Индияда суу ташкынынан кеминде 100 адам каза болду

Индияда тынымсыз жааган жамгырдан улам суу ташкындап, анын кесепетинен кеминде 100 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ассам штатындагы  дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 25 райондогу 3 миң айылды кыйраткан. Анын натыйжасында кеминде жүз адам каза болуп, миңдеген адамдар жабыркаган.

Жабыр тарткандар үчүн 50 миңден ашык убактылуу турак жайлар даярдалган жана ал жакка жүз миңдей адам эвакуацияланган. Бийлик органдары дагы да суу ташкыны коркунучу бар экенин, абал курч болуп жатканын билдирген.

«REPORTER KJ»