Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Адамдар антип айтышып турганда бактын бутагында кышылдап, ыйлап жатты Жан.  Кызмончоктун эртең мененки: «Мен да сени сагындым, бирок келбе! Анткени…» – дегенин, Асылбек менен Сырганын өмүрдөн өтүп кеткенин эми түшүндү! Тулку-бою айбан болгону менен, акыл-эси адамга окшоп, жаңылыш жаралып калган тагдырына өкүндү! Адамдын – адам, макулуктун – макулук болуп жашоос унун өзү чоң бакыт экенин дагы бир ирээт туюп, эки бөлөк дүйнөнүн камыр-жумур биригип, бир бүтүндүккө айлануусу эч мүмкүн эмес экенине кейиди! Жашоонун ушунчалык оор сыноосу, балким жазасы, же жаңылыштыгы… айтор, бул тагдыр кантип, кай жазыктары үчүн, кандайча булардын маңдайларына бүткөнүн билсе кана, арман?! Бул жашоодо ушунун түйүнүн билип, чечмелей алчу бирөө-жарым бар болду бекен?! Эчактан жообу табылбай келаткан, эч качан табылбачудай дагы туюлган бул табышмак, бул өкүнүч, бул кыйноо эми да жыландын өзөгүн өрттөп, көөдөнүн көзөп, чыкыйынан тартып куйругунун учуна чейин мыжыгып жеп жатты… Ылдыйда тургандардын андан аркы кыжылдактары угулбай деле калды ага. Аны угуунун Жанга эми кереги деле жок болчу.

* * *

Бирөө-жарым артынан кубалап келаткандай, Кызмончок комузун бооруна кысып, дикилдеген боюнча ата-энесинин мүрзөсүнө келди. Жанаша жаткан эки кичирээк дөбөчөнүн биринчи эле кезиккенин кучактай жыгылып:

– Апакебай, атаке-е! Аа-аа-ааа… – деп солкулдап ыйлап жатты.

Желпилдеп соккон айдарым жел анын саамайын туш келди чачып, этек-жеңин учуруп турду.

Көзүнөн жаш чыкпай калганда гана топурак жыттап, кыймылсыз жатып калды келин. Чегирткенин чырылдагы, чымын-чиркейдин дыңылдагы, тээ өйдөтөдө канаттарын дирилдете асыл ып турган торгойдун безилдеги менен желип -жорткон жел эле болбосо, бу жерде кыбыр эткен жан жок. Жымылдаган жымжырттык. Ошондон уламбы, Кызмончоктун өмүр бою ушул жерде – ата-энесинин жанында жашап калгысы келип кетти. Жаны жай алып, көңүлү көөлгүп, атүгүл көзү илинип кетип жатты…

Аңгыча артынан «шырп-шырп» эттирип, акырын баскан дабыш угулду! Көздөрү умачтай ачылып, «былк» этпей тыңшап калды.

– «Шырп-шырп…»

Кызмончокту азыр басып жыгылчудай, дабыштын ээси өтө аяр, сак эле… «Жанбы? – деп жиберди Кызмончоктун бир ою. – Жок, ага окшобойт! Бектемирби?!.» Жүрөгү болкулдап, эми эле учу-кыйрысыз чалкып, балкып жаткан кең дүйнөсү бир ууч болуп тарый түштү. Күйөөсүнүн эртең мененки “талагы” болбогондо, балким мынчалык карарбайт  да беле… Айтор, эми да так ошол  кездегидей денеси жыйрылып,  чыйрыга баштады.  Бирок бу саам ал жыланга кубулуудан корккон жок… Тескерисинче, кайрадан Сайранын каарына кабылып, Бектемирдин жемесин угуп, баарынан да: «Кайсы күнү ким көрдү кылып коюшат?» – деп коркуп жашагандан көрө, ата-энеси жаткан ушул жерди маанектеп, жылан болуп сойлоп жашаган  жакшыдай сезилди.

Дабыш улам жакындап, дааналанып келатты.

Кызмончок ансайын ылдам эле жыланга айланып кетүүнү каалады. Тиштенип, көздөрүн жумду… Айткандай эле, эми эриндери, тилинин учу, тиштеринин түптөрү  муздай баштаганын сезди.  «Же өлүп баратамбы?”  – деди оюнда Кызмончок. Байкуш апасын жайына узатарда  туш-туштан карагандарга ээ-жаа бербей жетип, апакесин кучактап алып ботодой боздоп: “Апаке, апакебай, кечир мени?  Азапка салганымды кечир?  Ак сүтүндү актай албаганымды кечир?! Апаке-е?! Мени кантип таштап кеттиң, апаке-е?!”  – деп ботодой боздоп жатып,  маркумдун денесинин канчалык муздак экенин туйган.  “Эмнеси болсо да, тиги жетип келгиче, болчу нерсеси батыраак болсо экен…» — деди көз ирмемчелик убакыттын ичинде ошону элестете калган келин.

Бирок Кызмончок бул тилегине жеткен жок. Анткени, дабыш так кулак түбүнө жетти да, токтоп калды. Кызмончок анын дем алганан да укту. Атүгүл, өзүн үстүртөн карап, көз албай теше тиктеп турган сөлөкөттү да боолгоду. Баамында  бул – Жан да, Бектемир да эмес эле. «Анда ким?!.» – жообун издегенге келиндин алы келбей баратты. Эгерде азыр Кызмончок көздөрүн ачып жиберсе эле тигил: «Баа!» – деп бакырып басып калчудай сезилди.

Сөлөкөт бир убакта колундагы таягынын учу менен Кызмончокту ар кай жеринен түрткүлөп, сайгылап көрдү. Ансыз да денеси катып, сенейип бараткан Кызмончок былкылдаган жок. Тигил эми эңкейип, келиндин дем алуусуна кулак түргөндөй болду. Андан соң ысык манжалар Кызмончоктун билегин кармап, тамырын тыңшаган сыяктанды.

Бирок  билекти бат эле кайра «шалак» эттирип таштап жиберип, келиндин денесин айланып өттү да, андан ары кетти. Анын бул мамилесинен улам: «Тамырым какпай, чын эле өлүп калсам керек? Же чын эле жыланга айланып бараткамбы?» – деди оюнда Кызмончок.

Кетип бараткан белгисиз сөлөкөттү артынан карагысы келип, бирок анда эле бир балакет болуп кетчүдөй, тырышып жата берди Кызмончок. Шырпылдаган дабыш узап кеткенден кийин гана көздөрүн ачты. Ары карап кетип бараткан белгисиз бирөө – аял экен! Кызмончок анын ким экенин да жазбай тааныды – Алымкан! Бүбү эненин тил-ооздон калган келини!

Алымкан кайненесинин мүрзөсүнө келди да, таягын жерге коюп, сыңар тизелеген калыбында, бир топко чейин күбүрөнүп отуруп, тарбайта жайылган алаканын жүзүнө сүрттү. Ошондон кийин далайга чейин ошо ордунда кыңылдап отура берди. Ал ыйлап жаткан окшоду…

Кудум күн тийип келаткан сымак, эмнегедир… Кызмончоктун денеси акырындап жылый баштады. Так белине келип калган муздактык эми кайрадан ылдыйды карай «шыпырылып», жыбылжып жылып кетип баратканын туйду.  «Мени ким эстеп жатат? Мага ким мээрим төгүп, мени ким жакшы көрүп жатат?..» – Кызмончокко ушул кызык болуп кетти.

Бир убакта Алымкандын ыйы «тып» басылып, алда неге кулак түрүп, алактап тура баштады.

Жер жазданып, Алымканды карап жаткан келинге да аттын дүбүртү угулду. Дүбүрт улам берилеп, буларга жакындап келаткан болчу… «Өлүп» жаткан Кызмончок ордунан ыргып тура калды!

Жаңы эле белин түзөп, өйдө боло берген Алымкан аны көрүп:

– А-паа!!! – деп чаңырып жиберди. Экөө тиктешип калышты. Бири-бирин чочуркай тиктеген экөөнүн тең көздөрүндө таң калуу бар эле. Экөө тең көргөн көздөр үнө, уккан кулактарына ишенбей, дендароо болуп турушту. Айрыкча Алымкан эс-мас эле. Кызмончокту жалдырап тиктеген калыбында анан калчылдаган колдорун өзүнүн кекиртегине араң алып келди да, мойнун кармалап, оозун сыйпалап көрдү.

Кызмончок да аны нес боло, көздөрүн албай карап турду.

– Жеңе? – деди анан Кызмончок акырын үн катып. Тигил унчуккан жок. Алда неге ишене албай жаткан дай аң-таң болуп тура берди. Кызмончок ага жакындады. Алымкан көздөрүн алаңдатып, ого бетер өң-алеттен кетип, артына кетенчиктеди.

– Алымкан жеңе? – Кызмончок ый аралаш, кубанычын жашыра албагандай унчукту.

– Жеңе, бул мен – Кызмончок. Алымкандын өңүнө кан жүгүрө түшкөндөй болду.

– Сиз… сүйлөдүңүз..?

Ушул тапта, ылдыйтадан иттин үргөнү угулду. Кызмончок алдастап, эмне кылар айласын таппай, айланып-тегеренип калды.

Алымкан шамалдай тез кыймылдап, Кызмончокко жетип келип, шап билектен алды! Кызмончок алынын келишинче жулкунуп, бошонууга аракет кылып, жалынып-жалбарып жиберди:

– Жеңе, суранам сизден?! Мени коё бериңиз?! Мен аларга баргым келбейт! Суранам?!

Алымкан аны уккусу да келген жок. Мүрзөлөрдүн арасында дикилдеткен боюнча жетелеп кетип баратты.

— Жеңе?! Жеңе-е, үү-үү… – жулунуп-жулкунганы менен карылуу аялдын колунан бошонуп чыгууга  алы келбей, ыйлап кетип баратты Кызмончок.

Эскирип, үстү урап түшкөн күмбөздүн жанына жеткенде токтогон Алымкан: «Ушунун ичине кир!» – дегендей ишарат кылды.

Кызмончок кирип кеткенден кийин Алымкан Бүбү эненин мүрзөсүнө келди.

Так ошо маалда, тумшуктун имерилишинен Актуягын алкынтып Бектемир чыга калды. Алымкан аны байкамаксан болуп, алаканын жайган калыбында алды-артына ыргалып, куран окуп жаткан кейиптенип отура берди.

Бектемир түз эле кайын эне, кайын атасынын мүрзөсүнө токтоду. Сыңар тизелеп отура калып, бата кылды. Ошондон кийин гана мүрзөнүн ары жагына, бери жагын үңүлө карап, жаңы эле бирөө отуруп, туруп кеткендей жапырылып, тебеленген чөпкө кареги урунду. Эки жакты карады.

Алымкан аны көзүнүн кыйыгынан карап, дале алакан жайып отурган болчу. Бектемир аялдан шек алгандай карады. Жанына басып келип, кошо алакан жайып отурду да, Алымкан менен кошо бата кылды.

– Алымкан жеңе, Кызмончок келдиби? – деди анан. Алымкан баш чайкады.

– Сиз качан келдиңиз эле?

Алымкан эч нерсе түшүнбөгөң, укпаган кыязда дагы эле башын чайкады. Бектемир Алымканды билегинен кармап, Асылбек менен Сырганын мүрзөсүнө жетелеп келип, тебеленген шиберди көрсөттү. Анын эмне сурагысы келгенин эми араң түшүнгөн кишидей түр көрсөткөн Алымкан: «Бу жерде мен отуруп, куран окугам. Анан Бүбү энеме бардым», – дегенди колдору менен жаңсап, жандап көрсөттү.

Бектемир ишенип, шаабайы сууй түштү. Атына минип, Кызмончок жашынган күмбөздү карай бастырды…

Алымкан Бектемирдин артынан аңкая карап калды.

Жигит да артына улам кылчайып карап, кээде аттын башын тарта коюп, айлана-тегерекке кулак түрүп, ары-бери жакка көз чаптырып коюп баратты.

Кызмончоктун жытын билгенсип, ит да жерден тумшугун албай шимшилеп, түз эле эски күмбөздү карай жүгүрдү. Алымкан коркуп кетти. Жамандыкты көргүсү келбеген кишидей тура качты.

Бектемир Кызмончокко жакындаган сайын жүрөгү оозуна тыгылып, дикилдеп басыгы да күчөдү…

Дөбөт күмбөздүн жанына келгенде жерди шимшилеп, куйругун шыйпаңдатып, кыңшылап жиберди. Анткен менен ичкери кирүүгө  даабай, шоңшоюп сыртта отурду. Бектемир иттин жоругуна адегенде анчейин деле көңүл бурган эмес. Тек гана: «Тумшугуна бир нерсенин жыты илинсе керек», – дегенсип койгон. Андан көрө, азыр эле ушул жерде туруп,  жок болуп кеткен Алымкандан шектенди. «Заматта көздөн кайым болуп… кайда житип кетти?» Бектемирдин баамында дудук жеңенин түрү башкача болчу. Бир билгени бардай көздөрү алактап, бети албырып, сүйлөп жиберчүдөй, өзүн араң кармап тургансыган…

Анын оюн иттин үргөнү бөлдү. Ит төбөсү түшкөн күмбөздүн оозуна туруп алып, куйругун шыйпаңдатып, жан алы калбай арсылдап, кээде кыңшылап жата калып, тура калып жаткан болчу. Демейде оор басырык дөбөттүн бу жоругу башкача эле.

– Кет! – деди жигит куйругун чамгарактатып, жалпылдаган итин жактырбай.

Бектемирдин бул жерде экенин  иттин кыңшылаганынан,  Актуяктын дүбүртүнөн улам билген келин:  “Алымкан жеңем айтып койгон экен,” – деди оюнда.  Ошондон улам Бектемирдин: «Канчага чейин жашынасың? Чыкпайсыңбы бери!» – дешин күтту. Айласы келсе чымчык болуп учуп, жылан болуп сойлоп чыга качкысы келип, заманасы тарып турду. «Чыксамбы? – деди бир оюнда келин. – Чыгып,  эми мындан ары жайына коюусун сурансамбы? Көнбөсө кантем?! Кокус, булар мени чындап эле өлтүргөнү  келишсечи?!. О, Кудай, адамдардын колунан өлбөсөм экен! Андан көрө ит-кушка жем болгонум жакшы эле…»

Аркы бурчта калдайып, дүпүйгөн калың аткулактан Кызмончоктун көзү өтүп кетти. Ошо жалбырактын арасына жашынса, бир аз болсо да көздөн далдоо болчудай… Бул анын арга кеткендеги, акыркы жандалбасы болчу. Аңгыча,  буту түшкөн жер «күр-р!» этип  урап, бүт денеси менен ылдый  түшүп кетти…

Жаагы басылбай үргөн ит эми күмбөздү айланып-тегеренип чуркай баштады.

Көргө түшүп кеткен келин бир жолу: «Ык!» – деген боюнча дымы чыкпай, бир чекитти тиктеп, тирмийген боюнча катты да калды… Анткени, анын так бет алдында Бүбү эненин ийри-муйру, ала-була  таягына окшогон өңү суук, ичке кара чаар жылан көздөрүн тостойтуп, тиктеп турган.

– Эмне?.. Сен кимсиң? – деди Кызмончоктун алайган көздөрү. Чаар жылан ичинен кулпуланып алгансып, жооп берген жок. Тек гана Кызмончоктун кыймыл-аракетине, үн чыгарышына каршы экенин билдирип, тостоюп тиктеп турду…

Кызмончок кандай түшсө, так ошолбоюнча тизесин кучактап кыймылсыз отурду. Ким билет, бул түрү суук  жылан  болбогондо, Кызмончок  коркконунан сыртка чыгууга  жандалбастап,  жер чапчылай бергенден бети-башы топурак-чаңга оонап,  өзүн  таптакыр жоготуп да салат беле?.. Чачы жайылып, саксайып кеткен келинчегинин башы көрдөн  соройуп  чыга калганын көрсө, Бектемир да кандай абалда калат эле?..

Эмнеси болсо да, чаар жылан азыр аны ушундай акыбалдан арачалап турду…

 

* * *

 

Ит жардам сурагандай кыңшылап, бирде Бектемирди, бирде күмбөздү карай чуркап, арсылдап үрө бергенинен, акыры атын жетелеген Бектемир келип, күмбөздүн ичин айланта карады.

Ээсин эрчитип келгенине ыраазы болуп, тилин салаңдатып жатып калган  дөбөт арсылдап үрүп,  кайдадыр чуркап кетти.

Ит кеткен тарапта үзөңгү кагышып келаткан беш-алты атчан көрүндү.

Бектемир келаткандарды жактырбагандай, атына шарт минди да, андан ары бастырып кетти.

Бектемирдин кетишин  гана күтүп тургандай, эмнегедир ичке жылан да тулкусун жыйнап, көшүлүп жатып калды.

 

* * *

Бул учурда Асылбектин короосуна чогулган эл жылан менен Ырыс ачып чыккан эшикти жапканга да даабай, үйдөн же бир жерден серең этип  бирөө-жарым чыга калчудай кооптонуп, короодон узап баратышкан. Айткандай эле, аңыча мышыктын ачуу чыңырыгы, ага удаа эле баланын:

– Жылаа-ан!!! – деген  кыйкырыгы араң турган айылды дагы бир жолу  «селт» эттирди. Элдин эң артында калган, баягы көзү көрөнөөк Азамат болчу.

Жашоо саамга токтоп калгандай, айлана тымтырс боло түштү. Кетип бараткандар кылчайып, Азамат көрсөткөн тарапты карашты. Бактын бутактарында Жан менен таргыл мышык арбашып калыптыр. Жан канчалык буйтап, же бурула качууга аракет кылганы менен, мышык ансайын жолун тороп, эби келсе эжыландын кежигесине тиш матырып, баса калуучудай кежигесин түктөйтүп, кай бир кезде ачуу чаңырык салып, айтор, катуу кармаш башталып калыптыр.

Кетип бараткандар турган-турган жеринде катып, карап калышты. Бир убакта бардык нерсени ырбатып, көбүртүп-жабыртканды табиятынан жакшы көргөн Асанбү:

– Жеңе, бу жылан Жан эмес эле, Кызмончок окшойт! – деди Сайраны нукуп. Сайра унчуккан жок. Бирок жоолугу желкесине шыпырылып түшүп, өзү арбашып жаткан немедей тулку боюн кара тер басып кеткен болчу.

Жылан эми жерге ыргып түштү.

Ушуну эле каалап тургандай, мышык жай-баракат басып, жылан кай тарапка бурулса, так ошол тарапка секирип жетип жол тороп, ара чолодо эс алып жата коюп да атты. Бул анын баары бир жеңишке ээ болоруна ишенген токпейилдиги эле…

Айылда: «шалаакы», «бек отур» атка конгон, анысы аз келгенсип уйкучулугунун айынан колтугундагы баласынын көчөгө чыгып кеткенин да билбей калган келин кармашты карап, эси ооп туруп, бу саам да Ырыстын колунан кантип шыпырылып түшүп кеткенин байкабай калды. Качан гана кыз сербейип, жылан менен мышыктын ортосунда туруп калганда гана:

– Ыры-ыс!!! – деп чаңырып жиберди. Карап тургандар жер сыйпалап, таш ала баш ташты. Ошол учурдан пайдаланып, жылан зыпылдаган боюнча чөп-чардын арасына кирип кетип, жок болду. Ырыстан, көпчүлүктөн жазганган мышык да аттап-буттап жоголду.

– Балаңды кармап тура албай, колуңа шал тийди беле, какмар! – ачуусу келгенинен Сайранын таноолору кыпчылып, Ырыстын энесин уруп жиберчүдөй чаңырды. – Арам шалбыр!

Ортодо бакырып турган баланы Азамат көтөрүп келип, энесине берди. Жыландан өчү алынбай, көксөөсү ичинде калган Сайра Ырысты акшыя карады:

– Баладан башкача экен, жаш-шабагыр!

Кызмончоктун шурусун тагынган Ырыс Сайрадан корккондой көздөрүн бекем жумуп, апасынын мойнунан катуу кучактап калды.

– Жылан да чакпайт экен муну! – деди Сайра.

Сайранын мунусу баятан унчукпай турган Жаңылдын жанына батып кеттиби:

– Оозуңузга карап сүйлөнүз! – деди тириле түшүп. – Улуу деп унчукпай койсо, андан ары каргап-шилей баштадыныз да?!

– Каргаганды көрө элек экенсиң! Ылайым кызың Кызмончок болуп калсын!

– Кызмончоктун балакетин ал! Кызмончок эмне кылды эле сага?!

– Акылдаба! – Сайра калчылдап, токтой калды.

– Акылдайм! «Келин жаман эмес, келген жери жаман» дейт, – Жаңыл ого бетер тастаңдады. – Кызмончокту жаман кылган сен, заар тилиң менен чагып атып! Баланы айтып коет дагы! Бала деген тамырчы болот, ошонун зыянсыз экенин билип, барып атат да! Кана, сен кел деп көрчү, келер бекен?!

– Апе-ей, какмар! Тарт тилиңди!

– Тартпайм! Дагы Кызмончок жакшы экен, ордунда мен болсом эчак чагып салмакмын!

Экөөнүн айтышын угуп, аңкайып карап калгандардын алды «бырс» этип күлүп жиберди. «Апе-ей, какмар, чыны менен эле Кызмончоктон каяша уккан жок элем. «Жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урсам» деле ак-көк дебей, кирпигин нымдап тим болчу эле…» – деген ой Сайранын мээсине бир «тык» эте түштү.

 

* * *

Куугундан кутулганына кубанганданбы, же коркконунанбы, балким тагдырына  кейиди бекен, кыңылдап  ыйлай баштаган Кызмончок,  жакын эле жерден  угулган  аттын дүбүртү менен адамдардын кобур-собурунан  улам  “тып”  басылды:

– Ушу тегеректен эле чыккансыган, ээ? – бул Абылайдын үнү болчу. – Же угулуп кеттиби?

– Жок, биз деле укпадыкпы, – бул үн  – Мукандыкы эле.

– Аялдын ыйлаганы сыяктандыбы? – кайра да бышыктап сурады Абылай.

– Ооба.

Ого бетер өң-алеттен кете түштү келин.

Кобур-собур пайда болору менен баягы жылан да кайра сереңдеп тура калып, келинден көзүн албай, тикчийип карап калды.

– Ата-энесинин мүрзөсүнө келди го дедим эле. Дагы кайда барышы мүмкүн? – кайнатасынын үнү эми жакын эле жерден чыкты. Алар  Кызмончок жашынган күмбөздүн тушуна келгендей болушту.

– Үстү түшүп кетиптир го… – деди Мукан.

Эки тизесине кучактап, бүрүшүп отура калган келиндин жүрөгү оозуна кептеле түштү.

– Э, балам, качанкы бул… Мынча токтолуп калдык, куран окуп коёлу… Ауузу биллахи минаш шайтоонир ражиим, бисмиллахир рахмаанир рахим…

Курандын мукам кырааты ансыз да жымылдап, жымжырттык уялаган, анда-санда шамал гана улуп, чийлери «ыйлап» турган көрүстөндөрдүн арасын мелмилдетип жиберди. Жада калса «үлп» эткен жел да жок, отургандар баштарын жерге салып отурушту… Аңгыча, кайдан-жайдан, жакын эле жерден аял кишинин чүчкүргөнүнө да, жөтөлүнө да окшогон дабыш угулуп, отургандар бири-бирин карап калышты. Абылай куранын үзбөй, бирок үнүн акырындатып:

– Ихдинас сыроотал мустаки-им… – деп окуп жатып эки жагын каранып, аягын шыбырап айтып, шашкалактап бата кыла койду да, тыңшап калды. Мукан эски күмбөздүн ичин жаңсай шыбырады:

– Карайынбы?

Абылай башын чайкады. Кабыргасы катыгандык кылып, көрдүн ичин өзү карамак болду. Бирок дароо эле шар басып бара албай, кире бериште саамга буйдала калды да:

– Бисмиллахир рахмаанир рахим… – деп жаңы эле эңкейип, күмбөздүн ичине кирмек болгондо, арттан аялдын калп жөтөлгөн үнү угулду. Тургандар «селт» этип, ошол жакты карап калышты. Алардан он-жыйырма эле кадам арытада этегине уйдун бир-эки тезегин салып, жонуна кап көтөрүп алган Алымкан карап турган экен…

– Эк, Кудай каары! – деп ийди Абылай аны көрүп сүйүнгөнү да, күйүнгөнү да белгисиз. – Сен белең?!.

Алымкан башын ийкеңдетип, анан кайненесинин бейитин көрсөтүп, алда нелерди жаңсагылап жиберди. Абылай да, башкалар да жанагы кыңылдаган үн ушул Алымкандыкы деп ойлоп, аялдын артынан басышты.

Алдыда келаткан Алымкан артындагыларды шаштыргандай улам-улам кылчактап, буларды эски күмбөздүн жанынан алыстатып кетти.

Качан Бүбү энеге багыштап куран окугандар узап, аттын дүбүртү угулбай калганда гана Алымкан ордунан тура калып, дикилдеген боюнча Кызмончокко келди. Жонундагы кабын жерге таштай салып, күмбөздүн ичине баш багып, Кызмончокту таппай калды. Үстү түшүп, оңурайып ачылып калган көрдү көрүп, нес боло түштү.

– Кызмончок? – деди шыбырап. – Кыз…

Ушуну гана күтүп тургандай,  көрдөн «сорок!» этип  Кызмончоктун  башы чыга калды. Мындайды күтпөгөн Алымкан:

– Аа-ааа!!!! – деп бир чаңырып алган боюнча  оозунан келмеси ыргып,

жалдырама тийген эмедей катты да, калды.

Эки аял бири-бирин тиктеп, катып турушту. Бирок көрдөн чыга калган көрүмчүгө окшоп,  чачы-башы түгүл, кирпигинен бери  бери  боз топуракка боёлгон  Кызмончок биринчи болуп эсине келип:

– Жеңе? – деди колун суна, кыңылдап ыйлап . – Же-ңе-е?! Үү-үү…

Алымканга жан кирип, бирок бу жерде эмне болуп жатканын, өзүнүн кайда жүргөнүн эстей албай жаткандай  келинди бүшүркөй тиктеп, дагы деле кыймылсыз тура берди.

Кызмончок катуулап ыйлай баштады. Алымканды ал баягысынан да катуу эс талма, жинди  болуп кетти деп ойлоду. Эми ал үчүн жардамга келчү бир гана тирүү жан  – жылан бар экенин эстегендей, үнүнүн бардыгынча:

– Жаа-ан?! – деп бакырып алды.

Алымкан «селт» этти. Бул ат аны эсине келтирген сыяктуу, үстүнөн ылдый бирөө муздак суу куюп  жибергендей чыйрала түштү…

– Жа-аан?!

 

* * *

Кызмончоктун чакырыгын  Жан да укту… Ал бая мышык менен урушкандан кийин кайда бараткан өзү да билбей, туш келди эле алып учуп бараткан болчу. Бир кезде бүтүндөй айылга алаамат салчудай, ордосу менен агылып келип, Асылбектин үй-бүлөсүн ажалдан арачалап калса, эми минтип, билектей болгон бир мышыкка оюн болуп, жан алакетке түшкөнүн, ошончо элдин жарданып карап турганы – азаптын азабы болду ага! Ал мышыкка тиштетип коём деп корккон эмес, тескерисинче, эч кимге, эч качан жамандык кылбаска Кызмончокко берген убадасын бузуудан корккон. Каап десең!..

– Жаа-ан?! – Кызмончоктун добушун дагы бир жолу эшитти. Жардам сурагандай алсыз, дирилдеген бул добуштун, бул чакырыктын кай тараптан чыкканын билгиси келип, демин ичине катты.

 

* * *

Алымкан Кызмончокту эми тааныгандай, отура калып колун сунду.

Бир убакта бүт тулку бою, бети-башы чаңга оронуп, өң-алеттен кетип, ошондо да бир колуна комузун кармаган бойдон боортоктоп, көрдөн араң чыккан келин жерде сүйрөлүп жатты. Алымкан аны жөлөп-таяп тургузуп, сыртка алып чыгууга аракеттене баштады. Мүрзөлөр турган жерден анча алыс эмес, эңкейиш жерде эки-үч киши кенен баткыдай үңкүр боло турган. Анткен менен тегерек-белин чий, чөп басып калгандыктан, жанынан өтүп бараткан кишиге деле анын бары-жогу билинчү эмес. Үңкүрдү Алымкан тезек терип жүрүп, капысынан таап алган. Ошондон бери кабына батпай калган, же кургай элек суу тезектерин ошол жерге чогултуп коё берет да, керек кезде кедеңдеп келе калып, салып кетип калат. Жана Бектемирден катыш үчүн Кызмончокту адегенде ушул жерге алып келатып, шашылыш болгон үчүн эски күмбөзгө киргизе салган. Кудум үйдүн эшигин ачкандай, киши бою өскөн чийди кош колдоп эки жакка жапырып ачып, өзү биринчи эңкейип ичкери кирди да, «босогодо» теңселип турган Кызмончокту колунан тартты. Ыргалып араң турган келин эңкейип, жарым жартылай кирген боюнча кулады. Алымкан ары жакта бүктөлүп турган капты жерге төшөй салып, келинди үстүнө чалкасынан жаткырып, дагы бир капты башына жаздай койду. Ошондон кийин гана жаны жай ала түшкөндөй:

– Өх-х! – деп терең дем алып, бир топко шалдайып отурду. Келиндин чекесиндеги чыпылдап чыккан муздак терди жеңинин учу менен арчып, мойну-башына алаканын сойлотуп, табын текшерип, Кызмончоктун колу-бутун сылагылап, алда нелерди күбүрөнө эриндерин бүлкүлдөтүп, өзү да кудум кайненесине окшоп, келиндин башынан бутунун учу тарапты карай сыдыра: – С-сүф! – деп үйлөп коюп жатты.

Колдун жылуулугу, эненин мээрими, балким салган демдин касиети мененби, келин акырын көзүн ачып, эриндерин кыбыратты. Ушуну эле күтүп жаткандай, Алымкан бир колу менен Кызмончоктун башын көтөрүп, бир колу менен ары жакта турган кичинекей челекти оозуна алып келди. Кызмончок адегенде «кылк-кылк» эттирип бир-эки жутуп  чалаптын  даамын татты да, Алымкан кайра алып койчудай шашкалактап, кулкулдатып жута баштады.

Ошонон кийин Алымкан келинди кайра жаткырып, эки ууртундагы агарган чалапты жеңинин учу менен аарчып, маңдайынан сылады. Аны карап жаткан Кызмончоктун көздөрү жашыл данып кетти. Канчадан бери эненин мээримин көрбөй, кусаланган жаш келин эреркеп, ый аралаш күлүмсүрөдү. Алымкан да аны түшүндү. Келиндин көзүнөн аккан жашты алаканы менен арчып, өзүнүн кемселин чечип, келиндин үстүнө жаап койду. Көп өтпөй Кызмончок кудум наристедей көшүлүп уктап кетти. Эмнегедир, түшүнө жайлоо кирди.

 

* * *

Туш тарабы тоолор менен курчалган, бир капшытынан күркүрөп-шаркырап, күргүштөп суу агып өткөн керемет жер. Ортодо чакан боз үй турат. Боз үйдүн алдында колго согулган кооз таар төшөлүп, таардын үстүндө арча бешик… Ал бешикте бала жатат… Бешиктин боосунда кичинекей жылан башын койкоңдотуп, баланы ойнотуп жаткансыйт. Ансайын наристе кыткылыктап күлүп, быйтыйган колдору менен жыланды кармайм деп аракеттенип, ошого жетем дегендей жаздыгынан улам башын көтөрө коёт…

Бул – Жан экөөнүн мындан туп-туура он тогуз жыл мурунку бала чагы болчу…

 

* * *

Жан бу саам айыл жакка карагысы да келген жок. Мышыктын кесепетинен эмес, тек гана айылда аны сагынткан, аны издеткен, күткөн адамдарынын жок экени үчүн ошентти. Демейде, бу жарык дүйнөнүн куту, керемети, жыргалы менен бейиши ошол айылда уюп жаткандай, көргөндө көзү кубанып, эстегенде жүрөгү алып учуп  кетер эле.

Тоону капталдай түшүп келатып токтоп калды Жан. Баш көтөрүп:

– Тс-ссс!.. – деп башкача бир созолонто «ышкырып», жооп күткөндөй, айланага кулак түрдү. Эч кандай жооп болбогон соң ызаланган, таарынган эмедей жатып калды.

– Жан, жан? Хи-хи… – кайдан-жайдан наристенин күлкүсү кулагына угула түштү. Баш көтөрүп, болгон дитин, дилин төшөп, тыңшап калды. Кудум Кызмончоктун бала кездеги күлкүсү эле бул. Ошол күлкү мелмилдеген айдарым жел менен дагы бир жолу элпилдеп келип, жаңырык сыяктуу андан да ары өтүп кетти:

– Жан? Жа-ан?..

Жан бая Асылбектин үйүнөн жолуккан кичинекей Ырысты эстеди. Табышмак ого бетер татаалдана түштү. Анткени, алыстан бири-бирин туюу, бири-бирин угуу жөндөмү экөөндө гана бар болчу. Ошондо да, бардык убакта эмес, экөө тең байланышууга чындап дил төшөгөн кездерде бири-бирин угуп, бири-бирин туя алышмак.

 

* * *

Батыш тарап жошодой кызарып, күн уясына батып бараткан болчу. Алымкан үңкүрдөн баш багып, дүпүйгөн чийдин арасынан эки жакка көз чаптырды. Кыбыр эткен жан жок экенин көргөндөн кийин гана сыртка чыгып, үңкүрдүн оозун жаап, жик билгизбей чийдин боюн түзөдү. Кабын жонуна көтөрүп, бөкчөңдөгөн боюнча анан айылды карай түшүп кетти.

Үйгө шашкалактап кирип келген Алымкан төрдө отурган Сайраны көрүп, чочуп кетти. Башын ийкеңдетип, учуршкан болуп, сыртка чыга качты. Колу-бетин жууп, саамга кайпактап жрп кирди да, текчеде бүктөлгөн чүпүрөк дасторконду ортого жайып, үстүнө нан, сары май, каймак койду.

– Ботом, тезекке кетсе мынчалык кечикпейт эле деп, сарсанаа болуп аттым эле. Эмне жоголдуң? – деди Сайра үзүп алган нанын сары майга малып, оозуна салып жатып. Алымкан кургак тезек табылбай, тээ кокту аралап, алда кайда барганын, анан Бектемирге, Абылайга жолукканын, энесинин мүрзөсүнө келип куран окуганын… ушунун баарын колу менен жаңсап, түшүндүргөнгө аракет кылды.

Сайра анын бирин түшүнсө, бирин түшүнбөй, калп эле башын ийкеңдетип коюп жатты.

Адамдарды жедеп көз карашынан, кыймылынан түшүнүп калган Алымкан Сайранын кыйды көз кыйыгынын Кызмончок экөөнүн бүгүнкү жолукканы тууралуу кабары жок, анткен менен олуттуу бир суроосу бар экенин түшүнүп, кудум азирейил периште суракка алганы келгендей, ыңгайсыздана баштады. Сайра анын жалтактап, көздөрүн ала качып, кайпактап жатканын баамдап, ого бетер көөдөнүн кере, башын бийик көтөрүп, теше тиктей, кырданып отурду. Сайра адамдын оюн окуп алчу касиетке ээ болуп кеткенсип, ушу азыр канча жыл мурун кайненесинен «уурдап» угуп, азабын тартып калган сырын билип алчудай, Алымкан тердеп-кургап кетти. «Кулагыма эле ошондо кум тыгылып калса эмне! Куураганда эмнеге тыңшадым экен?!» – деп ошондон бери өзүн-өзү жекирип, тилдеп келет. «Эмне кылсам?! Эми эмне кылсам ушул катындан кутулам?! О, Кудай, кудурети күчтүү Кудай! Бир гана сага ишенем, сага сыйынам! Жардам бер? Ушу абалдан куткар?! О, энекебай, арбагыңдан айланып кетейин энекебай?! Жардам кыл?!» – деп ичинде Кудайга, арбакка кошо жалынып-жалбарып, жан алакетке түшүп жатты аял. Ал ушинтип, «кирерге тешик таппай» турганда Сайра да өктөм үн катты:

– Алымкан?!

«Селт» этип чочуп кеткен Алымкан кантип:

– И, жеңе?! – деп сүйлөп  жибергенин өзү да билбей калды.

Баятан  байкуш аялды өйдөдөн  карап отурган Сайра чочуп кетти.

Алымкан экөө тиктешип калышты.

– Я, Кудай каары? – деди бир убакта Сайра суроолуу, акырын унчуп. –  Сүйлөйт турбайсыңбы?!

Анын бу суроосунда кубануу эмес, бир кылмыштын бетин ачып алгандай кекээр бар эле. Алымкан көздөрүн алайтып: «Мен өзүм да түшүнбөй калдым…» – дегендей ийнин кушуруп, колдорун жаңсады. Сайра аны кыйгачынан тиктеп, таңдайын шыкылдатты:

– Шык, шык, шык! Деги адамдар эмне болуп баратасыңар, ыя?! Ботом, жап-жакшынакай тилиңди “жутуп”, алчу мөрөйүң эмне?!

Алымкан эмне дээрин билбей, адатынча эле Сайраны алайып тиктеди. Ичиндегинин баарын көзүнөн окулуп жаткандай, кайра эле анан көзүн ала качып, ылдый карады. Кайненеси Бүбү эне көз алдына келе түштү: «Апаке?! Мени кечир?! Мени кечир, Жараткан?! Эмне кылам, бул аялга эмне дейм, мага жардам керек, апаке-е?!» – деди ичинде жалбарып. Ушул абалда алар канчага отурганын билбейт, бир убакта ал мелмилдеген жымырттыкты байкады. Жанараак эле какылдап-какшап жаткан Сайра да демин катып, тилин жутуп алгандай, ортону дүлөй тынчтык уялай түшкөн болчу. Бул Алымкандын тулку боюн ого бетер чымыратып жиберди. Башын ылдый салып, көйнөгүнүн этегин кармалаган боюнча Сайрадан сөз күтүп, дагы бир далайга отурду. Тээ бир оокумда анан күнөөкөр кишидей башын акырын көтөрүп, Сайраны карады.

Сайра жарым жартылай ачык турган эшиктен сыртты карап, кирпик какпай, оозу жарым жартылай ачылган тейден нес болуп, өң алеттен кетип  отурган болчу.

Бирок Алымкан  эч нерсе көрө албай койду.

Ордунан туруп,  жыла басып сыртка чыкты. Анда да да Сайра “былк” эткен жок.

Бирок Алымкан босодон ары аттап үлгүрө электе эле үйдөн Сайранын жедеп кулакка сиңип бүткөн ачуу чыңырыгы чыкты. Аял кайра имерилип караган кезде Сайра көзүн чакчайта шыпты тиктеп, кыймылсыз жаткан…

– Жеңе-е?! – деп кыйкырып жиберди Алымкан. Чуркап келип Сайранын башын көтөрдү. Эми эле эси-карды соо, какылдап сүйлөп жаткан Сайранын мойну-башы шалактап, көзү аңтарыла түштү.  Кайра жаткыра салып, сыртка атып чыкты. Көп өтпөй эле үйгө аялдар чуркурап кире баш ташты…

– Коку-уй, каран күн! Дагы эмне болуп кетти эми?! – деген Асанбү биринчи болуп жетип келип, Сайраны бетке чапкылап, коюн-колтугуна колун сойлотуп, денесинин ысык-суугун текшерип жиберди.

– Жийде кайда? Чакыргылачы, тамырын кармасын?! – деди баарынан улуу байбиче Сайранын абалын көрүп эле.

– Тегеректебей ары тургулачы, дем алсын!

Жардангандар ары боло беришти.

– Жийде ылдыйкы айылга кеткен, үйүндө эмес, – деди аялдардын бири.

– Суу, чүпүрөк алып келгилечи! Башын бийиктегиле!

Келиндердин бири жыйылган жүктү бузуп жиберип, төшөк алып келип, Сайранын башына экөө-үчөөлөп жаздай коюшту. Алымкан чоң кесеге мелт-калт кылып суу, чүпүрөк алып келди. Байбиче чүпүрөктү сууга малып алып, Сайранын бети-башын, мойнун, көкүрөгүн сүртүп, Алымкан баш болгон аялдар үрпөйүп карап турушту. Байбиче антип убараланганы менен, Сайра дале баяг ы боюнча эс-учтан танып жата берди.

– Капырай, Жийдеден башка тамыр камар киши жок экен э? – кара терге түшүп кеткен байбиче ушинтти.

– Я, Сайра, эмне болуп атасың, капырай?! Аччы көзүңдү?

– Бирдеме чагып алган жокпу?  – Асанбү Алымканды карады. Заматтын ортосунда, соо туруп эле ушинтип калган Сайраны карап, көзү алайып турган Алымкан бу саам да талтөөндөй болуп:

– Жок! – деп, сүйлөп жиберди. – Жакшы эле отурган. Сүйлөп атып эле жатып калды…

Сайраны тегеректеп, жарданып карап турган аялдар эми Алымканды карап калышты.

– Каша-ак! – бул Сайраны кармалап отурган байбиченин таң калганы эле. Ыңгайсызданып, күнөө кылгандай кымырылып-кысына түшкөн Алымкан бир убакта: «Апей, мен эмне коркок-билиш болом? Же менин сүйлөгөнгө акым жок бекен?!» – деп чыйрала түштү да:

– Анча эмне карайсыңар? Мени же өмүр бою дудук болуп өткөнүмдү кааладыңар беле? Кудай өзү алган үндү, кайра берди өзү! – деди маңкайып. Ошондон кий ин гана аялдарга жан киргенсий түштү. Шыпшынган, күбүң-шыбың үндөр угулду.

– Кагылып кетейин, ооба. Кудайым берем десе, берет ошентип. Алам десе, алат… Мобу бечараны карабайсыңбы…

– Укму-уш, ай! Кандайча болуп үнүңүз ачылып калды, жеңе?

– Коё тургулачы, «Бири өлүп жатса, бири күлүп атат» болбой. Бу Сайра жеңемди эмне кылабыз? Ошондон кийин гана аялдардын көңүлү Сайрага ооду.

– Эркектер кайда? – деди байбиче.

– Кызмончок болсо – Кызмончокту, жылан болсо – жыланды кармаган жерден өлтүрөбүз деп, аттанып кетишти баары.

Алымкандын эсине Кызмончок түшүп, бейкапар уктап жаткан жеринен бечараны таап, «ким көрдү» кылыша тургансып, өңү бузулуп кетти. Сайраны жек көрө карады: «Өз үйүндө жатып өлбөй, бир жагынан да ушунуку өттү! – деди ичинде. – Эзели келчү эмес эле, мурду жыт алгансып, эмне келди десең! Бул го ичерин ичип, жээрин жеди, тиги эне сүтү оозунан кете элек байкуш эмне болот? Ойгонуп алып коркуп жатты бекен? Эмне кылам эми?…»

Алымкан  үнкүрдөн: «Үйгө барып уй саап, сүт бышырып коюп, шорпо-шилең жасап келе калайын. Айыл тынч болсо, үйгө деле алып келе берем», – деп чыккан болчу. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп, минтип түшкө кирбеген окуя болуп кетерин кайдан билиптир?

Эмнеси болсо да, такыр бүтпөчүдөй болгон ушул абалдан тезирек чыгууну ойлоно баштады. Сайранын жанына тепейип отура калды эле: «Кантсе да Бүбү кемпирдин келини» дештиби, же заматта тил бүтүп калган аялдан бир укмуштуу нерсени күтүштүбү, жанындагылар артка кетенчиктей беришти. Айткандай эле, чөк түшүп отурган Алымкан көздөрүн жумуп, бир топко чейин күбүрөнүп, ыргалып отурду да:

– Сүф-ф! – деп узакка бүркүп, дем сала баштады. Отургандар бири-бирин карашты. Анткени, ушунча болуп Алымканда мындай өнөр бар экенин билишкен эмес. Бүбү эне тирүү кезинде Алымкан тепилдеген, анча-мынчага маани деле бербеген, бирок шамалдай тез кыймылдаган келин болчу. Кийин, кайненеси өлгөңдөн кийин тил-ооздон калып, түйтөйүп жүдөп, санаадан кичирейип, «бир тирүү жан жүрөт да» болуп, элдин катарында саналса саналып, саналбаса унутулуп деле калган. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылып, күйөөс ү да: «Апамды нааразы кылгансың», – деп таарынымыш болуп жүрүп, коңшу айылдагы жесир келиндин үстүнө кирип алган. Андан да эки балалуу болду деп айтышат. Алымкандан туулган кызы – күйөөдө. Бир уулу айылдын жашоосуна алымсынбай, жер кезип кеткен. Кузүндө бир келген боюнча кайра дайыны жок. Жада калса, чоң энесин жерге бергенге да келбей калды. Колундагы уулу колдойгону менен, «берсе – ичет, урса – өлөт» болуп, акыл-эс жагынан оорукчан. Ошентсе да, кыйын кезде апасына караан-бутак болду. Канча ирээт Алымкан жанынан аша кечип, өлүп алгысы келип, бирок ушул бечараны кыйбай, ушуну аяп, ушул үчүн эле жашап калган. Канткен менен боорукер, апасы отуруп алып, кээде үңүлдөп ыйлаган кездерде колдурап кошо ыйлап, апасын сооротуп, кучактаган болот. Эртең менен уйду бадага жеткирип, кечинде тосуп, айдап келет. Музоо аркандап, суу алып келгенге жарайт. Эки-үч ирээт атасы алып кетти эле, кайра качып келе берди. Сыртына чыгарып айта албаса да, баласын бооруна бекем кысып, дилинде: «Аа, балам, бала-бакыралуу жесир катыны экөө сени жакшы көрүп жатат дейсиңби, мал бактырып, отун-суу алдыргылары келип жаткандыр да. Ырас эле келипсиң», – деген болчу эне.

Эми да сырттан кирип келип, үйдүн ичиндеги толгон аялды көрүп, томсоро түштү. Анткени, акыркы убактарда булардын үйүнө жамандык болгондо гана эл чогулуп калган. Чоң энеси өлгөндө, андан кийин апасы тилден калганда, атасы кеткенде… Көп аялдын арасынан апасын издеп, чалкасынан жаткан Сайраны, ага дем салып отурган апасын көрүп санаасы тынчыгандай, босогодо бопоюп отуруп калды.

Бир убакта Сайранын манжалары кыбырап, буту-колу диртилдей түштү. Акырын онтоп, кыңкыстай баштады.

– Эсине келип атат! – деди келиндердин бири.

– Сүф-ф!.. – акыркы ирет дем бүрккөн Алымкан чарчап:

– Өх-х! – деп шалдайып отуруп калды.

Сайра көзүн ачты. Биринчи жолу көрүп, же тааныбай жаткансып Алымканды, анан өзүн тегеректеген аялдардын улам бирин бүшүркөй тиктеди.

– Эсиңе келдиңби, айланайын? – Алымкан туруп кеткенден кийин Мыскал байбиче Сайрага жакын жылып отурду.

– Ботом, эсибизди чыгарбадыңбы.

Сайра анда деле унчуккан жок. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй, эч нерсени эстей албай жаткандай жалдырап жата берди.

Алымкан сыртка чыкканда караңгы кирип калган. Ай сүттөй жарык. Тоо тараптан желпилдеп, айдарым жел уруп туруптур. Чекесинин терин жеңинин учу менен арчып, мойнундагы бүчүлүгүн бошотуп, таза абадан кере жутуп, бейиттер жакты карады.

 

* * *

Жан айылга жакын, баягы Акбай ата отурчу Элик-Жондун үстүнө келип токтоду. Ай нуруна чагылышкан ак денесин үстү-үстүнө орой тоголоктогон калыбында, бу дүйнөнүн жүрөгүн тыңшап жаткансып, болгон дитин теребелге төшөп, Кызмончоктун үнүн дагы бир жолу уккусу келип, сак жатты. Атын атап чакырып, кыткылыктаган наристенин күлкүсү, бирок кайра экинчи кайталанган жок. Өзү да бир канча жолу белги жиберди. Жооп бермек турсун, Кызмончок аны укпай дагы, таптакыр эле ичинен кулпуланып, бекинип алган сыяктанды. Бул мамиле Жандын жандүйнөсүн ого бетер жанчып таштады. Жана күндүз бир ыгын таап, элден суурулуп чыгып, Бектемирдин артынан жөнөбөгөнүнө өксүдү.

 

* * *

Бу кезде Бектемир жыландардын ордо мекени – Жинди-Чапка эчак жетип, бир учунан бир учуна бир ат чабым, ал эми түбүнө учу-кыйыры жок сыяктуу туюл уп, жерди экиге бөлү турган жараңканы жээктеп, кээде-кээде:

– Жа-ан! Кызмончо-ок!!! – деп тоо арасына жаңырык сала кыйкырып, капилет бирөө-жарым чыга калчудай алды-артына каранып, бар дабышка кулак түрүп бараткан. Ак туягы кээде кошкурук атып, кош кулагын тикчийте үркүп кетип, кээде окурана ооздугун чайнап чакчаңдап, ээсинин гана көңүлүң кыя албай бараткандай эле. Ансайын Бектемир да:

– Чү! – деп теминип, оңду-солду камчыланат.

Бул Жинди-Чап тууралуу ал бала кезинен билчү. Эс тартканы деле канча курдай, бул өйүзүнөн тиги өйүзү аркан боюндай аралык жаткан жараңканы алыстан кызыгып карап өтчү. Жанында Мукан өңдүү достору бар кезде биринен бири өтүп эрдемсишип, аттарын тээ ары жакка байлап, же тушап коюшуп, жараңканын жээгине жакын келишчү да, боортоктоп жатып алып, төмөнгө көз жиберишчү. Төмөндү карай таш кулатышып, таштын колдурап-солдурап кетип бараткан үнү канча убакыттан кийин токтоор экен деп санаша турган:

– Бир, эки, үч… отуз… элүү… жүз… – Оме-ей, жүз болду!

– Жок, ашты! – деп чурулдап атышып, бир убакта кызыктары тарачу бекен, же чындап эле сырдуу жараңканын сүрүн сезе башташчу беле, айтор, бу жерден кеткиче шашчу. Кээ бирлери ошондон кийин эки-үч күн ооруп калып, ата-энелери Бүбү энеге демдетип-домдотуп жатып айыктырып алышар эле.

– Коку-уй, Жинди-Чапка силерди шайтан айдап бардыбы?! Барбагыла экинчи!

–  Жер-Куйга түшүп кетсеңер эмне болот эле, каран күн! Ал жакка бир түшкөн мал-жан кайра чыкпайт! – деп айылдыктар коркутуша турган.

Айткандай эле, дайынсыз жоголгон мал-жанды издеп, акыры таппасына көздөрү жетип, супсундары сууган кезде:

– Жер-Куйга түшүп кетсе керек. Эмне кылалы эми, буйругу жок мал экен… Жакшы эле издедик, – деп отуруп калышчу. Балдар анда деле буга ишенип, ишенбей кала беришчү.

Кийин, кеч күздө эл Асылбектерди таш бараңга ала турган болуп үйүн курчап, оокат-кечесин өрттөмөк болуп турган маалда Жандын бир ордо жыланды дарыядай агызып алып келип, айылды каптатып жибергенинде, ордо жылан дегендин чыны менен эле боло турганына ишенсе, жыландардын мекени чындап эле ушул тарапта экенин үйлөнгөндөн кийин келинчегинен уккан. Кызмончокту түз эле ушул жерге издеп келгени да ушундан улам болчу…

 

* * *

 

Жан ылдыйлап, күмбөздөрдү көздөй бет алды. Анткени, айылга бу жерден түз алып бара турган кыска да, ыңгайлуу да жол ушул болчу. Ал Бүбү эненин мүрзөсүн тааныды. Мындан бир канча жыл мурун, маркум энени акыркы сапарга узатып, сөөгүн көтөргөн эл кыр өйдө чыгып баратышканда:

– Тигине, байкуш энени көмгөнү алып баратышат, – деген Кызмончок.

Анда алар жанагы, Жан  мышык менен кармашкан карт дарактын бутагына чыгып алышып, сөөк койгондорду карап отурушкан. Ошондо, эмнегедир Кызмончоктун карегине каканактап жаш келе калган.

– Эмнеге ыйлап жатасың? – деген жылан. – Кайгырып жатасыңбы?

Кызмончок башын ийкеп, кемшеңдеп ыйлап жиберген. Жан анын ийнине башын коюп, мойнуна жарым жартылай оролуп кучактаган. Бул анын соороткону болчу.

– Адамдар да, айбандар да бу жарык жашоого бир эле жолу жаралат. Эми Бүбү эне тирүүлөрдүн арасына эч качан келбейт… – деген кыз. – Анын артынан качандыр бир биз барабыз. Мен да ушинтип кетем… Бирок… – бир жакшы нерсе эсине түшүп кеткендей, кыздын бошоп, болбурай түшкөн муун-жүүнү тириле түшкөн, – Бирок адамдар оздөрүн: «Кудайдын кудурети менен, миңдин бири бул жашоого кайра кайтып келет» деп жооткотуп, алдап жашашат…

– Кантип?

Кыз ийнин куушурган:

– Билбейм. Балким, мурунку жашооңдо сен адам болгондурсуң?

Бул божомол жыланга майдай жаккан. Андан аркысын уккусу келип, тирмийе тиктеген.

– Балким, мурунку жашоомдо мен жылан болгондурмун?..

Экөө тиктешип калышкан.

– Ишенип алдыңбы? – кыз каткырып жиберген. – Жөн эле айттым… Жомок бул.

Бүбү эненин жанынан өтүп баратып, ушуну эстеди Жан. Эненин бейитинен анча алыс эмес жерге жаңы мүрзөлөр кошулганын көрдү. «Балким, бу жерге Кыз мончоктун ата-энесин көмүшкөндүр?..» – ушинтип ойлоп, кылчактай калды жылан. Бирок ички каалоосу бат эле аны андан ары жетелеп, алдыда бир жакшы нерсе күтүп жаткандай туюм берип, шаштырып туруп алды. Эмнегедир, эми эле жанчылып турган жан дүйнөсүн, денесин бир жагымдуулук уялап, маанайы жакшыра түшкөнүн сезди.

Ал Кызмончокко жакындаган сайын ар дайым ушундай жагымдуулукту сезчү… Бирок азыр да Жан Алымкандын үңкүрүнө – уктап жаткан Кызмончокко жакындап келатканын баам алган  жок…

Үңкүрдүн так үстүнө жеткен кезде, жакын эле жерден жагымдуу,  тааныш илеп келди. Кызмончоктун илеби!

Башкача бир элеп-желеп болуп, боору жерде эмес, абада учуп бараткандай сезим келип кетти!

Аңгыча, тээ ылдыйтадан өзүн утурлап, этек-жеңи делбектеп келаткан жалгыз караан көзүнө урунду. «Кызмончок?!» – деди Жандын көздөрү!

— Кызмончок?!

Жооп болгон жок.

Андан ары токтоно албай кетти Жан. Кудум аткан октой алдыга окторулуп, ошол караанды карай алып учуп, үңкүрдүн оозун жапкан, адам бою өскөн боз чийлерди шуудурата, аралап  өтүп баратты ал…

Ушул ирмем, үнкүрдө жаткан Кызмончоктун так үстүнөн өтүп кетип баратып, бүт тулку бою ысып-күйүп, кудум отко кирип чыккандай алоолонуп кетти анын!

Бакыттан башы айланып кеткенде гана ушундай учур болчу анда…

Көзүнө алиги караандан башка эч нерсе көрүнбөй, кулагы укпай, кубангандан кышылдап онтоп жиберди. Бирок улам барган сайын боюндагы эми элеки жалындын илеби сууп, эмнегедир эми элеки сезим артта калып бараткандай, сээлдей түшкөнүн байкады. Анын себеби, Кызмончоктон узап баратканы экенин билбей калды…

Караан да Кызмончокко окшобой, башкага кубулуп бараткан сыяктанды…

Күү менен келаткан тулкусун араң токтотуп, ылдыйда келаткан аялды шоңшоюп карап калды… Алымкан болчу ал! Жан аны таанып: «Тсссс!» – деп тызылдап ийди. Ызадан ичи өрттөнүп, күлгө айланып бараткандай сезилди өзүнө. Алымкан жакындаган сайын, анын эми элеки кубанычын, үмүтүн, ишенимин бүт ушул аял уурдап алгандай жек көрүп кетти! Бет алдында келаткан аялды азыр чагып алуудан кайра тартпачудай, калчылдап турду.

Бирок анте алган жок… Аялдан оолактап, айланып алыстан өттү да, андан ары, Бектемирдикин карай кетти…

 

* * *

 

Алымкан үңкүрдүн босогосун аттап келатып тамагын кырып, акырын жөтөлүп койду:

– Кхы-кхы…

Ширеңке күйгүзүп, Кызмончокту карады. Күкүрттүн жытын сезгендей, келин көзүн ачты:

– Жеңе?

– Мен… Коркпо.

Алымкан көтөрө келген чырагын жандырды.

– Кайсы убак болду?

– Эл жатар убак. Курсагың ачтыбы?

– Жок.

– Тура гой. Биртике азык ала келдим. Өзөк жалгап ал.

Кызмончок өйдө болуп отуруп, бирок алдыга келген тамактан алып жей албай, кайсактай түштү.

– Кол жууйсуңбу? – деди Алымкан.

– ? – келин унчуккан жок.

– Суу ала келдим. Азыр колу-бетиңди жууй тур. Анан эл жаткан маалда үйгө баралык. Жуунуп-тазаланып аласың.

Экөө сыртка чыгышты.

– Айылга түшпөйм, – деди Кызмончок колу-бетин жууп жатып.

– Анан ушу жерде эле жата бересиңби?

– Жок, кетем.

– Кайда?

– Билбейм, – деген Кызмончок коркуп кеткендей, Алымканды каруудан кармай калды:

– Жеңе, бирөөлөр келатат…

Алымкан Кызмончок көрсөткөн тарапты карап, көзү жетпей жаткандай бүшүркөй калды да:

– Кир, ылдам! – деп шашып калды. Бирөө кармап калчудай, келин үңкүргө жанталашып кире качты. Артынан кирген Алымкан чыракты үйлөп өчүрө койду. Эми эле жан кирип, жандана түшкөн үңкүрдүн ичи кулак, мурун кескендей жымжырт боло түштү. Ошондон го, же корккондон бекен,  жүрөктөр кабынан ыргып кетүүчүдөй катуу-катуу кагып,  атургай  түрсүлдөгү бири-бирине угулуп жатты. Аттардын дүбүртү, кошкуругу, адамдардын кобур-собуру буларга жакындап келди.

– Ушу жерден көрдүңбү, Мукан? – деди сырттагылардын бири.

– Ооба. Эки-үч караан болчу.

– Ылдый түшүп кеткен жокпу?

– Жок. Түшсө деле узап кеткидей болгон жок.

Алардан ашып кетсе он, он беш эле кадам ары, ушинтип кобурап жатышты атчандар.

– Токтогулачы, – деди аңгыча токтолуп калган адамдын үнү. – Күкүрттүн, май чырактын жыты келип атабы? – Абылайдын үнү болчу бул. Жымжырт боло түшүштү.

– ооба. Жыттанып атат, – деди аңгыча бирөөсү. Айлана-тегерекке көз чаптырып, жыт алып, тыңшап жатышкандай, кайра да жымжырт болуп калышты. Кызмончок Алымкандын билегин кош колдоп, мыкчый кармады. Алымкан чөк түшүп отура калып, алакан жайып жиберди да, адатынча артка-алдыга ыргалып, дуба окуй баштады. Кызмончок анын кебетесин көрбөсө да, чийдин арасынан тарам-тарам кирген айдын жарыгынан чайпалып отурган сөлөкөтүн көрүп жатты.

Алымкан намазга жыгылган өңдүү жер сүзүп, көпкө чейин ошо калыбында былкылдабай жатып, кайра турду. Ушул убакта Абылайдын:

– Кырга чыгалычы, – дегени угулду. – Демим кысылып, жаман болуп кеттим да…

– Жакшы эле эмес белеңиз, эмне болду?..

– Кызмончок караңгыда бу жерде жалгыз жүрө албайт эле, мал-сал издеген бирөө-жарым го, – чарчаңкы, бу жерден тез эле кеткиси келип жаткан таризде унчукту Абылай.

Сырттагылардын дүбүртү арылап, кобур-собур алыстап баратты:

– Эртең менен эрте чыгалы анда. Балким, Бектемир таап келгендир? – деди Мукан.

– Артык аталар да издеп кетишкен. Бирок алар жыланды да, кызмончокту да тапсак өлтүрөбүз деп жатышкан, — деди бири.

– Жакшылык эмне кечикти? – деди Абылай.

– Тигине, келетат.

Атчандардын кобуру угулбай калды…

 

* * *

Артта калган Жакшылык тумшуктан бери бурулганда, артынан эрчиген ит тамак-аштын жытын алып, шимшилеп түз эле үңкүргө жетип  келди. Тилин салаңдатып, акактаган ит жарымы үңкүрдүн ичинде, жарымы сыртта жата кетти.

Адегенде алдастай түшкөн Алымкан иттин алдына бир үзүм эт таштай койду. Ит «ап!» эттирип сугунуп жиберери менен дагы бир үзүм, анан дагы бир үзүм таштады. Айткандай эле, керелди кечке курсагы ачкан ит аялдарга бат эле үйүр алып,  улам дагы  тамак үмүт этип босогодо жатып калды.

 

* * *

Жан Абылайдын короосуна кирди. Үйдүн короочусу Бектемирди эрчип кеткендиктен, жыландын алдын тосуп, баягыдай ажылдап чыккан ит болгон жок.

Үйдүн эшиги да ачык экен. Жылан киши-кара чыга калса, жашынууга ыңгайлашып, тамдын бурчу менен жыбылжып сойлоп келди да, босогонун сыртында туруп, ичкери кулак түрдү.

– Ботом, Алымканга эмнеге бардың?! – деди Сайрага жан тарткан Мыскал байбиче. – Кайненеси өлгөндөн кийин ал үйгө киши кирип-чыкпай калганы бекеринен дейсиңби? Башынан  эле жин-шайтандар бар экенин билесиң. Болбосо, карабайсыбы, канча жылдан бери дудук болуп калган неме тигинтип сайрап, анын ордуна сен…

– Ошону айтсаңыз, – деди Асанбү. – Шайтан азгырып барган го жеңемди… Капырай, түштө эле талтөөмдөй болуп сүйлөп аткан.

Жылан босогого жакын келип, үйдүн ичине көз жиберди. Калыңдап, катталып салынган төшөктө Сайра шыпты тиктеп, үн-сөзү жок  жалдырап жатат. Жанында Мыскал, Асанбү, Алмаш, Зейне. Алардан ылдыйраакта Чынтемир башын жерге салып, мурдун «шуу!» тартып, ыйлап отурат.

– Капырай, эркектер келсе да жакшы болот эле. Жоо чапкансып, айылда колго илинер бирөө жок болуп калат деген эмне шумдук.

– «Жоо чапкандай» дейсиз да, жеңе, андан да жаман иш болуп атпайбы, – дээринен кыңылдап акырын сүйлөгөн Зейнеп бу саам да ушинтип созолонуп койду. Аңгыча көчө өйдө келаткан бир топ атчандардын үнү угулду. Жан заматта көздөн кайым болуп, көңдүн арасына кирип кетти.

Чынтемир келаткандарды утурлап, чуркап чыкты. Атасын аттан түшүрүп, атты мамыга алып барып байлады.

– Бектемир келдиби? – деди Абылай. Эртеден бери ыйлаган уулу эки ийнин солкулдата улутунуп, тадайын «шык!» эттирди да:

– Апам тилден калды, – деди.

– Эмне дейт?! Дагы эмне болуп кетти, кокуй?! – Абылай чапанынын эки өңүрүн делбектете, үйдү карай чуркады.

Кирип келип эле тил-оозу жок суналып жаткан аялын басып жыгылды:

– Сайраш?! Сакиш?! О,Кудай, О, эл-журт?!

Мыскал аны далысынан таптап, кайраттандырган болду:

– Капырай, ботом. Сайрашың жакшы эле!

Муну укканда Абылай эс ала түшкөнсүп, сыңар тизелеп отурган калыбында Мыскалдан дагы жакшы сөз уккусу келгендей карады.

– Тиги Алымкандыкына барган экен… Кудай каарылардын кичине бирдемеси чарпып кеткенби, жыгылып калыптыр.

– И?!

– Тиги келин, дем салып атып эсине келтирди.

– Ким?!

– Алымкан! Тил бүтүптүр, капырай! Заматтын ортосунда эле ага тил кирип, мунун тили буулуп…

Абылай ызырынып, ордунан тура жөнөдү:

– Эн-нең! Эмне кылыптыр ал?!

– Ой, ким билет эмне кылганын?! Ай, уул, токто! Бери кара! – деди сыртка бет алган Абылайга Мыскал. – Азыр Алымканга барган менен пайда жок. Эртең деле күн бар. Андан көрө өйдөкү айылдан молдо алдырып, дем салдырбасаң, бу бечарага убал го?! Ии! Баятан ошенте берели десек, колго илинер бир эркек жок.

Абылай уулуна карады:

– Касенди чакыр!

Чынтемир чуркап чыгып кетти. Абылай аялынын буту-колун кармалап көрдү. Абышкасы келгенге ого бетер эреркеп ыйлап, бирдемени эле айтып жаткандай кыңылдап жатты Сайра.

– Бечара уулун сурап жатат окшойт, – деди Мыскал. – Келатабы?

Абылай аялын карап, болбурап башын чайкады:

– Тигини издеп… Жинди-Чапка кетиптир… Келип калат.

Муну укканда Сайранын көздөрү алайып:

– А… а…а.. – деп кекечтенип, дем алган сайын көкүрөгү солкулдап, көтөрүлө калып атып эле, эстен тангандай тынчып жатып калды…

– Касен?! – деп бакырды Абылай. – Касенди чакыргыла!

Жылан болсо, Бектемирдин Жинди-Чап тарапта экенин укту да, Жер-Куйду карай зыпылдады. Анткени, жыландардын мекени болгон ошол жылан ордо тууралуу кыз далай жолу сурап, бала кезинен эле ошол жерди көрүүгө кызыга  берчү. «Демек, Кызмончок мени  издеп,  Бектемир Кызмончокту издеп Жинди-Чапка кетишкен экен да?!» – оюна дароо ушул келди.

 

* * *

 

Бул убакта Кызмончок Алымкандын үңкүрүндө, бет маңдайында жаткан итти тиктеп, катып отурган. Аңгыча ит ээсинин узап баратканын билип, ордунан турду да, эттен дагы эле үмүтү үзүлбөй жаткандай эки аялды алмак-салмак кыңшылай карап,  акыры үмүтү үзүлгөндө үңкүрдөн чыгып, арсылдап үргөн боюнча ээсинин артынан  кетти.

– Өх-х! – деди Алымкан иттин «арсылдагы» алыстаган кезде үстүнөн оор жүктү алып ыргытып жибергенде жеңилдеп. – Кутулдук окшойбуз. Тура гой. Үйгө баралы.

Бүрүшүп отурган Кызмончок үндөбөй, башын чайкады.

– Ук мени. Алы-күчүңдү топтоп, шорпо-шилең ичип ал. Жыгылып калсаң, ит-кушка жем болосуң.

Караңгыга көзү көнө түшкөнгө Алымкан бу жолу ширеңке чакпай эле буюм-теримин капка салып, жонуна көтөрүп ала койду:

– Тур…

Экөө айылды карай түшүп келатышты. Бир колуна комузун көтөргөн келиндин көздөрү караңгылап, мас немедей кээде темтеңдей түшүп келатты.

 

* * *

 

Ай сүттөй жарык.

Бир убакта, ансыз да жал-көкүлү үрпөңдөп  араң келаткан Актуяк алда неден үркүп,  кош аяктап тура калганда, жедеп ойго чөмүп, бош отуруп келаткан Бектемир аттын  башынан ыргып, эк-үч аласалып  кетти.  Жыгылган жеринен тура калмак болуп, канча аракет кылганы менен тулку-бою жерге маталып калгансып,  ордунан козголо албай  койду. Жардын кылда учунда отурганын көргөндө  жүрөгү «солк!» этип алды. Бир аз эле жел үйлөп кетсе, чалкасынан кулап, Жер-Куйдун түбүн карай зуулдап жөнөчүдөй  акыбалда эле.

Көздөрүн жумуп, өзүн-өзү жооткотуп жиберди: «Баары жакшы… Азыр турам. Баары жакшы болот…» Бирок туруп кете албасына көзү жеткенде гана бир катуу күрсүнүп алды. Антсе да жандалбас кылды. Бу жерден жөрмөлөп болсо да эптеп арылап, түзөңдү карай жылып алуу керек болчу.  Бирок эки колу, көкүрөгү, ийни, мойну-башы эле алдыга жүткүнүп, белден ылдыйкысы жерге кагып койгондой козголбоду…

Актуягын карады. Чылбырын сүйрөп, алда кайда кетиптир. Бир гана ишенгени ошол болуп калды. Жанына  келсе, куйрук-жалына, үзөңгү, чылбырына эептеп жабышып, бу жерден оолактап кетпесе болбойт…

– Мо?! Мо?! Актуяк?! – ал үнүн канчалык катуу чыгарган сайын астындагы шагыл көчүп, шагырап ылдый куюлуп кетип жатты. Жерди сыйпалап, колуна илинер бир нерсе издеди. Бүрү түшүп, саргайган шыбак менен майда чөптөн башка эч нерсе жок эле. Жер кыртышы борпоң, боз топурак болгондуктан, бетиндеги чөп-чарын бир аз эле катуураак тартсаң, отурган жериң менен кошо көчүрүп, жер куйга  алып кирип кетчүдөй араң турат.

Бектемирдин заманасы тарып кетти. Биринчи эле оюна апасы келди: «Эмне эле күйүп-бышып, азап тартып куурайт десе, ушундай болорун байкуш апам сезген окшобойбу… Апакебайым! Кечир мени?!» Карегине каканактап жаш тегерене түштү. Аны сыртк а чыгаргандан намыстангандай, кайра ичке жутуп, башын чалкалатып, асманды карады.

Айдын толуп турган убагы тура. Ошого болсо керек, жылдыздар да бүгүн башкача бадырайып, көзгө толумдуу, даана экен. Же асман дайыма ушундай болду бекен? Эс тартканы жалгыз Кызмончоктон башканын баарын байкабай, көрбөй, укпай калганын сезди. «Балким, Кызмончок да ушул айды карап отургандыр?» – деген менен, ушунча убарага салганы үчүн ага чын жүрөгүнөн таарынып, жек көрүп кетти. Апасынын: «Бала – белде, аял – жолдо», балам. Бул болбосо, башкадан багың ачылар. Ушуну бир билип, эсиңе тутуп жүр. Бул сага катын болуп жыргатпайт. Алдыда эмне күтүп турганын кайдан билесиң?» – дегенин эстеди. Ошондо апасын уккусу да келбей, тескерисинче ага: «Апам эмнеге эле ушинте берет? Мени жакшы көрсө, мен жакшы көргөн адамды деле жакшы көрбөйбү! Мен эми Кызмончокту сүйгөндөй дагы бирөөнү кантип сүймөк элем? Деги, ушу апам менен атам качандыр бирөөнү же бири-бирин сүйүп көрүштү бекен? Сүйүү эмне экенин, жок дегенде анын  бу жашоодо, жүрөктөрдө бар экенин билишет болду бекен?» – деп таарынып да, аяп да койгон.

 

* * *

Актуяктын кошкуругу, «дүпө-дүп» эткен дабышы алда кайдан угулду. Айткандай эле ээсин карай беттенип калган болчу. Бектемир кайра да турууга аракет кылды. Ылдыйды карай шыгырап, шагыл куюлду.

Актуяк аркан бою жакындап келди. Бирок адатынча ээсин жыттагылап, ары жак, бери жагына чыгып жапакечтенип жетип келбей, алда неден корккондой кулактарын тикчийтип, көзүн чакчайта кошкурук атып, обочороок туруп калды. «Жардан коркуп атабы? Жок. Коркпойт эле. Анда эмне?..» Ушундан улам Бектемир бул тегеректе дагы бирөө-жарымдын бар экенин боолгоду. «Ким?!.» – жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй дүкүлдөп, тулку боюн кара тер басып кетти. «Кызмончокпу? Жок, анда Актуяк үркпөйт эле. Жыланбы?!»

– Жан?! – айланага кулак төшөп акырын, бирок өктөмүрөөк унчукту жигит. Анын бу добушунда: «Эмне жашынасың?! Чыкпайсыңбы бери?!» – деген маани бар эле. Актуяк турган ордунда кайра да жер чапчып, алда нени эскертип, айтып жаткан таризде кошкурук атты. Атүгүл, азыр «шарт» артына бурула качууга комдонуп, кыйгачтай калып жатты.

– Жан? Кызмончок?!

Так эле жанынан, сол жагынан «шырп!» эткен дабыш чыкты.

Бектемир «жалт» карады… Жан эмес, андан алда канча чоң, алда канча ыраңы суук кара чаар жылан экен! Тостогой, жансыз, жагымсыз көздөрүн Бектемирден албай теше тиктеп, аны карай акырындан жылып келаткан. Бектемир аны көрөр замат, тигил да кыймылын токтотуп, теше тиктеген калыбында катты да, калды. Экөө тиктешип калышты. Кара чаар жылан ачакей, ичке тилин чыгарып, соймоңдото коюп  атты. Бектемир да кирпик ирмебей тиктеп турду. Кокус, кичине эле кареги огунан тайып кетсе, кара чаар жылан ай-буйга келтирбей, так эле кекиртектен алчудай туюлду ага.

Актуяк кудум чыңырып ыйлагандай, ачуу азынап жиберди. Анын бул үнү алда кайда тарап, жаңырыкка айланып  барып басылды.

– Тс-сс!! – адам баласынын акыбалын, алсыз болуп турганын билген сымак, жыландын турушунда кандайдыр менменсинүү, өзүнө-өзү ишенүү, анан да: «Бул чөйрө, бул жер – меники!» – деген сыяктуу бой көтөрүү бар эле.

«Жатып өлгүчө, атып өл» деп, Бектемир тура калып, Жылан менен кармашкысы келип кетти. Ордунан тура албай, очорулуп отуруп калганына, ызасы жанына батып кетти. Ал жыланга жөн эле, каршылык да кыла албаган бечарага айланып, алсыз «жем» болуп берем деп эч качан ойлогон да эмес. Антсе да, дагы бир ирээт турууга аракет кылып көрдү. Бу саам алдынадагы шагыл шагырап, көбүрөөк куюл ду… Денеси болсо, дале ордунан жылган жок!

– Ух-хх! – катуу күрсүнүп алды жигит. Жанын сыйпалап, жок дегенде курал-жарагы да жок экенине өкүндү. Актуяк дүпүлдөп, дагы арылап барып токтоду. Ооздугун чайнап, жер чапчып турду. Эки тизгин, бир чылбыры жерде сүйрөлүп, кош чырактай балбылдаган эки көзүнөн жаш агып, ыйлап турду… Ким бирөөлөрдү жардамга чакыргандай башын толгой, ай ааламга үнү жетип, дагы бир катуу азынап алды жаныбар. Ушул тапта анын көзүнө дагы бир укмуш нерсе урунду! Аппак айдын алтын нуруна чагылышып, Бектемир менен кара чаар жыландан анча алыс эмес жерде ийрелеңдеп, аларды карай учуп-күйүп аппак жылан келатат! Актуяк Жанды тааныды.

Кубангандай, Бектемирге сүйүнчү айткандай, Жандан жансоога сурагандай, окурана жер чапчып, азынап жиберди.

 

* * *

Капортосуна чейин тура калып, айланага көз жиберген Жан жар учунда учунда отурган Бектемирди тааный койду. Анын жанында эле шоңшойгон кара чаар жыланды да көрдү. Боору жерге тийип-тийбей, зыпылдаган боюнча эми түз эле ошолорду карай бет алды. Бирок азыр тиги экөөнүн кимисине жан тартып келатканы… анын өзүнө дагы табышмак эле.

 

* * *

Келаткан дабышты кара чаар жылан алда кайдан сезип, эмнегедир денеси диртилдеп кетти. Каршылашынын башкача бир октоло түшкөнүн байкаган жигит: «Кол сала турган учуру келди окшойт», – деп жоруду. Бирок ага каршылык кылууга, сактанууга эки колунан башка эч нерсеси жок эле! Ошентсе да жыланды кекиртектен алчудай, кош канатын тарбайта жайып, камданып калды.

Жан жакындап келди.

Кара чаар жылан адам баласынан көз албай туруп, Жанды байкады. Куйругунун учун тикчийип өйдө көтөрүп, ошонусу менен алда нени эскертип жаткандай титиретип турду да, «топ» эттирип  жерге бир урду. Комөкөйүнөн:

– Тс-сс! –деп узакка созолонто ышкырган үн чыгарды.

Бу тегеректе өздөрүнөн башка, үчүнчү дагы бирөөнүн пайда болгонун Бектемир да сезди. Бирок айланасына кылчайып кароого мүмкүн эмес эле. Кара чаар жыландан көз албаган калыбында, ал да кулак төшөдү. Кара чаардын ышкырыгынан айырмаланган, башкачараак ышкырыкты эшитти. Каршылашы да Бектемирден көз албаган калыбында тигиге жооп кылды:

– Тс-сс!

Куйругу бир канча жолу көтөрүлө түшүп, топулдап кайра жерге чабылды. Бул кайым айтыштын эмне тууралуу экенин билбесе да, Бектемирге дагы бир жыландын пайда болгону түшүнүктүү болду. «Атаңдын көрү-ү, кем дүйнө! – деди заманасы тарый түшкөн Бектемир. –Бирөө аз келгенсип, эми экинчиси келгенин карачы! Ажалым акыры жыландардан экен да! Бечара апам ушуну айтчу турбайбы!» Ал антип оюн жыйгычакты, экөөнүн ортосунда экинчи жылан тура калды! Эмнегедир Бектемирдин ийиндери, моюну, каруу эттери чымырай түшү. Ортодо турган жыланды ишенип-ишенбей жаткандай, бүшүркөй карады. Ак тулкусу ай нуруна чагылышып, анын көз алдында аппак жылан – Жан турган! Бектемирдин денесине кан чуркай түшкөн окшоду. «Ак жыланды көргөн жерден жанчыйм!» – деп, качантан бери кек сактап, бу сапар да ошондой максат менен аттанып чыккан жигит дендароо боло түштү. Жан менен ушундай абалда, ушундай шартта жолугам деп, «үч уктаса түшүнө кирген эмес».

Жигиттин чекесинен чыпылдаган муздак тер жаагы ылдый куюлуп кетти.

Ак жылан келгенде кара чаар жылан жерде кыймылсыз жатып калды. Анткен менен эки көзү Жанда болуп, бардыгына сак, даяр болчу.

Ак жылан ага жакындап келип, ал да жер менен жер болду.  Экөө узакка бири-бирин тиктеп, кыймылсыз жатышты. Алардын бул көрүнүшү Бектемирге – кудум эркелешип, аралыктан жыт алышып  тургандай элес берди. Андан ары эмне болуп кетери табышмак эле. «Кызмончокпу?..» – эмнегедир Бектемирдин оюна азыр ушул келе калды. Кара чаар жыланга айланган Кызмончок Жанды атайын жардамга, же бул мунун  өлөр алдындагы аянычтуу абалын көрсөтүүгө атайын чакыргандай, аздан соң алар Бектемирди карай «шарт» бурулуп, экөөлөп кол салчудай туюм келди ага.

Аларды карап турган Актуяк да абалкысындай азынабай, кошкурук салбай, жер чапчыбай, эмне болуп кетер экен дегендей алыстан акмалап, карап турду.

Ким-кимиси демин ичине жутуп, бир топко чейин былкылдабай турушту. Бир убакта кара чаар жылан Бектемирди беттенип, билинер-билинбес жыбылжып, акырындан жыла баштады… Жан  болсо, жанагы эле  – кара чаар жыланды беттенип жаткан калыбында былк этпей, кудум катып калгандай, кыймылсыз жата берди…

Бектемирдин жүрөгү кабынан ыргып кетүүчүдөй, катуулап сого баштады. «Акыры жылан мени жеңди окшойт, – деди оюнда. – Бүттү баары! Байкуш апам… ушуну билген экен да?» – муну ойлоп үлгүрө электе, көз ачып жумгуча Жан чагылгандай тездик менен «шарт!» артына бурулду! Анын түрү ушу саам таптакыр башкача суук, башкача каардуу эле. Аңгыча, баардыгына сак келаткан кара чаар да:

– Тсс-ссс! – деп капортосуна чейин титиреп тура калып, экөө тиктешип калышты!

Актуяк азынап жиберди. Бектемир нес болуп катты. Эки жылан бири-бирин азыр бүкүлү сугунуп алчудай тирешип турушту. Кара чаар эки-үч жолу Жандын мойнунан тиштемекке, тиштери аркайган оозун аңырдай ачкан боюнча чабуулга өтүп, бирок Жан алдырбай буйтап, ал да кара чаарды кежигеден тиштегенге аракет кыла баштады. Айдын жарыгында экөөнүн арбашып, кармашып жатканы айлана-тегерекке алаканга салгандай ачык, даана көрүнүп турду.

Жандын кара чаардан алда канча ичке, кыска экени байкалды. Ошондуктан Бектемирге  жумуру  кара чаар  бечара  Жанды эки чайнап, бир жутчудай сезилип жатты. Бирок Жан ага караганда чагылгандай тез кыймылдаган ыкчам болчу.

Эч качан Жанга болушуп, ага боор ооруп, жан тартам деп ойлобогон Бектемир эми аны менен кошо алышып жаткандай, белинен өйдө кара тер басып, жан алакетке түшүп кетти. Ушу азыр буттарына кадимкисиндей күч кирип, так секирип тура калсачы, атаганат! Береги кара чаарды качырып, көк желкеден капшыра кармап, баса калмак!

Ордунан турганга аракет жасап, обдулуп көрдү. О, Кудай, оң бутунун учу болор болбос жан кирген сыяктанды. Бирок өйдө жагы сайдын кара ташындай болуп, ордунан такыр жылбай койду. Сол буту болсо, караманча жансыз!

– Ух-хх!!! – муштуму менен жер сабап жиберди Бектемир. Так ушу маалда эки жылан бири-бирине кудум эшилген кыл аркандай оролушуп, узатасынан жатып калышты. Кайра эле ыкчам тура калышып, бири-биринен ажырай түшүп, кайра да чырмалышып, түйүнчөктөй түйүлө калышып, кармаш катуулап баратты. Кара чаар бир убакта, ак жыландан бошой түшкөн маалда: «Эмне болсом да ала жатайын», – дегендей, Бектемир тарапка октолуп, бирок Жан алдына каршы тура калып, желкесинен чала-була тиштегенге жетишип калды. Тишине илинген жыланды эми бу жерден алыстатып кеткенге аракет кылып жатты Жан. Эки жылан бири-бирин сүйрөшүп,  кыналышкан боюнча бир топ жерге чейин зыпылдап кетип калышты.

Алардын карааны көрүнбөй калганда  гана эки ийнин таштап, бошой түштү жигит. Кара чаардын Кызмончок эмес экенине ишенип, ошол үчүнбү, же тигилерден кутулганынабы, Бектемир:

– Өх-х! – деп, ичи бүт үшкүрүккө толуп кеткендей терең дем алып, эс ала түшкөндөй болду. Ары-бери айланып карап, бу жерден кантип жылып кетүүнүн аргасын издеди. Ушундай учурда Актуягы келе калса кана, атаганат! Эмнегедир, Кызмончок ушул эле тегеректе жүргөндөй туюм кайра да мээсине «тык» этти.

– Кызмончок? –айланага кулак түрдү. Жооп болгон жок. – Кызмончок?

Алда кайдан желпилдеп, бирде бар боло калып, бирде кайра жер менен жексен болуп кеткендей жок боло калып… алып-учуп, ийрелеңдеп  келаткан жыландын сөлөкөтүн көрүп, бүшүркөй түштү.

Ай сүттөй жарык болгондуктан, жакындаган сайын  жыландын кебетеси таанылып келатты – кара чаар экен! Жан жок… «Өлгөн экен!..» – деди оюнда Бектемир. Каңырыгы түтөп, кабыргасы кайышып кетти.

– Жа-ан?! – тоону жаңырта кыйкырыды. – Жа-ан?!

 

***

Эси ооп, сулк жатып калган Жан «селт» этип, баш көтөрдү.

– Жа-ан?! – жардам сурагандай да, анын өлүшүн каалабай, жан тарткандай да маанини түшүндү бул үндөн. Шердене калды. Кара чаардын артынан жөнөдү. Жанды турбай калды деп ишенип, жеңишке жеткенине корстон болуп, койкоңдоп келаткан кара чаар анын келатканын туйбай да калды.  Кара чаар Бектемирдин так маңдайына келип, капортосунан туруп, алдыга-артка ыргалып, күүлөнүп турган кезде, Жан анын так кежигесине жабыша, тиштеп калды! Экөө адам бою “кучакташып” тура калышып, кайрадан  жерге кулашты. Кара чаарды тиштеген Жандын жаагы карышып, коё бербегенге тырышты. Бири-бирине эми да ала аркандай эшилишип, буралышып, бултактаган жыландар бир убакта Бектемирди да күү менен уруп өтүп, өздөрү да жар ылдый кулашты. Ошол учурда адам баласынын:

– Аа!!! – деген ачуу үнү түнкү адырды бир титиретип басылды.

Кырдан аркан бою ылдыйтада, жараңканын бул өйүзүнөн тиги өйүзүнө карай «жыгылып», кудум асма көпүрөнү элестетип, капталдап өскөн карт дарак боло турган. Канча жылдардан бери «былк» этпей турган  ошол дарак,   Бектемир үстүнө келип түшкөндө омкорулуп кетчүдөй бир катуу солкулдап барып токтоду.

– Ык!– эткен боюнча дымы чыкпай, бакка асылып, колу-буту салактаган  жигит  көздөрүн ачпай, көмкөрөсүнөн жатты…  Бирок төмөндү карай аккан шагыл менен, бири-бирине урунуп, тарсылдаган таштардын үнү көпкө чейин угулуп турду…

Андан аркысын билбейт…

 

***

 

Көзүн ачып эле тээ жер куйду көрдү. Азыр ушул даракты минген боюнча так ошол жер куйду карай сызып бараткандай сезилип, көздөрүн кайра жумуп жиберди.

Таң агарып, жерге жарык кирип калыптыр. Көзүн ачкандан кийин да төмөндү карабаганга аракет кылды. Башын буруп, үстү жакка көз жибергиси келди эле, белинин сыздаганы мээсине жете түштү. Антсе да, кайра да бир чымыркана имерилип алып, бактын жалама асканын бооруна өскөнүн көрүп, жүрөгү «шуу!» этти.

Жалама аскада калган Кожожашты элестетти. «О, Жараткан! – деди ызадан өзөгү өрттөнүп. – Сүйүүдөн алар аласам ушул экен да?! Же бирөөгө жамандык кылдымбы? Ууру кылып, ушак айттымбы? Кай жазыгым үчүн ушинттиң, Кудайым? Балким, бечара апамды укпаганым үчүн: “Карга-кузгун менен бака-жыланга жем болсун” – дедиңби?! Бу жердеги азабым канчага созулар экен?!”

Асман- жердин ортосундагы “асма көпүрөнүн” үстүндө дагы канчага чыдайт? Кайсы маалда алдан-күчтөн тайып, «ичер суусу түгөнүп», боору менен сойлогон макулуктарга жем болуп, «талп» этип кулап түшөт? Же ага жетпей эле төбөдө айланган таз жорулар  сөөгүн тазалап , «мүлжүп»  коёбу?..

Бактын бутагында чымчыктын уясы бар экен. Аны тээ бир топтон кийин байкады. Жумшак чөп менен жүн кошулуп, бапестеп салынган уяда эки-үч сары ооз балапан отурат… Ошол эле бутакка жакын дагы бир уяда кара темгилдери бар төрт-беш жумуртка жатат… Жумурткаларды көрүп, кечээтен бери оозуна наар албаганын эстеди. Өзөгү карарып, оозуна кара суу келе түштү. Анын ошол оюн окугандай, алардын так үстүндө кичинекей боз чымчык канаттарын дирилдетип, жан алы калбай ары-бери уча баштады. Буту-колун салаңдатып, бакта асылып жаткан адам баласына акырындан жан кире баштаганын билгени, чымчыктын ого бетер чыйпыйы чыгып, атүгүл ага айбаат кылгандай күү менен келип, чала-була тийип өтүп, жандалбастай берди. «Уяга кол салар алым болсо кана?..» — деген Бектемир мыйыгынан күлүп койду. Кандай болгон күндө да, бу жерде канча жатса да, жанында тирүү жандыктардын бар экенине каниет кылды. Бир убакта чымчыктардын «чырылдагы» күчөп, муштумдай да чыкпаган макулуктардын «айылында» ызы-чуу түшүп кетти. Бейпайга түшкөн чымчыктар жанагыдан да арбып, балапандардын чыйылдагы да көбөйүп баратты…

Алда нени сезгендей, Бектемирдин жүрөгү «шуу!» этти…

 

* * *

Актуяктын жайдак келиши айылдыктарды катуу дүрбөлөңгө салып койду.

– Актуяк жайдак келиптир!

– Караан кү-үн, байкуштардын шору каткан турбайбы! – деген аял-эркек, чоң-кичине дебей  кайра эле Абылайдыкын карай жөнөп жатышты. Элдин алды келген кезде Абылай короодо кокуйлап, кош этегин делбектетип, адатынча эки санын чапкылап, эмне кыларын билбей басып турган экен. Таңырбай баштаган жоон топ элди көрүп эле бакырып ийди:

– Кара көзүм кашайган го, кокуй?!!

– Эк, жаман жорукту баштабай турчу! – деди Таңырбай жөн-жай эле келгенин билгизип. – Баланын дайнын билели деп келдик. Аты жайдак келиптир дейби? Үркүп баса бергендир да?

– Жо-ок, жок, ушу соо эмес го балам! Аты аны эч качан таштачу эмес! Түрүңөр жаман силердин! Түрүңөр жаман!..

– Жамандыкты чакырбай, жакшы сүйлөчү Абылай! Кайдан билесиң, балким келин экөө жолугуп…  атты унутуп калышкандыр.

Абылай бир аз эс ала түшкөндөй болду:

– Оозуңа май! Ылайым эле ошондой болсо кана?!

Антсе да бир жамандык ала келишкендей, сырттан келгендерди чочулап карай  берди.

– Сайра кандай? – деди Мыскал байбиче.

– Түнү менен кыйналып чыгып, жаңы эле көзү илинген. Ошого Актуяктын жалгыз келгенин айтпай эле тургулачы? – деди Абылай.

– Ооба. Араң турган эмени ого бетер коркутуп… Баланын дайны билингиче, айтпаш керек.

– Балдар, атка мингиле! – деди аңгыча Таңырбай тегеректеген эркектерге буйрук бере. – Издейли. Актуякты Чынтемир минип алсын, эстүү жаныбар эмеспи, ээси калган жерге алып барар.

Абылай калдаңдап, атына чуркады.

 

* * *

Бул кабар эркекче кийинип, арпа-буудай салынчу ороодо отурган Кызмончокко да жетти. Аны Алымкан жуунтуп-тарантып, үстүнө уулунун түзүгүрөөк кийимин кийгизип, таңга маал бу жерге түшүрүп жатып:

– Сен бүгүн жолго чыкпа. Издегендердин изи суугандан кийин чыксаң деле жетишесиң. Тилимди ал, балам. Эки-үч күн аярлап, ушул жерде жашына тур. «Катыным эмне болуп тил-ооздон калды?»  — деп, кайнатаң да келиши мүмкүн. Шек албасын. Тиги жаман уул да дөңкөйгөнү менен эс-акылы жаш баладай эле, айтып коюшу мүмкүн, ал деле билбесин. Шашылыш кабар болуп эле келбесем, мен кечинде эле бир келем. Алдагы азыктан оозуңа салып, эс ала бер, – деп кеткен.

Ошондон бери комузун кучактаган Кызмончок ороодо отурат. Бирок көргө караганда бу жер бейиштин төрүндөй эле болчу ага. Бир убакта Алымкандын адатынча тамагын кырып, аста жөтөлгөн үнү угулуп, ороонун үстүндөгү капкак калдырап, ачыла баштады.

– Бектемирдин аты жайдак келиптир, – деди Алымкан чала ачылган капкактан шыбырап.

– Ыя?! Анан? Эмнеге?

– Эмнеге экенин ким билсин. Актуяк кара терге түшүп, таң эрте келген экен, эркектин баары эми Бектемирди издегени аттанып жатышат.

Кызмончоктун эси эңги-деңги боло түштү. Оюна бир нерсе түшүп кеткендей:

– Мен бу жерден чыгышым керек, – деди.

– Кайда барасың чыгып?

– Бара көрөм… Бирок сизден сурай турган бир су роом бар. Сиз деле билесиз аны… Суранам, жеңе?

Алымкандын өңү бузула түштү. Ороонун жарым- жартылай ачылган оозунан жүзүн дароо тартып алды да: «Сура», – деп да, «Жок!» – деп да кесе айта албай, буйдалып калды. Маңдайынан чыпылдап тер чыгып кетти.

– Жеңе? – деди ичтеги үн.

– Ии-и? – добушун саал калтырак басып, акырын, анан да жактырбагандай унчукту жене. Аңгыча ары жактан арсылдап ит үрүп жиберди. Ушуну эле күтүп тургандай, шашкалактаган Алымкан:

– Келатышат! – деп ороонун оозун жаба салып, капкактын үстүнө калдыратып, алда нелерди төгүп жибергендей болду. Баятан бери анча-мынча шоола түшүп турган ороо эми капкараңгы боло түштү. Ошондон көп өтпөй эле, бир айыл бүт көчүп келаткандай, аттардын дүпүрөгөн дүбүртү, атүгүл кишилердин үндөрү ороонун ичине даана угулду:

– Ой, балдар, бастыргыла батыраак! – бул кайнатасынын үнү болчу.

– Чынтемир?!

– Келатам, ата.

– Топ-топ болуп, кокту-колотторго бөлүнгүлө. Кокус жыгылып калган болбосун, куш айланган жердин баарын карагыла! – деди Таңырбай. – Дүрбүңөрдү унутпагыла!

– Чү! Атаңдын оозун урайын! – наалыды Ишенбай. – Ата-бабабызда мындай шумдук жок эле…

– Жыландар чээнде жатканда эле жанакынын көзүн тазалаш керек болчу! Эмнени күтүп жүрдүк, билбейм!

– Баланын башы аман болсунчу, калганын да көрө жатарбыз!

Мунун баары өзүнө таандык экенин Кызмончок түшүндү. Дүбүрт алыстап, кобур-собур угулбай калган кезде келин:

– Жеңе? – деди шыбырап. – Алымкан жеңе?

Жооп болгон жок.

– Жеңе?

Кимдир бирөөнүн акырын басып келген дабышы угулду. Кызмончок унчукпай калды. Сырттагы дабыш да дымып, тыңшап турган сыяктанды. Бир аздан кийин жана кандай келсе, так ошондой кайра ары басып кетти. «Демек, жеңем мен тууралуу билет, – деди онда Кыз мончок. – Бүбү энеден укканы чын окшойт. Кокус айтып албайын деп коркот. Ошондуктан элден оолактап, жалгыз жүрөт… Бирок мага жан тартып жатканы чын болсо, анда эмнеге айтпайт?..» Баягы тойду эстеди. Анда Алымкандын каректери аны: «Сени азыр ата-энеңдин сүйүүсү, мээрими гана сактап турарын, алардан айрылган күнү жыланга айланып кетериңди сезсең кана, бечара кыз?..» – деп аягандай карап турган… Кызмончок мунун түпкүрүндө эмне жатканын түшүнгөн эмес. Тек гана Алымканды кадала тиктеп, бадырайган капкара каректери где: «Эмнеге?..» – деген чоң суроо турган болчу. Бирок Алымкан жооп берүүдөн качкан. Алда неден коркуп кеткендей шарт жүзүн буруп кетип, атүгүл элди аттап-буттап сыртка чыга жөнөгөн. Ошондо ал экөөнөн бир нерсени шектенгендей, Асылбек да бирде Алымканды, бирде Кызмончокту карап, алдастай түшкөн болчу!

– Жана Алымкан жеңең эмне деди? – деген үйгө келатканда. Кыз ийнин куушурган:

– Эчтеке…

Бирок бул тууралуу кыз бат эле унутуп калган. Ушул акыркы күндөрү гана булардын баары эсинен кетпей туруп алды. Түндө, үйгө келгенден кийин да батынып сурай албаганы менен, Алымкандын оюн окуганга жакшы эле аракет кылган. Бирок ошону билгендей, Алымкан да ичинен такыр «кулпуланып», Кызмончоктун көзүнө тике карабаганга, ал тууралуу такыр ойлонбогонго аракет кылып, таптакыр башканы сүйлөп, муну жандүйнөсүнө «киргизбей» койбодубу! Анын ушинтип тайсалдаганы Кызмончоктун бүйрүн ого бетер кызытып койду. Алымкандын ою менен болуп, бул жерде байырлап, токтоп калганы да ушундан улам болчу. Болбосо, бир аз эс алып алгандан кийин эле ай-буйга карабай жолго чыгып кетмек! Оюна Жан түшүп кетти. Байланышка чыккысы келип, бирок дагы азыраак сабыр кыла турууну ойлоду. «Алымкан жеңе менен сүйлөшөйүн, сырын тартайын. Канткен менен мен тараптык болуп жатпайбы…»

Сырттагы дабыш кайра да угулду.

– Жеңе? – деди Кызмончок. Дабыш ороого жакындап келди.

Кызмончок унчукпай калды. Сырттагы да унчукпай тыңшап туруп, бир убакта ороонун оозундагыларды алып, дүпүлдөтүп ары ыргыта баштады. Кечээтен бери Алымкандын дабышын таанып калган. Бул аныкы эмес сыяктанды… Кызмончок сестене түштү. Ороонун ичине түшкөн агыш жарык көбөйүп, жыгач капкактын жылчыктарынан күндүн шооласы тарам-тарам болуп түшүп, Кызмончок жарыктан жалтанып, көздөрүн калкалай калды. Капкак кылдырап жыла баштады. Кызмончок бурчка тыгылды. Жогору жактан эркек кишинин калдайган карааны көрүндү! Кызмончоктун жүрөгү «солк!» этти. Бир убакта капкак жарым жартылай жылып, тиги эркек көмкөрөсүнөн жата калып, ороонун ичин карады…

Ороонун ичине башын салаңдатып турган – Алымкандын оорулуу баласы Тынар болчу! Экөө тиктешип калышты!

Бир аз убакыттан кийин Кызмончок эсине келгендей, алда неден кичине санаасы тынчыгандай улутунуп, эки ийнин «шалак!» эттире таштап жиберип:

– Чүш-ш! – деп сөөмөйүн эриндерине такады. Тынар аны ого бетер дендароо болуп тиктеп тура берди да, бир убакта тура калып:

– Аа-а-па-а! – деп бакырган боюнча кетти.

Кызмончок алдастап калды.

 

* * *

Эби-сыны жок тартаңдаган Тынар «апалап» аңылдаган боюнча көчө аралай чуркады.

– Ботом, бу Алымкандын уулу сообу? Минтчү эмес эле? – деди аны көргөн Дилдекан артынан карап. – Жылан көргөнсүп…

– Жинди да, – деди бой жетип калган кызы күлкүсүн тыя албай кыткылыктап, – Кебетесин… Далдайып алып апасын эрчип… Хи-хи…

– Кой, балам, оору менен өлүмгө күлбөш керек…

– Анан тигини карабайсызбы, эмчек эмчүдөй болуп. Апасы жаўы эле музоо аркандаганы бараткан.

 

***

Аркан байланган казыкты таш менен кагып жаткан Алымкан уулунун үнүн угуп, чочуп кетти. Казык уруп жаткан тебетейдей кара ташты ыргытып жиберип, үйдү карай энтелендеп жөнөдү. «О, Кудай, айланайын, сактай көр. Дагы эмне шумдук болуп кетти?! Жан келип калдыбы?!. Эмне болду, ботом?»

Үйгө жакын калганда жүрөгү дагы бир катуу «шуу!» этти. Ороонун оозуна төккөн бир кап көң туш келди чачылып калган болчу. Бирок жетип келип кароого да үлгүргөн жок. Тынарды ортого салып, декилдетип жетелеген эки аял өзүнө удаа эле жетип келди.

Апасын көрө калган баласы аялдардын колунан суурулуп чыгып, ороо тарапты көрсөтүп, алда нелерди айтып күңкүлдөп-мыңкылдай баштады. «Аа, жарыбагыр, жаман арында деги эле тапкычтыгын кантейин! Көргөн тура! – деди оюнда шаабайы сууй түшкөн Алымкан. – Эми эмне кылам?! Кууратканда да Кудай бизди ченебей кууратпадыбы эми!»

Аялдарды үйгө алып кирип кетмек болуп, үй тарапка басты Алымкан:

– Жакшысыңарбы, айланайындар? Келгиле?

– Жакшы, ботом, тынччылыкпы? Бу балаң көзү-башын алаңдатып эле бирдеме дейт, же түшүнбөйбүз.

– Бала неме дей берет да. Кээде ошентип калат. Ай толгон маал эмеспи… Келгиле, үйгө киргиле.

– Ии, ошондой эле болсунчу. Дагы эмне балекет болуп кетти деп… Айылда бир эркектана калган жок. Баары Бектемирди издеп кетишти. Деги аман-эсен болгой эле…

– Даам ооз тийип эле чыгалы. Сайра бечаранын жанына барбасак болбойт. Жанагы Кызмончок деген эме кайда кетти экен десең?

Жоошуй түшкөн Тынар «Кызмончокту» укканда кайра жан кире түшкөндөй:

– Ыы, ыы!.. – деп ороо тарапты көрсөтүп, чебеленип жиберди.

– Басчы бери! Кир үйгө! – деди энеси зекип. Уулу ого бетер чебеленип, апасын билегинен кармап, ороону карай жетеледи.

– Капырай, кантет?! – декдеңдеп, жетеленип баратып уулун колго, далыга муштагылады энеси. – Коё бер дейм!

Чыны менен эле Тынар бир укмушту көрсөткөнү жатканындай, аялдар  да ансайын ынтызарланып калышты:

– Барып, карап койчу. Бир билгени бар окшойт.

– Жылан эмеспи, ыя?!

Ороонун оозуна жеткенде апасын коё берип, сөөмөйү менен төмөн жакты көрсөтүп:

– Ыы, ыы-ы, – деди Тынар бир чон эрдик жасагандай кодураңдап.

– Апее-ей! Чын эле жылан жаткан окшойт! – турган ордуларында катып калышты аялдар. Алымкан эңкейип, ороонун ичин карамыш болуп, капкагын жаба салайын деп ойлоду. Бирок эңкейген боюнча катып калгандай, ойлонуп отуруп калды.

– Жеңе, тынччылыкпы?! – деп ийди тынчы кеткен Асанбү.

– Эмне экен?! Жыланбы?!

Алымкан анда деле унчукпай, кайра да эңкейип, ороонун ичин жакшылап карады – Кызмончок жок болчу…

– Эчтеке жок, – деп ийди этек-жеңин күбүнүп, өйдө боло берген Алымкан кубангандай. Аялдар ошондон кийин гана жакындап келип, ороонун ичине көз жиберип, карап жатышты…

 

* * *

Бу кезде Кызмончок кыйла жерге узап кеткен. Бая Тынар бакырып чуркаганда эле артынан чыгып, арыктын ичине түшүп алып качкан болчу. Анткен менен Алымкандан сыр түйүнүн биле албай кеткенине катуу өкүнүп бараткан. «Канатым кайрылбаса, кайрылып кайра да бир келермин, жолугармын…» – деди өзүн-өзү алдап. Бирок көп узай электе эле көрүнбөс жип менен кимдир бирөө аркандап алгандай, буттары тушала баштады: «Кокус, бул айылга кайрылып келбей, Алымканга жолуга албай калсамчы?!.»

Комузун бооруна кысып, эпейип отура калды.

Көп өтпөй эле ай талаада адамдын сайсөөгүн сыздаткан муңдуу, кайрыктары жүрөктү эзип, жүлүндү титиреткен мукам күү сыбызгый баштады. Күүгө бүткөн бою балкып, ичтен кайрып күңгүрөңгөн келиндин жумулган кирпиктерининн алдынан мөлтүр тамчылар сызылып чыгып, эки бети ылдый кулап жатты…

Бул анын эч ким уга элек, тек гана качантан бери ичинен гана кайрып жүргөн жаңы, арман күүсү эле…

 

* * *

Шаңыраңдаган аттардан озуп, айткандай эле Ак туяк алдыда баратты. Алда неге кабатыр болгон сымак ооздугун чайнап, улам-улам башты чулгуй, азынаган жаныбар камчы деле салдырган жок. Чынтемирдин шаштысы кетип, аттын жүрүшүн дагы катуулаткысы келип, бир кезде оң-тетири камчылап жиберди эле, ошону эле күтүп келаткандай Актуяк атырылган боюнча алда кайда кетти. Баятан бери улуулардан озунуп бастыра албай, айбыгып келаткан Мукан, Жакшылык баш болгон жаштар:

– Кеттик! – деп Актяктын артынан «чү» коюшту.

Ат чабым алыс кеткен жаштардын артында кары-картаңдар аттарын жорголотуп келатышты…

 

* * *

Дарактын бутактарындагы чымчыктар чырылдап, туш-тушка уча качышты. Бектемир башын аста көтөрүп, артына кылча йып карады. Бектемирдин бутунун аягына чейин чубалып, бактын боорунда Жан келаткан.

Жигит кайра да жакшылап карады.

– Жан?

Жан да башын көтөрдү. Бектемир анын көздөрүнөн кудум адам баласындай чарчап-чаалыккан, муңайым карашты көрдү.

– Келдиңби? – деди адам баласы. Ушул тапта алардын так үстүнө айланып, таз жору жүрдү.

– Жан, Кызмончок кайда? – деди Бектемир.

Сүйлөгөн сайын оозунан ысык жалын чыгып жаткандай туюлду өзүнө.

Жан кышылдап, көмөкөйүндө бир нерсе деп жооп берген окшоду.

– Кечир, эмне дегениңди түшүнгөн жокмун, – деди Бектемир.

Жанды кайра да жакшылап карады.

– Бирок кара чаардан арачалаганыңа рахмат.

Бектемир көздөрүн бирде ачып, бирде жумуп, булдуруктап сүйлөгөн болуп жата берди. Жан Бектемирдин белин бертинтип алганын түшүнгөн жок. Бир топко чейин күтүп жатып, бир убакта жакындап жылып келди.

– Эмне дейсиң? – Бектемир алсыз унчукту. Жылан артка баштанып: «Жүрү!» – дегендей белги кылып жатты.

– Мен тура албайм! Эми эч качан турбайт окшойм… – деди анын ишаратын түшүнө койгон жигит. Муну укканда жылан башкача, аянычтуу үн чыгарып жиберди.

– Аяп жатасыңбы? – деди Бектемир. – Андай болсо, өйдө жакка чык. Ары-бери өткөндөр, же мени издегендер болсо, бул жакка ээрчитип кел? Жок дегенде өлүгүмдү алып кетишсин…

Ал муну тек гана айтып койду. Болбосо, көрүп туруп деле, жыландын мынчалык деңээлде кеп-сөзгө түшүнүп жатканына ишенген деле эмес. Жан Бектемирдин акылын туура көргөндөй, аны бир кылчайып карап алды да, ийрелеңдеп жар өйдө чыгып кетти.

— Демек, тушүндүң,  — деди Бектемир шыбырап.

Жан кетери менен жалгызсырай түштү. Оор онтоп, күрсүнүп алды.

 

* * *

Бектемирди издегендер түз эле Жинди-Чапты карай келатышып, Жер-Куйдун – жараңканын башына жеткенде аттардын ооздугун тартып, жайлап калышты. Кара терге түшүп, күүлөнүп алган аттар кошкурук атып, таноолорунан буу бүркүп, жер чапчыйт. Арт жагында келаткандарды күткөндөй, келген тараптарына имерилип карашты.

– Кандай кылалы? – деди Жакшылык.

– Актуякты коё берип көрөлү, – деди Мукан. – Бектемир калган жерге барат болуш керек.

Чынтемир Актуятан  ыргып түштү да:

– Бар, Бектемирге бар! Чү! – деп сооруга чаап, айдап жиберди. Ошону түшүнгөндой, Актуяк башын оңду-солду силкилдеткен боюнча жүрүп кетти. Бир топ жерге чейин акшыңдап, катуу келди да, токтоп калды.

– Кашайып туруп албадыбы, эн-нең…– деди Чынтемир атка жини келип. – Мээси жок, баспайбы!

Жакшылык аны далыга таптады:

– Баары жакшы болот, иним. Көрөсүң го. Актуяк канткен менен акылдуу… Бир аз сабыр кыла туралы…

– «Урушта – туруш жок»,  бөлүнөлү анда. Аскат, Мурат, силер тээтиги тарапты карай жөнөгүлө, – деди баятан айланага дүрбү салып турган Мукан.

– Тээтигинде айланган куштарды көрдүңөрбү?

– Көрдүк!

– Баргыла анда! Белек, Узак, Асанбек, силер тээтигил сур булут жакта, боордогу дүпүйгөн бакты көрдүңөрбү?

– Көрдүк.

– Жөнөгүлө! Эмир, Жолдош, силер айланып, жараңканын аркы өйүзүнө чыккыла. Эч бир жер көз жаздымга калбасын! Аттан түшүп карагыла!

– Макул, байке! Чү! – эки улан аттардын башын буруп, айткан тарапты көздөй кетишти. Аңгыча артта калган абышкалардын карааны көрүндү.

Чынтемир Жакшылык менен Мукандан бөлүнүп, жардын үстүнө келип, ылдыйды карады. Жерди экиге бөлүп, тээ алда кайда созулуп жаткан жараңка Бектемирди түбүнө соруп алып, ошого да тойбой, оозун аңырдай ачып, дагы азык утүп жаткан ажыдаардай туюлуп кетти ага. Тамагы жашка муунуп, ыйлагысы келе баштады.

Жар бойлоп, ылдыйды карай басты. Мойнундагы дүрбүсүн ала коюп, тээ төмөн жакты карап, көзүнөн куюлган жашты жеңинин учу менен арчып кетип баратты.

 

* * *

Топтон бөлүнүп чыккан Чынтемир улам бир жерден токтоп, көзү токтогон жердин баарына дүрбү салып келатат.

– Бектеми-иир!!! – Абылайдын чакырыгы жаңырыкка айланып барып басылды.

– Атаңдын оозун урайын! – Абылай Актуякка жете келип, эңкейип чыбырдан алып, жетелей бастырды.

– Мал деген малдыгын кылат экен да акыры! Балам жанындай көрчү эле, таштай качканын карабайсыңбы! Сени шашпа! Бекибайым аман-эсен табылса, садага чаппасамбы, карап тур!

Ушу убакта Чынтемир оң капшыты тараптан ийрелендеп, чийдин арасына кире качкан ак жылданды байкай коуду. Жылан куйругун атайылап эле, белги катары  сыртка таштап койгондой  туюм келди ага. Анткени, Бектемир алдыга беш-алты кадам таштады эле, жыландын куйругу да “култ” этип чийдин арасына кирип кетти.

Эми түз эле ошону карай келатты бала. Айткандай эле, баятан күтүп, имериле карап турган ак жылан да ал жакындаган кезде алдыга жылды…

— Жан? – деди аны тааныган Чынтемир.

Жан  бая эле буларды алдынан тосуп чыгып, булар  улам токтогон  сайын чый-пыйы чыгып, канча  ирет «сорок» этип чыга калып, Бектемирди карай шаштыра жол баштагысы келип, бирок дагы алда кандай болуп кетпесин деп көрүнбөй келаткан.

— Жан? – Чынтемир кайра да үн катты.

Жан артына кылчайып карап койду.

Ушундан улам Чынтемир анын жол көрсөтүп, эрчитип жатканын түшүндү.

Ушул тапта артта келаткан атасы:

– Чынтемир?! – деди. Бирок Чынтемир үн катып да койбой, алдыны түп-түз тиктеп, кадамын ылдамдатып барып, эми чуркаганга өттү. Арттагылар бири-бирин карашты.

– О, Чынтемир?! – деди Мукан. Чынтемир карап да койгон жок.

– Атаңдын оозун урайын! Буга эмне болду?! – үрпөйө түштү Абылай.

– Артынан баргылачы!

Өзү да атын теминип, шашып калды эле, Чынтемир артына бурула калып, эки колун жогору көтөрүп, каршы-терши булгалап койду. Арттагылар сестене түшүштү.

– Бул соо эмес! – деди Абылай. Атына мине коюп, дүрбү салган Мукан да:

– Ак жылан! – деди аңгыча.

– Ыя?!

– Чынтемирдин алдында Жан кетип баратат!

– О, Кудай! Бул эмнеси?! – Абылай алдастап калды. – Жакшылыкка болсо экен?!

– Эмнеси болсо да сак бололу, – деди дээринен коркок Таңырбай. – Жазгырып барып, баарыбызды жарга салып ийбесин!

Муну укканда Абылайдын тулку боюн кара тер басып, көздөрү чыбырчыктай түштү.

– Эмне дейт?! – деди эриндерин араң кыбыратып. Аттан кулап кетчүдөй көзү тунарып, ыргала түштү:

– Балдарымды… – көздөрү тунарып, майда чыбырчыктан башка эч нерсе көрүнбөй, кулап түшчудөй теңселип калды.

– Э, Абыке, эмне болуп жатасыз?! Өзүнүздү кармаңыз! – деди Касен сары. – Балаңызды издейбизби, же сизди өңөрүп алып кайра тартып кетебизби?!

Муну атайын, Абылайды чыйралтыш үчүн айтты Касен.

– А… ооба! Мен куруюн, мен жакшы эле!.. – эсине келе түшкөнсүдү Абылай.

– Таргыл мышыкты алып алсак эмне! – деп ийди арттагы жаш балдардын бири. Бул сөз Мукан менен Жакшылыктын намысын козгоп жиберди. Экөө биринен-бири озуп, алдыга суурулуп чыгышты.

Чынтемир артында жакындап келаткандарды туюп, бирок кайрылып караган жок. Тек гана эки колун эки жакка жайып, кайра алдыны көрсөтүп: «Аралыкты сактагыла! Артымдан тынч келгиле!» – дегендей белги кылды.

Аты жыланды байкай коюп, чакчаңдап үркүп кетти эле, Жакшылык ыргып кете жаздап, аз жерден калды. Мукандын жоргосу  да баспай, кетенчиктей баштады. Ошондон улам экөө тең жерге түшүп:

– Силер шашпай келе бергиле. Биз жөө кеттик! – деп чылбырды арттагыларга карматышты.

Жылан да жүрүшүн ылдамдатты. Жигиттер баягы бала кезде, Жанды кубалап чуркагандай, ага куйрук улай жүгүрүп келатышты…

Балдар жеткенде жар учунда соксоюп отурган жорулар калдактап уча качышты… Так ошол жору отурган жерден ак жылан жар ылдый кирип кетти.

Биринчи болуп жете келип, төмөн жакты эңкейип караган Чынтемир:

– Байке-е!!! – деп ый аралаш бакырып жиберди. – Ата-а?! Байкем биякта экен!

Жакшылык менен Мукан жетип келишти. Артта келаткандар жетип-жетпей эле аттан түшө чуркашты.

Абылай дарактын бутактарында колу-бутун салаңдатып жаткан уулун көрүп, жар ылдый секирип кетчүдөй калдактап калды.

– Ата, абайлаңыз! – Чынтемир атасын кучактады. – Азыр алып чыгабыз.

– Балам? Бектемир? Бекибай?! Тирүүсүңбү, кагылайын? Белги берип койчу бир?! Бекиба-ай?! – көз жашын балбаалатып, бакырык салды ата.

Жан Бектемирдин үстүнөн сойлоп, далысына чейин келди. Бектемир кыймылсыз жата берди. Кулап кетчү кейиптенип, төмөн жакты эңкейип карап турган Абылайдын чыдамы жетпей кетти. Чапанын, тебетейин чечип, ары жакка таштады.

– Аркан бергилечи? – деди жанындагыларга. – Чынтемир?!

Чынтемир чуркап барып, канжыгага байланган арканды чечип келе койду.

– Ата, бери болуңуз? Мен түшөм, – деди Мукан.

Таңырбай жыландан чочуркагандай:

– Балдар, бир аз коё турсаңарчы? – деди.

Касен Бектемирдин жонундагы ак жыланды үркүтүп жиберчүдөй эки колун жогору көтөрүп, кайра түшүрүп:

– Кышш! – деди. – Кышш!!!

Жылан алардын чочулап жатканын түшүнгөндөй, кайдадыр түшүп кетти.

– Кетти! Жеңилиңер түшкүлө! – деди Ишенбай. – Кимиңер түшсөңөр да Бектемирди жакшылап байлап, арчындап таңгыла.

Кезек менен тартып алалы. Касендин айтканын баары эп көрүштү.

– Мен түшөйүн, – деди Чынтемир.

– Кой, калдайган менен жеңил элемин, – деди Абылай бир чети Чынтемирди түшүргүсү келбегендей, бир чети башкаларга ишенбегендей.

Алар антип тургуча Мукан белине арканды күрмөп байлай коюп, бир  учун Жакшылыкка, анан калгандарга карматты:

– Мен «болду!» дегиче акырындан кое берип туруңуздар, – деди чечкиндүү кыймылдап. Баары дым-дым болуп, анын айтканындай кыркар тизилип туруп калышты.

Мукан ылдый түшүп келатты.

Жардын боорунан топурак-шагыл куюлуп, эми эле чаңкайып таза турган жер чаңдап кетти. Бир убакта ылдый жактан:

– Болду! – деди Мукан. Чынтемир жардын учунда туруп, эки жакка ортомчу болуп карап турду. Мукан ала түшкөн аркан менен Бектемирдин санынан, белинен, ийининен арчындап байлап, аркандын бир учун колуна орой кармаган боюнча:

– Тарткыла! – деди Чынтемир үстүңкүлөргө белги берип. Жабылып тартып киришти. Аркан сүрүлүп, жогору жылган сайын жардын учу урап, араң турган кум-шагыл курулдап, таштардан дүпүлдөп кулагыны угулуп жатты.

Бир убакта жардын кырынан Мукандын аркан оролгон  билектери,  анан боз-ала чаң болгон башы-көзү көрүндү.

Мукан чыгаары менен калгандары чуркап келип, ылдый жакты карашты.

Жар кулап кеткенсип, чаңдан эч нерсе көрүнбөй калды. Бектемир асылып, ылдый баштанып турган бак чаң суюлган маалда гана көрүндү.

– Бала кандай?!! – деди ошондо Абылай. – Аманбы, айланайын?!

– Аман, ата.

– Оозуңа май, кагылайын.

Жакшылык менен Чынтемир Мукандын билегине оролгон аркандын учун жанталашып чечип алышты. Эми Бектемирдики тартып алыш керек.

– Чынтемир, сен карап тур! – деди Мукан. Чынтемир адатынча жардын учунда келип турду. Калгандары Бектемирди тарта башташты.

– О, Кудай? Айланайын, Кудай? Жардам бер, жаман уулумдун чымындай жанын сактай көр? – деп күбүрөнүп жатты Абылай.

Бектемирдин тулкусу урунган сайын жар жанагыдан да катуураак көчүп, чаң эми жогору көтөрүлүп чыкты.

– Аз калды! Дагы, дагы!.. – деп, бирок Бектемир жарга сүрүлгөн сайын сайсөөгү сыздаган Чынтемир ыйлай баштады. Бир убакта Бектемирдин тулкусу жар боорундагы урчук ташка урунду да, токтоп калды.

– О, Кудай, эмне болду?! – деп ийди Абылай.

– Таш! Чоң ташка такалып калды. – деген Чынтемир бир убакта:

– Токтогула!!! – деп чаңырып ийди. – Тартпагыла!!!

– Эмне болду?!

– Аркан… кырчылып атат!

Баарынын шаабайлары сууй түштү. Аркан жардын боорундагы  урчугуй кара таштын бычактын мизиндей кырдуу жерине сүрүлгөн сайын кырчылып, кесиле баштаган болчу.

– Эмне дейт кокуй! – деди ошону түшүнө койгон Абылай.

– Кичине ылдый коё бергиле! – деди Чынтемир. Беркилер ишенип-ишенбей туруп, айтканын аткарышты.

– Эми мен жакка бир-эки кадам жылгыла! Бери-бери… Дагы бир аз! Ии, болду! Эми тарткыла! Айткандай эле аркан акырындап жыла баштады.

– Келатабы?! – деди Мукан. – Канча калды?!

– Аз калды, – деген Чынтемир.

Күн бүркөлүп, бири-серин майда жамгыр себелеп келди…

 

* * *

Жана ак жылан  бир аз ылдыйлап түшүп барып, жардын боорундагы кичирээк коңулга кирип кеткен.

Бу жерден Бектемир асылган бак, жардын үстүндөгүлөр дагы даана көрүнөт. Кече кара чаар менен алышканга тулку бою жанчылып, денесинин тиш малынган жерлери «тыз-тыз» этип ачышкан Жандын эч нерсени сезбей, укпай, көрбөй, ушул бойдон былкылдабай тынч жатып алгысы келди. Кайдан? Жардын башындагы адамдардын кыжылдак-кужулдагы, мына азыр суурулуп түшчүдөй солкулдаган бак, үстүндө тегеренген таз жорулар, курулдап аккан шагыл, таштардын дүпүлдөгү Жанга тынчтык берген жок. Баарынан да Бектемирдин онтогон үнү жадымынан кетпей туруп алды. Балким, адамдардын бар жоругуна кайыл болуп, кайдадыр житип кирип кетет беле… «Кызмончок кайда, кандай абалда жүрөт?!» – деген санаркоо бар дүйнөсүнө эч тынчтык бербей, жанын кемирип-жеп баратты. Бала кезинде, Кызмончоктун жанына  жада калса курт-кумурсканы  да жакын жолотчу эмес эле, эми ушунчалык оор учурда аны калкалай албаганына арданып, заманасы тарып кетти…

Бир жолу Кызмончоктун ооруп калганын эстеди. Ошондо да ал Жанды күтүп, денеси от менен жалын болуп, акырында ар кайсыны сүйлөп, ар кайсыны көрсөтүп, жөөлүй баштаган:

– Жан? Жан кана, апа? Жанды кетпе дечи, ата? Ал учуп баратпайбы… Тигини карасаңыз? – деп чочуп тура калып, кайра «сулк» жатып калып, кара терге түшкөн. Демейде Жандын келишин каалабаган Асылбек:

– Жанагы Жан деген эме кайда жүрөт?! – деген анын ушул эле арада экенин билгендей, эки жагына кайсактап:

– Келбейби эми! – деген. Ошондо, тамдын бурчунан жасап алган кичинекей тешиктен Жандын башы кылтыйып чыга калган да, жетип келип, Кызмончоктун көкүрөгүнө башын коюп сулк жатып калган. Анткени ал өзү да Кызмочнокту сагынып, аны менен кошо ооруп, араң турган.

Бир караган кишиге ал ооруган кыздын демин тыңшап, денесинин ысыгын, бүт оорусун тартып алып жаткандай, бир караган кишиге кышылдап ыйлап жаткандай эле. Айткандай эле, эч нерсени сезбей, шалдырап жатып калган Кызмончок кирпиктерин араңжан көтөрүп, ууртунан жылмайгансыган:

– Жан?!

Алсыз колдорун араң жылдырып келип, Жандын башына койгон. Асылбек менен Сырга бири-бирин карап же сүйүнөрүн, же күйүнөрүн билбей турган. Анткени, бир топ күн мурун эле Асылбек Жанды өзүнчө чакырып алып, мындан кийин бул үйгө эч качан кайрылып келбешин талап кылып, макулдугун алып койгон:

– Сенин айыңдан Кызмончокту бүт айыл ажыдаар атка кондурду! Сенин айыңдан кызым адамдардан чыгып, бактысыз болуп калышын каалабайм! Же сен ошону каалайсыңбы?! – деген. Ушуну уккандан кийин Жан денесин араңжан сүйрөп, айылдан чыгып кеткен. Жандын биротоло кеткенине Кызмончок адегенле ишенген эмес. Бара-бара сабыркап, бир күнү катуу ооруп жыгылып, түн ортосунда Асылбек Бүбү энени алып келген:

– Сары оору… – деген Бүбү эне кыздын тамырын кармап отуруп. – Башка дарты жок, сары оору…

Айткандай эле, жылан келген күндүн эртеси Кызмончок куландан сопсоо айыгып, ыргып-секирип ойноп  кеткен. Ой деген кандай күлүк? Заматтын ортосунда ушуларды ойлоп жиберди Жан. Өзү да азыр кусаланып, сары оору менен ооруп жатканын сезди. Эгерде азыр Кызмончокту бир көрүп, бир эле жолу үнүн укса, анда боору менен жерде сойлогонду мындай кой, аба менен сызгырылып учуп калчудай сезим келди. «Бир чети ушул жаткан бойдон өлүп калсам деле жакшы болмок…» – деди оюнда Жан. Анда, Бектемир Жандын өлгөн денесин чубалтып, Кызмончоктун алдына сүйрөп барып таштаса… Кызмончок кантет эле?!. Жок! Андан аркысын Жан ойлой да, элестете да албай койду. Ансыз да ата-энесинен ажыраган аялуу бечарага андай сыноону ыраа көргүсү, жалгыз калтыргысы келген жок! Ойдон алаксыш үчүн жогору жакты карады.

Адамдар бели-башынан арчындалып байланган Бектемирди тартып, жардын үстүнө алып чыгарына аз калган болчу.

 

* * *

Ушундан өп өтпөй эле Бектемир жардын үстүнө чыкканын билип-билбей жатты.

Ишенбай менен Таңырбай карыя, Касен сары отура калып, Бектемирди байлаган арканды чече башташты.

– Балам?! Бекибай?! Кагылып кетейиним?! Амансыңбы, атаңды угуп атасыңбы, берекем?! – Абылай баласынын жанына тизелеп отура калып, барсайган манжалары менен бети-башынан сылагылап, кара жанын карч уруп, калдактап жатты. Кулагын көкүрөгүнө төшөп, дем алганын тыңшады. Анан билегин ала коюп, тамырын кармады:

– О, Кудай, айланайын! Аксарбашыл, Кудай! – деп ийди уулунун аман экенине чындап көзү жеткен соң.

– Балам аман экен! Кудайга ыраазымын, айлананйындар! Кудайга рахмат!..

Куйрук-жалын саксаңдаткан Актуяк да ээсине жетип келип жыттагылап, санаасы тынчыгандай, таноолоруна от бүркө кошкуруп алып, ары оттоп кетти. Абылай баш болуп, тургандар эми Касен сарыны карашты.

– Аттын көрпөчөсүн чечип келгилечи! – деди Касен сары алардын оюн түшүнгөндөй. Жакшылык чуркап барып, Актуяктын басмайылын чечип, ээрин шыпырып алып салып, көрпөчөсүн сыйрып келе калды.

– Тигиндей жая салгыла! – деди Таңырбай ары жакты көрсөтүп. Балдар көрпөчөнү түз жерге алып барып жая салышты. Мукан Бектемирди көтөрмөк болуп аракет кылды эле, Бектемир онтоп жиберди.

– О, Кудай! – Абылай калдаңдап калды. – Бир жери сынганбы, эмне болгон?! Этияттачы, айланайын!

Касен сарынын айтканы боюнча Бектемирди баарылап көтөрүп келип, көрпөчөнүн үстүнө жаткырышты. Эриндерин кыбыратып:

– Суу?! – деди Бектемир. Чынтемир чуркап барып, канжыгага байланган чакан чаначты алып келе коюп, оозуна кичинеден кымыз тамчылатты. Ошого ыраазы болгондой, Бектемир тынч жатып калды. Касен сары жеңин чыканагына чейин түрө салып, колуна суу куйдуруп жуунду да:

– Өтүгүн чечкиле, – деди. Балдар заматтын ортосунда өтүктүн кончун тилип жиберип, чече коюшту.

– Биссимиллахи рахмониррахим… – деп, дагы алда нелерди күбүрөнүп, Бектемирдин денесин алаканы менен аяр сылагылап оорусун издей баштады.

– Буттары таза, көгөргөн, шишиген жери жок… Аман-эсен, – күңкүлдөдү Касен сары.

–  Белим, – деди Бектемир акырын кыңкыстап.

–  Белим дейби?! – үрпөңдөй түшкөн Абылай Касен сарыны карады.

Касен сары баланы акырын капталына кыңайта, колун бел алдына сойлотуп, омурткаларын сыйпалап карап жатып:

–  Куймулчактын үстүңкү омурткасынан кетиптир, – деди.

–  Ыя?! Сыныппы? Эмне болот эми, Кудай?! Айыгабы, ыя?! Басабы?! – Абылай чебеленди.

–  Кудайдын көзү түз болсо, шыпаа кылам десе айыгат, – деген Касен сары Бектемирдин тамырын кармап отуруп, мындан да маанилүү бир нерсени айта албай жаткандай кайпактай түштү.

– Эмне?! Ачык айтып, ак сүйлө! – деп ийди Абылай.

– Баланын жүрөгү опкоолжуп турат, сыртынан билгизбей бсып жүргөнү менен  ичинде бөксөрүп кетиптир… Бул бир эле күндүк илдет эмес, өнөкөткө айланып калган. Ирденип, алы-үчүнө келиши керек, тыңышы керек баланын.  Аттан жыгылганы деле ушундан – алсызданып кетиптир.

– Эмне кылышым керек?! – Абылай  Касенди жалдырай тиктеди.

– Мындайга жыландын жүрөгү миңдин бири деп уктум эле… – деди Касен сары. Аңгыча ар тараптан татырактатып чаап келаткан балдардын карааны көрүндү.

– Атаңдын көрү-ү, балам атка жакшы эле тың эмес беле, эзели жыгылып, бир жерин майып кылган жок эле… – деди аларды карап калган Абылай ким бирөөнү күнөөлөгөндөй, ызасын ичке жутуп.

– Тиги капысынан чыга калган го, – деди кепке аралашкан Таңырбай.

– Ким? – Ишенбай аңырая карады.

– Ким болмок эле – жылан! Ботом, биз деле аттан түшө калган үчүн калдык го. Актуяктын үркүгөнү көрүнүп эле турбайбы.

– Атаңдын оозун урайын!.. – ызырынды Абылай.

Араң дем алып, чабалактап жаткан Бектемир булардын сөзүнө аралашкысы келгендей, башын чайкады.

– Не дейсиң, каралдым? – атасы ага үйрүлүп түштү. – Азыраак чыдай гой, чырагым. Азыр кетебиз.

– Жан… – деп келатып бир катуу онтоп алды баласы. Тегеректеген үч абышка анын оозун карап калышты. Бектемир андан ары эчтеке айта алган жок. Эринин тиштенген боюнча, унчукпай калды.

Бая эле сойлоп чыгып, буларды акмалап, карап турган Жан Бектемирдин: «Жан күнөөл үү эмес, ал мени сактап калды», – деп айткысы келгенин, бирок ошого чамасы жетпей жатканын түшүндү. Бирок ошону башкалар туура эмес түшүнүп, тунжурай түшүштү. Абылайдын калчылдаган колу белиндеги канжарына урунду:

– «Карысам да бир койлук алым бар!» Жыланан да, Кызмончогун да жайлап, жүрөктөрүн балама дары кылбасам Абылай атым өчсүн!

Ушуну уккан Жан кайра ылдый түшүп кетти…

 

* * *

Үстүнөн караган адамга кум-ташы куюлуп агып турган, бирок эч качан толбогон бу жер куйдун түбү такыр жоктой сезилет… Атүгүл, өмүр бою ушул жерде жашаган Жанга да азыр так ошондой туюм келди.

Ар кай жерде агарып, мал-салдын сөөктөрү жатат. «Мен өз мекениме сени алып бара албайм…» – деген бир жолу Жан Кызмончокко. «Баары бир көргүм келет…» – деген кыз көшөрүп. Анан кыз эмне үчүн Жинди-Чаптын анчалык коркунучтуу экенин сураган. Жан ошондо деле оңчулуктуу жооп бере алган эмес.

Эстутуму эми да ушул: «Эмне үчүн?..» – деген суроого улай, кайсы бир жыл мурунку окуяга «тык!» этип такала түштү да, кайдадыр зыпылдап бараткан Жандын жүрүшү жайлап калды…

 

* * *

Түн.

Бүбү эне эшиктин алдындагы, таканчатры ийри-муйру устундан жасалып, үстү дагы чырпык менен жабылган, жанынан шылдырап билектей суу агып турчу секичеде жаткан.

Ай сүттөй жарык болчу. Ошондуктан, так үстүнөн – секиченин төбөсүнө жабылган чырпыктардын арасынан карап жаткан Жанга эненин жүзү дап-даана көрүнүп турган. Чүңүрөйүп, майы өчүп жылтыраган көздөрүн араң ачып, кан-сөлү качып кубарган, эки жаагы ичине шимирилген эне ошондо Асылбекти атайын чакыртып алып, кагаздай жуп-жука эриндерин алсыз кыбыратып, каргылданган үнү менен, эмнегедир «жомок» айтып жаткансыган…

Кызмончоктон далай жолу жомок уккан Жан ушинтип ойлогон.

Айтор, ошол түнү жомок угуш үчүн  Асылбек үйдөн жашырынып чыккан да, ууруга бараткандай  эки жагына элеңдеп карап алып, көчө өйдө салган.

А бирок ал кошо эрчик чыккан Жанды байкаган эмес.

Асылбек эненин жанына отурганда, Жан секиченин үстүндө жаткан.

– Балам, бери жакыныраак отур… – деген Бүбү эне Асылбекти жанына чакырып. Асылбек жакындап жылып отурган.

– Мен бул таңдан чыкпай калдым го, – деген эне каргылданган добушу менен. Бирок жүз жыл жашаган эненин добушунан эч кандай өксүүнүн, өкүнүүнүн белгиси сезилген эмес. Ошондуктанбы, Жан алардын  «жомогуна» көп деле маани бербей, бирин укса, бирин укпай, көшүлүп жата берген.

– Мен сени чакырган себебим, мен билгенди жер үстүндө бир киши билип калсын дедим… Бирок бу сырды башка эч кимге айтпашың керек.

Бүбү эне Асылбекти суроолуу караган.

– Өзүм менен кошо ала жатам, эне, – деп ийген Асылбек.

– Катының да укпасын.

– Укпайт, эне.

– Ошент, – эне көктү тиктеп, түздөнүп жаткан. – Антпесең, арты жакшы болбой калат.

Асылбек денеси дүркүрөп кеткенине карабай, башын ийкеген:

– Макул…

Ошондон кийин гана Бүбү эне ыраазы болгондой башын ийкеп, көп өтпөй эле «жомок» уланган.

Так ошол түн, ошол окуя кайталанып жаткандай, так ошол кездегидей, Бүбү эненин каргылданган алсыз үнүн кайра да кайталап угуп келатты Жан…

– Илгери-илгери ушул адыр көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет… Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура…

Эне кудум ошол асканын түбүндө, булактын жанында жаткансып сүйлөгөн…

– Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшүп, бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, заматтын ортосунда айылды өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишет! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ошол кыз-келиндердин арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: «Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!» – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуй баштайт. Ошондо жер алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуптур! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, жоо да курал-жарагы, ат-маты менен бүтүндөй ошол жараңкага – жер куйга түшүп кеткен имиш!

Ошондон кийин ушул адыр, ушул ЖерКуй ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, боорунда бороону улуп, кагырап калган дешет… Бирок тагдыр-буйрукка айла жок, жайчынын кызы – Күнайымды Кудай колдоп, эч бир жери жабыркабай, аман калат. «Көзүмө бирөө-жарым тирүү көрүнөөр бекен?» – деп, жараңканын ичиндеги өлүктөрдү кыдырып, бир жерден кыңкыстаган үндү угат. Ошол жердин топурак-шагылын колу менен шилеп, жерди ача баштайт. Тырмактары сыйрылып түшүп, манжаларынан учунан кан сызылып таамп калгыча жер казат. Акыры мээнети текке кетпей, курбусу Дүрайымды таап алат. Булар бир жылда , бир ай, бир күндө туулгандыктан, ата-энелери ушинтип окшош ысым берип, экөө бир туугандай коюндаш, моюндаш болуп өскөн кыздар болот. Атүгүл Күнайым курбусуна атасынан үйрөнгөн дубаларын да тымызын үйрөтүп жүрөт… «Жомогунун» ушул жерине келгенде эне:

– Угуп атасыңбы? – деди тунжураган Асылбекти «уктап калган жокпу?» же «жакшылап уксун» дегендей бышыктап.

– Ооба, эне. Угуп атам.

Эненин жомогу андан ары уланган:

– Ошентип, экөө андан ары тирүү жан издеп, үчүнчү бирөөнү – жоо тараптын бир жигитин табышат. Башка тирүү жан табылбайт. Баягы жигиттин онтогону, үнү Кудайга жеткидей болсо, киши чыдап тура алгыс дейт. Ошондо кыздардын боору ооруп: «Душман болсо да, адам уулу эмеспи», – деп, жардамга келишет. Ошентип, үчөө жер үстүнө эч качан чыга албай, Жер-Куйдун ичинде эле айланып-тегеренип жашап калышат. Анткени, каргышка жууруп окуган дубасында: «Эл үчүн жаныбыз курман, жоону кайра чыккыс кылып ала жаталы!» – дептир, кайран кыз!

Эне унчукпай, ортону саамга жымжырттык уялаган.

– Азбы, көппү, арадан мезгилдер өтүп, жүздөгөн жылдардан бери ушул жерди мекендеген жыландар менен камыр-жумур болуп, аралашып жашай башташат…

Эненин каргылданган добушу улам барган сайын акырындап, алсызданып барат:

– Ошондой күндөрдүн биринде жигиттин Күнайымга болгон жылуу сезимин Дүрайым байкап калып, жүрөгү «тыз» этет. Анткени, жигитке өзүнүн көөнү түшүп жүргөн эме, курбусуна тымызын кек санап: «Сени шашпа!» – дей баштайт. Күнайым болсо экөөнүн тең ичинде эмне сыр бар экенин билбейт. Анын  үстүнө, анын жүрөгүндө душман жигитке карата жибибеген, тымызын жек көрүү бар эле да… Муну жигит да сезчү. Андыктан айбыгып, ашыктыгын айта алчу эмес.

Мына ушундай күндөрдүн биринде Күнайым ооруп калат.

Жигит катуу сабыркап,  кыздын сакайып кетиши үчүн  кам көрүп, күн-түн жараткандан эсендигин тиленип турат дейт. Ансайын  кызганычтан Дүрайымдын ниети карарып, жек көрүү сезими күч алгандан күч алып отурат. Акыры, жигит дары чөп  издеп кеткен маалда эки кочушуна кум толтуруп ала коюп, уйкудан эми ойгонгон Күнайымдын эки көзүнө куюп жиберет! Курган кыз бети-башын чапчыгылап жатканда көкүрөгүнө канжар малып жиберип, жигитти артынан кууп жетип, Күнайым жайчынын кызы болгонун, ошол күнү дуба окуп, алай-дүлөй түшүргөнүн, ошондон улам жер жарылып жараңка кеткенин, акыры минтип ушул жер куйдун түбүндө  калышканын айтат. «Мына бүгүн да сени өзү үчүн курмандыкка чалмак болгондо, айласыз ушундай ишке бардым!» – деп буркурап-боздоп ыйлайт. Бирок бул чыккынчылыгы үчүн ага жаны үзүлүп бараткан жайчы кыз Күнайым  эмне деп каргыш айтканын билбейт…

Эненин үнү кыйкылдап барып, бир убакта үзүлүп кеткендей: «кыр-р» дей түшкөндө Асылбек ыргып тура калып, эненин башын жөлөп, үйдөн бирөө-жарымды чакырып, жанталашып жибергени да жыландын эсинде:

– Ким бар? Эсентур?! Алымкан?!.

Ошондо Алымкан биринчи болуп чуркап келип, эненин оозуна кашык менен суу тамчылатып, башын бийиктете койгон. Эс ала түшкөн эне балдарына: «Кете бергиле», – дегендей ишарат кылып, келин-уулу узап кеткенден кийин кебин кайра улаган…

Бирок Жан Алымканды жаман көрүп калган жайы бар. Анткени ал кайненесинин: «Кеткиле!» – деген ишаратынан кийин калп эле кетимиш болгон да, далдаада тыңшап отуруп, эненин: «Башка эч ким билбесин», – деген жашыруун «жомогун» тыңшап, угуп алган…

 

* * *

Ушул убакта:

– Жа-ан!! – деп жер силкинткен ачуу кыйкырык жыландын оюн бузуп жиберди. Мойнун созуп, тээ асман тарапты карады. Жар башында Абылай туруптур:

– Жа-ан?! – ый менен ыза аралаш кайра да бакырды Абылай. «Бектемир өлүп калдыбы?!» – деген бир кызык сезим жыландын денесин дирилдетип жиберди. Шашып калды. Бмпрк  ошого удаа эле Касен сарынын: «Жыландын жүрөгү керек!» – деген үнү эсине «тык» эте туштү. «Демек, мени ошого чакырып жатышса керек?!. – Жандын оюна ушул кетти. – Балким, чындап эле Бектемирге жүрөгүмдү берсем кандай болот?!.»

Бир чети ал буга макул өңдөнүп кетти. «Же адам эмес, же айбан эмес, ара жолдо жашагандан көрө, ошенткеним оң эмеспи…» – деди оюнда. Бирок бул кылганы Кызмончокту кубантар бекен? Жандын бул кылганын ал эрдик, жоомарттык катары баалар бекен, же утулуу, коркоктук катары баалайбы? Деги эле, Кызмончокко бул экөөнүн кимиси көбүрөөк керек? Албетте, Бектемир! Анткени, ал – адам да. А бул ким? Ортодогу бир макулук!..

Ызадан Жандын алкымы кысылып, атүгүл, каректерин ысык жаш каптап, көзү тунарып кетти. Муну ал буга чейин да бир канча жолу байкаган.

Кээ бирде көз жаш кубанган кездерде, жагымдуу учурларда  пайда болорун билчү. Анткени, андай  учурда  жыбылжыган бир жылуу агым бүт тулку боюн магдаратып жибергенин сезчү. Денеси балкылдап эрип бараткандай, жагымдуулук пайда болор эле. Бүт денеси эрип, жок болуп кете тургансып, Жанды бул сезим алдастатып жиберчү.

Кудум бүгүнкүдөй алда неге ыза болуп, катуу кайгырып турган кездерде да ушинтип, көзүнө жаш каканактап келчү болду.

Башын көтөрүп, жогору жакты карады.

Жардын учунда дагы экөө-үчөө жүрүптүр…

Кызмончок менен байланышка чыгууну самады. Аны жок дегенде алыстан болсо да уккусу, туйгусу  келди. Башындагы  бардык жагымсыз ойлорду кубалап, сезим-туюмун жакшы ойлор менен жууп-чайкап:  “Балким, байланышууга мүмкүнчүлүк табылып калар…” – деген үмүткө жетеленди.

Жок. Үмүтү акталган жок. Кызмончок аны менен сүйлөшүүгө даяр эместей, анын «чакырыгын» күтпөгөндөй… кабыл алган жок! Бул мамиле Жанды ого бетер ызалантты. Бул жашоодогу бар жазанын кыйыны ушул эле!  Жашагысы келбейт кетти анын!

Кызмончокко жетип, анын жанында өмүр бою бирге жашап калуунун жолун тапкандай болду: “Билем, азыр алдыларына барсам, адамдар адегенде башымды жанчышат. Анан көкүрөгүмдү тилишет да, жүрөгүмдү жулуп  алышып, солкулдап согуп турган боюнча Бектемирдин таңдайына салышат… Ошол жүрөк бир далай убакытка чейин Бектемирдин оозунда, анан алкымында, ашказанында согуп турат да, кан-жанына бөлүнүп тарап кетет… Анан…ошол жүрөк менен Бектемир Кызмончокту сүйөт! Мен кандай сүйсөм, ал да ошондой жалындап сүйөт! Мен кандай аярласам, ал да ошентип аярлайт!.. Демек, аны Бектемирдин эмес, менин сүйүүм бактылуу кылат!.. Кызмончок күйөөсүнүн деминен менин демимди, жытынан менин жытымды сезет… Менин сүйүүм, менин жүрөгүм Бектемирдин каны аркылуу айланып жүргөнүн туят… Ичи элжирейт, ал үчүн ушундай курмандыкка барганым үчүн ыраазычылык билдирип, Бектемирдин мен жүргөн денесин бекем кучактап, бакытка мас болот…

Кокус андай болбой, адамдар Кызмончокту кошо өлтүрүп коюшсачы, анда эмне болот?!»

Ушуну ойлонуп отуруп, жардын үстүнө чыга калган Жан нес боло түштү! Кечээ эле муну менен кармашып жүргөн кара чаар жылан Бектемирден алынбай калган өчү, көксөөсү бар немедей кайра да кайрылып келип, адамдар менен тирешип калыптыр!

Жандын денеси чатырап, чыңала түштү. Кечээ жаны ачып калгангабы, же балким, кандай болгон күндө да адамдарга жан тарттыбы, көз ачып жумганча кара чаарга «учуп» жетип, тикесинен бойлошуп туруп калды! Экөө укмуштуудай, ызылдаган ышкырык чыгарышып, бири-биринен көз айырбай, кудум каккан казыктай денелери катып, солкулдап турушту. Бу саам да бири-бирин кежигеден алганга аракет жасашып, тиш салышып, «жалп!» этип жерге кулашып, бири-бирин денесине орой, муунтуп салчудай моюндан кысышып, калчылдашкан катуу кармаш башталды…

Карап турган адамдар оолактап, артка жыла беришти. Абылай жанталашып, уулунун жанына келди. Кайра кайтып, колунда канжарын оңдой кармап, баласы үчүн кармашка түшчүдөй комдонуп туруп калды. Калгандары анын артында… Ишенбай жанталашып, Мукандар кеткен тарапты карап:

– Атаңдын оозун урайындар, ушундайда жоголуп кетишет! Алар келгиче бизди жеп кетпесе болду булар! – деди ыйлап жиберчүдөй үн менен.

– Мылтык кайда?! – деди коркконунан денесин кара тер басып кеткен Таңырбай алдастап.

– Абыке, мээлегениң жаза тийчү эмес эле, ушундайда экөөнү тең жайлап салсаңчы, ыя?! Бекибайга дары кылсын деп, Кудайым өзү алып келгендир да? Ошентсеңчи, ыя?! – деп безилдеп ийди.

Абылай: «Ырас эле», – дегендей, жерде – Бектемирдин жанында жаткан мылтыгын ала коюп, кармашып жактан экөөнү карай мээлеп калды.

– Ата? – кара терге түшүп, чабалактаган Бектемир оор уйкудан ойгонгондой аста кыңкыстады. – Атпа…

Мылтыктын көзөнөгүнүн ичинде титиреген сөөмөйү илинчекти мына-мына басып алчудай болуп калган Абылай мылтыгын ылдый түшүрүп, жеңинин учу менен маңдайынын терин арчып: «Эмне кыл дейсиң, каралдым?» – дегендей уулуна карады. Ишенбай менен Таңырбай муну анча деле жактырышкан жок.

– Эк, кокуй! – деди Ишенбай Абылайга нааразы болгондой этегин кагынып. – Эмне деген адам бул?!

Бу кезде жыландар бири-бирин кежигеден тиштеген боюнча сүйрөшүп, сүйрөлүшүп баратышкан болчу.

– Ата, Жан мени… куткарып калды, – деди Бектемир үзүп-үзүп сүйлөп. – Кара чаар жыландан…

– Куткарып? – баласынын тилге келгенине жетине албай кеткендей, үйрүлө түштү Абылай. – Кара чаардан?..

Кептин чоо-жайын түшүнгөндөй, жыландар кеткен тарапты карашты.

– Атаңдын оозун урайын, баламда анын эмне өчү бар экен?! – деди өңү түктүйгөн Абылай. Ошо кезде бири-бирин кубалаган Жан менен кара чаар кайра берини карай келатышкан.

– Кара чаар – Кызмончок эмеспи, ыя?! – деп ийди Таңырбай. Абылай тура калып, мылтыгын шыкаалап, жыландарды мээлей баштады. Бир убакта: «Баң-ң!!!» – эткен ачуу үндөн Жинди-Чаптын жары урап, уюлгуган коюу чаң асманга сапырылып, Жер-Куйдун ичине алаамат түшүп кетти. Мунун залакасы жыландардын ордосунда да тийип, тээ бийиктен күч менен келип түшкөн койдой, уйдай таштардан бир канча жылан жанчылып да калды… Жыландарды бул окуя ордосунан козгоп койду…

 

* * *

Ок тийген жер тытылып, алакандай жер оңурая түшүптүр.

Кара чаар жыландын башсыз калган денеси ошо жерде ийрелеңдеп жатат.  Бир карыштан узунураак  мойнунда калган башы  жанында  секирип жүрөт!

Жыландын башы эми топулдап, адамдарды карай секирди. Алынбай калган өчү бардай оозун ачып, тилин чыгарып, айбаат көрсөткөн болду…

Адамдар артты карай кетенчиктеп жылышты. Абылай гана уулун калкалап, калдаңдап канатын жайып, кете албай турду. Так ушу маалда тал сүйрөтүп келаткан  балдар  аттарынан ыргып түшө, колдоруна таш ала коюшуп, сыраңдап секирген кара чаардын башын таш бараңга алып жиберишти.

Жыландын башы кичинекей үймөк таштын алдында көмүлүп, ың-жыңсыз, тынчып калды. Көп өтпөй эле Абылай кара чаардын  тулкусун чапаны менен жаба салып, үстүнөн басып жыгылды да, жылан колунан суурулуп чыга каччудай  шашкалактап,  боорун тилип жиберди.

Башкалар  аны жарданып, карап  турушту.

Жыландын  боорун  туш келди кескилеген колдору калчылдап, өзү кара терге түшүп кеткен Абылай бир убакта  Касен сарыны  айласы түгөнгөндөй, жалооруй тиктеди:

– Жүрөгү жок го, Каке?!

Бектемирдин жанына аралжы издеп, Алладан шыпаа сурап, алынын келишинче аракетин кылып отурган Касен адегенде  оңурайып, суроолуу карап калды да:

– Тиги ташты ачып карагылачы? – деди. – Ошол жакта калбасын?

Абылай баш болгон жоон топ киши анын айтканына адегенде түшүнө беришкен жок. Бир убакта гана мээсине эми жеткендей, Абылай ордунан калдаңдап тура калып, үйүлгөн ташка келди. Бирок жыландын башы таштардын арасынан сороңдоп чыга калчудай,  дароо  катыла албай, элди карады. Кооптонуп турган балдар адегенде артка кетенчиктеп барышып, көп өтпөй эле  камчынын, союлдун учу менен таш корумду ачып жиберишти.

Абылай жыландын кыймылсыз жатып калган башына адатынча чапанын жаба салып, бир топко чейин басып жатты да, жансыз экенине көзү жеткенден кийин да башты чапанын этеги менен орой салып, тизеси менен ныгыра басып алып, сороюн чыккан  моюнду  узатасынан тилип  жиберди.

Көп өтпөй эле Абылай солкулдап согуп турган, бармактын башындай болгон жүрөктү алаканына салып, кубангандан алдастап, кара терге түшүп турду…

 

* * *

Ок атылганда алда кайда ыргып-секирип кеткен Жан жакын эле жерде мунун баарын карап жатты…

Кечээ кара чаар экөө Жер-Куйдун түбүндө кармашып жатып, Эне-жыландын бир булак суудай жыбылжып «агып», аларды көздөй келе жаткан шооратын угуп, туш-тушка бөлүнө качып, бири-бирине болгон кектери ичинде букулдап кайнаган боюнча өз-өз жолдоруна түшүшкөн да, Жан дароо эле Бектемирди карай ашыккан. Анкени кара чаардан мурда жетип, адам баласын андан  коргогусу келген. Эми ошол кара чаардын аёосуз өлтүрүлүп, боору тилинип, жүрөгү ысуулай дары болуп жатканын көрүп, эмне ойлоп, эмне кыларын билбей, эси эңгиреп турду…

Бирок кара чаардын алдында анын эч кандай күнөөсү жок эле. Бар болгону – ортого арачы болгон.

Бир убакта Жан «селт» этти! Башын жерге коё коюп, бир нерсени тыңшап калды. Алда нени угуп, туюп, айласы кете түшкөндөй анан куйругу менен же сабай кышылдап, ыйлап жиберди! Анткени, так ушул маалда ордодон үрккөн жыландар ордунан козголуп, кудум былтыркыдай кылкылдап, жар өйдө «агылып», жер үстүнө чыгып келатышкан болчу!..

Жандан кийин эле аларды жылкылар сезип, кошкурук атып, үрпөңдөгөн боюнча алда кайда үркүй качышты. Кээси ээр токумчан, кээси жайдак татырактаган аттардын туяк алдынан сапырылган чаңы менен азынаган ачуу үндөрүнөн талаа-түскө алаамат түшүп кеткендей, адырдын ичи ызы-чуу эле болуп жатып калды. Жаңы эле Актуякка кызыгып мине калган, балдардын эң кенжеси Эрмек да үрккөн аттын үстүндө эбелектей болуп кетип баратты. Эмне болуп кеткенин аңдай албай, аңырайган адамдар эми айлана-тегерегин чочулап карай баш ташты.

– Жыландар!! !– деп чаңырып жиберди аңгыча балдардын бири.

Жыландардын алды жыбылжып, жар астынан чыга баштаган болчу!

Адамдар нес болуп катып турушту… Алардан беш-он эле кадам арыда кара чаардын башы, тулкусу жаткан…

 

* * *

Так ушул маалда, тээ айыл тараптан уюлгуган чаң чыгып, тумшуктан бери имериле чаап келаткан жалгыз атчан көрүндү… Кубалашып келе жаткандай, артынан дагы бири пайда болду…

Кулактары жапырылып, жал-куйругу сапырылып, оозунан ак көбүгү куюлуп, алдыда келе жаткан – Актуяк. Үстүндөгү Эрмек эчак эле эбелектей болуп ыргып түшүп, жолдо калган… Анын ордуна эркек баланын тебетейин, кемселин кийген Кызмончок келатат. Арткы карагердин үстүндөгү  – Алымкан экен.

Эртең менен Актуяктын жайдак келгенин угуп, Жинди-Чапта бир укмуштар болуп жатканын сезип, санаасы тынчыбаган Кызмончок Алымкандан жол сураган. Алымкан аны жалгыз жибергиси келбей, уулуна деп багып-тегип жүргөн жалгыз атын токуй салып, кошо аттанган болчу. Учкашкан экөөнүн алдынан жыландардын үрккөн Актуяк кезиккен. Кызмончок карагерден түшө калып, Актуяктын артынан чуркаган. Чакчаңдаган жаныбар Кызмончоктун үнүн таанып, тээ бир далайга чейин токтоно албай барып, артына кайрылып келген да, келинди жыттагылап, жер чапчып, алда нени айтып жаткандай азынап турган. Анын минтип, экинчи жолу да жайдак келиши жөн эмес экенин түшүнгөн Кызмончок  атка ыргып минип, камчы артынан камчы уруп, алып учуп келаткандагы кези эле.

 

* * *

Жыландардын алдында келаткан эне-жылан бир убакта токтоп, артында кыжылдап келаткан жыландарды да токтоткондой башын көтөрдү. Ылдый жактан таштардын тарсылдап кулаганы, кум-шагылдын шагырап агылганы болбосо, эми эле шуудураган, шуулдаган бир башкача добуш басылып, жымжырт боло түштү.

Эне-жылан алда нени сезген, туйган окшоп тунжурап, жар үстүндө жабалактап турган адамдарды кыдырата карады. Алардын арасында кызыл-жаян болуп жанчылып, башы үзүлүп жаткан кара чаарды көргөндө денеси жыйрыла түшүп, ошону тиктеген калыбында көздөрү бир далайга чейин катып калган окшоду…

Бир гана Бектемирдин акырын кыңкыстап онтогону болбосо, адамдардын ооздорунан келмелери ыргып, демдерин ичине жутуп турушту. Эне-жыландын оор тулкусу эми кара чаар тарапка бурулганда… Жан ордунан аткан октой ыргып-секирди… Чагылгандай ийрелеңдеп, адамдарды ушунчалык тездик менен аралап өтүп, эне-жыланга жетип-жетпей токтоду.

Жыбылжып жылып келаткан эне-жылан токтоп калды.

Адамдарга бир аз жан кире түшкөндөй болду. Туш-туштан:

– О, Кудай?! – Айланайын Кудай?

– Жан, айланайын?.. – деп күбүрөнгөн үндөр угулду. Жан ордо жылан менен адамдардын ортосуна арачы болгондой, ортодо ышкырып турду:

– Тс-сс..!

Жыландар тараптан да бирөө-экөө ага жооп бергендей, сыягы акараат кылгандай баш көтөрө коюшуп, бирок эне-жыландан ыйбаа кылгандай кайра «жыгылышты…»

Эне-жылан менен Жан тиктешип калышты…

Экөөнүн диалогу бара-бара курчуп бара жаткандай, тулкулары кез-кез «калч-калч» этип, куйруктарынын учуна чейин титирей түшүп, токтоп жатты. Моюндары бирде оңго, бирде солго, бирде алдыга, артка карай ойдолоктоп, кызуу талкууга киришкендей эле…

Алдастап өзүн жоготуп, эмне кылып жаткан өзү да билбей калган, эс-акылында бир гана: «Баламды сакташым керек», – деген ой менен турган  Абылай да адатынча мылтыгын ала коюп, мээлей баштады.

Аңгыча, Актуяктын азынаганы угулду…

Көл кечип келгенсип, булоолонуп тердеп алган Актуяк буларды аралап кирип келе албай алда кайда кош аяктап тура калды.

Кызмончок аттан ыргып түштү да, чылбырды таштап жиберип, эми жөө чуркады. Алымкан да алда кайдан эле аттан түшүп алып, каргылданган үн менен:

– Кызмончо-ок?! Кагылайын кыз?! – деп, Кызмончок бир балакетке кабылганы бараткандай колдорун булгалап, жыгылып-туруп, ыйлап келатты…

Адамдарды, Жанды карап кышылдаган жыландардын мойну эми Алымкан менен Кызмончок тарапка бурулду.

Эне-жылан менен Жан ошондо да бири-биринен көздөрүн тартып ала албай, бири-бирине бир топко чейин «байланып» турушту да, качан Кызмончок аларга аралашып кирип келгенде гана бурула карашты.

Эки ийнин солкулдата энтигип, күйүккөн келин жыландарды аралап кирип келип, башындагы эски тебетейди колуна ала койгондо, төбөсүнө ороп алган олоң чачы далысы ылдый куюлуп, такымына жабыла түштү.

– Кызмончок?! – адамдар жандана түшкөндөй болушту.

Жан тикесинен тура калды.

Кызмончок адегенде Жанды, андан кийин эне-жыланды, анын айланасындагы чубалжып, жыбыраган макулуктарды айланып-тегеренип карады. Адамдардын бу жолу да калпыстык кетиргенин түшүнүп,  жыландардан жансоога сурагандай, жерге тизелеп отурду.

Эне-жылан да, башкалар да аны түшүнгөндөй, атүгүл ага баш ийип, ыйбаа кылгандай акырын жыбылжый жылып,  айлана-тегерегине чогула башташты. Мындайды күтпөгөнгө, Кызмончоктун эриндери эмшеңдеп, муун-жүүнү бошоп кетти.

Бирок бул да көпкө созулган жок… Бир убакта келин Абылайдын так  өзүнө мээленип турган кош ооз мылтыгы менен тиктешип калды!..

– А… та? – деди Кызмончок шыбырап.

– Кет! – көзөнөктү шыкаалаган калыбында калчылдады Абылай. –Желкемдин чуңкуру көрсүн сени! Кет! Апкет..! Баарын апкет!

Кызмончок Абылайдын жанындагы адамдарды карады. Бирок алардын  биринин да түрүнөн, көзүнөн өзүнө карата жылуулук көрө алган жок. Бардыгы тең анын ылдам эле жыландарды алып, бу жерден кетип калышын каалап да, суранып да, талап кылып да жаткандай телмире тиктеп, үн-сөзү жок карап турушкан болчу.

