“Кудай шыпаа берсин, эми айыгып кетсең экен…” — деген сөздөрдү угуп, көзүмө жаш келип, коштошуп жаткандай эле кабыл алып жаттым…”

— Дайырбек, коомчулугубуз пандемиянын бар экенине ишенип, ишенбей турганда, адамдардын акылына сыйбаган окуялар, жоготуулар болуп кетти…

— Дүйнөдө биз азыр башыбыздан өткөрүп жаткан апаат, мурдараак болду. Көчөдөн бара жатып кулап, дем жетпей ыйлагандар, топ-тобу меен чыгарылган өлүктөрдү интернеттен көрүп жаттык. Биздин мамлекет дагы өз убагында даярдык көрүп, карантин киргизип, сыртта жүргөн мекендештерди келбей турууга, элдин саламаттыгы үчүн эрежелерди сактоого үндөдү. Бирок биздин арабызда айрым саясатчылар, блогерлер жана атайын эле саясий кырдаалды күчөткүсү келгендер: “Бийлик атайын эле элди коркутуп жатат. Барыбызды үйгө карантин деп камап салып, түнү жердерди сатып жатыптыр”, — деген ушактарды таратышты. Карантин убагында ооруга чалдыгып калгандар толугу менен айыгып чыкты.

Бирок аларга эч ким ишенген жок. “Ооругандар ким, анда атын айтпайбы? Бул бийликтин эле оюну”, — деген бузуку саясатчылар түз эфирге чыгып алып сайрады. Мына ушундай козутуулар, келе жаткан коркунучтуу оорунун бар экенинен шек жаратты. Азыр ар бирибиздин туугандарыбыз, тааныштарыбыз  Россияда жүрүшөт. Алардан сурасаңыздар дагы болот, кышында массалык түрдө коронавирус менен ооруп айыккандарын айтышат. Миллиондогон кыргыздар бар ал жакта. Акыл-эстүү мекендештер кайрылуу кылып: “Кыргызстанга барбай туралы, ал жакта ата-энебиз, элибиз бар. Оору ташып, азапка салып албайлы”, — деп чырылдап жатышты. Ага карабай, баягы эле саясий упай топтогусу келген саясатчылардын тилине кирип, жолго чыгып, Москвадагы элчиликке барып чыр салып, Кыргызстанга келе башташты. Келип дагы обсервацияда тим жатпай, врачтарды сабап, үйүнө качып кетип жатышты.

Карантин бүтөрү менен 300-400 киши чакырып куран окутуп, той кылып, эреже сактабай жайылып кетти. Мына ушундайдын кесепетинен улам, азыр вирустун жайылып кетишине себепкер болдук.

— “Төө кыядан өткөн соң, өк дегениң курусун” деген акыбалга келдик анан…

— Бирок, бизде качан эле ар ким социалдык жоопкерчиликти сезчү эле? Сөзсүз башканы күнөөлөп, башкадан айып издейбиз. Учурунда: “Бийлик алдап атат, карантинге камап койду”, — деп кыйкыргандар, азыр маскасын чечип ыргытып: “Бийлик убагында чара көргөн жок, бийлик кетсин”, — деп кыйкырып жатышат. Бул оору – бийлиги барды дагы, байлыгы барды дагы аябайт экен. Арабызда канчалаган таасирдүү адамдар, байлар өтүп кетти. Ар бир курмандыкка, ар бир кайгыга жанагы: “Вирус жок, ишенбегиле, бул атайын эле бийликтин оюну,” — деген, тескери үгүт жасагандардын дагы салымы бар. Алар, тилекке каршы моралдык жоопкерчилик сезип, кечирим суроонун ордуна, учурда шайлоого кызуу даярдык көрүп, дагы деле ар кимди күнөөлөп, саясат менен чуркап жүрүшөт.

Өзүң дагы ооруп калганыңды айтып, сүрөтүңдү жарыяладың эле. Ооруну кантип жеңдиң? Сыркоолоп жаткандарга сабак болсун дегеним?

— Мен, оору жугузуп жатып калган убактын 5 күнү өтө эле оор өттү. Тамак тургай суу дагы өтпөй калды. 8 кг салмак дароо кетти, щылынып калдым. Шалдырап эле жаттым, көзүм жылтырап. Жыт, даам жок, жашоо “черно-белый”. Түнү жөөлүп сүйлөнүп, өзүмдү-өзүм көрүп чыгам. Так ошол маалда көчө ыйга толуп, ооруканалардын алдын карайлаган эл каптап калган эле. Ал көрүнүш абалымды дагы начарлатты.

Врачым Аскат келип, дарылай баштады. Анан сөз арасында: “70тей пациентим бар, бары жакшы болуп калды. Арасында 5 бейтап өтө оор болчу, уже басып кетти,”-деп көңүл жубатып жатты.  Жакын көргөн агаларым, эжелерим, досторум, кесиптештерим сурап, тамак жиберип, дары-дармек жөнөтүп жатышты.

“Кудай шыпаа берсин, эми айыгып кетсең экен…” — деген кайрат сөздөр дагы айтылды. Аны угуп кайра көзүмө жаш келип, коштошуп жаткандай эле кабыл алып жаттым.  Мага эмне күч берди? “Дайыр, бүгүн үнүң жакшы чыгып калыптыр”, “Дайыр сен молодец, ооруну жеңип кеттиң, так держать!”-деген сөздөр кубат берди. Чынында ал убакта жеңе элек болсом дагы, ушундай сөздөр мотивация берди.

Ошондуктан, ооруп жаткандарды аяп, “жакшы болуп кетсең экен…”-деп айтпаңыздар. Аларды “үнүң кечээкиден жакшы, батырак айыгып чык. Бир жакка барып келели”-деп моралдык жактан жоопкерчилик жүктөп, үмүт берүү керек. Вирусту – Кудайдын амири, врачтын жардамы жана 50% жакшы сөз менен жеңебиз! Ооруган адамга анекдот айткыла, күлдүргүлө, жакшы жолугушууларга убада бергиле.  Ал эми стресске түшүп калуу – ооруну күчөтөт, айыгуу процесси жайлап калат.

Достор, оорубагыла! Азыр миңдеген бейтаптар жатат, алар сөзсүз фейсбукту карайт. Алардын көңүлүн көтөргөн мотивация берген маалыматтарды тараткыла, ал чоң жардам. Ооба, кыйынчылык бар, бирок ага карабай “мына жеңебиз, тирүү жандын бары биригип алып каршы чыкты. Мамлекет дагы күнү түнү аракет кылып жатат”-деп үмүт бергиле. Арабызда, “болбой калдык, жарыбай калдык, мындай болсо кырылып калабыз”-деп наалыгандар бар. Ооруп жаткан адам андай маалыматты угуп, жашоодон үмүтүн үзөт, кайдыгер болуп калат. Андай кылбагыла, жакшы сөз, ишеним жана үмүт – эң керектүү вакцина!

Ушул күндөрү дем берген, жардам берген барыңыздарга ыраазычылык айтам! Эч ким оорубасын, ооруп калгандар аман айыгып кетсин! Кыйынчылык алдында барыбыз бир тууганбыз, баарыбыздын тарткан азап бир. Ынтымак бололу! Ден соолук баасы жок байлык, топук кылуу ден соолукка пайда экенин, чыныгы бакыт Аллахтын берген абасын искеп, жыт сезип, эркин басып жүрүүсүндө экенин сездим. Жакшы адамдарын жардамы менен ооруну жендим!

Коронавирус менен ооруп жаткан учуру
Коронавирустан айыккан учуру

— Ага чейин оору бар экенине өзүң ишендиң беле?

— Ооба, бар экенине башынан эле ынангамын. Алгачкы карантин убагында эрежелерди сактап, башкаларды дагы эрежени сактап жашоого үгүттөп, көп жолу кайрылгам. Ошондо дагы “мына бийликтин сөзүг сүйлөп, жок вирусту бар деп айтып жатат. Атайын элди коркутуп жатат”- дегендер болгон. Ушундай тескери үгүттөрдүн кесепети тийбедиби.

— Кантип жугузуп алдың?

— Кантип жугузуп алганымды так айта албайм, бирок бир адам жолугушууга чакырып, жумуш боюнча сүйлөшкөн элек. 1 сааттай отурганбыз. Ошондон 2 күндөн кийин эле ал, өзүнүн баракчасына: “Мен үч күндөн бери температура болуп жатам”, -деп жазыптыр. Аны окуп алып ойлонуп калдым. Көп адамдар бар экен: “Мен ооруп калдым, эми маска жок жүрө берейин”, — дейт же коомдук жайларга барып, элге вирус таратышат. Мындай жоопкерчилиги жок адамдар дагы жайылып кетишине себеп болду. Көбү башында ооруганын жашырып, уялып жүрө беришти.

— Ооруп жатып эмнелерди ойлондуң?

— Ден-соолуктун кымбат экенин, жашоонун кымбат экенин түшүндүм. Буга чейинки көз караштарым, жан дүйнө баалуулуктарым өзгөрдү деп айтсам болот. Ооба, барыбыз эле жакшы жашоо, жеткишкендик, байлык тууралуу ойлонобуз. Бирок, адамзат жөнөкөй бакытты байкабай, материалдык байлыктын кулу болуп кеткен элек. Чыныгы бакыт – колдо бар мүмкүнчүлүккө ыраазы болуу, топук кылуу жана ошондон ырахат алуу экен. Даам, жыт сезип, каалаган жериңе эркин басып жүрүүдөн өткөн байлык жок экенине ынандым. Беш күн аябай оор өттү, коркунуч болду. Үй-бүлө, ата-эне, бир туугандардын эле амандыгын тилеп жаттым. Өзүң оорусаң чыдайсың, жакындарым аман болсун деп Кудайдан тилеп жаттым.

Бул сасык тумоо менен кантип күрөштүң. Эң биринчи кол сунган, эсиңде калган адамдар?

— Чынында мен мамиле кылып жүргөн адамдардын бары кол сунду. Жакшы сөзүн айтып, тамагын көтөрүп келип эшикке калтырып, улам чалып турушту. Кээ бир досторум кой десем болбой үйгө киребиз деп. Алардын барынын атын атабай эле коеюн, Алаах ыраазы болсун. Көңүлүмдө калышты, чын эле кимдин ким экенин айырмалап алдым. Мотивация берип, көңүлүңдү көтөргөн адамдар бар үчүн айыгып кеттим. Ата-энеме айткан жокмун, алардын жүрөгүн ооруткум келген жок. Айыккандан кийин анан бир туугандарыма айттым. Бирок, ошол аралыкта тааныштарымдын барына сак болгула деп эскертип турдум.

— Сакайгандан кийин биринчи эмне менен алектендиң?

— Үйгө бардым, балдарым балконго чыгышты. Алар менен сүйлөштүм, алыстан туруп алып бири-бирибизди кучакташтык. Анан Каныбек деген агам бар, ал “клексан” жана “арбидол” деген дарыларды алып келди, элге таратууга көмөк кылдым. Оор абалда жаткан жүздөгөн адамдар ыйлап күнү-түнү чалып жатышты. Келе албагандарына жеткирип берип турдум. Азыр ар бир адам ден-соолук үчүн күрөшүүгө көмөк кылып, жок дегенде көңүл көтөргөн маалыматтарды таратып турушу керек.

— Элге жардам берип чуркап жүргөнүңө эмне себеп болду?

— Биринчи жолу карантин жарыяланганда дагы кайрымдуулук иштерине көмөктөшүп, элге азык-түлүк тараттык. Матраимов фонду көптөгөн жардамга муктаждарга азык-түлүк, бет каптарды берген. Ошол иштерде волонтерлук кылып, аймактарга чейин барып келип, элге тең бөлүштүрүп жүрдүк. Бул сапар өзүм ооруп калып, 1 айга жакын жатып калдым. Эгер оорубасам башкалар сыяктуу эле волонтерлук менен салым кошот элем. Азыр тирүү жандын бары чуркап, жардам берип, бүткүл адамзат бир туугандай ынтымакта болушубуз абзел. Антпесек, вирусту жеңе албайбыз. Аталган фонд учурда дагы чоң иштерди аткарып жатат. Бишкек жана Ош шаарларына стационарлык оорукана салып, элди акысыз дарылоодо. Врачтардын айлыгын жана бейтаптардын дарылоосуна кеткен чыгымын, тамак ашын дагы өз моюндарына алышты. Пневмония оорусунан улам рентген аппаратка түшкөн адамдардын саны миңдеп, жумалап кезекке туруп калышты. Ушундан улам фонд эң акыркы үлгүдөгү рентген жабдыгын алып келип, учурда элди акысыз тартып жүрөт. Буюрса бул фонд дагы керектүү жабдыктарды, дары-дармектерди улам сатып алууну, элге акысыз кызмат көрсөтүүнү улантып жатат. Мен айыгып чыктым, ошол жакшы иштердин ишке ашуусуна волонтерлук кылып, кызмат өтөйм.

— Бул апаат адамдардын баарына сабак болду деп ойлойсуңбу?

— Барына эмес. Башканы коюп, биздин коомубузда болуп жаткан айрым окуялар көңүл оорутат. Мисалы, колунда бар адамдар кайрымдуулук кылды. Стационарларды ачып, бекер дарыларды таратып, медициналык жабдыктарды алып келип жатышат. Волонтерлор пайда болду, күнү-түнү элдин кызматында. Мындан тышкары блогерлер ынтымакка чакырып, элге дух берип жүрүшөт. Ошону менен катар эле колунан жакшылык келбеген, 1 сом салым кошпогон бузукулар чыкты. Эл азап чегип жатса, саясий чакырыктарды кылып, “бул бийлик болбой калды, биздин мамлекет алсыз” деп наалышат. Анан элди көчөгө чыгып, бийлик алмаштыруу керектигин айткандар пайда болду. Кыскасын айтканда элдер ден-соолук менен алек, айрым саясий күчтөр мамлекет кыйналып турганда бийликти басып алсак деген максаттар менен алек. Азыр бийлик, кызмат талаша турган учурбу?! Бийлик башында турган адамдар эле бактылуу деп ойлойсуздарбы? Ушундай кырдаалда, азап чегип, ар кандай жаман жакшы кеп угуп. Азыр бары кыйналып жатат. Бийлик, эл деп бөлүп кароо туура эмес. Барыбыз бир бүтүнбүз, барыбыз бир тууганбыз, барыбыз азап чегип жаткандарбыз. Биздин бир эле каршылашыбыз, душманыбыз бар, ал – Коронавирус. Ансыз дагы көңүлдөр чөгүп, аргабыз кетип жатканда акыл үйрөткөндөр көбөйдү. Сындагандар көбөйдү. Аларды жакшылап карасаң, кечээки алдамчылар, кылмышкер уурулар жана анын тарапташтары болуп чыга келет.

— Каныбек Туманбаев деген ким? Көптөн бери таанышсыңбы, анын элге кылган жардамы көптөгөн өмүрлөрдү сактап калганын сезип жатты бекен?

— Көптөн бери таанышпыз, ага-ини болуп жүрөбүз. Убагында эл катары мигрант болуп кетип, Россияда иштеп, ишкерчилик менен алектенип жүрүп, анан кайтып келген. Башка учурда деле көп кайрымдуулук кылып, социалдык проекттерди колдоп жүрөт. Ата-энесиз калган томолой жетим, 35тей наристелерди багып алган. Учурдагы кырдаалда дагы өзүнүн салымын кошуп, бекер дары-дармектерди таратып берди. Дагы алып келем деп даярданып жатат. Башкалар сыяктуу өзү, үй-бүлөөсү дагы ооруду. Оор абалда жаткан көп адам жардам алды. Дары себепчи болуп, Алахтын шыпаасы менен айыгып кеткендер рахматын айтып байланышып жатышты. Анын үстүнө “Клексан” дарысы таңкыс болуп, ортомчулар баасын 8000-10 000 сомдон сатып калышпадыбы. Ушундай маалда бекер таратып берген Кудайга жаккан иш. Өмүрлөрдү сактап калган адам эң бактылуу адам болсо керек. Бизде байлар көп, бирок бары эле март эмес. Ушундай адамдардан үлгү алса деп тилейм.

— Быйыл шайлоо болот, жакында үгүт иштери башталат, саясатчылар убадаларды берет. Бул жолку шайлоо кандай өтөт?

— Шайлоого байланыштуу үгүт иштеринде быйыл айырмачылык болот. Азыркы кырдаал кимдин ким экенин, ким чынында элге күйөт, ким курулай популист экенин көрсөтүп койду. Мурдагыдай жалындуу сүйлөгөн куру сөздөр, жалган убадалар, бакылдаган саясатчылардан деле эл тажады. Учурга жаратмандар, элин баккандар, менеджерлер, куруучулар керек экенин түшүндүк. Саясатчыбыз көп, ораторлорубуз көп, акыл үйрөткөндөрүбүз көп. Кылган иштерибиз, жыйынтыктарыбыз аз. Аз сүйлөп, көп иштегендер, кыйын кезеңде элине салым кылгандарды тандашыбыз керек. Мындан ары оозунан ак көбүк чачырап сүйлөгөн саясатчылар эмес, унчукпай эле көп иштеген жаратмандарды танташыбыз керектигин түшүнөлү. Тынч учурда бакылдап, какылдагандар, көкүрөк кагып элдин сезимине ойногондорду көрдүк, башын кумга тыгып жоголуп кетишти. Дагы бир сүйлөөктөр – кырдаалды пайдаланып өзүнө саясий упай чогултуу менен алектенди, бирөөнүн абалын сурап, суу ууртатып койгонго жараган жок. Ошондой  “акыл үйрөткүчтөрдөн” тажадык.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *