Ыктыярчылар ынтымактын Үлгүсү

Көөдөн ачылды, көздөн жаш тегеренди…

Коронавирус алааматы элибизди түп көтөрө бириктирди. Калк башына келген трагедиялуу ушул күндөр ыктыярчылардын коомдогу маанилүү ролун көрсөтүп жатат. Элибиз пандемияга каршы күрөшүүдө темирдей бекем эркин, ынтымагын, чил боордугун тастыктоодо. Элдин бири бирине берген жардамы феноменалдуу уюшкандыкта өтүүдө. Эпидемия тараган төрт айдын ичинде жер-жерлерге кайрымдуулук баштыгын жеткирбеген ишкер аз. Олигархтарынан баштап, мурда коомчулукка ысымы анча белгисиз бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү миллиондогон каражатын кайрымдуулук иштерине жумшашууда. Ал эми Россиянын шаарлары, Американын штаттары, Канада, Корея, Италия, Бельгия, Казакстан ж.б. мамлекеттердеги мекендештерибиз каражат чогултуп, жардамдарды жиберишүүдө. Бул жагынан кошуна казактар, россиялык жарандар кыргыздарга суктануу менен жазып жатышат.

Республикада эпидемиялык абал кооптуу. Ковидден, айрыкча пневмониядан мерт кеткендердин саны кыскара элек. Тээ февраль, март айында Ухандын көчөлөрүндө кишилер жыгылып калганын көргөндө “Кантип эле ушундай болсун?” деп, ишенбегендер четтен чыккан. Тилекке каршы, өзүбүзгө да ошол көрүнүштөр келип, кабырганы кайыштырып кирди. Ооруканалардын эшик алдында эси ооп көтөртүп жүргөнү, кабыл алууга жетпей каза болгону жана көчөдөн жыгылгандары соцтармактарга тарады.

Бишкекте абал оор. Аймактардагы айрым маалыматтар да жанды чыгарып жатат… Ооруканалардын көп бөлүгү жалаң коронавируска чалдыккандарды кабыл алууга багытталса да орун жетишпейт. Бишкекте обсервациялар, күндүзгү, түнкү стационарлар ачылганына карабай биринде аппаратуралар тартыш, дарыгерлер аз, дарылар жок. Врачтар дары-дармектин узун тизмесин жазып, оорулуунун туугандарына карматып жатат…

Бишкектин көчөсүндө бараткан машиненин арт жагын ачып алып, эсин жоготкон адамды ыктыярчы дем алдырууга аракет жасаган видео тарады. Оорулууну онкологиялык оорукана кабыл албай койгонун, үч сааттан бери убара болуп жүрүшкөнүн айтып, окуяны коштогон башка ыктыярчы телефонго тартып баратты. Мындайда ар бир мүнөт баалуу.

Караңгыда көчөдө бара жаткан жигиттин капысынан деми кыстыгып, эс учун жоготуп коё жаздаган. Аны өтүп бара жаткандар көрө коюшуп, “Демилгелүү жаштар борборундагы” ыктыярчыларды чакырышкан. Жардамга эки ыктыярчы кычкылтек концентраты менен кошо келип, жигитти жаткырып, дароо аппаратка туташтыра коюшту. Өмүр менен өлүмдүн кармашы көчөнүн ортосунда жүрүп жатты. “Дем ал, дем алып гой, азамат экенсиң!”, деп, шашкалактаган ыктыярчы ага профессионалдуу жардам көрсөттү. Өз учурунда берилген жардам дагы бир өмүрдү сактап калды.

Кайрымдуулук – кыргыздын каны менен бирге жүргөн абалкы баалуулук. Ошол асыл адатыбыз коронавируска күрөш жарыялаганда жаңыча өңүттө, түрдүү багытта өнүктү. Каза болгондордун, вирус жуктургандардын статистикасы өскөндөн бери Бишкектин кафе- ресторан, көп жылдыздуу мейманкана, ишканалардын имараты ж.б. жайларды ишкерлер өз ыктыяры менен убактылуу стационарга берип жатышат. Айрым жарандар: “Врачтарды өз машинем менен акысыз ташыйм” деп, же “үйүңүзгө барып, бекер ийне сайып, тамчылатма коюп берем” деген жарыяларды көп кабаттуу үйлөрдүн подъездеринен көрүп жатабыз. Мисалы, бүгүн фейсбукта “Мобильная реанимационная группа Азиза Акматова” 0707122627, 0772114111 звоните, пишите на вотсап, у нас все бесплатно. Вместе мы победим!”, – деген жарыяны окудум. Шаардыктардын бир караганда билинбеген, көрүнбөгөн мындай боорукердиги, мекенчилдиги толкундантып, көзгө жаш тегерентет. Бири-бирине карамдуу, күйүмдүү бир туугандарды элибиз: “бу- лар чил боор экен” деген кеп бар. Көрсө канаттуулардан чил жанда жок боорукер болот экен. Чилдин бирөөсү жайылган торго түшүп чыгалбай калса, башкалары аны куткарууга жанталашып жатып, бары тордун ичинде калат. Кыргыздын: ”Тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололу” деген макалындагыдай кеп экен. Карантин учурунда Бишкектин айрым наабайканаларында: “Бекер нан” акциясы башталган. Наабайканага сен калтырып кеткен бир-эки токочко жетпеген жарандар бар экенин унутпайлы.

 Кыздар көрсөткөн кайрымдуулук

Бүгүнкү күндө үйлөрдө, кафелерде бышырган тамак-аштарды машинелерге жүктөп, “кызыл зонада” иштеген дарыгерлерге жеткирген ыктыярчыларды алкап жатабыз. Кесиптешибиз Чынара Капарова адегенде 10000 сом каражаты менен дарыгерлерге тамак-аш жеткирүү акциясына кошулган. Бул иште ага А.Жаныбаева сыяктуу ишкерлер кошулуп, ашпозчулар тартылып, күнүгө жүзгө жакын дарыгерге ысык тамак таратышууда. Андан тышкары, айлап үй бетин көрбөй кыйналган ак халатчандардын ар бирине шампунь, самын, тиш жуугуч ж.б. тазалык каражаттардын комплектисин кошо жеткиришүүдө. Чынара айым аны менен эле чектелген жок. Кайрымдуулуктан чогулган каражаттарга медициналык аппараттарды, дары дармектерди ташып, Нарын, Талас облустарына жеткирүүдө.

Пандемия учурунда калкка жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган кайрымдуулук штабдары иштеп жатат. Андай штабдарды гүлдөрдөн бал чогулткан эмгекчил аарынын уюгуна салыштырдым. Ал жактан жаны тынбай чуркап кирип, чуркап чыгып шашып, медициналык каражаттарды ташып жүргөн ыктыярчы жаштардын бирдиктүү командасын көрөсүң. Айталы, “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук кыймылына бириккен жарандардын иштерине Жараткан өзү жар болсун деп, алкап жибересиң.

Белгилүү ырчы Анжелика Кайратова ушул кыймыл менен биргеликте айрым саясатчыларга салыштырмалуу кыйналган элге пайдалуу иштерди жасап жатат. Анжелика айымдын кеңсесине балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова дагы баш багып, кайрымдуулукка салымын кошту. Күрөш федерациясынын айымдарынын атынан Канттагы ооруканага жардам берилди. Мында ырчылардын, ишкерлердин же башка жарандардын чогулган каражаттарына сатып алынган дары-дармектерди, медициналык аппараттарды кыйналган элге бекер таратып берип жатышат. Ыктыярчы окуучу бала Мустафанын кошкон салымына токтоно албай ыйлап жибердим. Мустафа эр жеткенде Меккеге баруу максатында акча чогултуп жүрүптүр. Балким бала атасы эки пирожкиге берген акчаны үнөмдөп, мектептен бир пирожки сатып алып жүргөндүр… Бала өзү чогулткан 3820 сомун жардам катары Анжеликанын командасына алып келип берди. Анжелика: “Ушул пандемия бүтсө, Меккеге баруучу жол киреңди өзүм каржылап берүүгө убада кылам. Кудайым жолуңду кенен ачып, сага мүмкүнчүлүктү аябай мүлдө берсин. Сенин бизге кошкон акчаң теңдешсиз көп каражат экенин билесиңби?”, — деп, ырчы айым көзүнүн жашын тарта албай калды… Ушул күндөрү Мустафанын атасы да ооруп, төшөк тартып жатыптыр. Албетте, элге маңдай тери менен тапкан каражатын аябай жардам берип жаткан айымдар толтура экени кубандырат.

Социалдык тармактарда айрымдар: “Баланын акчасын албай эле койбойсуңарбы”, – деген пикир айтып жатышат. Окуучу балдардын арасында бири телефон, бири велосипед, дагы бирөөсү компьютер сатып алууга акча чогултуп жүргөндөрү бар… Чоң кишилер кайрымдуулук жасап жатканын көргөн окуучулар акча чогултуп жүргөн кутучаларын ачып жатышат. Кайрымдуулук каражат чогултууну чоң акцияга айлантууну сунуштаган окуучулар дагы чыгууда. Балдардын периштеникиндей аппак, аруу жан дүйнөсү менен берилген каражаттар ушул апаатты жеңүүгө өбөлгө болсо экен. Саякатка чыгууну кыялданып, чогултуп жүргөн акчасын кичинекей кыз “Демилгелүү жаштардын борборуна” алып келип берди.

 Бардыгы “кызыл зонадагы” кыйналгандарга!

Өлкөнү каптаган пандемия апааты дарыгерлердин катуу тартыштыгын айкындап салды. Премьер-министр К.Боронов аймактардагы ак халатчандарды Бишкектеги абалды жеңилдетүү үчүн чакырды. Айрым аймактардан, Россиядан дарыгерлердин чоң тобу келип жатышат. Бирок, бул дагы жетишсиз. Медициналык академиянын 22 жаштагы студенти, Адинай Мырзабекованын күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жатканына 11 болгон. Адинай “кызыл зонада” иштеп жүрүп, эс алганы жатып, биротоло ойгонбой калды… Жаш кыздын коронавирустан каза болгону айтылып жатат. Адинай элге түшкөн мүшкүлдү кошо тартышканы курсташтары сыяктуу өз ыктыяры менен келип иштеп жатпады беле. Мамлекет башчы Адинайга “Эрдик” медалы менен сыйлоо боюнча жарлыгын чыгарды. Бирок, Адинай Мырзабекованын кайгылуу тагдыры анын курсташтарын ыктыярчы болуп иштөөдөн кооптондура албады. Анткени, И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын студенттеринин вотсаптагы тобунда 300гө чамалашт ыктыярчылар бар экен жана алардын катары токтоосуз өсүп жатканы анык болду. Бүгүнкү күндө дарыгерлерге жардам берип, эс албай иштеген ыктыярчылар арбып бара жатат. Алар өз өмүрүн тобокелге салгандар. Мамлекеттен же башка бир жактан сыйлык, акча күтпөгөндөр… Жакында эле Нью-Йоркто жашаган кыргыз диаспорасы Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына, “Ганси” базасындагы реанимациялык блокко жана №6 үй-бүлөлүк медициналык борборго 8 миң доллар которуп жатышканын уктук. Ал эми Филадельфия, Питтсбург, Чикаго, Флорида, Калифорния, Огайо штаттарындагы мекендештерибиз медициналык аппараттарды, дары- дармектерди алууга “Элим барсыңбы?” коомдук кыймылы аркылуу жардамдарды жиберишүүдө. АКШдагы жердештерибиз жиберген аманат Кыргызстандын аймактарына таратылат.

Пандемияга каршы кармашуунун Улуу Ата Мекендик согуштан айырмасы калбай баратат. “Кызыл зонанын” ичиндеги онтогон жарандын да, дарыгердин да аракети өмүр үчүн болгон күрөш. Коронавирус жайылган төрт айдан бери элге миллиондогон акчасын аябай берген саясаттан алыс, мурда белгисиз мецанаттар чыгууда. Мекендин андай эр азаматтарына миң мертебе алкыш. Бирок, электоратын беш жылда бир эстеген айрым саясатчылар да жазында баштык таратышты… Азыр болсо күзгү шайлоо түн уйкусун качырып, эл үчүн күйүгүп чуркап жүргөндөй түр көрсөтүшөт. Андайларды куру пиар кылбоо үчүн атоону эп көрбөдүк.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”