«Устатым мага зор милдет жүктөп кетиптир»

– Ар бир адам кайсы бир өнөргө аралашканда өзүнө аруу тилек, максат коет эмеспи. Төкмөлүктөгү изги максатыңыз эмне?

– Өнөр деле курал сыяктуу. Бирөөлөр өнөр менен жан бакканды, бирөөлөр мал тапканды, бирөөлөр даңк тапканды тилесе, дагы бирөөлөр мансапка жетүүнү көздөйт. Элмирбек Иманалиевдей адамдар болсо өнөр менен элди өнүктүрүүнү, элди сактаганды тилейт. Мен да устатымдай болуп акындык өнөрдү элди, элдин руханиятын, эне тилин, улуттук аң-сезимди, ар-намысты коргош үчүн колдоном деген зор максатым бар.

 – Айтылуу Токтогул атабыздай болуп Элмирбек Иманалиев дагы бир кезде кичинекей комуздарды чаап көргөн экен. Силердин араңарда комуз чапчу акындар барбы?

– Устатым, «акындар бир өзүңөр комуз чаап көрсөңөр жакшы болмок», – деп көп айтчу. Анны жасаганга убакыт, шарт деле жок. Намазбек Уралиев, Орозобек Кенчинбаев, Мирбек, Нурадин сыяктуу мыкты уста агалар бар. Азыр комуз станоктун жардамы менен чабылат. Ошону барып үйрөнсөк азыркы төкмө акындардан жакшы кол өнөрчү чыкмак негизи.

 – Автордук китеби тууралуу сурасам Элмирбек Иманалиев шакирттеринин ар бириники китеп болуп калганын айтты эле. Жакында сиздин китебиңизди көрө алабызбы?

– Устатым туура айткан. Беш жылдан бери акындар «Төкмөлөр келсе төр бошот» долбоору менен иштеп жатабыз. Андан сырткары өзүнчө концерттерди бердик. Ошолорду чыгарсак бир жука китеп болот. Бирок, китеп чыгарыш үчүн устатыбыздай торгой көзү элек жана бийик талап болуш керек экен. Устатыбызга деле китебиңизди чыгаралы десек «кое тургулачы дагы бир жакшы ырларды жазайын» деп коер эле. Анан биз деле ошол устатыбыздын жашына барганда чыгарсак туура болот го.

 – Жанатан устатыңыз тууралуу кеп кылып жатабыз. Анын уулдарынан төкмө акын болчусу барбы?

– Устатымдын үч уул, үч кызы бар. Эрулан деген улуу баласы комузду өзү эле үйрөнүп алыптыр. «Бир күнү барсам англисче мультфильмдин обонун комузда кайрып жатыптыр», – дейт устатым. Ошол уулу соңку кездерде мен атамдай акын болом деп кыялданып жүрөт. ªткөндө андан: «айтышка качан барасың?», – деп сурасам,- «азыр ондомун, 12 жашка чыкканда барайын», – деди. Андыктан уучубуз куру эмес. Бирок, ал балага устатымдай эч ким сабак бере албайт го. Элмирбек устатым бизге адамгерчилик, мээримдүүлүк менен таасирдүү сабак өткөндө биз муюп угуп, эриген кыттай балкый түшөр элек. Ошо кишидей тарбия бере алабызбы, албайбызбы кеп ошондо.

 – Чукугандай сөз тапкан Изат Айдаркулова экөөңүздөрдүн айтыштарыңар элдин бүйүрүн аябай кызытат. Ушул сыяктуу кыз-жигит айтыштарын элге көбүрөөк алып чыкса кандай болот эле?

– Кыз менен жигиттин темасы сүйүү, азил-тамаша болгон үчүн экөөбүздүн айтыштарыбызга болгон элдин кабыл алуусу күчтүү болуп кетти окшойт. “Ютуб” каналынан Изат Айдаркулова экөөбүздүн айтышыбызды 2 миллионго жакын көрүүчү көрүптүр. “Айтыш” тарыхында мындай окуя биринчи жолу болду. Негизи айтыштын кооз, маңыздуу болушу эки акындын ой көрөңгүсүнөн, чебер тилинен көз каранды болот. Сиз айткандай айтыштарды келечекте уюштурсак болот.

 – “Төкмөлөр келсе төр бошот” теледолбооруна элге анча таанымал эмес төкмөлөр да катышып жүрүшөт. Буга КТРК редакциясы кантип макул болду?

– Акын болом деген бардык адамдарга текши мамиле кылуу устатымдын эмгеги болду. Элмирбек, Темирбек деген балакатка жете элек инилерибиз бар. “Төкмөлөр келсе төр бошот” долбоору тартылганда экөөнүн үнү жакшы калыптана элек болгондуктан: “комузу Кокондо, обону Ошто” жүргөн бул балдарды эмнеге катыштырдыңар. Булар экран талабына жооп бербейт”, – деп чыгышты. Ошондо устатым: “эгер буларды кессеңер мен силер менен иштеше албай калам”, – деп кестиртпей койгон. Анан Чубак деген ата, Дөөлөт деген байке келди. Ошондой эле боордош өзбекстандык кыргыздардан Акжол деген байке келип: “экранга чыгайын, турмуштун түйшүгү менен акын боло албай калдым. Көөдөнүмдө кичине учкунум, чымыным бар эле”, – деп келгенде аны дагы устатым четке какпай, макул болду. Анткени ар бир адамдын көкүрөгүндө ишке ашса деген максат болот. Назира Аалы кызы, Канымжан Жаманбаева эжелерге айтып жатып ал кишилерди да кестирбестен эфирге чыгарттырды. А такшалган төкмө акындар ар кандай айтыштарга катышып, өз өнөрлөрүбүздү көргөзүүгө жетишип эле жатабыз.

 – Союз доорунда сүрөтчү, ырчы, обончу, төкмө, скульптор, акын, жазуучулар аралашып, бири-биринен эргүү, энергия алышчу экен. Сиз учурда кайсыл өнөр адамдары менен жакынсыз?

– Заманыбыз чымын куюн болуп учуп бараткандыктан азыр интернетте эле чогулуп, башка учурда ар кай жерде болуп калып жатабыз. Сиз айткандай жолугушуулар көп болсо, бири-бирибиздин өнөрүбүздөн тереңдеп өрнөк алсак бир топ жакшы чыгармалар жаралабы деген ойлор туулат. Буюрса ушундай отуруш, жыйындарды уюштуруп турушубуз керек экен. Анан азыр күнүгө болбосо да айына бир эки жолудан өзүм теңдүү Бердибек Жамгырчиев, Максат Жангазиев сыяктуу жазма акындар менен жолугушуп турабыз. Элмирбек Иманалиевдин шакирттери болсо бир жумада бир жолугабыз. Устатыбыз барда “Айтышта” күнүгө жолугуп турчу элек. Буюрса муну да кайра жолго коебуз.

 – Туулган жер, Мекенге болгон кусалык, сагынычты кантип жазып жатасыз?

– Адамзат үчүн, айрыкча кыргыз баласы үчүн туулган жерден ыйык нерсе жок экен. Туулган жеримди, өскөн элимди аябай сагынам. Сагынган кезде Ата Журт, сагыныч, сүйүү тууралуу ырларды ырдап, сүрөттөрдү көрүп калам. Ата Журтка деген тээ жүрөктүн түпкүрүндө удургуган бир сезим бар. Буюрса ошол жакшы чыгарма болуп чыгат деген тилек бар.

 – Кийин өзүм туулуп өскөн жериме барып төкмөлүк өнөрүн жайылтам дегениңизди окуганым бар…

– Ооба ошондой тилегим болгон. Ал тилегим ишке ашпай калат окшойт. Анткени мен 2018-жылы Кыргызстандын жарандыгын алдым. Анын үстүнө минтип устатыбыз каза болуп калды. Устатымдын “жарым мүнөт жадыңдан кыргыз чыкпасын” деген улуу тилеги бар эле. Устатыбыздын ошол насаатын аркалап, эгемендүүлүгүбүздү, аң-сезимибизди коргош үчүн, акыйкатты айтыш үчүн, улуулукту, билим, өнөрдү даңкташ үчүн Кыргызстанда калып иштейин деп чечтим. Кыргызстанда бардык жерде бюджеттен окудум. Эми менин терең билим алуум үчүн шарт түзүп берген Мекениме ак кызматымды өтөшүм керек.

 – Сырттан келген боордошубуз катары Мекенибиздин эмнесине түйшөлүп, эмнесине кубанасыз?

– Кыргызстан Ата Мекеним болгон үчүн ичим жылыйт. Үр кызындай үлбүрөгөн өрөөнү бар, баатырлардай көк тиреген тоолору бар кооз жерди калтырган ата-бабаларыбыз эске түшүп, ушундай жерде жашаган кыргыз эли бактылуу деп жүрөгүм жылыйт. Жан кейитер жагын айтсак аябай эле көп. Мени аябай кейиткени сектант, бейөкмөтчү болбогон, чет өлкөлүк менен байланышы жок кыргыз жок экен азыр. Мамлекетибиздеги бардык нерсеге кайсы бир чет өлкөнүн тиешеси бар дегендей. Ошентип кыргыздар чачырап кеттик. Кыргыздар бир максатта Кыргызстанды улуу мамлекет кылалы деп иштешпейт экен. Инвестиция берген жактын сөзүн сүйлөп эле Ата Мекендин кызыкчылыгын таманга салып, тебелеп коюшарын көрүп жүрөгүм ооруду. Кыргызстан дүйнөдө бирөө эле болгондуктан бул мамлекетти муң, карызга мүңкүрөтүп чөгөрбөй баарыбыз аны көтөрүшүбүз керек. Минтип айта берсем жан кейиткен нерселер аябай көп. Мунун баары кайдыгерликтен улам болуп жатат. Бизде байлык, завод, фабрика жок деп мен сыяктуу жаштардын сыртка чыгып кетип жаткан өкүндүрөт. Москва бир күндө курулган эмес деп орустар айтышат эмеспи. Өлкөбүздө керемет суулар, жерлер, тоолор турат. Ошолорго неге саякат жайын курбайбыз? Же болбосо сууларга балык өстүрүп, тоо-талааларыбызга мөмө-жемиштердин бардыгын өстүрүп дүйнөгө бренддерди неге чыгарбайбыз? Бал, балык, форель, тоолор дегенде туристтер дароо Кыргызстанды элестеткидей кылганга неге болбосун. Ал үчүн ар бир кыргыз эрте туруп эмгек кылышы керек. Айлыктан байлык издебешибиз керек. Байлыктын баары биргелешип курган иштерде гана болот.

Кыргызстанда билим берүүгө өтө көп акча жумшалат экен. Тың окугандары чет өлкөлөргө чыгып кетет экен дагы, бул жакта калгандарынын ичинен келесоо болсо да чоңдун баласы кызматка отурат. Ушинтип мамлекеттин өнүгүү стратегиясы жок болгондуктан мамлекет аксап, жылдан жылга тонолуп кетип жатканы, кыргыздардын зөөкүр уулдарынын саткын болгону мени аябай кейитет. Алакандай Кыргызстанды оңдоп койсо болот деп көп айтылат. Бирок, ушу кезге чейин алакандай Мекенибизди оңдоочу адамдар бийликке келе элек. Дагы бир кемчилигибиз өзүбүздүн тууганыбыз зөөкүр болсо да аны мактайбыз. Жер саткыч, тоногуч, жегич, мансапкор болуп жатса дагы аны төргө өткөзүп сыйлайбыз. Кыргыз эли илгери эч качан минтип наадандарды сыйлаган эмес. Биздин урууда мындай жок болчу деп өз тентегин өзү тыйып, өз эр жигитин өздөрү, баалап, көтөрүп алчу. Ошентсе да куу чөп менен ооз аарчыбайлы. Кыргызстанда өнүгүүгө чоң жол бар. Ал үчүн ар бир кыргыз таңкы алтыда туруп ак эмгекти башташыбыз керек.

 Өнүгүш үчүн Кыргызстан,

Өнүккөн адам болгун деп,

Өтүнөм ар бир кыргыздан

Кур мактанып өспөйбүз биз,

Манас менен Чыңгыздан.

Мактаганың бабаны,

Баарың маанилүү жумуш тургузсаң.

Кыргыздар тапсын ырыскы,

Кыргыздын ар бир урпагы,

Марстан, Айдан, Жылдыздан! – деп көп жерде ырдап эле келе жатам.

Анын сыңарындай азыр элди жалкоолуктан, жөнү жок эле майрамдардан алыстатып, талыкпай иштешибиз керек. Мисалы, Кызыл-Суунун илгерки аты Кату Багыт болгон. Аркы жагы Какшаал, анын аталышы эле ал жердин кандай аймак экенин айтып турат. Ал жерде суу кемчил, жер какырлуу. Эл ак эмгек, билим, өнөргө гана таянып жан сактап, өмүрүн улап келет. Кыргызстандагыдай жакшы шарт болгондо Кызыл-Суу эбак Швейцариядан ашып кетмек. Анткени ал жакта эл таң атпай эрте туруп эмгек кылат.

(Аягы)

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”