Күнүнө 100 миң беткап чыгарылат

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» фабрикасынын ишмердиги менен таанышты.

Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда жумуш орундарын сактап калуу максатында жарандык демилге көтөрүп, ишкана тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу буюмдарын чыгарууга өткөнүн маалымдады.

Тактап айтканда, медициналык бет каптардын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор бет кабы жана үч катмарлуу медициналык бет каптарды өндүрүү үчүн шаймандар сатылып алынган. Фабрика түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат. Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалда бул ишкананын социалдык багытта иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

«Тиленбек АЗЫК»