Кызмончок кекиртегине тура калган томуктай нерсени «кылк» эттирип, акырын жутуп алды. Адамдардын Кызмончокко карата болгон жер көтөрө алгыс жек көрүүсү аны азыр, мына бул буту-колсуз макулуктарга кошуп, ошолордун агымы менен агызып жибериши мүмкүн эле! Бирок, Кызмончокту үлпүлдөгөн бир үзүм сүйүү  ошо азаптан  арачалап  турган сыяктанды! Кызмончок мунун кимден, кайдан экенин да билет. Ал – Алымкандыкы! Бирок андан да башка билинер-билинбес, өчүп-жанып турган, Кызмончокко сезилбеген бир үзүм билик бар экенин бул али биле элек…

Кызмончок аяк алдында жыбылжыган жыландарды, жанындагы тынчы кете тыбырчылап, элди тиктеп тирмийген Жанды карады! Буту-колсуз макулуктар ага боор тартып, мээримдерин төшөп, адамдардын таш боор мамилесинен, ар кандай жосунсуз жоруктарынан арачалоого дапдаяр экендигин билгизип, буйрук күтүп, демдерин ичтерине жута, ынтылып турушкан эле… Кызмончок жерде жаткан Бектемирге көз жиберди:

– Бектемир?.. – деди ал. Башын жерден болор-болбос көтөрүп, угуп-көрүп жаткандарынын өңү, же түшү экенин ажыратып биле албай жаткан Бектемирдин көз алдында мунун баары кылкылдап, чала-була элес-булас болуп көрүнүп жаткан болчу. Кулагына атасынын:

– Кет! Кет! – дегени гана ташка тамга баскандай угулуп жатты.

Көздөрүн чоңураак ачып, айлана-тегерегин дааналап көргүсү келди. Кызмончоктун караанын элес-булас баамдады:

– Кызмончок?..

Жерди каптап, кара жабыргадай кыжылдаган жыландардын арасынан Кызмончок кошо жылан болуп көрүнүп кетти. Кудум кечээки кара чаардай айбаат берип, атасына кол салганы жаткандай түшүндү. Бир туруп, жыландар Кызмончокту тегеректеп алышып, ага сес көрсөтүп, талап жаткандай элестелди.

– Ата, ат! – деп чулдуруктады Бектемир. – Өлтүр, ата!

Мылтыгын шыкаалаган Абылай баласынын мунусун Кызмончокко карай жоруп, ого бетер калчылдап калды. Аңгыча:

– Жо-ок!!! – деп ый аралаш чаңырган аялдын үнү угулду. – Атпагыла!

Жоолугу башынан шыпырылып, эки өрүм куудай чачы жазылып, энтиккен Алымкан буларга жетип-жетпей, аркан бою аралыкта жер кучактап, көмкөрөсүнөн кулады.

– Жеңе-е?! – чаңырып жиберди келин. Айлана кулак-мурун кескендей жымырап, бардыгы Алымкандын тура калышын күтүп калышты. Бирок аял жыгылган боюнча былк этпей жата берди… Кызмончок Алымканга аттап-буттап жетип, эки ийнинен кармап, өйдө кылууга аракеттенди. Бирок аялдын дене-башы салактап, өйдө турууга такыр аракеттенбей койду!

Кызмончок элди карады.

Абылай дагы эле мылтыгын түшүрбөй, бирде келинин, бирде жыландардын улам бирин мээлеп, баласын корголотуп турган.

Таңырбай менен Ишенбай анын артында, балдар Мукандын далдоосунда, эч кимиси эч качан козголбоочудай катып турушат.

Кызмончок туш-тушка жайылып, жыбылжыган жыландарга, алардын арасында суналган эне-жыланга, жанында айланчыктаган Жанга:

– Кеткиле! – деди энтиге.

– Ылдам! Болбосо, жайлап салам! – деди Абылай.

Кызмончоктун эси-дартынын баары Алымканга ооду. Жыландар кетсе эле, адамдардын баары жабылып, Алымканга жардамга чуркачудай ойлоду.

– Кеткиле? – деди келин. – Суранам, кеткиле. Ансыз, Алымкан жеңеме кыйын болот, кеткиле!

Ошондон көп өтпөй эле жыландар кыр ашып, кайдадыр ооп кетип баратканын адамдар узата карап турушту. Абылай мылтыгын дале таштабай, аларды артынан шыкаалаган боюнча эле. Качан гана жыландар көрүнбөй калганда, адамдарга жан киргендей болду. Ким-кимиси карбаластап, кеткенге камына башташты. Алардын түрүн көргөн Кызмончок:

– Ата-а?! – деди шашкалактап. – Жеңеме жардам бериңиздер?..

Аны эч ким укпай, көрбөй жаткандай, тыңшап да коюшкан жок. Бектемир жаткан көрпөчөнү туш-тушунан көтөрө коюшту да, эки аялды айланып өтүшүп, айылды карай жөө-жалаңдап жөнөй башташты.

– Жардам кылгыла-а, ата-а?! – деп жалдырап ыйлап, сурана берген Кызмончоктун үнү чыкпай калды. – Мукан? Ата? Чынтеми-ир?

Жерге чөгөлөп отура калып, эки жагынан өтүп жатышкан адамдардын улам бирине үңүлүп, жеңесине жансоога сурай берди:

– Жеңемди ала кеткилечи? Таштабагыла-ачы?! Же ңем ди-и…

Уккан киши болгон жок. Айланып өтүп кете беришти… Кетип бараткандар тээ бир далайга узап кеткенде гана келин ордунан тура калып, дикилдеп бир далайга чейин арттарынан эрчип, бара-бара үнү таптакыр чыкпай, шыбырап калды:

– Жеңемди… ала… кеткиле..?

Ал адамдардын карааны узап кеткенде гана токтоп, бир топко чейин узата карап турду да, өзү да азыр «күп» этип кулап түшчүдөй ыргалган калыбында кылчайып, артына карады. Алымкандын жансыз денесинин жанында сороюп Жан турган…

Кызмончок толкундун үстүндө калкылдап тургандай сезди өзүн. Жер чайпалып жатты ага. Көзү караңгылап, башы тегеренип баратты. Дыбыраган муздак жамгырдын тамчылары саамайы ылдый шорголоп агып, эки бетин, алкымын, мойнун жууп, койну ылдый агып кирип жатты. Жакын эле жерден, так төбөсүнөн чагылган чартылдап жиберди. Ушунун көбүн сезип-сезбей, эс-мас болгон Кызмончок өзүнөн-өзү жумулган көздөрү менен, чапталышкан кирпиктерине ээ боло албай шалдайды. Жада калса бутунун учунан жогоруну карай чымыратып, тоңуп келаткан «муздун» көкүрөк алдына чейин келип калганын туйбай да калды. Бар болгону эле сенейип бараткан денесинин катуу бир диртилдеп, титирей түшүп, серпилип алганын сезди да, турган жеринде «шалак!» этип кулап түштү. Көп өтпөй эле уюлгуп келген шамал жыгылган келиндин этек-жеңин делбектетип, жанында айланып-тегеренип турду да күүлөнүп, коюуланып отуруп бир кучак куюнга айланып, дамдар кеткен тарапты көздөй жөнөдү…

 

* * *

Бектемирди көтөрүп алып, тумшуктан жаңы эле имериле берген адамдарды бура бастырбай, бет алдыдан урган бороон-чапкын жол тороду. Баштарын өйдө кыла албай, бөкчөңдөп келаткан адамдар акыры бети-баштарын калкалап, Бектемирди ортого жаткыра коюшуп, өздөрү бири-бирин кучактай, уй мүйүз тартып, чогулуп турушту.

Кудум өгүнкүдөй бороон улуп келип,  боз адырдын боорун тытмалап, чаңын асманга сапырып жиберди. Эми эле ачык турган айлана-тегерекке боз түшүп, топурак-чаңдан көз ачылбай калды. Асманды кара булут каптап,  күн күркүрөп, чагылган чартылдап, мөндүр аралаш жамгыр жаап жиберди.

Ар кай жерден аттардын азынаган, иттердин улуган үндөрү угулуп турду.

Бир убакта адамдар булардан анча алыс эмес жерде уюлгуган куюнду байкашты. Турган жеринде ушунчалык ылдамдыкта айланып-чимирилген куюн эми түз эле буларды карай келатты…

– О, Кудай! Айланайын Кудай? Колдой көр?!

– Ла илаха илла аллах Мухаммаду расулу аллах… – деп, биринен сала бири Кудайга жалынып, келме айта башташты. Күү менен чимирилип келген куюн үймөлөктөшкөн топко чала-була «тийип» өтүп, асманга карай көтөрүлдү. Ошол маалда куюндун ичинен  адамдын тарбалаңдаган колу-буту көрүнө түшүп, жок болуп кетти.

Адамдар кум учурган алай-дүлөйдөн баштарын көтөрүүгө,  өйдө кароого алдары келбей,  Абылай болсо жерде уулун кучактап, жерде  бөк түшүп жатышты.

Куюн бийиктеп көтөрүлгөн сайын алай-дүлөй басаңдап, айлана-тегерек тынчый баштады. «Куйругу» кудум ак жыландай ийрелеңдеп, жерден араң үзүлүп, улам бийиктеген сайын айылдын четиндеги карт чынарды элестетип, канат-бутагы жайылып бараткан куюнду иээ бир убакта  адамдар аңкая карап турушту. Качан гана куюн тоонун «үстүнө чыгып», көрүнбөй кеткенде гана эстерине келгендей карбаластап, бири-бирин толуктай башташты. Аңгыча Абылайдын абалкысындай эле:

– Балам, балам кана коку-уй?! – деп баркыраган үнү жымжырттыкты жарып жиберди. Ким-кимиси жанталашып, ортодо оролуп-чулганган Бектемирди карашты. Ал ордунда эле жаткан болчу.

– Чын-те-ми-ир?! – асманды карап, барбайган колдорун жая, кайра да баркырады Абылай.

– Ата, мен мында турбаймынбы! – артынан чыккан үнгө «жалт» карады атасы. Уулун көрүп, кубангандан балбаалап ыйлап жиберди.

– Ким жок? – деди Таңырбай.

– Асан?! – Аңгыча Касен сары чыйылдап жиберди. – Менин уулум жок го?!

Ошондон кийин гана адамдар жанагы куюн булардын арасынан баарынын кенжеси – Асанды жула качканын билишти. Аңырайып асманды – куюн кеткен тарапты карашты. Касен сары чөгөлөп отура калып, башы менен жер сүзгүлөп, Кудайга үнү жете боздоп жатты.

– Жана Алымканды бекер таштап кетпедикпи-и, кокуй! – баятан бери ушуну ойлонуп, ичинен кыжалаттанып, бечара аялдын жерде суналган денесин айланып өтүп кеткенине жүрөгүн мыкчылып, карегиндеги кылгырган жашты сыртка чыгарбаш үчүн эринин кесе тиштеп келаткан Касен сары ушинтип боздоп жатты.

– Ошону ала кетсек мындай азап болбойт эле го, кокуй?! О, Кудай! Эми эмне кылам, кокуй?! Ой, боорум, ай!…

Азыр алардын арасынан бирөө эле үн чыгарса, тең экиге жарылып кетүүгө, элүү менен алтымыштын ортосунда турган табып даяр эле. Керек болсо ал баятан бери ичинде Абылайдын «мен, өзүм гана» деген өзүмчүлдүгү үчүн тымызын жек көрүп да келаткан. Анткени тиги жерден узаарда: «Алымканды карап койбосом, табыпчылыгым кайсы? Кудайга деле жакпай калат го?» – деп күңкүлдөгөндө, Абылай: «Арамдан бүткөн андай эмелерге имерилиштин өзү күнөө!» – деп тыйып койгон болчу. Болбосо, бой жеткен боз улан кезинде: «Болочок жарым Алымкан болсо?..» – деп арзып, ак эткенден так эткен, а бирок тартынчаактыгынын айын ан кеч калып, башкага алдырып жиберген, атүгүл али күнчө жүрөгүнөн өчпөй калган алгачкы махабатын кантип ушундай учурда таштап, жок дегенде башын жөлөп, оозуна суу тамчылатып койбой басып кетти десең, арман!

Алымкан дудук болуп, тил ооздон калган кезде да кабыргасы бир катуу кайышпады беле! Атүгүл айыктырып алууга арга издеп, табыпчылыктын артынан түшүп кеткени да ошондон эле го! Алымканга тил бүтүп, айыкканын укканы, кубангандан буту жер баспай, канат бүтүп калбады беле катыгүн!

Жолду катар мына ушуларды ойлоп келаткан Касен сары, Кызмончоктун жардам сурап, кыңылдаган алсыз үнүн уккан сайын жаш баладай баарын таштап салып, артына шарт бурулуп чуркагысы келген! Анткен менен: «Сакалың өрттөнгүр!» – дейби деп элден, «Жарыктык киши!» – дейби деп балдардан тартынган! Ансыз да булардын жаш кездеги ашыктык ышкысын билген эмелер эртең эле ушак кылып жиберишмек. Андайда, араң турган үйдөгү тажаал катын мунун кактабай канын ичмек! Ушунун баарына кошул-ташыл, баласын көз көрүн өө алдырып жибергени боорун эзип, ботодой боздогон Касен сары боортоктоп жатып калды.

Абылай баштаган эркектер бир топко чейин эмне кылары түгүл, эмне дешерин билбей, бири-бирин карап, унчукпай турушту.

– Бул – Кызмончок жеңе болуш керек, же Жан… – деди аңгыча жаш балдардын бири асманды карап.

– Куйругу ак жыланга окшошуп кетти го? Көрдүңөрбү?

– Касен аба, сабырдуу болуңуз! – деди Мукан жерде сойлогон табыпты ийнинен кармап. – Асанды да табабыз! Силер Бектемирди алып айылга түшө бергиле. Биз… артынан баралы.

Анын айтканын баары эп көрүп, ынана түшкөн сыяк танды.

– Мен да барайын? – Касен сары ордунан тура калды. – Баламды издейин?..

– Жок! – «селт» этип, чочуп кетти Абылай. – Биякта бала чыдабай жатса, эмне деп жатасың, акмак?! Кантип таштап кетем дейсиң, ыя?!

Касен сары абалкыдан да катуу калчылдап, бетинин түгү сыртына чыга түштү:

– Омо-ой, эл-журт, эмне деп атат бул, ыя?! Сенин балаң – бала, а меники бала эмес экен да, ыя?! Улуу деп, сакалын сыйлап койсо, кара муну! Сенин балаңды карайм деп, өз баламды талаага таштап кетишим керек экен да, өгүз!

– Эмне деп атасың?! Ким өгүз, ыя?!

Экөө жакалашып, ийиндери менен түртүшүп, тиреше калышты.

– Кой, койгула! – Таңырбай ортого түшө калды. – Экөөңдүн тең башыңа иш түшүп турганда, антпегиле. Акыл калчап, бир чечимге келели, баатырлар?! Бир ачууңарды бергиле. Койгула!

– Касен ата, сиз да бара бериңиз. Биз Асанды таап, артыңардан бат эле барып калабыз. Куюн – анча чоң эмес, менимче алыс деле кеткен жок. Тоо бар эмеспи… – ишенимдүү да, өктөм да унчукту Мукан. – Жөнөңүздөр!

Ошондон көп өтпөй эле, келаткан топ экиге бөлүнүп, кары-картаңдар баштаг топ Бектемир салынган көрпөчөнү тырбалаңдап туш-тушунан көтөрүп айылды карай, Мукан баштаган топ тоонун боору менен кыйгачтап, адырды карай баратышты…

 

* * *

Алымкандын денесинин так үстүндө калкылдап, коно албай жүргөн таз жорулар эми канаттарын калдактатып, жыгылыпк алган Кызмончокту карай  учушту.

Жандын айласы кете түштү. Кудум асманга учуп чыгуучудай октоло түшүп, Алымканды бир кылчайып карап алды да, ал дагы эми Кызмончокту көздөй  жөнөдү. Жаңы эле конуп, канатын жыйып ала элек таз жорулар жылан жеткенде калдактап уча качышты.

Жан Кызмончоктун билинер-билинбес дем алган көкүрөгүнө башын коюп, канчадан берки сагынычын таратып, же бала кездегидей  эркелеп жаткандай, балким  Кызмончоктун ылдам жыланга айланып баратканын билгиси келгендей кыймылсыз жатты да, бир убакта күйүнгөнү да, сүйүнгөнү да белгисиз, кышылдаган бир түшүнүксүз үн чыгарып, куйругу менен жер чапкылап жиберди. Кудум Кызмончоктун муштумундай болгон жумуру башы койколоктоп, келиндин коюн- колтугуна кирип, бирде жакасынан, бирде жеңинин учунан чыга калып жатты.

Келиндин жарым жартылай, көкүрөгүнүн жогору жагы гана жылымык тартып, денесинин калган бөлүгү муздап кеткен болчу.

Жан  Бүбү эненин качанкы жомогун кайра да эстеди…

 

* * *

Ошол күнү эриндерин кыбыратып, шыбырап сүйлөп, акырын дем алып жатканы гана болбосо, кансөлү качып, сөлөкөтү гана калган кемпирдин «жомогун» угуп отуруп, бир убакта Асылбек:

– Эне?! Бул эмне дегениңиз?! – деп, жансоога сурагандай, Бүбү эненин тарбайган манжаларын кош колдой кармап, чөк түшүп отура калган.

– Токто..! «Мен айтчумду али айтып бүтө элекмин», – дегендей ишарат кылып, баш чайкаган эне, Асылбектин ордуна отурушун күтүп, сабырдуу болушун талап кылгандай, саамга унчукпай жаткан. Ошону түшүнө койгон Асылбек, Бүбү эне ушул боюнча токтотуп койчудай коркуп кеткен. Анын жалдырап, жалооруй караган көздөрүндө, окуянын аягынын жакшы бүтүшүн күтүп, жакшы корутунду уккусу келген каалоо бар эле.

– Бул сырды сен ичиңе бекем сакташың керек, – күткөн маалы келгендей, Асылбек тынчып отуруп калганда кайра кобурай баштаган эне. Так ошол тапта жакын эле жерден «шырп» эткен дабыш чыгып, байбиче жумулган көздөрүн бүлбүлдөтүп ачып, кулак түрүп калган да:

– Ким бар? – деген, алардын сөзүн өздөрүнөн башка да бирөө жарым тыңшап жатканын  шекигендей. Асылбек эки жагын айланып карап:

– Эч ким жок, эне, – деген. Эмнегедир эне башын акырын ийкендетип, саамга үнсүз жаткан да:

– Кызмончок менен жыландын… – деп келатып, кимдир бирөө муунтуп жаткандай кыйкылдап, колу-буту тарбалаңдай түш көн болчу. Ыргып тура калган Асылбек башын жөлөп, жанында турган кеседен оозуна суу тамчылата калган. Ошондон кийин гана кемпир эс ала түшкөндөй көкүрөгүн солкулалдата, терең-терең дем алып, «жомогун» айтып жетишпей калчудай шашкалактап:

– Ушундай, балам… Кызмончоктун – адамдарга, адамдардын – Кызмончокко карата ишеними, мээрими менен сүйүүсү муздабасын. Сүйүү, мээрим, ишеним… Кызды мерездиктен, жандүйнөсүндөгү жалгыздыктан сактагыла. Аны сүйүүдөн кем кылбагыла. Булардан айрылган   күнү – Кызмончок  жыланга айланат!

Муну укканда Асылбек түгүл, Жан дагы бир «селт» этип алган. Бирок эненин бул созү жыланга жаккан. А кийин Кызмончоктун жыланга айланар күнүн күтүп, бара-бара мунун тек гана «жомок» экенине ишенип, эсинен чыгарып койгон.

Асылбек:

– Эне?! – деп буркурап ыйлап жиберген. Эненин жыгачтай болгон колун эки алаканынын ортосуна салып, көздөрүнөн көз албай, айла сурагандай жалооруп тиктеп отурган.

– Муну жан киши укпасын, антты бузсаң өзүң да, уккан адам да соо калбайт. А силер Кызмончокко керексиңер… – деген кемпир. Ошол кезде «шырп» эткен дабыш кайра да угула түшүп басылган. Эне бул дабыштын кайдан жана кимдики экенин билип, нааразы болгондой сумсая тушкөн…

Ошондо Жан булардан анча алыс эмес, киши бою тиреле жыйылган көңдүн артында баятан бери кеп тыңшап отуруп, «жомок» бүтөрү менен тура качкан Алымканды «булак» этип көрүнө калган көйнөгүнөн таанып калган. Жан Алымкандын кийин эмнеге тил-ооздон калганын, эмнеге эми минтип ай талаада жатканын, атүгүл Асылбек менен Сырганын да эмнеге Кызмончокту ушундай азапка калтырып, өмүрдөн эрчишип эрте кете беришкенин да ошол «жомокко» жоруп, ошондогу жомоктун чындыкка айланып бара жатканына ишенип-ишенбей, ай талаада аргасы кетип турду эми.

– Бүбү эне? Ата? Апа? – жыландын оюн окугандай, кеберсип кеткен эриндерин араң жан кыбыратты Кызмончок. – Жеңе?..

Уйку-соонун ортосунда, жок, бири-бирине такыр коошпогон эки  өмүрдүн, эки дүйнөнүн ортосунда жаткан келиндин көз алдына, сезим-туюмуна – Бүбү эненин, Асылбек менен Сырганын, Алымкандын, Жандын элестери булактап, элес-булас көрүнө калып жаткан болчу азыр.

Жандын эстутумундагы ушул окуя – эми элеки ойлогонунун баары экөөнүн бири-бирин туюп-сезүү жолдору аркылуу келинге өтүп жатканын жылан байкабай калды.

– Жеңе? – кыңкыстап жиберди Кызмончок. Жан эсине келе түшкөндөй, Алымканды карады. Аялдын денесине таз жорулар калдактап коно баштаган болчу.

Жандын айласы кете түштү. Алып учуп, эми Алымканды көздөй кетти.

Кызмончок бир катуу онтоп алды. Анткени жыландын узап кетиши менен Бүбү эненин «жомогу» да көз алдынан жоголуп кетти. «Анан? Андан ары эмне болду эле?..» – өзүнүн бар-жоктун ортосунда асылып турганын сезген келин ушинтип жанталашып жиберди.

– Жан? Ата?– баарын кайра чакырып, окуянын андан аркы чоо-жайын уланткысы, билгиси келди анын.

– Эне?.. Жеңе?

Бирок бу саам аны алар эмес, кандайдыр түшү нүксүз, бейтааныш көлөкөлөр, бейтааныш туюм, быкылдаган бейтааныш дүйнө курчап, белгисиз дүйнө кай жаккадыр оп тарта баштады. Асман-жердин ортосунда асылып тургандай тырпырап жатып, үзүл-кесил пайда боло калып жаткан жарыкты да көрө койду… Бирок ал жарык кимдики, эмненики экенин ажыратып биле албай жатты.

– Кимсиң?.. – деди туюмунда. Анын жакыныраак келишин каалады. Белгисиз караандан тирүүлүктүн илеби, жан ы магдыраткан жылуулук келип жаткандай болду. Ошол караандан чыккан, күн нуруна окшогон тарам-тарам агыш желелер Кызмончоктун көкүрөк-көңүлүнө төгүлүп түшүп, муздак дүйнөдөн талашып, арачалап жаткан сыяктуу эле… Бул – тирүүлүктүн, болгондо да адамдын мээрими сыяктуу болчуу…

– Бул ким?– деди Кызмончок. – Бектемир?.. Жан? Жеңе?..

Жок. Алар да эмес.

– Ата? Апа?

Ата-энесинин ушул эле арада жүргөн үрүл-бүрүл элесин  көрдү. Бирок аларда ак жарык жок, муздак, жарыксыз эле…

 

* * *

Адырдын бети мелмилдеп, бул жерде эч качан, эч нерсе болбогондой, эчендеген мезгилдерден бери эле так ушул боюнча тунжурап, тынч жаткандай, бозоргон боорун күнгө кактап, демин ичине жутуп, жымылдап туруптур.

Адырдын үстүнө чыкса эле Асанды таап алчудай антаңдап алган жигиттер бири-бирин карашты.

Ангыча балдардын бири:

– Куюн! – деп кыйкырып жиберди. Уландын сөөмөйү көрсөткөн тарапты карап калышты. Айткандай эле, булардын так ошол Жинди- Чапка барчу жолунда чубалжып, асман-жердин ортосуна созулган куюн турган.

– Түтүн эмеспи? – дешти балдар. Дүрбү салып караган Мукан:

– Жок… – деди маанайы түшүп.

– Алигиче куюндун ичинде жүрсө, Асан байкуш соо болбой калды го! – анын оюн Калыс да айтты.

– Кеттик! Бирок алар канчалык чуркаганы менен жол арбыбай, куюнга жете албай баратышты. Бир карасаң, ордунда эле тургандай көрүнгөнү менен, эмнегедир булар жакындаган сайын ал да улам жылып, арылап бараткандай эле.

Балдардын арасындагы улам жыгылып, улам туруп келаткан, баарынын эң кенжеси, чабалыраагы Эсен бир убакта көмкөрөсүнөн жыгылган боюнча турбай калды. Адатынча анын тура калып чуркашын күтүп, тээ кыйлага узап барып токтогон жигиттер кайра тартышты.

– Улан, сен мунун жанында кал! – эриндери кара көк тартып, бүт денеси менен дем алып, кыйналып калган Эсендин тамырын кармап туруп ушинтти Мукан. – Мындан ары бара албайт. Өзүнө келген кезде ылдый түшө бергиле.

– Муну жана эле калтырып койбойт белеңер! – бир кызык нерседен куру калып жаткансып буркуйду Улан. Мукан куюн тарапты карады: – Кеттик! Биринен-бири озуп, эрбеңдеп бараткан эки караан бир убакта жайлап, «тушалып» калышты. Анткени азыр эле жардын кылда учуна жетип, «титиреп» турган куюн төмөндү карай «кулап», – Жер-Куйга түшүп кеткенсип, көздөн кайым болуп кетти. Асан менен үч атадан барып кошулган, бир короодо өскөн Калыс жер муштагылап, өкүрүп ыйлай баштады.

– Калыс? – анын ийнине колун койду Мукан. – Сабыр кылалы, досум.

– Кантип?! – ботодой боздоду Калыс. – Мен аны мына бу колдорум менен көтөрүп, мойнума отургузуп ойнотчу эмес белем. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек эмес беле?!

– Кантели?..

– Жаңы эле, жаңы эле кыз сүйө баштаганын айтып, чоңоюп калбады беле?! Эмнеге?! Кантип ушундай болсун, ыя?! Кимдир бирөөлөрдүн кылганын эмнеге күнөөсүз адам тартышы керек, ыя?! Эмнеге Чынтемирди же Абылайды алып кетпей, башканы курмандыкка чалат, ыя?! Кызмончо-ок?! Эмнеге ушинттиң, ыя?!

– Тур, – тизелеп отурган Калысты колтугунан сүйөп, өйдө тартты Мукан, – Асандын дайыны али билине электе жаман жорону баштабачы. Тур, издейли!

– Кайдан?! Жинди-Чаптанбы?! Жер-Куйдун түбүн өнбү?! А балким, ааламдын аркы четине алып кеткендир? Аякка да барасыңбы?!

Калыс бир чети ызалангандай, бир чети мыскылдагандай мыйыгынан жылмайып, ый аралаш кыйкырды:

–  Издейли деп коёт дагы!

– Эмне кыл дейсиң?! – Мукан да кыйкырды эми. – Мунун баарын мен кылгансып, мунун баары мен үчүн болгонсуп сүйлөйсүң да!

