Ак-Сайдын тамы – чоң чырдын башыбы?

Азыркы учурда Жерүй кенинин тегерегинде ар кандай чуулгандуу окуялар болуп жатканы реалдуу. Жакында эле. «Альянс Алтын» ЖЧКсына тиешелүү «Бакубат» фонду аркылуу Талас районундагы
Ак-Сай айылынан бала бакча үчүн 100000 долларга сатылып алынган турак жай үй боюнча чырга чекит коюла элек.

Жерүй кенине байланыштуу элдик комиссия: фактыларга таянып, ал турак жайдын ээси Исаев Молдогазы Сахидиновичтен кыйла абдан кымбат баада сатып алынган, ошондуктан турак жайды баалоочу атайын мекеме аркылуу баалатканды 42854 долларды же 3 млн. 284358 сомду түздү.

Бул дагы бир доллардын курсун 76 сом менен эсептегендеги көрсөткүч. Ошентип 58000 доллардын тегерегиндеги ашыкча төлөнгөн жашылбайлар кимдир бирөөлөрдүн чөнтөктөрүн «ысыткан» дешүүдө.

Ү.Өмүралиев атындагы айыл аймак башчысы Козубак Айталиев жана үйдүн ээси Исаев Молдогазы тарабынан 2019-жылдын 17-декабрында сатуу жана сатып алуу келишими түзүлгөн.

Бирок Айыл аймак башчысы Козубак Айталиев, — баары мыйзамдын негизинде жасалды. «Нур теңир» ЖЧКсы тарабынан үй 7 млн. 29270 сомго же 100000 долларга бааланган. Биз сотко чейин барсак да өз укугубузду коргойбуз», — деди.

Ү.Өмүралиев атындагы айыл аймак башчысы Козубак Айталиев «Бакубат байгерчилик» фондусунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү келишимге чейин бала бакча үчүн алынган үйдү көрүп макулдуктарын беришип, документке кол коюп беришкенин редакцияга билдирди.

Элдик комиссиянын төрагасы Серик Жолдосов Ак-Сай айылындагы аталган үй эки эсе кымбат баалангандыгы тууралуу документтер Талас облустук прокуратурасына эки апта мурда берилип, кечээ жакында финансы полициясы ишти иликтөөгө алганын билдирди.

Ошентип «кармаш» эмне менен бүтөөрү белгисиз. Айылдагы эки кабат үйдү сатып алган, макулдук берген тарап «биздин иш кынтыгы жок аткарылган, биздики туура» десе элдик комиссия үйдү эки эсе кымбат баалап, 60000 долларга туйтунгандарды мыйзам жоопкерчилигине тартабыз» деген дымакта. Окуя кандай өнүгөт, убакыт көрсөтөт.
Козубек ИМАНКУЛОВ,
«Кыргыз Туусу»