«Азыр максат бирөө, ал – пандемия менен күрөшүү»

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Пархат Тулендыбев бүгүнкү күндөгү өлкөбүздөгү пандемиялык оор кырдаалда жардамын аябай, элибизге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатат. Кабарчыбыз депутаттын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача ой бөлүшкөн.

– Пархат Розымович, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары өз ишмердүүлүгүн аяктады. “Депутаттар өлкөдөгү оор кырдаалга карабай кетип калышты” деген дооматтар дагы жок эмес. Эл өкүлү катары сиз өзүңүздүн милдетти канчалык деңгээлде аткара алдым деп ойлойсуз?

– Парламент деген саясий орган. Ошондуктан, сындын чордонунда турат. Элибиздин Жогорку Кеңешке болгон сынпикирлерин туура эле кабыл алышыбыз керек. Анткени, алар биздин шайлоочуларыбыз. Алар талап кылганга акылуу. Эми өзүм тууралуу айта турган болсом, мыйзам чыгаруу органында мага жүктөлгөн милдетти жоопкерчилик менен аткардым деп айта аламын. “Республика-Ата Журт” фракциясы менен биргеликте бир топ мыйзам долбоорлорун сунуш кылдык. Сот системасындагы реформалар, жеке менчикти коргоо боюнча мыйзамдарды сунуш кылып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Айыл чарбасын колдоо боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берип келет. Биздин фракция ушул багытта мыйзам долбоорлорун талкууга койгон. Салык кодексине өзгөртүү киргизилди. Мунун натыйжасында инвестициянын келишине шарт түзүлүп, жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүлдү. Аймактарды өнүктүрүү жаатында биз сунуш кылган мыйзамдарда жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачууда салык боюнча бир топ жеңилдиктер каралган. Мындай мисалдарды айта берсек көп эле. Негизи депутат элдин ишенимин актап жатабы, ага шайлоочулар өзү баа бериши керек. Анан “депутаттар кырдаалга көңүл бурбай кетип калды” деген сөздөргө кошулбаймын. Азыр жер-жерлерде депутаттардын көпчүлүгү иштеп жатышат. “Жалгыз солдат, аскер боло албайт” деп коет. Андыктан бардык күчтү бир жерге топтошубуз керек. Азыр бардыгыбыздын максатыбыз бирөө эле. Ал – пандемия менен күрөшүү.

– Бүгүнкү оор кырдаалдын чыгышына парламенттин канчалык бир деңгээлде күнөөсү бардыр?

– Албетте, күнөө бар. Парламент башкаруу бийлигинин бир бутагы. Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөл кылат. Өкмөттүн курамын бекитип, шайлайт. Демек, бул кырдаалдын келип чыгышына биз дагы жооптуубуз. Сага эл ишенимин артып, эл өкүлү кылып шайлап жаткан соң жоопкерчиликти сезе билиш керек. Ар бир жасап жаткан иштин кемчилигин аткаруу бийлигине арта салбай, өзүбүз дагы күнөөлүү экенибизди моюнга алалы. Бир мисал, азыркы өлкөдөгү кырдаал тууралуу айталы. Ооруну алдын алуу боюнча ошол учурдагы саламаттыкты сактоо министрине суроо бергенибизде, “Баары жакшы, ооруларды кабыл алууга даярбыз” – дегендей жоопторду беришкен. Чынын айтканда, даярдык ойдогудай эмес экен. Алдын ала жасайтурган иштерди кечиктиргени кийин билинип калбадыбы. Ушул жерде өз учурунда талапты катуу кое албаган парламенттин дагы күнөөсү бар деп ойлоймун. Саламаттыкты сактоо тармагы эгемендүүлүк алган отуз жылдан бери дээрлик талкаланып бүткөнүнө күбө болуп отурабыз. Ошондуктан, бул тармакка өзгөчө көңүл бура тургандыгын турмуш ырастап койду.

– Пархат Розымович, сиз депутат, жаран караты бир топ кайрымдуулук иштерин жасап келе жатасыз. Деги эле учурдагы абал боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Мен депутат катары түздөн-түз иштешип келген өзүмдүн шайлоочуларым бар. Аларга тез-тез барып, кырдаал боюнча пикир алышып турам. Атайын план түзүп алып иштейбиз. Карантин башталганда күнүмдүк оокат-ашын таппаган жарандарыбызга кыйын болду. Ошондо аймактарга чыгып, соцпакеттерди таратып келгенбиз. Бирок, кырдаал бүгүнкү абалга жетет деп ойлогон эмеспиз. Чынында эле азыр абал өтө оор. Ошондуктан, депутат болобу, жөнөкөй жаранбы, колдон келген жардамыбызды аябашыбыз керек. Биз буга милдеттүүбүз. Азыр жалпы элибиз түп көтөрүлө пандемия менен күрөшүп жатат. Күнүгө согуштан кабар уккандай маалыматтарды алып жатабыз. Күн сайын жарандарыбыз өмүрүнөн ажырап калууда. Учурдан пайдаланып, медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кетемин. Алар бүгүнкү күндүн Баатырлары. Өзүлөрүнүн өмүрүн тобокелге салып иштеп жатышат. Бир канча дарыгерлерибиз иштеп жүрүп, оору жуктуруп каза болуп калышты. Жарыбаган акчага кайыл болуп, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөн ушундай ак жүрөк адамдарга таазим этем. Мен дагы колдон келишинче жардам берип жатамын. Керек болсо өзүм тамак жасап, дарыгерлерге жеткиртип берип жатам. Кээ бир адамдар “Шайлоонун алдында өзүн көрсөтүп жатат” дешет экен. Азыркы маалыматтык технологиянын маалында бир нерсени жашырып болбойт. Жасаган ишим Алланын ыраазычылыгы үчүн. Эл деген көрөт экен, анан элге таратып жатат. Анан дагы күндүзгү тейлөө үчүн кырк орундуу стационар ачтык. Дарыгерлердин айлык акысын өзүм төлөп берип жатам. Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен иштеп жатат. Биринчи күндөрү күнүгө 200дөй адам кайрылса, акыркы эки күндөн бери кайрылгандардын саны азайып калды. Эң башкысы элибиздин биримдикте иштегени кубандырат. Ыктыярчы жаш кыздар-балдар иштеп жатат. Кудай буйруса, биз ооруну жеңебиз. Биздин элибиздин духу күчтүү. Бул күндөр дагы өтөт. Каардуу күн катары эсте калат. Андыктан сабырдуу болуп, дарыгерлердин айтканын эпидемиологиялык талаптарды так аткарышыбыз керек. Мен ишенем, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, гүлдөгөн мамлекетте жашайбыз.

Маектешкен Аида БОЛОТБЕК кызы