Чындап эле Калыс эсине келе түшкөнсүдү.

– Болуптур! – деди Мукан чындап эле. – Сен бу жерде отура бер, анан эс алганда айылга түшүп бар да, алаканыңды жайып карап тур! Мен кеттим.

Мукан куюн «түшүп» кеткен тарапты көздөй ишенимдүү, чечкиндүү жүрүп кетти. Далайга башын салаңдатып, үңүлдөп отурган Калыс бир убакта көз жашын арчыды да, Мукандын артынан жөнөдү… Күйүгүп, энтиккен Мукан жардын кылда учуна токтоду. Алдыда ааламды оп тартып алгысы келген ажыдаардай оозун аңырайтып, бир учунан бир учуна ат чабым Жер-Куй… Кокус, азыр жаза басып, буту тайыса эле ошонун «алкымын» карай түп-түз зымырачудай. Антсе да дүрбүсүн кош карегине кадап, Асанды так ошол ажыдаардын оозунан таап алчудай, анын уңкул-чуңкулун, көзү жеткен жердин баарын калтырбай караганга аракет кылды.

Ичиндеги көлөкө тереңдик улам арылаган сайын коюуланып отуруп, түбү капкара караңгыга айланып кетчү жараңканы үстүнөн үңүлө карай берип, бир убакта көзү карыгып, башы тегерене түштү. Артынан жете келген Калыс:

– Эмне?! – деди акактап.– Эмне экен?!

Мукан унчуккан жок. Ааламды айланта карап жаткандай тунжурады. Канчалык карагысы келбей жатса да, Алымкан менен Кызмончок калган жакка көз жиберди. Эки аял эки жерде жаткан болчу. Ортосунда сороңдоп, Жан жүрүптүр… Дүрбүнүн көздөрү алардан бат эле ары жылып кетип, бир убакта ары да, бери да кетпей катты да калды…

– Эмне?! Көрдүңбү?! – деп ийди ошону байкай койгон Калыс. – Айтпайсыңбы!

Мукандын колунан дүрбүнү жулуп алды.

 

* * *

 

Асанды шамал ойготту. Атүгүл кулагына атайын эле ышкырып жаткандай бир азга тынчый калып, бирок кайра эле ызылдап келип, бети-башын «аймалап», багалек-жеңин үзүп алчудай делбектетип, түрткүлөй баштады…

Эми элеки «булутка оронуп» алып, тоолордун үстүндө «учканы», атүгүл ага чейинки окуянын баарын, анын ичинде Кызмончокту да түшүндө көргөндөй сезип, кайра уктап калгысы келгендей көздөрүн ачпай, мемиреп жата берди.

Эсине Кызмончок түшүп кетти. Кызмончок тууралуу айылдыктар жакаларын карманып, ар кандай имиш-имиштерди айтышкан сайын күчөп, атүгүл үч-төрт жаш кичүү экенине карабай, тестиер кезинен эле ага болгон ышкысы бар. Бирок кызды канчалык жакындан көргүсү, жок дегенде аны жакындан көргүсү келгени менен, антүүгө оңой менен, деги эле эч качан мүмкүнчүлүк болчу эмес. Кээде боз балдар чогулуп отуруп алышып, ушул кыз тууралуу сүйлөшөр эле. Арасынан бирөө-жарымы туура эмес пикирин билдирип, жаман сөз айткан болсо жакалашып, мушташканга чейин барчу. Анткен менен, ошол балдардын баары эле бул табышмактуу кызды көрүүгө куштар экенин билчү. Чыны менен эле баары тең Кызмончокту жакындан көргүсү келчү. Андыктан, Кудай жалгап  ккэде Асандын:

– Жүргүлө, Асылбек атаныкына барып, кызын көрүп келебиз? – деген сунушун эч кимиси жерге ташташчу эмес. Ким-кимиси ошону каалап тургандай:

– Жүргүлө!

– Кантип?! – деп ыргып-секирип кетишер эле. Эми элеки жакалашкандарын унутуп, балдар анан уй-мүйүз тартып бириге калышып, Асылбек атаныкына баруунун ар кандай айла-амалдарын, жолдорун ойлоп таап, шадыраңдап жөнөп калышчу.

Башкаларды ким билсин, жолду катар Асандын жүрөгү элеп-желеп болуп, эмнегедир кара терге түшүп кетчү. Кызмончокко кокус жолугуп калчудай, балдардан өзгөчөлөнүп көрүнгүсү келип, алдыга түшүп алчу. Канча ирет ушинтип барышканы менен, Кызмончокту көрүү Асандын да, башкалардын да шыбагасына бир гана жолу туш келген.

Эшиктин алдында топтошуп, күбүң-шыбың болуп, короонун ичин шыкаалап турган балдар бир убакта экиге тең жарыла беришкен. Эки чака суу илинген апкөчтү ийнине көтөрүп, булактан келаткан кыз делдейген балдарды карап да койбой, тек гана суйкайган калыбында аралап өтүп, короого кирип кеткен. Кыздын артынан карап, балдар эс-учтарын жыя электе үйдөн анталаңдап Асылбек чыга калган да:

– Эмне турасыңар?! Тарагыла! Болгула! О, чычымдар! – деп жерден таш ала коюп кубалаган болчу.

Асылбек деле Кызмончоктун айылдын балдары, кыздары менен ойноп, аралашып жүрүшүн жандилинде канчалык каалаганы менен, мунун канчалык опурталдуу  экенин билчү. Анткени Кызмончокту курт-кумурскадан да сак-сактап кайтарып турчу бала жылан айбандык кылып, бирде болбосо бирде балдарга залакасын тийгизип коёбу деп коркчу. Ата-эненин андай аракетин булар түшүнүп коюптурбу, кыйла жерге чейин дыргаяктап качып барышчу да, Асылбекти жек көрүп  атышчу. Бирок бат эле баарын унутуп салышып, Кызмончоктун сулуулугу тууралуу биринин оозундагы сөзүн бири жула качып, айтып түгөтө албай жатышар эле.

– Эй, кирпиктери мо-омундай экен, – дейт Болот деген бала колу менен өз кирпигин чубап, узартып жаткандай көрсөтүп, – ийилип турат экен.

– Мойну у-ушундай узун турбайбы, көрдүңөрбү?

– Анан бети аппак экен ээ, ыя?

– Эй, этеги менин колума тийип кетпедиби кичине!

– О-ой, калпычы!

– Өлүп кетейин, чын!

Андайда Асан Кызмончокту балдардын баарынан кызганып кетчү. Алардын ичин күйгүзүш үчүн Кызмончокту буга чейин канча жолу жанынан көрүп, суусун көтөрүп келгенин, ал гана эмес ырдап бергенин, Кызмончок бетаарчысы менен чекесинин терин арчып, бетинен сылап, күлүп койгонун, Асылбек ата деле эчтеке дебегенин, айтор, кыялында жашап жүргөн «жомокторунун» баарын чынга айланып айтып берип, балдардын оозун ачырчу. Адегенде ага баары ишенип, балдардын арасында аброй да күтүп жүрдү. Балдар түгүл, Кызмончокту биринчи жолу айылдын кыздары, чоң-кичине дебей баягы, Бүбү эненин бейит башында көрүшкөн. Анда деле  Асылбек менен Сырга кызын ээрчитип, элдин эң артында келип, бат эле шашкалактап кетип калышкан. Андан кийин эл Асылбектин үй-бүлөсүн таш бараңга аларда, жыландардын ордосу айылды каптап келгенде гана даана көрүшкөн.

Ошол кеч күздө Кызмончоктун Бектемирге турмушка чыкканын уккан  Асан жылаңайлак, жылаңбаш кар кечип, үйдөн качып чыккан. Улам үйдөн, айылдан алыстаган сайын катуулап ыйлап, акыры өпкөсү көөп, баса албай калганда гана токтоп, кимге таарынганын өзү да билбей, ээги-ээгине тийбей отура берип, үшүгөндө гана үйгө кайтып келген. «Абылай баласына Кызмончокту алып берет экен», – деген имишке адегенде ишенбей, акыры эл менен кошо тойлоп жүрүп келген ата-энеси Асандын денеси от менен жалын болуп, ооруп калганын түндүн бир оокумунда араң байкашкан.

Кызмончоктун жубан болушу менен эс-акылында: «Болду, баары бүттү, өттү-кетти!» – дегени менен, жүрөгүндө сакталып калган алгачкы сезимдин, кызганычтын тагы, Кызмончоктун колунан чай ичкен күндөн баштап кайра жаңырган. Анын турмушка чыкканынын бир жакшы жери – Кызмончок мурдагыдай эч кимге табышмак болбой, эч кимден жашырынбай калганы эле. Себеби, Кызмончок менен ымыркай кезинен бирге өсүп, «жансакчы» болуп алган жыландын айылдан кетиши  менен элдин шыбагасына  Бектемирдин келинчегин  жакындан, жанынан көрүү  эркиндиги тийген. Айрыкча, Абылайдыкы келин алгандан бери алардын үйүнөн киши үзүлбөй, айылдын чоңу- кичинеси, аял-эркеги дебей, «келин көрдү» кылып, кайра-кайра эле келе беришчү болгон. Ошолордун арасында боз балдар да бар эле. Кызмончок сунган чайдан шорулдата ичишип, жеңенин кирпигинин ирмелишинен тартып, анын бар кыймыл-аракетине карек төшөп, эстери ооп отуруп кетишер эле. Атүгүл, бир сапар Кызмончокту караган боюнча «катып» калган Асанды балдар бышкырып күлүп, чыканак менен турткүлөп  жатып «эсине келтиришкен». Ошондон кийин Асандын мүнөзү өзгөрүп, ойлуу тартып, чүнчүп кеткен. Ар кайсыны шылтоолоп, Чынтемирге бара берчү болгон. Андан жеңеси жөнүндө кыйытып сурап алып, ал тууралуу уккан ар бир сөздү көкүрөккө уялатып, кыялында жомокко айлантар эле. Ал эми кечээ Кызмончоктун жоголгондугу тууралуу жаңылык анын жандүйнөсүн жанчып жиберген болчу! Алапайын таппай, кайсактап калган… Элге кошулуп, Бектемирди издеп чыкканы менен: «Кайда кетип калды экен байкуш? Же жыландарга кетип калдыбы?» – деп, эси-дартынын баары – Кызмончокто боло берген. Анан эмне болду эле?..

Бети-башын топурак-кум менен «чапкылап», жада калса ой-сезимин кошо сапырып, көз алдындагы «сүрөттөрдү» жула качып, кулагында атайылап эле ызылдаган шамалга анын итиркейи келди. Канча жолу бетин катып, көмкөрөсүнөн оодарылып жатып алгысы келип, бирок «былк» этсе  эле ойлорунун бардыгын жоготуп алчудай, кыймылдабай, көздөрүн ого бетер бекем жумуп, андан ары эмне болгонун эстеди…

Анан… Кызмончоктуң жанараак эле  кудум жыландардын ханышасындай койкоюп, кыжылдаган макулуктардын арасында отурганы элестеди… Кулагына кош ооз мылтыгын ошолорду карай соройтуп сунуп, калчылдаган Абылайдын кышылдап, тез-тез дем алганы угулду… Анан эле кайдан-жайдан пайда боло калып, эт-бетинен кулап түшкөн Алымкан… Көп өтпөй эле байкуш аялдын башын жөлөп, колтугунан көтөрүп тургуза албай, адамдардан жардам сурап ыйлап отурган Кызмончок… Көп өтпөй эле кыр ашып, кылкылдап «көчүп» бараткан  жыландар…

Ошону гана күтүп турган адамдар Бектемирди көтөрө калышып, Алымкандын сулаган денесин кучактап, жардам сураган Кызмончокту айланып өтүп, адамдар айылды беттенип кетип жатышкан… Канча ирет адамдардын арасынан суурулуп чыгып, байкуш Кызмончокко учуп жеткиси келип, обдулуп барып токтогон. Боорукерлик, кайрымдуулук издеп атасын, агасын, башкаларды караган. Анын мындай аракетин байкаган атасы: «Тынч тур!» – дегендей билегинен кармап, катуу-катуу кысып койгон. Анткен менен Асан атасынын көзүнүн кычыгынан «тып» этип кулап түшкөн тамчы жашты көргөн да, таң калып койгон… Артына кылчайып карагысы, булардын тобунан «бөлт» эте бөлүнө качып, Кызмончокту карай чымылдап чуркагысы келип, бирок атасынан, жанындагылардан жазганып, алсыздыгына өзөгү өрт менен жалын болуп, ыйлап бараткан…

– Кантет, чоң эле бала! – аны алдыртан байкап келаткан атасы, баласынын эмнеге ыйлап жатканын түшүнбөсө да ушинтип зекип коюп аткан. «Бектемирге боору ачып, же бала неме катуу коркуп калса керек…» – деп болжосо керек атасы. Аңгыча эле бура бастырбай, буларды бет алдынан боздогон бороон-чапкын тосуп, жолун торогон… Көзгө көрүнбөс таш дубалга кептелип калгандай, алдыга жыла албай, ал гана эмес шамалдын күчү, агымы менен келген жактарын көздөй бир топко чейин түртүлүп, дикилдеп «чуркап» барышып, анан бири-бирин кармап, оорулуу адамды ортого жаткыра коюшкан да, уй мүйүз тартып, чогула калышкан. Ошондо да артына кылчактап турган Асан бир кызык көрүнүшкө кабылган. Аны карай чымын-куюн болуп келаткан зор, ак жылан буларга жетип-жетпей, чимириктей чимирилген, куйруктуу куюнга айланган дагы, Асанды заматта ымыркайдай бооруна ороп-чулгай коюп, жерден тап-так көтөрүп алып асманды карай алып учкан.

– Ата?! – деп тыбырчылап, кыйкырып бараткансыган ал. Бирок үнү сыртка чыкпай, ичинде калып жатканын сезген. Ал андан аркысынын өңү же түшү экенин ажыратып биле албай калган болчу. Жерден канчалык алыстап, бийиктеген сайын, ылдый жакта калгандар улам кичирейип, адамдардын жанараак эле калдайган калың тобу алакандын отуна баткыдай, бир ууч болуп кичирейип отурган…

Анан? Андан кийин эмне болду эле? Билбейт. Эч нерсе эсинде жок… Бир билгени – ушул жерде жатканы. Шамал басылып, кулак-мурун кескендей боло түштү. Мунун баарын уктап калып, түшүндө көргөндөй бир сезим келип кетти…

Алда нени сезгендей жүрөгү дүкүлдөп, муундарын билинер-билинбеген калчылдак басып кетти. Кудум жымжырттыкка сорулуп бараткандай сезилди. Көзүн ачканча, сулк жаткан денесин, буту-колун кыймылдатканга, тура калганга шашты. Адегенде ээн талаа, эрме чөлдө калгандай көрүндү… Асманда калдактап учкан карга-кузгундан, жерде өзүнөн башка жан жоктой сыяктанды… Анткен менен, денесинин ооруксунганы деле билинген жок. Колдору менен ар кай жерин, бети-башын сыйпалап көрдү. Эч нерсе болбогондой, баары жайында окшоду.

Жаткан жеринен тура калып, айланып-тегеренип, туш-тарабын карады. Көзү каныккан сайын бул жер ага тааныштай көрүнө баштады… «Кайда жүрөм?.. Кай жер эле?..»

Эми-эми эстеген, тааныган сыяктанды… Жинди-Чап?!. Энтигип, көкүрөгүн солкулдата бат-бат дем алып, кай тарапка чуркарын билбей жаткандай октолуп, кайсактай түштү да бала. Карга-кузгун айланган тарапты карай чымылдады анан. Айткандай эле, анча деле алыс эмес жерде жаткан караанды көрдү.

Ызылдаган шамал да Жер-Куйга түшүп кетип, эми эле араңдан зорго чыгып келгендей, так ошол Асан бараткан тарапты карай беттенип, кудум уланга бүткөн кош канаттай алып учуруп, тең жарышып баратты…

 

* * *

Дүрбү салып турган Калыс бир убакта кубангандан калчылдап, кыйкырып жиберди:

– Аса-а-ан!!!

– Кана-а?!– дүрбүнү ала коюп караган Мукан да кубангандан кыйкырып, Калысты кучактап калды:

– Тирүү! Тирүү экен!

 

* * *

 

Жаны кейигендей кышылдаган жылан келиндин бооруна жарым-жартылай сойлоп чыгып, бир чети анын дем алышын тыңшап жаткандай, бир чети чарчап-чаалыгып, сагынып келип эң жакынынын кучагына кулагандай, жүрөк үстүн жазданып, жатып калды.

Асан аларга  жетип-жетпей, кадамын жайлатты.

Жан ары карап жатып да, адам баласынын келгенин  билди.

Антсе да, ушул ирмемдерин жоготкусу келбеген өңдүү, же тигинин жакындап келишин күткөндөй, кыймылсыз жата берди. Качан гана Асан аларга жетип-жетпей токтоп калганда гана  имерилип карады.

Муштумдары бекем түйүлүп, өпкөсү көөп, терең-терең дем алып, бир карасаң жакындоодон жазганып, бир карасаң Жанды эрөөлгө чакырып турган өңдүү Асан энтигип турган болчу.

Жан калыбынан кебелбей, тиктеп жата берди. Анын көздөрүндө:

– Эмне эдиреңдейсиң?! – деген жазуу менен кошо эле, жадымынын тээ тереңинде кандайдыр кызганыч да «бүлк!» этип ойгоно калган болчу.

– Тур, мындай! – деди Асан жандилинде жандалбастап. – Тур деп жатам сени!

Жан ага өчөшкөнсүп, эми  жерде жаткан жарым тулкусун да Кызмончоктун денесине алып чыгып: «Эр болсоң жакындап көр!» –деп биротоло аны ээлик кылып алгандай түр көрсөттү.

Асан эки жагына кайсактап, колуна илинер бир нерсе издеди. Жыланды ушу азыр үстүнөн алып ыргытып салса эле Кызм ончок: «Өх-х!» – деп ордунан тура калчудай сезилип, бирок сурданып, абалкыдан алда канча каардуу, сүрдүү өндөнүп көрүнгөн жыланга катылууга даабай, кара терге түшүп кетти.

– Тур деп жатам! – бакырды улан. Жылан кебелген жок. Ызалангандай, кыңылдап ыйлай баштады бала:

– Ы-ы… Жогол дейм, бу жерден!

Качантан берки уга берип  жадымына сиңип калган: «Кызмончок качандыр жыланга кубалат! Кубулат… кубулат…!» – деген үндөр кулагына жаңыра калып жатты. Жан аны арбап, жыланга айлантып жаткандай, мына-мына Кызмончок анын алдынан жылан болуп суурулуп чыга келчүдөй сезилип, бир жагынан буга ишенгиси да келбей кайсактады бала. «А кокус, өлүп калган жокпу?!» – ушул ой мээсине «тык!» эте калганда дагы бир-эки кадам алдыга жылды:

– Кызмончок жеңе, туруңуз?.. Кызмончок?!.

Жылан чындап эле Асандын улам берилеп келатканын жактырбагандай сес берип, башын көтөрүп койду:

– Тс-ссс!

Асандын асман-жери аңтарылып кетти. Жанараак эле Кызмончок андан да, башкалардан да жардам сурап, жалдырап ыйлап турганда жардамга келе албай, эми баары кеч болуп калаганын карап туруу, ал үчүн азаптын – азабы, тозоктун – тозогу эле! Чөк түшүп отура калып, алынын барынча баркырады бала:

– Кызмончо-ок?! Мен сени сүйө-өм, Кызмончо-ок?!

Жылан «селт» этип, башын көтөрө калды. Ушул үн Жинди-Чаптын ичин жаңыртып, Жер-Куйдун тээ түбүнө чейин жетип, андан чыгып алып адыр-түздү аралап, бүтүндөй ааламга тарап кеткендей сезилди ага…

– Мен сени сүйө-өм, Кызмончо-ок!!!

Кандайдыр белгисиз дүйнөгө сорулуп кетип бараткан келинди да «ойготту» ушул үн. Өзүн ороп-чулгап алып, кайдадыр «алып кетип» бараткан түшүнүксүз нерселерден бошой түшкөндөй болуп кетти! Кимдир бирөө үстүндөгү оор жүктү алып ыргытып жибергендей, ийиндери жеңилдеп, тез-тез дем алып жиберди.

«Кызмочнокко адамдардын ишеними, сүйүүсү, мээрими түгөнгөн кезде, ал – жыланга айланат…» – Бүбү кемпирдин Асылбекке айткан ушул «жомогу» чынга айланып, келиндин жыландардын дүйнөсүнө «келе жатканына» ишенип… Бир чети аны аяп, бир чети адамдык азаптардан арыларына каниет кылып, бу жерден жыланга айланган Кызмончокту эрчитип алып, кайдадыр алыс-алыс кетип калууну каалап турган Жандын дүйнөсү чакчалекей боло түштү!

Бат-бат дем алган Кызмончоктун  адегенде көкүрөгү солкулдап,  анан колу-бутунун учтарына, кирпиктерине болор-болбос кыймыл кирип, андан кийин көзүн ачууга аракет кылып жатты келин.

Асан аны туйган жок. Бөк түшүп, түйүнчөктөй түйүлүп, жерде солуктап жатты:

– Кызмончо-ок?! Кечирип койчу-у, Кызмончок?!.

Асан жүрөгүндөгү, жандүйнөсүндөгү аялуу, алгачкы аруу сырын ачыкка чыгарып, төгүлүп- чачылган сайын Кызмончоктун  жүрөгүнүн согушу катуулап, денесине жан кирип, «тирилип» баратты.

Ошону сезген Жан жыбылжып, келиндин денесинен жерге түшө баштады…

 

* * *

Адегенде асманды көрдү Кызмончок…

Улам башка сөлөкөткө айланып, түрмөктөлгөн булуттардан көзүн албай, бала кезиндегидей карап жатты.

Мындайда бала жылан да жанында болор эле.

– Тээ тиги булутту карасаң, Жан, сен экенсиң… – дечү Кызмончок. – А тигил болсо – мен…

Жан асманды карап, бирок булуттардын арасынан Кызмончокту да, өзүн да таба албай, убара тарта берчү. Кыз кытылдап күлчү… Эми да Кызмончок чубалган ак буланын арасынан өзүн, жакын адамдарын издегендей, умсуна тиктей берди.

Каяктандыр, кимдир бирөөнүн кыңылдап ыйлаган үнүн эшитти. Алыстан угулуп жаткандай, үзүл-кесил угулган ошол ый улам дааналанып, ага жакындап келаткан сыяктанды. Канчалык укпай, кулагынын сыртынан кетирип, маани бербейин дегени менен, ботодой боздоп, сыбызгыдай сыздаган үн такыр эле басылбай койду.

– Кечир мени, Кызмончок? Суранам сенден, кечир?! Мен сени куткарып кала албаганым үчүн кечир?! Жардам бере албаганым үчүн кечир?!. Ы-ы-ыы…

«Бул ким?» – демин ичине катып, кимдин үнү экенин ажыратып билгиси келди эми.

–Мен сага татыктуу болбосом да сүйгөм! Менин алсыздыгымды кечир, Кызмончок… Аа-аа!..

«Кызмончок дейби?.. – бүшүркөй түштү келин. – Сүйгөм дейби? Ким бул? Бектемирби?..»

– Сенсиз мен кантип жашамак элем, мага да эми жашоонун кереги жок! Кереги жо-ок!.. Үү-үү…

«Жок. Бектемирдин үнү эмес…» – үн чыккан тарапка карады… Жакын эле жерде бирөө бир томолонуп, ыйлап жатат… «Ким бул? – деди оюнда Кызмочнок. “Буга эмне болгон? Мен кайдамын?..» Ушуну ойлоп үлгүрө электе, баланын жанында сорондоп дагы бирөө пайда боло калды. Жандын ийрелеңдеген элесин элес-булас элесин боолгоду. «Жан?!.» – кайда жатканын, буга чейин эмне болгонун эми эстегендей, көздөрү умачтай ачылып, көмөкөйүндө бир катуу чыңырып алды келин. Жан жерде жаткан адам баласынын жанына сойлоп келип, кудум чагып алчудай, башын алдыга-артка күүлөп, сереңдеп калган болчу.

– Жа-ан?! – ордунан ыргып тура калды келин. «Селт!» этип чочуган Жан «ыргып-секирип» кеткендей, Кызмончокту карай имериле калды. Ый дагы «тып» басылды. Айлана-тегерек кулан-мурун кескендей жымжырт боло түштү.

Кызмончок менен Жан көз аркылуу, көмөкөй аркылуу сүйлөшүп жатышты:

– Жан? – анын жоругуна ишенбей жаткандай, таарынгандай жооп күттү келин.

– Кызмончок?..

– Сага эмне болду, Жан?! – Кызмочноктун денесин майда калчылдак басып, болор-болбос теңселип турду.

– Бул эмнең?! Сен… Кантип ошого барат элең?!.

Жылан эмне кыларын, эмне деп жооп берерин билбей, ынгайсыз абалда калды. Жанын коёрго жер таппай, сырттан караган адамга келин менен арбашып жаткан өңдүү, тирмийген көздөрүн тартып ала албай тиктешип турду.

Бая, Кызмончоктун үнүн угуп эле жаагы «жап» болгон Асан жерден башын көтөрүп, Кызмончок менен Жандын «арбашуусун» карап,  эгерде эле жылан келинди карай октолуп, айбаат кылып баратса, береги макулукту так моюндан кош колдой, муунта кармап, кысып өлтүрүүчүдөй комдонуп, сак жатты. Бирок жылан каккан казыктай болуп кый мылсыз, катып тура берди. Ушул учурда ал:

– Булар сени эмне деген акыбалга алып келишти, Кызмончок?! – деп турган. – Сенин азап  чеккениңди көрүү – мага жеңил дейсиңби?

Чындап эле кимдир бирөө мойнунан кармап, кысып жаткандай, ызалуу кышылдады жылан. Кызмончоктун дээринен дилгир, сезимтал туюму анын канында адамдарга карата ыза менен кек, жек көрүү кайнап, кайра тартпачудай каарданып турганын байкап, башын чайкады.

Жыландын эми элеки тарамыштай түйүлгөн денеси бошоп, жумшара түшкөн окшоду. Ошондон кийин гана:

– Бул ким? – деди Кызмончок жерде боз-ала чаң болуп, алайган көздөрү эле калып, бети-башы жаш менен топуракка боёлуп, таптакыр таанылгыс болуп калган Асанды карай. Жан адамдар кеткен тарапты жаңсады:

– Тигилерден…

Алардын өзү тууралуу сүйлөшүп жатканын боолгогондой Асан ордунан туруп,  өзүн бүшүркөй тиктеген келинди тик багып карай албай, үстү-башын күбүнгөн болуп, кайпактап кетти.

– Сен кимсиң? – деди Кызмончок.

– Мен – Асан… – каргылданган үн менен акырын унчукту улан. – Касендин баласы…

Дыбырап жамгыр жаап келди.

Жан башын көтөрүп, асманды карады.

(Экинчи китептин соңу)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.