Шоопуру жок такси

Россияда төрт жылдан кийин алгачкы жолу айдоочусу жок таксилердин ишке кириши күтүлүүдө. Москвада ушул тапта эксперименттин алкагында «Яндекс» компаниясы сыналып жатат. Бирок унаалар коомдук жолдордо эмес, жабык аймактар менен полигондордо тестирлөөдөн өтүүдө.

Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Алексей Семенов билдирди. «Бул ишке кызыкдар мекеме жана компаниялардын (Транспорт министрлиги, Ички иштер министрлиги, Өнөр жай жана соода министрлиги) сунуштамаларынын негизинде иштеп жаткан планды жүзөгө ашыра баштасак, менимче, 2024-жылы айдоочусу жок таксилер кызмат көрсөтүп баштайт», — дейт А. Семенов.

Москвада ушул тапта эксперименттин алкагында «Яндекс» компаниясы сыноодон өтүп жатканы кошумчаланды. Бирок федералдык мыйзамга ылайык, автономдуу унаа шоферу жок коомдук жолдордо жүрө албайт. Жабык аймактар менен полигондордон тестирлөөдөн өтүүдө. Мындай таксилерге оор кырдаалда, анын ичинде аварияга учурап же бузулуп калганда инженер-операторлор жардамга келери айтылат.

А. АКИМБАЕВА