Мыйзамсыз ташылып келинген дары-дармектер табылды

ЕАЭБтин бажы аймагына 2 956 200 сомдук мыйзамсыз ташылып келинген дары каражаты Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

 ЕАЭБтин бажы аймагын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгында   “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “А.Э.И” ЖЧКнын аймагындагы терминалда “Мерседес Бенс Actros” үлгүсүндөгү транспорт каражатына бажылык тыкыр кароо жүргүзүшкөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнөн Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 129,5 кг болгон 2274 пачка “Regapen 300 mg” дары каражаты табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 2 956 200 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди