ИИМдин Орусиядагы өкүлү алмашты

Ички иштер министрлиги Орусиядагы өкүлчүлүгүн алмаштырды. Ага милициянын полковниги Раим Салимов дайындалды. Бул тууралуу  ИИМдин 10-башкы башкармалыгынан билдирди.

Раим Салимов буга чейин ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ага эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы байланыштарды камсыз кылуу жана диаспора чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алуу менен алек болуу милдети жүктөлдү.

Буга чейин бул кызматты Аскат Алиев жетектеп келген. Ал Кыргызстандын өкүлү катары КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары болуп дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *