Бишкекте республикалык театр фестивалы өтөт

20-21-июнь күндөрү Кыргызстандын театр ишмерлер союзу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен биргеликте республикалык театр фестивалын уюштурууда.

Фестиваль белгилүү казак жазуучусу жана драматургу Рахымжан Отарбаевдин пьесалары боюнча Кыргызстан театрларынын арасында өткөрүлөт.

Драматург катары Р.Отарбаев Кыргызстанда таанылган. Анын 20-кылымдын 90-жылдарындагы алгачкы “Абуталип-апенди” пьесасы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү театр режиссеру Искендер Рыскулов тарабынан коюлган. Ошондон тарта кыргыз театрларында казак драматургунун пьесалары боюнча 10дон ашык спектакль коюлган.  Анын “Тагдыр” аталышындагы пьесасы Кыргыз улуттук драма театрында 500дөн ашык жолу көрсөтүлгөн.

Фестивалга драматургия боюнча кыргызстандык 8 жамаат катышат. Байге фонду 12 наам боюнча 700 миң сомдон ашат.