«Өмүр сакчыларын даярдоо чоң түйшүктү, зор жоопкерчиликти талап кылат»

Кыргызстан учурда өтө оор сыноолорду башынан кечирүүдө. COVID-19 илдети күч алганы баарыбыз дарыгерлердин баа-баркын билдик. Кесипкөй адистерге өлкөбүз аба менен суудай эле муктаж экени ачыкка чыкты. Дал ушундай учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети медициналык факультет ачууга кам урууда. Калк саламаттыгы үчүн өз салымыбызды кошобуз деп турган КУУнун жаңы ачылган медициналык факультетинин биринчи деканы, врач-нейрохирург Узакбаев Чыңгыз Камчыбековичти кепке тарттык. 32 жаштагы жаш адис, медицина илимдеринин кандидаты, бир катар илимий эмгектердин автору, англис, түрк тилдери баш болгон 4 тилде эркин сүйлөгөн Чыңгыз мырза медициналык факультетти ачуудагы алгачкы жаңылыктары менен бөлүштү.

 Маектеш тууралуу маалымат: Узакбаев Чыңгыз Камчыбекович 1988-жылы Фрунзе шаарында тӨрӨлгӨн. 2011-жылы Кыргыз-орус славян университетинин медициналык факультетин бүткӨн. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда врач нейрохирург. 2019-жылы «Клинико-функциональные характеристики декомпенсированных форм блоков в структурах нервной системы у детей и совершенствование методов их хирургической коррекции» темасында илимий ишин жазып, кандидаттык ишин ийгиликтүү жактаган. 2017-жылдан тарта Кыргызстан эл аралык университетинин, “Ала-Тоо” эл аралык университеттеринин медициналык факультеттеринде окутуучу болуп иштеп келет. Германия, Австралия, Франция, Индия, Иран, Япония, Казакстан өңдүү бир катар мамлекеттердеги тренинг, окууларга катышып, тажрыйбасын арттырып келген.

 – Улуттук университетте медициналык факультетин ачуу демилгеси качан кӨтӨрүлдү эле?

– Жусуп Баласагын атындагы КУУда медициналык факультетти ачуу тууралуу ойлор мурда эле айтылып, ишке ашпай келген экен. Ректор Канат Садыковдун аракети менен 2019-жылы январь айында лицензия алынып, Кудай буйруса быйыл ишке ашканы турат. Факультет эң алгачкы кадамын таштап, тийиштүү жумуштар жасалып, керектүү шарттар түзүлүп калды. Негизи дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө улуттук макамы бар университеттер аябай бааланат. Анан бардыгында эле медициналык факультеттер бар. Жусуп Баласагын атындагы КУУ Кыргызстанда эле эмес, чет мамлекеттерде дагы аты белгилүү, бай тарыхы бар, жыл сайын ар кандай кесиптер боюнча миңдеген мыкты адистерди даярдап, таптаган куттуу окуу жай. Канча жылдардан бери жогорку билим берүүнүн флагманы аталып келди. Буйруса жаңы медициналык факультеттин ачылышы менен бул университеттин даражасы дагы бийиктеп, алдыңкы медицина кызматкерлерин даярдайбыз деген терең ишеничибиз бар. Дүйнөдө жалпы улуттук маанидеги окуу жайлардын кадыр — баркы жогору турарын жогоруда айтпадымбы. Чет жактык студенттер Кыргызстандагы окуу жайларды тандап жатканда, сөзсүз түрдө биздин улуттук макамыбызга көңүл бурушат. Биз дагы эл аралык деңгээлде улуттук окуу жайыбыздын жүзүн булгабаш үчүн катуу даярдык көрүүдөбүз.

 – Экономист, юрист, педагогдорду даярдоо башка маселе, ал эми медицина адистерин даярдоодо өзгөчө талаптар, өзгөчө мамиле керек эмеспи?

 – Албетте өмүр сакчыларын даярдоо оңой-олтоң иш эмес. Чынында эле медфак башка факультеттерге караганда чоң түйшүктү, зор жоопкерчиликти талап кылат. Кыргызстанга чет өлкөлүк студенттерди алып келип, медициналык билим алуусуна шарт түзүп жүргөн атайын компаниялардын адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Имараттарыбыздын ремонтунан баштап, техникалык-материалдык жабдууларыбызга чейин ошолор камсыздап, азыр иш кызуу жүрүүдө. Кудайга шүгүр, биздин университетте кенен, жарык аудиториялар, мыкты имараттар бар. Техникалык- материалдык базабыз, окуу куралдарыбыз дагы заманбап талапка жооп берип, сапаттуу медиктерди даярдоого бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн факультет болот.

 – Демек, чет өлкөлүк студенттерге басым жасалат экен да?

-– Туура, негизинен баштапкыэтабында чет өлкөлүк студенттер кабыл алынат. Бирок, кыргызстандыктарга дагы мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча долбоорду даярдап жатабыз. Мисалы, өлкөбүздүн ар бир райондоруна квота берилиши керек. Ошол квота боюнча алдыңкы студенттерди жергиликтүү бийлик каржылап, кийин окууну бүткөн соң ошол районго кызмат кыласың деп милдеттендириш керек. Кудайга шүгүр, азыр ар бир райондо мыкты өндүрүштөр ишке берилип, кирешелүү ишканалар көбөйүп калды. Ар кандай социалдык долбоорлор менен да иштеп жаткандары бар. Ошолор кайсы бир сандагы студентти шефтикке алса деген оюбузбар. Чет элдик студенттер төлөгөн акыдан дагы дотация кылып, кыргызстандык уул-кыздарыбызды да окутканга аракет кылабыз. Учурдагы пандемияга байланышкан оор абал медиктердин кадыры канчалык экенин ачык көрсөтүп койду. Бизде медицина кызматкерлеринин саны ар дайым жетишсиз болуп келген. Кыргыз-орус славян университетинин, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын айрым бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ошол абалды оңдоого, улутубузга кызмат кылчу медиктерди даярдоого Кыргыз улуттук университети дагы өз салымын кошкону турат.

 – Окутуучу- профессордук курамыңар кандай болот?

– Лицензия алынганга чейин эле факультеттин профессордук- окутуучулук курамыбыз толук тандалып, даярдалган. Бардыгы чет өлкөлүк студенттер менен иштеп жүргөн, англис тилин жакшы билген, тажрыйбалуу мугалимдер. Ооруканаларда иштеп жүргөн, алдыңкы практик врачтар да сабак беришет. Ошондой эле фундаменталдык предметтер боюнча универси- теттеги химия, биология сыяктуу факультеттеринде иштеген илимдин докторлору, кандидаттары, мыкты мугалимдери дагы ишке тартылат.

Тиленбек АЗЫК