Элге арналган өмүрлөр эч качан унутулбайт

Бүт дүйнөгө бүлүк салган коронавирус оорусу жүрөгүбүздүн үшүн алганы ушунчалык, күн сайын интернет булактарын окуганда же республикалык штабдын оору боюнча акыркы маалыматтарын укканда же көргөндө кадимкидей үрпөйүп, чочулап турчу болдук. Өзгөчө коронавирус менен кармашта күн уйкудан, түн уйкудан калып, өзгөлөрдүн өмүрү үчүн өз өмүрүн сайып күрөшүп жатышкан дарыгерлерибиз, ушул оорудан өздөрү мерт болуп жатышканы жанды кейитпей койбойт. Ар бир кесип ардактуу, бирок бир дарыгерди окутканга эле 10 жыл кетээрин эске алганда, тажрыйбалуу, такшалган, азыркы кыргыз медицинасынын кереге-уугу болгон, эң мыкты дарыгерлерибизден, колу жеңил медайымдарыбыздан айрылып калганыбыз, улуттук масштабдагы трагедия болуп саналат.

“Кабар” улуттук агенттигинин 29-июлга карата маалыматы боюнча, коронавирус оорусу башталгандан бери 2 711 дарыгер оору жугузуп алса, алардын ичинен 1 595и айыгып чыкты. Ушул эле маалыматта 29-июлга карата бир суткада 20 дарыгердин оору жугузуп алганы айтылат. Ал эми канча дарыгерибиздин бул оорудан көз жумганы тууралуу маалыматтар такталбагандыктан бере албайбыз. Ошондой болсо да Россияда 563, КМШ өлкөлөрү боюнча жалпысынан 93 дарыгер мерт болгонун айта кетели.

Төмөндө, коронавирус арабыздан жулуп кеткен, айрым алтын колдуу дарыгерлерибизди жарыялайбыз. Алар, жогоруда айтканыбыздай элдин өмүрү үчүн өз өмүрлөрүн аяган жок:

Сарбагыш ИМАНАЛИЕВ, Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы. Ал 1960-жылы 15-августта Бостери айылында төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөндөн кийин, кичи мекенине барып, Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эмгек жолун баштайт.

Сарыбагыш Иманалиев өмүрүнүн 36 жылын медицинага арнады. Ага “Саламаттык сактоонун мыктысы” ардактуу наамы ыйгарылган. Райондук, облустук, республикалык Ардак грамоталар менен сыйланган. Ал канчалаган адамдарды ажалдан алып калган, чыныгы кесипкөй дарыгер эле”.

Бакыт ӨМҮРЗАКОВ, медицина илимдеринин кандидаты, эл аралык масштабда таанылган хирург. Бул оорудан чыгаан микро жана пластикалык хирург, медицина илимдеринин кандидаты Бакыт Өмүрзаков да каза болду. Ал кыргыз медицинасындагы пластикалык хирургия багытынын баштоочуларынын бири эле. Ага 2012-жылы Америкалык биографиялык коому тарабынан “XXI кылымдын улуу акылмандары” медалы ыйгарылган. Бакыт Өмүрзаков абдан кичи пейил, адамгерчилиги бийик, кыргыз эли сыймыктанган, улуттук масштабдагы кесипкөй дарыгерлерибиздин бири болчу.

Бегайым ИСАКОВА, №1 оорукананын экстрендик терапия бөлүмүнүн башчысы. Ал 1979-жылдан тартып ушул ооруканада терапевт болуп иш- тей баштаган. Өмүрүнүн акырына чейин аталган бөлүмдү жетектеп келди.

Гүлжамал ЖУМАБАЕВА, Чүй районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орунбасары. Гүлжамал эже Кыргыз медициналык институтун 1976-жылы аяктагандан бери, ушул кесибинде иштеп келген.

Абдиманап МУРАТОВ, мурдагы Саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, балдар кардиологу, профессор. Ал 1961-жылы Ош облусунда төрөлгөн. Медициналык институтту аяктагандан кийин дарыгер-кардиолог болуп иштей баштаган. Кийин Президенттин, Өкмөттүн аппаратында саламаттык сактоо бөлүмдөрүн жетектеген. Саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Бир нече илимий эмгектердин автору. Коронавирус менен күрөшүү боюнча илимий- консультативдик кеңешинин мүчөсү эле.

Эдил САДЫКОВ, Ысык-Көл облустук бириктирилген оорукананын педиатрия бөлүмүнүн башкы дарыгери. Ал 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөндөн бери Ысык-Көл облустук балдар ооруканасында иштей баштап, өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде иштеген.

Бектемир МУКАМБЕТӨМҮРОВ, медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери, түрк тилдүү өлкөлөрдүн нейрохиругдар ассоциациясынын мүчөсү. Ал өмүрүнүн акырына чейин элди коронавирустан арачалап калуу үчүн күрөшүп жатып, өзү оору жугузуп алып, ошондон каза болду.

Заида ТЕРЕКБАЕВА, Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн акушеркасы. Коллегаларынын айтымында ал коронавирус менен күрөштө бир күн дагы дем албай иштеген.

“Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясынын жамааты жалпы эле каза болгон дарыгерлерибиздин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Кайрат кылыңыздар. Алар эл үчүн өмүрлөрүн арнашты. Элге арналган өмүрлөр эч качан элдин эсинен чыкпайт.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *