Бишкекке дагы 78 кычкылтек кислороду алынып келинди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына кечээ чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1500 кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.