«Биримдик, ынтымак менен баарын жеңебиз!»

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 18-июль күнү Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радио» радиостанциясына маек курду.

Келген жардамдардын максатсыз пайдаланылышына жол бербейбиз!

– Азыр эл оозунда эң көп айтылган нерсе – сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз. Мен бул боюнча буга чейин да айткам,азыр да айтам. Андайга жол берилбейт. Жеке өзүмдүн, премьердин көзөмөлүндө. Өкмөт келген каражаттын максаттуу колдонулушуна башы менен жооп берет! Эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында да. Урматтуу мекендештериме айтаарым, ооба абал оор. Муну баарыбыз билип турабыз. Биз жалпы кыргызстандыктар пандемия шартында жашаганды жана эмгектенгенди үйрөнүшүбүз керек. Экономикалык, социалдык долбоорлор токтобойт. Жаңыларын баштайбыз. Менин президенттик ишимде калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны оңдоо, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программалары кырдаал канчалык кыйын болсо да токтобойт.

Социалдык тармакта иштегендердин айлыгы үзгүлтүккө учурабайт. Баары тең убагында төлөнөт. Аялуу катмардагы жарандарыбызды колдоо саясаты да көзөмөлдө. Муну да токтотпойбуз. Өлкөнү санариптештирүү мурдагыдан да ыкчам темпте жүрөт. Анткени пандемия санарипке болгон муктаждыкты абдан күчөттү. Бул талапты азыр да катуу коюп жатам. Бардык тармактар боюнча санариптештирүүнү тездетебиз. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, биз дүйнөлүк рейтингде санариптештирүү боюнча 9 позицияга алдыга жылдык. Бул кыска мөөнөттөгү абдан чоң жетишкендик деп эсептейм.

Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз

– Президент катары менин ар бир күнүм ушул пандемия менен башталып, пандемия менен бүтүп жатат. Эң маанилүү жана керектүү жагдайлар боюнча менде толук маалыматтар бар. Өкмөт, жергиликтүү бийлик эмне чараларды көрүп жатканынан толук кабардармын. Өзүм дагы күнүгө талапты коюп, сүйлөшүп, тиешелүү чараларды көрүү, элге медициналык кызмат көрсөтүү, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча талаптарды коюп жатам. Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдетибизди ашкереледи. Жыйынтыктарды чыгарабыз. Бир топ мамлекеттик маселелер, ба гыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси – саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды. Буйруса, саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз.

Шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт

– Мамлекеттик бийликтин социалдык-экономикалык багыттагы максаттардан тышкары саясий да милдеттерибиз бар. «Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат» деген суроо азыр жөндүү болуп, айрым мекендештерге жагып жатат, анткени кырдаал ошондой болууда да.

Бирок, урматтуу мекендештерим, президент катары айтам, бардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз.

Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт. Мен буга тийиштүү Жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады. Шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өттү. Мен кайрылат элем, урматтуу «Ата мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө. Ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм. Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес. Мекендештериме айтаарым, көпчүлүгүңөр бийликти сындап жатасыңар. Андан да көбүңөр вирус менен күрөшүүгө жардам берип жатасыңар. Эң алдыңкы катарда илдет тарабасын деп чоң иш жасап жатасыңар. Мен сиздердин ушул жаратмандык позицияңарга таазим этем жана саясатчыларды сиздерден үлгү алса дейм. Ток этерин айтканда, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы азыр иштеп жатат. Чыгымдарды азайтат. Бул боюнча тапшырмалар берилген. Өкмөт менен бирдикте пандемия шартында шайлоону өткөрүүнү караштырып жатат. Негизгиси эл саламаттыгына кедергисин тийгизбөө жагын карап жатышат. Буйруса, бардык мамлекеттик органдар, Өкмөт, БШК, жергиликтүү бийлик, мен башында туруп, бардык партияларга, бардык катышкан жарандарга бирдей шарт түзүп беребиз.

Азыр сындай турган мезгил эмес. Азыр жардам бере турган мезгил

– Шайлоого 3 айга жакын убакыт калды. Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок. Азыр биз эми мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип, иштешибиз керек. Колуна кол, бутуна бут болуп, Өкмөткө жардам беришибиз керек. Азыр сындай турган мезгил эмес. Азыр жардам бере турган мезгил. Бардык мүмкүнчүлүк, аракеттерди бириктирип, ынтымакта, тартипте илдетке каршы турушубуз керек. Өкмөт болсо, мен жогоруда айткандай, парламенттик шайлоодон кийин Конституцияга ылайык кайра куралат. Ошол мыйзамдуу жол менен алмашат. Бул Өкмөт калабы, калбайбы ошол келген парламент өздөрү чечет, бул парламенттин укугу. Парламенттик шайлоо болушу керек дегеним да ошол. Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги туруктуу иштеши керек. Ошондуктан биз мыйзамдуу жол менен кете беришибиз керек, мыйзамдуу жол менен бардык иштер бүтүшү керек.

Дагы бир милдетим – саясий чайкоочулукка жол бербөө, коомдогу туруктуулукту сактоо

– Кээ бир саясий күчтөр ковиддин кесепетинен жаралган кырдаалды пайдаланып, саясий кырдаалдычайпалткысы келген, өз дивидендин алгысы келген саясатчылар жок эмес, бар. Менин президенттик милдетим – ковидге каршы күрөш, элдин саламаттыгын сактоо. Ушуга тете дагы чоң милдетим бар– бул саясий чайкоочулукка жол бербөө, коомдогу туруктуулукту сактап калуу. Менин шайлоо өтүшү керек дегеним да ошол себептен. Шайлоо аркылуу бийликке келишсин, каалаганы. Аны эл чечет. Эл кимди шайласа, алар келип Өкмөттү курасын. Ал ошол парламенттин укугу. Көчөдөгү саясий чайкоочулук, бет тырмарлык менен эмес, аны жогоруда да айттым, мыйзамдуу жол менен келишсин. Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем. Азыр эл абдан ачуулуу. Көптөр өз жакындарын жоготту. Бул абдан оор нерсе. Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер дагы жок эмес, биз ошого жол бербешибиз керек. Мыйзамдуу жол менен бийликке келгиле, шайлоого катышкыла, эгерде шайлоодон утсаңар, келип алып Өкмөттү курагыла деп айтып жатам. Жаштарга да кайрылып кетет элем, соц тармакта деги эле саясатта активдүүлүгү, жарандык активдүүлүгү бул – өлкө үчүн, биз үчүн жакшы көрүнүш. Жаштар биздин келечегибиз. Ачык өлкөбүз. Бир гана тилек, кандай гана күрөш болбосун, чыдам-кайлык менен укук талаасында, өзүнүн гана эмес, башканын да укугун сыйлоо менен алып баруу керек. Бирөөнүн колунда курал болуп калбоо керек. Жаш мекендештериме менин каалоом ушундай.

Кайдыгер, шалаакы чиновниктер мамлекеттик бийликте иштебеши керек

– Мени Президент катары, жаран катары да чиновниктердин армиясындагы адам фактору, тагыраак айтканда, жоопкерчиликсиздик, кайдыгерлик абдан өкүндүрөт. Бир мисалга токтолуп кетейин. Жакында Токмоктогу «Транс текстиль» фабрикасына бардым. Мурун дагы баргам. Булар кездеме чыгара башташкан. Алар эми профилин өзгөртүп, маска чыгара башташты. Эми азыр биз маскага абдан муктаж болбодукпу. Сырттан алып келип жаттык. Мына ошол сырттан келип жаткан масканы токтотуп, бир эле бизге эмес, экспортко чыкканга чоң мүмкүнчүлүгү бар фабриканы башташкан да. Эми ошого жардам бергендин ордуна, биздин мамлекеттик органдар, айрыкча орто звенодогу чиновниктердин кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан улам бир-эки кагаз ала албагандыктан толук кандуу иштей албай жатат. Кечээ ушуну көрүп абдан кейидим. Ал жерде жумушчу орундары бар, салык төлөйт, соцфондго чегерет. Ошол жерде иштегендер айлык алат, сыртка кетпейт. Жумушчу орун болот ал жерде. Ошонун баарын көрүп туруп, ошол мамлекеттик органдардын – Каржы министрлигинин башкармалыгынын, Экономика министрлигинин, стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдын, Саламаттык сактоо министрлигинин кайдыгерлигин көрүп абдан капаландым. Бул боюнча тапшырма бердим, чара көрүлөт. Биз азыр фабрика, завод салалы, ошолорду иштетели деп аракет кылып жатабыз. Жаңы технология менен экинчи бир жаңы линиясын салыптыр. Пахтаны кайра иштетет. Былтыр 300 тонна пахта сатып алыптыр, өзүбүздүн жарандар, ишкерлер мына. Ошол ноябрда ишке кирмек экен. Мына бир жыл болуп калыптыр. Ошону дагы биздин мамлекеттик органдар бербей, созуп ушул күнгө келген да. Мындайлар менен биз катуу күрөшөбүз. Мындай адамдар мамлекеттик бийликте иштебеши керек. Алардын орду башка жерде.

Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп экендиги кубантат

– Мени элибиздин кең пейилдиги кубантат. Ынтымак, биримдиги кубантат. Оор мезгилде биз– кыргыз эли өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин ыктыярчыларыбыз, жалпы элибиз көтөрүлдү, «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, мына мени ушул кубандырат. Анан дарыгерлерибиздин баатырдыгы кубантат. Учурдан пайдаланып, биздин медиктерге башымды ийип, чын ниетимен дагы бир ирет таазим кылам!

Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп экендиги кубантат. Карантин киргенде, бардык ишканалар жабылып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин жарандарыбыз, ыктыярчылар өздөрү чыгып, тамак-аш жетишпей жаткандарга үйүнө чейин барып, жардам берип жатты. Мына азыр дагы ооругандарга дары-дармек, медициналык жардам берип жатат. Ыктыярчылар кандай чоң күч экенин көрүп жатабыз.

Ишкерлерибиздин социалдык жоопкерчилиги, коомго болгон ак ниет мамилеси көрүндү! Мен ыктыярчыларыбызга терең рахмат айтам. Ар дайым элиңер менен болгула! Кылган ишиңер Кудайдан кайтат, кайтпай койбойт. Дагы бир ирет айтам, урматтуу кыргыз элим, биз тарыхы терең элбиз. Далай кыйынчылыктарды жеңген элбиз. Кыйынчылык башка түшкөндө, бириге калган, ынтымактуу элбиз. Мына ушунубуз менен бардык кыйынчылыктарды, буйруса, Кудайдын колдоосу менен жеңебиз.

Алар чыныгы баатырлар катары биздин эсибизде калат

– Президент Сооронбай Жээнбеков дарыгерлер Темиркан Жарматова, Шайназар Закиров, Айчүрөк Келдибекова, Артыкбай Эралиев, Эдил Садыковдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Ошондой эле ал Ош облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Темиркан Жарматованын, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын инфекционист-дарыгери Шайназар Закировдун, Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана инфекциялык ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекованын, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиевдин, Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыковдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарына көңүл айтты. «Акыркы күндөрдө биз коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган бир нече дарыгерлерибизди жоготуп алдык. Темиркан Жарматова, Шайназар Закиров, Айчүрөк Келдибекова, Артыкбай Эралиев, Эдил Садыковдун каза болушкандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушу дарыгерлер жана медицина кызматкерлеринин арасында ооруну жуктуруп алуу учурларынын өсүшүнө алып келди. Тилекке каршы, алардын дагы бир тобу менен коштошууга аргасызбыз. Алар бир канча айдан бери коронавирус инфекциясы менен чарчап-чаалыкпастан күрөшкөн, илдеттин дал очокторунда иштеп жүргөн чыныгы баатырлар катары биздин эсибизде калат», – деп кайгыруу менен белгиледи Мамлекет башчы.