Иммунитети күчтүү карылар жаштардан мурун айыгып кетип жатышат

Коронавирус күчөгөнү гепарин менен клексан бейтаптарга аба, суудай эле керек болуп калды. Дарыканалардан гепарин менен клександын баасын сураганыбызда гепариндин бир ампуласы 450сом экен (мурунку баасы 175сомдон 250гө чейин болгон). Ал эми клексан көпчүлүк дарыканаларда жок болуп чыкты. “Республикалык дартты аныктоо борборуна” башбаксак вирустун жеңил түрү менен ооругандар кайрылып жатыптыр.

Токтокан МУСАКОЖОЕВА, “Республикалык дартты аныктоо борборунун” башкы медайымы:

– Биз коронавирустан, пневмониядан жабыркагандарга бекер кызмат көрсөтүп жатабыз. Бул жакта эртең мененки саат 7:30дан, кечки 7ге чейин башкы врач жана төрт медайым кезектешип иштеп жатышат. Бизге вирустун жеңил түрү менен ооругандар көп кайрылышууда. Бейтаптар дарыларын өздөрү менен бирге ала келишет. Көбүнчө левофлаксацин, цефтриаксон деген капельницаларды алып жатышат. Бейтаптар алгач рентгенден өтүшүп, анализ тапшырышат. Анализге карап капель ница сайып жатабыз. Ооругандар 5, 7 күндө жакшы болуп кетип жатышат. Ыктыячылар 16-июнда 6 жасалма дем алдыруучу аппараттарды, атайын коргонуучу кийимдерди, бет каптарды алып келишти. Андан сырткары, дарыгерлер менен бейтаптарды бекер тамактандырышууда.

Уулбү ӨМҮРАЛИЕВА, “Республикалык дартты аныктоо борборунун” медайымы:

– Бизге күнүнө 40тай бейтап кайрылып жатат. Алардын ичинде карысы да, жашы да бар. Иммунитети күчтүү карылар жаштардан мурун айыгып кетип жатышат. Бул оорудан айыгып кетүүдө иммунитет чоң роль ойноп жатат. өзүбүз дагы ооруп айыктык. Ыктыячылар биздин кызматкерлерге жана бейтаптарга “Азисер” деген вируска каршы дары алып келди. Бул дарыны коронавирус жана пневмония менен жабыркагандарга бекер таратып жатабыз. “Республикалык дартты аныктоо борборунда” дарыланып жаткан бейтап вируска каршы дарылардын баасы өсүп жаткандыгына нааразы экендигин билдирди.

Чынара ИМАНАЛИЕВА, 47 жаштагы бейтап:

– Пневмония менен ооруганыма эки жума болду. “Газпром” жактагы дарыканалар вируска каршы дарылардын баасын аябай кымбаттатып салышкан. Бир күндүк уколум 700 сомдун тегерегинде болду, чекти болсо бербей жатышат. Жашырганда эмне, аптекалардын жанында дарыларды эки үч эсеге кымбаттатып сатып жатышат.

PS: Кыргызстаныбыз оор сыноону башынан кечирип жатат. Бул убакта жакшылардын жардамын алып, жамандардан зыян көрүп жатабыз. Ушундай кырдаалда баасы асман чапчыган дарыларды көрүп зээниң кейисе, буту-бутуна тийбей бекер жардам көрсөтүп жаткан ыктыярчылар менен ак халатчандарды көрүп ыраазы болосуң.

Асель РАМАНКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”