Билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, аны колдомоюнча, мамлекет динамикалуу өнүгө албайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алышта Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, бала бакчанын ачылыш аземинде билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагындагы жаңы мектепке чейинки мекеме АРИСтин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, 50 балага ылайыкталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков биздин ар бирибиз адамдын жеке өнүгүүсүнө билим берүү кандай чоң мааниге ээ экенин жакшы түшүнө турганын билдирди.

Премьер-министр баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү системасын анын ичинде мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүүгө жана жакшыртууга өзгөчө маани берүүдө.

 

Андан соң Өкмөт башчы Жалал-Абад облустук ооруканасынын медициналык тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иши 2017-жылдын май айында Германия Федеративдик Республикасынын каражатынын эсебинен башталган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгуль Кийизбаева маалымдагандай, курулуш «Кыргызстанда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнү бекемдөө» программасын өнүктүрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда курулуштун экинчи фазасы жүргүзүлүүдө, курулуш иши 2018-жылдын март айында аяктоосу күтүлүүдө. Курулуш бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө жана каржылык көйгөйлөрү жок.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, курулуш ишинде бардык нормалар жана талаптарды сакталуусу керек, ошондо гана курулуштун сапаты камсыз болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *