Убайымга салган ун канча сом?

Жыл башы менен Кыргызстанда ун, ун азыктары кескин көтөрүлүп кеткен эле. Жыл ортолоп арпа, буудай чабыла баштагандыгына байланыштуу Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Ош базарына барып ундун, ун азыктарынын бааларын сурап көрдүк. Учурда бир мүшөк ундун баасы жыл башындагыга салыштырмалуу 20 сомго гана арзандаптыр.

Казакстан унунун бир килограммы 35 сомдон 45 сомго чейин экен. Ун сатуучулардан ундун каяктан келип жатканын, ундун, ун азыктарынын неге арзандабай жатканын сураганыбызда көбү жооп берүүдөн качышты. Ошентсе да ун бааларын билүүгө аракет кылдык. Ош базарында азыр 1-сорттогу ун 1500 сомдон 1650 сомго чейин экен. 2-сорттогу бир кап ун 1200 сомдон сатылып жатыптыр.

Ал эми ундун эң арзаны учурда 1100-1000 сом болуп чыкты. Коронавирустан уламбы базардагы элдин маанайлары да суз экенин байкадык. Ун, ун азыктарын сатып алып жаткан кардарлар да баалар боюнча өз пикирлерин айтуудан баш тартышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *