«Күздөгү тумоо ковидди кайра чакырышы ыктымал»

Медицина илимдеринин доктору, профессор
Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ:

Беш айдан бери 1123 мекендешибиздин өмүрүн жалмап, өлкөнү алсыраткан коронавирустун күчү качан кайтат? Пандемиянын экинчи толкунуна туш болуп жаткан айрым өлкөлөрдөгүдөй кырдаал бизге жетпейби? Элдеги ушул сыяктуу түпөйүл суроолорго ковид менен тике кармашып жаткан ак халатчандардын өздөрү гана божомолдорду айта алары бышык. Ушул максатта кабарчыбыз медицина илимдеринин доктору, профессор Алымкадыр Бейшеналиев менен курган маегин сунуштайбыз.

 – Алымкадыр Сабирдинович, дүйнө мамлекеттери коронавирус менен пневмонияны эки башка карагандыктан кырдаалдын курчушуна алып келип жатат. Бул качан ирээтке салынышы ыктымал?

– Бүгүнкү күндө Россия, Италия, Америка жана Испаниянын окумуштуулары ушул көйгөйдүн үстүндө изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Азыр дээрлик бардык мамлекеттерде коронавирус бул пневмония экени далилденип калды. Ошондуктан булл экөөнү Кыргызстан бир статистикага киргизди. Ал эми Казакстанда болсо 1-августтан баштап, бир статистикага кошмой болуп жатат.

Бул жерде төмөндөгүдөй жагдай бар. Адегенде эле ооздон, мурундан ПЦР аныктама алынганда ковидге карата вирус жок болуп чыгып жатат. Анткени, ал учурда вирус ылдый жакка – өпкөгө түшүп, пневмонияны козгоп жиберип жаткан болот. Коронавиурс адамдын өпкөсүн, ашказанын, ичеги кардын, кан тамырларын ж.б. органдарын жабырлантат. Өнөкөт оорусу барларга түз эле барып жабышат. Адам ковидке чалдыкканын билбей калган учурлар абдан көп. Ковид башка оорунун белгилери менен да келиши ыктымал. Адам адегенде:«Өтүм ооруп жатат” же “ичим өтүп кетти», – деп, коронавируска чалдыкканынан шек санабайт. Ошондуктан оорунун башка түрү болуп аныктама чыгып жаткан учурлар да аз эмес. Натыйжада ковид менен пневмония бир эле оору. Ушунун кесепетинен стационарларда жатып каза болгондордун саны өлкө боюнча көбөйүп жатат. Азыркы күндө аймактардагы абал да оор. «Бул ковид эмес, пневмония» деген жаңылыштыкты дүйнөнүн бардык өлкөлөрү баштан өткөрүүдө. Ушуга байланыштуу пандемиянын башында айрым дарыгерлер беткаптан башка коргонуучу кийимдерди кийбей, вирус жуктуруп алып жатышты. Анын кесепетинен дарыгерлер өздөрү да каза болуп кетишти.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, борбордо 35 миңге жакын адам күндүзгү, түнкү стационарларда, ооруканаларда дарыланышууда. Андан тышкары, дарыгерлердин жардамын онлайн түрүндө алгандар жүздөп саналат. Ушул күндөрү өзүм да күндүн кайсы учуру болбосун жарандардын суроолоруна жооп берип жатам. Биздин И.Ахунбаев атындагы улуттук клиникага 200гө жакын жаран ковид дарты менен жаткырылган. Пандемия кесиптештеримдин чыдамын, кайратын сыноодон өткөрүүдө. А биз эч качан майтарылбаган эрктүүлүктү көрсөтүп жатабыз.

Ковиддин жеңил түрүн үйдөн дарылаган жакшы. Себеби, алардын баарын стационарларга кабыл алып батырууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин күчү жетпей калды.

 – Эл арасынан чыккан эр азаматтар өз аймагында убактылуу стационарларды ачып, айылдаштарына медициналык каражаттарды жеткирип берип жатышат. Жеке өзүңүз көмөк көрсөтө алдыңызбы?

– Бир нече жыл мурда Кемин районунун Кызыл-Суу айлында «Жамила апа» жеке менчик бала бакчасын ачкан болчумун. Бүгүнкү күнү ал жерде күндүзгү стационар уюштурганбыз. Республика боюнча вирус жуктургандардын эң көбү Бишкекте жана Чүй облусунда болуп жатат. Элге келген апаатты чогуулап жеңбесек болбойт. Мисалы, жеке ишкерлердин күчү менен Кемин районунун дээрлик ар бир айылында күндүзгү стационарлар ачылды. Себеби, Быстровканын, Орловканын ооруканаларында орун жок. Ковид менен келген жарандар үчүн спорт залдар, мектептер ж.б. жайлардын баары стационар болуп иштөөдө. Бирок, дарыгерлер жетишпей жатат. Ал эми уулум Умар Балыкчыда ишкерлик кылат. Ал өзүнүн бизнес өнөктөштөрү менен бирге Балыкчыда 10 орундуу күндүзгү стационар ачып, эки кычкылтек концентратын алып беришти. Ал жердеги дарыгерлерге, медайымдарга маяна төлөп берип жатышат.

 – Айтсаңыз, эмне үчүн Япония, Греция жана Балтика республикалары сыяктуу айрым мамлекеттерди ковид кыйгап өттү? Ал эми Кыргызстан адам өлүмү боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн алдыңкы катарына чыгып жатат.

– Япониялыктар мындан 10 жыл мурда аялдамада, көчөдө беткап тагынып жүрүшсө таң калчубуз. Себеби, япон жараны ковидди мындай кой, сасык тумоодон коргонуу талаптарын абдан жакшы сактайт. Япония ковидди эң аз жуктуруп, пандемиядан абдан жеңил чыгып кетти. Улгайган адамдары көп, калкынын эң узак жашоосу боюнча алдыңкы катардагы өлкө. Ошого карабай ковидден каза болгондору жок. Япондор жугуштуу оорулардан коргонууну кадыресе адат катары жашоосуна сиңирип алган. Беткаптын абдан сапаттуу түрлөрүн чыгарышат.

Элибиз эки айга жакын карантинде отурду. Ал учурда вирус жуктургандардын саны азыркыдай көп эмес болчу. Тилекке каршы, А.Мадумаровго окшогон айрым саясатчылар: «Ковид деген вирус жок. Бийлик акча жасаш үчүн саясат жүргүзүп, врачтар көп маяна үчүн иштеп жатышат», – деп, сайрап туруп алышты. Ушул жагдай дагы мурда пандемияны көрбөгөн элге тескери таасирин тийгизди. Карантинден чыккан соң, эл той берип, конок чакырып кирди. Айрыкча, маркумду акыркы сапарга узатууга эл абдан көп бара баштады. Чынын айтуу керек, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынган алгоритм аткарылбай калган болчу. Бир мисал келтирейин. Мындан бир ай мурда айылдагы карындашымдын 25 жаштагы уулу пневмониядан көзү өтүп кетти. Маркумду узатуу тажиясына барган 500гө жакын адамдын арасынан менде, дагы бир үч-төртөөндө эле беткап бар экен. Дарыгерлик милдетим менен келгендерден: “Беткабыңар кана?” – деп сурадым. Эскертүүнү уккандары беткабын чөнтөгүнөн алып чыгып жатышты… Учурда элибиз ковиддин реалдуу коркунучун өз башынан өткөргөн соң беткапсыз жүрбөй калды. Өткөн аптада бир маркумду акыркы сапарга узатууга катышканы кайрадан айылга бардым. Бул жолу алгоритм кадимкидей сакталып калыптыр. Ал жерде 50гө жетпеген адам катышты. Баары беткап тагынып келишти.

ДСУ – дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жети айдан бери ковидден коргонуунун беш эрежесин сактоону талап кылып келет. Биз ошол эрежелерге жарым — жартылай мамиле кылып, кенебестик кылдык. Биринчиден, беткапты чечпеш керек эле… Талап боюнча үч саатта алмаштырып туруу зарыл. Ал эми айрым жарандарыбыз беткапты жука кылып өзү тигип алып, кир болгуча жумалап тагынып жүрүшөт. Экинчиден, коронавирус аба аркылуу жукканы менен кооптуу. Үчүнчүдөн, коомдук жайларда 1,5-2 метр аралыкты эч ким сактаган жок. Төртүнчүдөн, колду 20 секунддан кем эмес самындап жууш кажет. Бешинчиден, айрыкча жабык жайларда – кеңседе, үйдө чогулууга болбойт. Имараттын ичин, үйдүн бөлмөлөрүн бат-бат жууп, желдетип, абаны тазартып туруу абзел. Анткени, коронавирус кирген жерден вирус эки саатка чейин кетпейт. Ал эми катуу ооруган адам барса вирус эки суткеге чейин күчүн жоготпойт.

Иммунитетти көтөрүү үчүн таза абага чыгуу, дем алуу органдарына көнүгүүлөрдү жасоо, өз убагында уктоо, жашылча- жемиштерди, эттүү тамактарды дасторкондон үзбөө керек.

 – Кыргызстанда пандемия өзүнүн туу чокусуна качан чыгып, кайра ылдый түшөт болду экен? Божомолунуз барбы?

– Буюрса, июлдун аягында, кеч болсо августтун ортосунда чокуга жетип, кайра төмөндөшү боюнча божомолдор бар. Азыркы күндө Президентибиз Сооронбай  Жээнбековдун, Өкмөттүн аракеттери менен медициналык аппараттардын, дары-дармектердин баарын Россия, Түркия, Япония, Кытай, Белоруссия ж.б. мамлекеттерден алып келинип жатат. Андан тышкары, кыргыздын уюткулуу улут экенин, мекен үчүн акыркы акчасына чейин аябай турганын пандемия далилдеп салды. Менин божомолумда өлкө калкы 45-50 пайызга медициналык жабдуулар, дары-дармектер менен камсыздалып калды. Алдыдагы 10- 15 күндүн ичинде жалпы республиканын ковидге каршы даярдыгы 70-75 пайызга камсыздалат деген ойдомун. Бирок, апаат туу чокуга жетип, кайра ылдыйга түшсө деле күз айларында вирустун белгилери кала берет. Адамдардын бири-бирине вирус жуктуруусу биротоло токтоп калбайт. Дүйнөлүк окумуштуулардын айтымында, ковид кулачын жайган мамлекеттерден вирус 1,5-2 жылга чейин сакталып калышы ыктымал.

Элибиз бул апаатты эбегейсиз зор ынтымак, биримдик менен жеңе турган болууда. Казакстандагы абал биздикинен оор. Алар ковидге каршы күрөшүүдөгү кыргызстандыктардын тажрыйбасын колдоно башташты. Күндүзгү, түнкү стационарларды ачып, жаштардан ыктыярчылардын биздегидей топтору уюшулуп жатат.

 – Кеч күздө коронавирустун дагы бир толкуну чыгышы ыктымал деген кабар бар. Буга кандай дейсиз?

– Суук түшкөндө жылдагыдай эле сасык тумоонун убагы келет. Андан адамдын иммунитети начарлайт. Ага чейин коронавирусту азайтканыбыз менен түп тамырынан бери жоё албайбыз. Адамдар сасык тумоону бири-бирине жугуза беришет. Ошол учурда ковид алсыраган организмге жабышат. Эл коронавирусту унута түшүп, сасык тумоолоп жатам деп, камырабай жүрө бериши ыктымал. Беткапты үйгө калтырып сыртка чыгып кетебиз… Эпидемиялык кырдаалды көзөмөлгө алуу басаңдай түшөт. Мына ушул жагдай кооптуу. Ушуга байланыштуу Өкмөт алдын ала даярдык көрүүсү керек. Мамлекет ковид боюнча оор кырдаалды баштан өткөрүп, көп тажрыйба топтоду.

 – Соцтармактарда “Ковид 5G антенасынын зыяндуу нурлары аркылуу таратылып жатыптыр. Ал адамдардын көп каза болушу үчүн чет элден келген курал экен”, – деген маалыматтар тарап жатат. Булл тууралуу эмне демекчисиз?

– Антенанын COVID-19га эч кандай тиешеси жок. Коронавирус ар бир сегиз же он жылда улам бир өлкөдөн чыга калып жатат. Бул вирус 2002-жылы Кытайда, Японияда жана Европада болуп өткөн. Андан кийин 2012-жылы кайра кайталанган. Ал кээ бир жылдары “чочко тумоосу”, айрым учурда “куш тумоосу” деп атала калып жүрөт. Ошол жылдары да вирус аталган өлкөлөрдө адамдардын өлүмүнө алып келген. Бирок, ал эпидемия түрүндө болуп өтүп, азыркыдай дүйнө мамлекеттерин тегиз каптап, пандемия деңгээлине көтөрүлө алган эмес. Анын сезилбеген түрү бизде да болгон. Ал эми батыш өлкөлөрдө интернет технологиясынын өндүрүшүн өстүрүү жагынан рынокто атаандаштык бар. Булл Англия менен Германиянын компанияларынын ортосундагы атаандашын рыноктон сүрүп салуу үчүн ойлоп табылган маалымат катары каралууда. Ушуга байланыштуу бир катар өлкөлөрдө 5G антенасын өрттөп, талкалап интернет технологиясына зыян келтирген окуялар каттала калып жатат.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
«Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *