«Мага дүйнөнү адамгерчилик сактап калчудай сезилет»

Саналуу жылдардын ичинде элүүгө жакын керемет обондорду жаратып, алардын ичинен “Жарты кайык”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, “Сиз жөнүндө”, “Сизди сүйгөм” сыяктуу бир топ обондуу ырлары өзүнүн, башка аткаруучулардын аткаруусунда угармандардын жүрөгүнөн орун алган кыргыздын бир булбулу бар. Ал Рыспай Абдыкадыровдой шыңга бойлуу, сезимтал, Асанкалый Керимбаевдей мукам үндүү, келбеттүү, Түгөлбай Казаковдой нур жүздүү, ойлору омоктуу, элге жугумдуу, Чубак Сатаевдей муңдуу, арман ырларына жакын, Калмурат Рыскуловдой шашма, чапчаң, курч мүнөз Түмөнбай Колдошов. Алыскы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын суусун ичип чоңойгон бул обончунун көөдөнүнөн буюрса дагы далай сонун обондор агылып чыгат. Түмөнбайдын башка обончулардан артыкчылыгы ырдын текстине терең маани берип, жүрөктөн сыгылып чыккан саптарды жүрөгүнө сиңирип, акындын жан дүйнөсүн, айтчу оюн, ыр жазып жаткандагы сезимин, ал-акыбалын обонуна чыгара алгандыгында. Ошол себептен анын жараткан ар бир обону угармандын жүрөгүн балкытып, бүткөн боюн, аң-сезимин ээлеп алат. Түмөнбайдын алгачкы обондору эл аралап, мындай сыйкыр кайрыктар кимдики болду экен делип баштаганда экөөбүз таанышып, гезитке маек уюштурган элек. Билинбей эле андан бери 8 жыл өтүптүр. Бул убакыттын ичинде ал өзүн мыкты обончу, аткаруучу, тажрыйбалуу мугалим, жетекчи да катары көрсөтө алды. Жакында Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык окуу жайына директор болуп келген обончуну конокко чакырып, чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.

 – Түмөнбай мырза, жакында эле Ош мамлекеттик университетинен борборубуздагы Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык — педагогикалык колледжине директор болуп келдиңиз. Бишкектин кымгуут жашоо-тиричилигинен кысылып кеткен жоксузбу?

– Кысылган деле жокмун, себеби бүгүнкү абал элибизди тартипке чакырып коюптур. Экинчиден, Бишкек мага бөлөк-бөтөн эмес, келип-кетип жүргөн шаар. Бул жерге иш, чыгармачылык сапар менен көп эле келип жүргөм. Анын үстүнө буулугуп, кыйналып баратсам сүйлөшкөнгө, чер жаза маектешкенге чыгармачыл замандаштар, дос, тааныштар жетиштүү эле. Андыктан Бишкек мени өгөйлөбөй кабыл алат деп ойлойм.

 – Бүгүнкү күндө угармандардын жүрөгүнөн орун алган элүүдөй обондоруңуз бар. Маркум обончу Калмурат Рыскулов кайрык издеп бир топко жоголуп кетчү экен. Сиз кайрыктарды кандай убакта, кайдан издейсиз?

– Кайрыкты мен көбүнчө тексттен издейм. Жакшы ыр тапсам аны жаттап, ал ыр менин башыман өткөндөй жүрөгүмө сиңгенден кийин гана жакшы обон жаралат. Чоң обончулардын көбү обон жазып алып анан текст издешет. Тескерисинче, мен жакшы тексттен, ырдан эргийм. Андай ыр кездешпесе күнүмдүк тиричилик менен эле алектенип жүрө берем.

 – Сизге обон жазып бериңизчи деп ырын алып келген авторлор көп болсо керек?

– Бар андайлар. Менин бул ырыма обон жазсаңыз шумдук обон чыгып, тимеле элге популярдуу болуп кетет деп көтөрүп келишет. Бирок, ар бир адам өзүнүн фантазиясында, кыялында элестетет. Менимче, акындын эмоциясы менен менин абалым дал келмейинче жакшы обон чыгара албайм. Туш келди эле ырга обон чыга берсе анда ырдын кадыры кетпейби. Анын үстүнө мен рейтингимди сактап калыш үчүн оюма келгенди эле оттоп жаза бергидей шоу-бизнестин “бизнесмен” өкүлү эмесмин. Бир куудул “илгери ырды таланттуу акын жазып, ага чыныгы обончу обон чыгарып, мыкты аткаруучу аткарган үчүн шедевр ырлар элге чыккан. Азыр ыр туулуп, эртеси эле өлүп калат. Балким кээ бир ырлар өлүк туулуп жатат”, – дейт. Мен ушул сөзгө жүз пайыз кошулам. Биз угармандардын табитин тантык ырлар менен буздук. Обончулук, аткаруучулукка кош көңүл мамиле кылып, чыгармачылыкты утурумдук нерселер менен баалап жиберип жатабыз. Акындар менен иштешпей калганыбыздын өзү бул чоң трагедия. Белгилүү композитор агайыбыз Түгөлбай Казаковдун “жакшы чыгарманын эки автору болуш керек”, – деген жакшы сөзү бар. Эгер обончу мыкты обон чыгарып ага текстти өзү жазса тексти жакшы болбой калышы мүмкүн. Эгер тексти укмуш болсо обону супсак болупкалышы ыктымал. Тактап айтканда, бир автордун ырдын текстин да, обонун да шедевр кылып жаратып салышы өтө сейрек кездешет. Сөзсүз түрдө же обону, же тексти мыкты чыгат. Ошон үчүн таланттуу обончулардын негизги милдети мыкты акындардын ырларына жакшы обон жаратуу.

 – Ар бир эле чыгармачыл адамда кандайдыр бир тыныгуу болуп калат. Жакшы обон чыкпай, өзүнчө тумчугуп кеткен учурларыңыз болобу?

– Болот. Чынында административдик жумуштар дагы аябай алагды кылат. Ошентсе да мен педагогикалык ишим менен чыгармачылыкты илгертен айкалыштырып келатам. Обон жаратат элем деп бутту айкалыштырып отуруп алганда деле мага обон, кайрык өзү келбейт. Кээде иштеп жатканда же болбосо сапарда баратканда кандайдыр бир кайрык көмөкөйгө келе калышы мүмкүн. Акыркы убактарда мен жумуштан кийин, кечкурун обон жазганды адатка айландырып алдым. Көбүнесе мага негедир кайрыктар маанай чөгүп турганда келет. Стресс, айрым адамдардын терс энергиялары мени чарчатып жибергенде аккордеондо ойноп, кээде ыйлап алып аларды жүрөгүмдөн чыгарып салам. Кыскасы менде шедевр жазышым керек, же мынча убакытта мынча обон чыгарышым керек деген план жок. Кудай эргү . берсе обон өзү эле көкүрөктү жарып чыгат.

– Бир маегиңизде жакшы текст тапмайынча мен эч ким эмесмин дептирсиз. Кайсы акындардын ырлары сиздин жан дүйнөңүзгө жакыныраак?

– Анализдеп көрсөм маркум Зайырбек Ажыматов агабыз менен Улукбек Омокеевдин төрттөн сегиз ырына обон жаратыпмын. Калган учурда Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмонов, Алым Токтомушев, Бактыгүл Чотурова, Фатима Абдалова, Элмирбек Иманалиев, Мирлан Самыйкожо, Жазгүл Жамангулованын бирден, экиден ырларына обон жазыпмын. Негизи туруктуу бир акындар менен иштешкен учурум жок. Иштешүү дегенге кеңири түшүнүк берсек кээ бир эстрада ырчылары Кыялбек Урманбетов сыяктуу акындарга барып буйрутма менен текст жаздырып алышат. Мен антип буйрутмага да обон жаза албайм. Балким, бул менин кемчилигимдир. Эч качан акындарга буйрутма да бербейм. Кайсы бир акын эргип мыкты ыр жазып коюп мен аны таап алсам мен үчүн ошол жемиштүү, ошол чоң олжо.

 – Чыгармачылыкта өзүн-өзү издеп жүрүп бул өмүрдөн өз жолун, чыйырын таппай кеткендер болгонун билебиз. Сиз чыгармачылыкта өзүңүздү таптыңызбы?

– Жок, аны айтууга эрте. Дүйнөлүк классикада бир эле чыгармасы менен аты калгандар көп. Мен азырынча мыкты обон жаза элекмин. Балким аны жазам же жазганга өмүрүм жетпей да калышы мүмкүн. Себеби, ар бир обонду жазып жатканда аябай кыйналам. Негедир мага эң акыркы обонум ошол обондой сезиле берет. Бирок, ал обон жаралгандан кийин да көкүрөктө дайыма бир нерсе калып калат. Аны чыгаргым келип чыгарбай тургандай болом. Ал жан окшойт деп ойлоп, элестетип коем. Мурда жаңы обондорумду атама сындатчумун. Азыр ага, буга, досторго угузуп көрөм. Башка обондорго, мурда уккан кайрыктарга окшошуп калбады бекен деген чочулоо болот.

 – Чыгармачыл адамдардын көбү өмүрлүк жолдошунун аны түшүнүп, баалай албаганыдыгынан көп жабыркашат. Сизде бул жагы кандай?

– Ооба, чыгармачыл адамдардын басымдуу бөлүгүндө жумушка, үй-бүлөгө байланыштуу маселелерде жүрөгү тынч эмес экенин угуп, көрүп жүрөбүз. Бул алардын трагедиясы деп ойлойм. Бул жагынан алганда меники Кудайга шүгүр. Уй-бүлөмдө тынчтык, бактылуулук, бири-бирибизге болгон түшүнүүчүлүк, ишеним бар.

 –Таанымал болуунун жакшы, жаман жактарын айта аласызбы?

– Таанымал болуунун жакшы жагы кайсыл жерге барсаң сени таанып, талантыңды сыйлашат. Бирок, албетте андай урмат-сый адамдын мүнөзүнө жараша болот. Жаман жагы дебейин, бирок ыңгайсыздык жарата турган жагы – кенен-кесири жүрө албайсың. Кээде эркин отуруп, досторуң менен тамашалашып, жыргагың келет. Кокус досторумдун арасында бейтааныш бирөө болуп калса менде дароо комплекс пайда болуп, түздөнө калам. Себеби, биз кандайдыр бир деңгээлде идеологияны алып жүрөбүз деп ойлойм. Анын үстүнө сырттан биринчи көргөн адамга алгач кандай көрүнсөң ошол боюнча анын эсинде каласың. Ошондуктан биз элдин эсинде жакшы бойдон калгыбыз келет. Андан да кызыгы пенде болгон соң базарга барып азык-түлүк, кийим-кечек алганда эл катары соодалашкың келет. Ошондой учурларда “койсоңуз эми, сиз өзүңүз баланчаев болуп туруп ушинтесизби?”, – дегенде айткан акчасын берип басып кетүүгө туура келет.

 – Жеке баракчаңызда өлүм тууралуу көп жазып жүрүп акын Зайырбек Ажыматов өтүп кеткенден кийин көп жазбай калдыңыз. Анын эрте кетип калышы сизге да катуу тийди окшойт?

– Закемди узаткандан кийин өлүм жөнүндө сүйлөбөй эле коеюнчу деген бүтүмгө келдим. Себеби, адам байкабай кээде жамандыкты да, жакшылыкты да өзүбүзгө өзүбүз чакырып алат экенбиз. Сөздүн магиялык күчү бар да. Бирок, чыгармачылыкта мен сөздөн коркпойм. Угармандар “сен дайыма арманды, жетпей калган сүйүүнү көп ырдайсың, абайла”, – дешет. Эгер мен тагдырыман корксом өзүмдүн бийиктигимди көрсөтө алган чыгарма жаза албайм. Ошондуктан чыгармачылыкка келгенде башкача көз караштамын. Бирок, Закемдин, Элмир байкенин өтүп кетиши менин жашоого болгон принциптеримди, ойлорумду өзгөрттү. Бир эле экөө эмес, акыркы учурда эмне деген асылдардан айрылдык. Муну мен адамзаттын табият менен күрөшүүсү катары кабылдадым. Бул күрөштө биз жүрөктөрү таза, эң мыкты, адамдыгы бийик чоң таланттардан айрылдык. Арты жеңил болсун, өткөндөрдү Кудай рахматына алсын.

 – Чыгармачылык, мугалимдик, жетекчиликти бирдей алып келе жатасыз. Кайсынысынын түйшүгү оор экен?

– Чыгармачылыктыкы оор го дейм. Албетте, ыр жазганды, обончулукту да шык болсо окуп үйрөнсө болот. Жетекчиликти өздөштүрүп кетсе болот. Бирок чыгармачылыкта талбай изденип, өзүңдүн дүйнөңдү, дараметиңди жайылган дасторкондой жайып берүү эң татаал нерсе. Ошондуктан чыгармачылыкты эрмектебеш керек. Чыгармачылык өзү дайыма тынымсыз кулпуруп турат. Ал кулпуруп тургандан кийин жаратман адам да өзгөрүп, толуп, байып, бышып, жетилип турушу керек го деп ойлойм.

 – Жетекчи катары бирөөгө катуу айтып кайра чыгармачыл адам катары жүрөгүңүз ооруп калган учурлар болобу?

– Андай учурлар көп. Мен абдан шашмамын. Адамдар сырткы турпатымды көрүшүп өтө токтоо, түртсөң араң баса турган адам болуш керек деп ойлошот. Бирок, шашмалыгыман тез чечим чыгарып салам. Бирөөнү жакшы көрсөм аябай жакшы көрүп, жаман көрсөм андан өзүмдү ала качып калмайым бар. Иш учурунда иштин кызыкчылыгы үчүн катуу айтып койгон учурлар болуп калат. Себеби мен өзүм пунктуалдуу адамдардын катарын толуктагым келет. Жасайм деген ишимди өз убагында жасаганды жакшы көрөм. Адамдар менен да, жашоо менен да мүнөтүнө мүнөт эсептешим жашайм. Ошол себептен кээде эмоцияга берилип бирөөгө катуу айтып алсам өз учурунда андан кечирим сурагандан тартынбайм.

 – Жетекчилик демекчи, сиз азыр мамлекет тарабынан анча каралбай калган, финансылык жагы кубантарлык эмес окуу жайга жетекчи болуп келдиңиз. Бул окуу жайын кантип, качан оңдойм деген кооптонуу болдубу?

– Мен Ош мамлекеттик университетин окуп бүтүрүп, ал жерде проректор болуп иштеп, илим жактадым. Мындайча айтканда, 35 миң студенти жана 3 миң эмгек жамааты бар университеттен 1500 студенти, 200 окутуучусу бар, чакан, бирок тарыхы бай окуу жайга директор болуп келдим. Маселе, окуу жайдын чоң, кичинесинде эмес, маселе ошол эмгек жамааттын ынтымагын сактап, окуу жайды өнүгүүгө карай жетелеп кетүү. Мага чейин мыкты, демилгелүү жетекчилер директор болушуптур. Мекеме 54 жылдан бери мыкты музыканттарды, педагогдорду өстүрүп келе жатыптыр. Бирок, ар бир жетекчинин өзүнчө миссиясы болгон. Мен да насип буюруп директор болуп келдим. Жакшы иштеп берип, жамааттын маанайын көтөрүп, стимул берип, жакынкы аралыкта коллектив менен жабыла ушул окуу жайды Кыргызстандагы музыкалык- педагогикалык окуу жайлардын сап башына чыгарсам деген ниетим бар. Азыр окуу жайга кан жүгүртүүчү жаңы дем, жамаатка күч-кубат бере турган мезгил келип турат. Колледждин техникалык базасы жакшы экен, болгону инфраструктурасын жаңылашыбыз керек. Айлык акы, окуу жайдын сырткы көрүнүшүн оңдоо маселесин да колго албасак болгудай эмес. Балким, келечекте ар бир студент, кызматкер, мугалим Таштан Эрматов атындагы окуу жайда окуйм, иштейм деген дымакты, сыймыктанууну жаратуу менин миссиямдыр.

 – Баса, сиздин үч уул, бир кызыңыз бар экенин билебиз. Алардын ичинен ата жолун жолдогон музыкага шыктуусу барбы?

– Менин балдарым али жаш болгондуктан азыр анализ берүү кыйын. Себеби бала торолуп, эр жеткиче миң жолу өзгөрөт деп айтылат эмеспи. Балдарымды чыгармачыл адам болбосо дагы жан дүйнөсү бай адам болушун каалайм. Келечекте балдарыбыз жан дүйнөсү таза адамдар болуп чоңоюшун тилейм. Себеби дүйнөнү сенектик, мерездик каптап кетип жатат. Дүйнөнү жүрөктөгү жылуулук, урмат, сый, адамгерчилик сактап калчудай сезиле берет мага.

«Кыргыз Туусу» Мелис Совет Уулу