«Дарыгерлер жана ыктыярчылар – учурдун каармандары»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов иш сапар менен Ош шаарына барып келди. Иш сапардын алкагында, коронавирус пандемиясына байланыштуу салынып баштаган оорукананын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты.

«Жаңы оорукананын курулушун тез, ошол эле учурда сапаттуу бүткөрүү керек. Бул медициналык жай интенсивдүү терапиясы жана реанимациялык орундары менен болот», – деди Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы оорукананын эмгек жамааты менен маектешти, медицина кызматкерлеринин ден соолугун сактоо боюнча мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кубатбек Боронов Ош облусунун Кара-Суу районундагы БашБулак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын абалы менен таанышты. Премьер-министр багыты өзгөртүлүп, медициналык мекеме болуп жасала турган имаратты оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаарындагы күндүзгү стационарлардын иши менен таанышып жатып: “Медицина кызматкерлери жана волонтерлор –учурдун мыкты каармандары, алар бийик адамдык сапатты көрсөтүп, жалпыбызга үлгү болууда. Калкыбыз сиздердин ак ниеттик менен аткарып жаткан ишиңиздерге жана кайратыңыздарга күбө болуп, сыймыктанууда”, – деди.

Эскерте кетсек, Ош шаарында коронавирус инфекциясына чалдыккандарды жана өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоо үчүн ооруканаларда 1200 орун даярдалган, ал эми күндүзгү жана түнкү стационарларда 220 керебет бар. Мындан тышкары калаа боюнча өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 40кычкылтек концентраторунан 330 даанасы бар.

Мындан сырткары Өкмөт башчы Россия Федерациясынан Кыргызстанга келип, учурда Ош шаарында иш алып барып жаткан медицина кызматкерлери менен жолукту. Андан соң, Кубатбек Боронов Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды.

Анда 263 орундук медициналык мекеме 2019-жылы пайдаланууга берилген. Клиникалык ооруканага Кытай Эл Республикасы 14 даана заманбап медициналык жабдуу берүүнү пландаган. Учурда аларды коюу үчүн атайын имарат талап кылынат.

«Клиникалык ооруканага КТ, МРТ жана рентген аппараттарын коюу шарт. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу илдетти так жана тез аныктоо үчүн мындай ооруканалардын жана медициналык жабдуулардын иштеп турушу маанилүү.

Кошумча имаратты жеңил конструкциядан салуу жагын караштырып көргүлө. Бирок ошол эле учурда кышкысын жылуу болгондой болуш керек», – деди Премьер-министр.

Ошондой эле Өкмөт башчы Ош шаарындагы «Кыргыз Унаа Курулуш» заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана электробустар менен ГЭСке керектүү жабдууларды чыгарууга адистешкен. Мындан тышкары өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды – ИВЛ чыгаруу пландалган. Сыноо үчүн бирөө жасалды. Кубатбек Боронов медициналык жабдууну тез арада Бишкек шаарына жиберип, адистердин сыноосунан өткөрүүнү сунуш кылды.

«Эпидемиологиялык абал курч болуп турган учурда кол сунуп, жардамга келгениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңерибизге ишенем», – деди Кубатбек Боронов.

А.АКИМБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *