Мурдагысы бактериялык, азыркысы вирустук пневмония

Кыргызстанды пандемия каптаган беш ай ичинде өпкө дарты боюнча дарыгерлердин тартыштыгы катуу байкалды. Коронавирус козгогон пневмонияга (өпкө кагыны) чалдыккандардын саны эселеп өсүп, андан каза болгондордун көбөйгөндүгү өлкөдө форс-мажордук кырдаалды туудурду. Ушуга байланыштуу бардык дарыгерлер бул дартка каршы күрөшүүгө тартылып жатат. Ковидге чалдыккандарды дарылоодо ар бир мамлекет өз тажрыйбасына таянып жаткан чагы. Соцтармактарда болсо кантип тез сакаюунун жолун айткан “кеңешчилер” көбөйүп кетти. Ал түгүл хиджама менен сакайтабыз дегендер да чыгууда. “Тоокту сойсо да касапчы сойсун” дегендей, биз саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу, профессор Талантбек Сооронбаевдин коронавирус козгогон пневмонияны туура дарылоо тууралуу пикирин жарыялоону эп көрдүк.

-Биз пандемияга чейин дүйнө врачтарына кеңири белгилүү болгон өпкөнүн пневмококк бактериясы козгогон үй шартындагы пневмонияны дарылап келдик. Бактериялык пневмониянын оор түрү аз кездешет жана аны антибиотиктер менен толук дарылоого болот. Адистер үчүн аны дарылоо эч кыйынчылык туудурчу эмес. Бактериялык пневмония адатта сол же оң өпкөнү эле жабырлантчу. Бир эле учурда өпкөнүн эки тарабын жабырлантып салган учур дээрлик болгон эмес. Оор абалдагысы кездешип калганда гана ооруканага жаткырчубуз.

Ал эми пандемия учурунда дарылап жатканыбыз – коронавирустун вирусу козгогон пневмония болуп саналат. Ошентип, пневмония дарты бактериялык жана вирустук болуп экиге бөлүнүп калды. Кыргызстанга коронавирус келип, эң алгачкы оорулууларды кабыл ала баштаганыбызда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында күн сайын консилиум өткөрүүнү адатка айландырдык. Ошондо эле ковидге чалдыгып, ооруканага кабыл алынгандардын 50 пайызынан пневмония чыгып жаткан. Процесс бир күн да көзөмөлдөн чыккан жок. Пандемиянын башталышында пневмониялар негизинен жеңил өтүп кетип жаткан. Арасында оор формасы менен түшкөндөр аз болчу.

Кыргызстанда 11-майдан баштап карантин алынды. Эл жумушка, базарга, жакшылык-жамандыкка ээн-эркин бара баштады… Ковидден коргонууну бошоңдотуп жибердик. Адамдар вирусту бири-бирине токтоосуз жугузуп кирди. Ковиддин клиникалык түрдүү формалары бар. Ошонун эң орчундуу жана кооптуу формасы – вирустук пневмония. Айтып койчу жагдай, башынан эле ковид менен пневмонияны бирдиктүү протокол менен дарылап келе жатабыз. Экөөнүн статистикасы бириктирилген азыркы күндө да дарылоо алгоритми өзгөрүлгөн жок. Пневмония менен ооругандардын баары эле ооруканага жатышы зарыл эмес. Кычкылтек өз нормасында болсо дарыгердин кеңеши менен үйдө антибиотиксиз дарыланууга болот. Айрым адамдардын: “Баланча ушул дарыдан сакайды. Мен да таап алып ичип жатам”, — дегендерин угуп жатабыз. Соцтармактарда акылга сыйбаган “кеңештерди” берген шарлатандар көбөйүп, башаламандык чыгарып жатышат. “Спирт ичсе сакайтат экен” дегендери чыгууда. Спирт ичирип бир дагы өпкө дартын айыктырган эмеспиз. Хиджама – кан алуу дагы жосунсуз жорук. Дарыгерлердин кеңешин албай, өз өмүрүңөргө тобокелчилик келтирбегиле дээр элем. Дагы бир көйгөй бар. Насвай тарткан жаштар көбөйдү. Тамеки менен насвай жалпы улуттун ден соолугун кыйраткыч адат экенин эскертип койгум келет.

Жалпы кесиптештерибиз менен бирге жалпы жоого – ковидге каршы күрөшүп жатабыз. Айтайын дегеним, жекеменчик медицинадагы кесиптештерибиз дагы бекитилген расмий протоколдон четтебей иштөөлөрү керек. Кээ бир менчик медициналык борборлор оорулууну бир сутке жаткырып дарылаганы үчүн 15-20 миң сомго чейин алып жатканы туура эмес. Андагы кесиптештеримди эл кыйналып жатканда арзан дарылоого чакырам. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү коронавирусту жуктуруп албоо үчүн өздүк гигиенанын талаптарын толук кармоо аркылуу миллиондогон адамдардын өмүрү сакталып калууда. Ал үчүн өтө зарыл болбосо үйдө отуруу, колду тез-тез жууп туруу, социалдык аралыкты сактоо керек. Эң башкысы беткапты тагынууну адатка айландыруу зарыл. Себеби, азыркыга чейин ковиддин вакцинасы табыла элек. Вирусту жуктуруунун алдын алуу үчүн жарандар витаминдерди, антибиотиктерди ичип дарыланып жатышат. Эгерде гигиеналык талап аткарылбаса, мунун баары эч кандай таасир бербейт. Иммунитетти көтөрүү үчүн кыймылдуу жумуштарды жасоо, таза абада сейилдөө жакшы.

Коронавирус жеңил, орто жана оор формада кездешип жатат. Жеңил формасына кабылган иммунитети бекем адам дарыгердин көзөмөлүнө алынып, үй шартында жатып сакайганы туура. Анткени, бромгексин, верошпирон деген дарыларды ковидге чалдыкканы да, чалдыкпаганы деле ичип жатат. Мындан тышкары, канды суюлта турган гепарин менен аспириндин ченемин билбей колдонуп жаткандары чыгууда. Эскерте кетели, вирустун жеңил формасы менен үйдө жатып дарылангандарга антибиотиктер дээрлик берилбейт. Ковид жуктуруп өтө оор абалда ооруканага түшкөн адамга антибиотиктер колдонулат. Анда да дарыгердин такай көзөмөлүндө туруусу абзел.

Назира АЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *