун Ноокен айылындагы күнөскана чарбасынын иши менен таанышты. Андан соң Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы «Жалал-Абад Таттусу» ишканасынын филиалы «Келечек» ЖАК ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК ишканасына барды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *