«Күрөш боюнча Кыргызстан чемпиону болгум келет”

Бул бийчи бөбөк Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылынын 6 жаштагы кулуну Абубакир Базаркулов. Анын бул бийин көрүп сөзгө тарттык.

“Мен бийлегенди, ырдаганды, ойногонду жакшы көрөм. Ат минем, бирок атамдай катуу чаптыра албайм. Мага кымыз, жарма, бозо, козунун эти жагат. Тамгаларды жаза алам, карандаш менен сүрөт тартам. Жыйырмага чейин санайм. Чоңойгондо күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болгум келет. Жети атам болсо Руслан, Базаркул, Наамат, Жанаалы, Кыдыраалы, Айткожо, Мамбет”,- дейт тыкылдаган Абубакир.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *