Кайраттантып кары-жашты, кайрымдуулук көзүн ачты

Жер-жерлерден алынган бир катар ыкчам маалыматтарга таянсак, өзгөчө, өз демилгелүү ыктыярчы топтордун кайрымдуулук салымдары жергиликтүү бийликтер менен дарыгерлердин колдоосуна ээ болуп, дартка чалдыккан бейтаптардын алкышына татыды.

Түп районунун аймагында жарым айга созулган “Ден соолукту чыңдоо” багытында жарыяланган акцияда жалпысынан 773 миң 350 сом акча каражаты чогулуп, анын 648 миң 350 сомуна дары-дармектер менен вирустан коргонуучу ар кандай зарыл керектүү каражаттар алынды. Ыкчам штабдын чечиминин негизинде 125 миң сом район борборуна рентген аппаратын сатып алууга жумшала турган болду. Облус борбору Каракол шаарынан Бишкек каттамында эл ташыган таксисттердин тобу пандемияга каршы күрөшкө өз салымдарын кошууга 600 АКШ долларын ортого чогултуп: Каракол шаарына, Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондоруна – экиден пульсоксиметр менен кислород жаздыгын, бир кислород балон жана 5000 сом акча, Түп районундагы Арал айылдык фельдшердик-акушердик пунктуна пульсоксиметр менен кислород жаздыгын алып беришкен.

Мындай кайрымдуулуктан четте калгысы келбеген Тоңдун Кара-Талаа айылынын жашоочулары 27000 сом чогултуп беришсе, көп жылдан бери чет жерде эмгектенип жүргөндөрдөн: жалпы Орусиядан – 61000 сом, анын ичинен Сахалинден – 14000 сом, АКШдан– 800 доллар алардын кичи мекенине келип түшүп, бардыгы вируска каршы күрөшүүгө өтө зарыл керектүү болгон коргонуу каражаттары менен дарылар алынып, бир катар адам өмүрлөрүн сактап калууга түздөн-түз себепчи болгон. Жалпы элди дүрбөлөңгө салган бул каргашалуу вирустан улам адам пендеси нин бири-бирине карата боорукердик менен кайрымдуулук сезимдерин ойготкон кыймылга кошулган Каракол шаарынын 9-11 жаштардагы мектеп окуучулары – экөө тең жаш шахматчылар арасындагы эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүлөрү, ага-ини бир туугандар Умар менен Амир Шаршеналиевдер өзүлөрүнүн буга чейин бирге чогултуп жүргөн акчаларын вирус илдетине чалдыккандардын андан тез айыгышына кошкон салымы катары тартуулашканын мекенчил ага-ининин энеси Шайыркүл Канаева, келечекте балдарынын бири – дарыгер, экинчиси – архитектор болгусу келгендерин сыймыктануу менен билдирди.

Облустук ыкчам штабдан алынган маалыматтарга караганда, буга чейин Кыргыз Өкмөтүнөн Көл өрөөнүнө, кийинки кездерде каргашалуу вирустун жайылып баратканынан улам 30 кислород консентраты, 80 пульсоксиметр, 200 распиратордук маска, 4000 даана коргонуучу кийим сыяктуу бир катар, учурда өтө зарыл керектелүүчү медициналык жабдуулар менен дары-дармектер да жиберилип, анын ичинде Ысык-Көл районундагы дарыгерлердин жетишпей келген таңсыктарынын жоюлушуна көмөк көрсөтүү маселеси жолго коюлган экен.

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *