«Түшүмдө, кудум жомокко окшогон ыр дүйнөнү аралап, арууланып жүргөнсүйм…»

Чыгарманы автордун өзүнөн артык түшүнгөн, туйган жана жогун таап, барын баалап, сындаган окурмандар болот. Мындай окурмандардын бар экени – акын-жазуучунун, адабияттын эле эмес, улуттун бактысы. Мен көптөн бери Фейсбук аркылуу билип жүргөн бир окурман кыз бар. Аны жакындан тааныбасам да, ырдүйнөсүн баалап, өзүмчө “ыр кыз” деп атап алгам. Анткени, бул кыз өзү ыр жазабы, жокпу, билбейм. Бирок мага ал жалаң эле ыр менен азыктанып, ыр менен дем алып, басканда да ырдын ыргактары менен басып, уктап ойгонгондо ырдын кайрыктары менен ойгонгондой сезиле берет.

– Гүлдана, өзүң тууралуу айтып берчи? Кай жердин кызысың? Кимсиң?

– Мен – Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылында туулуп-өскөм. Жыйырма беш жаштамын. Үч бир туугандын ортончусумун. Эжем жана сиңдим бар. Апам Гүлжан кесиби боюнча мугалим. Учурда бош. Өзүм ЫМУнун кыргыз филология факультетин аяктагам. Бош убактымда токуйм, бисер менен иштейм. Көбүнчө ыр окуйм. Айылда турам.

 – Поэзияга болгон сүйүүнү, ышкыны кайдан аласың?

– Ошол ырлардын өзүнөн алам го. Поэзия — мен үчүн өзүнчө бир керемет дүйнө. Ыр окуп жатканда, анын ичине кирип окуйм. Чыгармадагы сезимдер менин дүйнөмдө жашап жаткандай туюм келет. Баарын өзүм аркылуу алып өтөм. Ансайын автордун эмгегин баалайм. Ал канчалык түйшүк менен, образга кирип, каарманына айланып алып жазганын сезем. Кыргыз тилинин сөз баккан улуу эл экенине суктанам, таң берем.

 – Өзүң да ыр жазасыңбы?

– Кээде-кээде жазам. Менин ыр дүйнөгө өтө жакындыгымдын дагы бир, эң башкы себеби – атам Нурпейиш ыр жазчу. Ал мен кичинемде эле каза болгон. Ыр дептерлери дагы эле үйдө сакталуу . Эс киргени эле ошол дептерди аңтарып, бир чети ошол саптардан атамдын жандүйнө жытын жыттап, кайталап окуй берчүмүн. Андан сырткары, мектепте окуп жүргөндө гезит-журналдарды күтүп, ырларды издеп окучумун. Ошол адатым али күнчө сакталып калды. Айтмакчы, эжем дагы ыр жазат. Мектепте, университетте окуп жүргөндө ар кандай адабий сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алчу. Азыр өз алдынча изденип жүрөт окшойт.

 – “…Ырымда бир мертебе калп айта албайм”, – деп Алыкул айтмакчы, сен кээде соцтармактардан автордун калп айтканын билип аласың. Дегеним, оңдолуп же кыскарып калган ырлардын нукурасын комментарий кылып, дароо түздөө киргизе коесуң?

– Ооба. Анткени, чыгарманын биринчи окулган, нукура варианты көкүрөктө жатталып калат да. Кайра анын өзгөрүп калганын окуу – жандүйнөнү бир аз бушайманга салат.

 – А эгерде чыгарма мурункуга караганда жакшы жагына оңдолгон болсочу?

– Албетте, ал жакшы. Бирок баары бир нукура саптардагы ой бурмаланып кетет.

 – Сен ошол нукура саптарды кантип эстеп каласың же дептерге көчүрүп аласыңбы?

– Жок, дептерге көчүрбөйм. Бирок таасирдүү чыгармалар көкүрөктө жатталып, кыт сыяктуу уюп калат.

 – Канча акындын, канча ырын жатка билесиң?

– Баарын билем деп айта албайм. Бирок эң жакшы ырлар өздөрү эле эсте сакталып, жандүйнөңдө жашап калат.

 – Мен сени “Ыр кыз” деп атап алгам.

– Рахмат, эже.

 – Сен окурман эле эмес, сынчы да болуп калбадыңбы. Кайсы муундагы акындардын ырлары жан дүйнөңө көбүрөөк жалгашат?

– Поэзия жаш куракка карабайт, чынында. Кээде улуу муундагы акындардын ырларынан үлбүрөгөн назиктикти, аруулукту, баеолукту тапсаң, жаңы калем кармаган жаш акындын ырынан кадыресе токтолуп калган адамдын калбаат дүйнөсүн табасың. Демек, поэзияда жаш-кары, аял-эркек деп бөлүп кароого болбойт окшойт. Жараткан кандай учурда кандай эргүү, кандай туюм, сезим берет, ошого жараша жазышат го. Болгону, ошону учурунда ким кандай туюп, кармап калды, кеп ошондо. Бирок, ошентсе да айымдардын жазган ырлары мага көбүрөөк жакыныраак.

 – Кээде түшүңө поэзия кирбейби?

– Чындыгында жакшы суроо. Анткен себебим, поэзия түшүмө кирген учурлар болот. Кээде ыр уксам, кээде окуйм… Кээде, кудум жомокко окшогон ыр дүйнөнү аралап, арууланып жүргөнсүйм…

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”