«Комузду атамдан, үйрөндүм, жазуучулук  усталыкты таякемден өзү келди…»

улук  усталыкты таякемден өзү келди…»Обончу, күүчү, комузчу, уста, жазуучу, тарыхчы Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ:

Кээ бир адамдар табиятынан ар нерсеге шыктуу болуп жаралат эмеспи. Ошондой адамдын бири – обончу, күүчү, комузчу, уста, жазуучу, тарыхчы Кайнарбек Бийлибаев. Ал 1952-жылы Талас районунун Каракоюн өрөөнүнүн Кайнар деген жеринде жарык дүйнөгө келгенде, атасы Шеримкул: “Кайнарда төрөлдү, Кайнар булактай кайнаган уул болсун” деп, атын Кайнарбек койгон экен. Тилекке каршы, тилек кылган баласынын кандай болуп өскөнүн көрө албай, 1961-жылы 64 жаш курагында жарык дүйнө салат. Жалгыз эне 5 баласын тарбиялап, өстүрүп эрезеге жеткирет. Кайнарбек Бийлибаевге көптөн бери көз бактымды салып, талантына баа берип маектешсем деп жүрчү элем, ошондой күндүн сааты чыгып, маек куруп калдым.

 – Кайнарбек байке, бала кезиңизден ыр-күүгө жакын өссөңүз да, мектепти аяктаган соң, Ленинграддагы медакадемияга тапшырган экенсиз. Эмнеге?

– Ооба, бала кезимден ыр, күүгө жакын өскөнүм ата-энемдин канынан улам го деп ойлойм. Атам чоң комузчу, мыкты акын, ырчы болгон. Убагында театрга алып кетебиз дегенде, «бир үйдүн жалгыз баласы болсо, малдарды караган киши жок» деп, болбой койгон экен. Комузчулугу бөтөнчө эле, ошол убактагы элде жок күүлөрдү чертчү. Балким өзүнүн күүлөрү чыгар, так айта албайм. Акындык, ырчылык жагын көрүп-билгендер азыр деле айтышып жүрөт, “Шекемдин төгүп ырдаганы укмуш эле” деп. Кенже эпостор – «Жаныш-Байыш», «Көзөлшаа», «Томор мерген», «Адыл мерген», «Кедейкан», «Курманбек» дегендерди обондорго салып жатка айтчу. Апам темир ооз комузду шуулдата кагуу менен бирге көмөкөйү менен ышкырган өнөрпоз, ыр-күүлөрдү жакшы көргөн аял заты болчу. Ленинграддагы медакадемияга тапшырып калганым, мектепте окуп жүргөндө эле дарыгер болууну калачу элем. 1971-жылы мектепти бүтүп Ленинград эмес, биздин эле борборубуз Фрунзе шаарындагы медициналык институтка тапшыргам. Бирок бир сабагым үч болуп калып, конкурстан өтпөй калгам. Ага деле моюн бергеним жок, дагы кандай окуу жайлар бар болду экен деп, гезиттерди алып карап жүрөм. «Советтик Кыргызстан» гезитинде, «Т.Сатылганов атындагы филармониянын астындагы эки жылдык эстрадалык студияга абутуриенттерди кабыл алуу жарыяланат» деп жүрүптүр. Барып мединституттан документтеримди алдым да, түз эле келип филармониянын документтерди кабыл алуучу секретариатына тапшырып койдум. Мединституттан документтеримди албай деле койсом болмок экен, көп өтпөй ошол эле гезитке кайта жарыя чыккан, конкурстан кулагандар даярдоо курсуна кабыл алынат деп. Өзүмдүн мококтугуман болдубу, же кудай тагдырымды бөлөк жакка буруп койдубу, менимче чечкиндүүлүк кыла албадым көрүнөт. Белгиленген күнү, филармониянын эки жылдык студиясына экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, өтүп алдым.

 – Комузду кимден үйрөндүңүз? Алгачкы жолу черткен күүңүз эсиңизде барбы?

– Комузду алгач өз атамдан үйрөнгөм. Атам дүйнөдөн өтүп кеткенде, апам мени Талас шаарындагы №1-мектеп интернатка берди. 1-класска окуп жүргөнүмдө, айылыбызда мени билген чоң класстагы балдар ээрчитип келип музыка мугалим Аман Абдышевге комуз черткенимди айтып, тааныштырды. Ал мени комузчерттирип көрүп, комуз кружогуна кабыл алып, кружоктогуларга күүлөрдү үйрөтүп жүрүптүр. Алгач үйрөнгөн күүм Ниязалы Борош уулунун «Арсар күүсү» болду. Ошентип кружокто жүрөм, бир күнү эле агай: «Биздин мектеп Талас шаарынын маданият үйүнө концерт беребиз, сен комуз чертесиң» – деп, биз күндө репетиция жасайбыз. Башкаларын унутсам да, ал күндү эч унутпайм. Менден башка ырдаган, бийлеген окуучуларды атайын автобус менен алып барды. Маданият үйдү биринчи көрүшүм, агайыбыз сахнага кимден кийин ким чыгарын айтып койгон. Мен болсом комузумду кармап, агайым айткандай жанынан чыкпай турам. Бир убакта ысымым жарыяланып, сахнага чыктым. Стулдун жанына келгенимде, агайым көтөрүп стулга отургузуп койду, бутум болсо жерге тийбейт. Сахнада «Арсар күүнү» черттим, көрүүчүлөр менин кичинекейлигиме караштыбы, шатырата кол чабышты. Экинчи номерим, «Пахта» деген обондуу ыр менен 2-класстын окуучусу Күлүмкан деген кыз бийлемек. Мен комуз менен коштоп, ал бийлеп бергенде, көрүүчүлөр андан бетер кол чабышты. Ошол концертке биздин айылдан Темирбек Жамгырчиев деген жубайы Кантай менен келишкен экен. Алар Талас шаарында турушчу, концертти көрүп айылга айтып келишиптир. «Шекемдин (Шеримкул) баласы Кайнарбек концертте комуз черти» – дешип. Алтынчы, базар күндөрү интернат бизди үйгө жиберчү. Үйгө келсем, апам, таяжем, тайнем, бир туугандарым  сүйүнүшүп, уккандар таңданып, мактоо сөзгө илинген алгачкы чоң жаңылыгым болгон. Андан кийин агайым Аман Абдышевден үйрөнгөн күүлөрүм: «Токтогулдун кербези», «Чоң кербез», А.Огомбаевдин «Кыз кербези» болду.

 – Жолдомо менен профсоюздардын жогорку мектебинен окусаңыз да, бүт өмүрүңүздү музыка дүйнөсүнө арнаган экенсиз. Музыка дүйнөсү сиз үчүн эмне?

– Ленинграддагы Профсоюздардын жогорку мектебинде окуганга чейин, ички дүйнөмдү музыка бүтүндөй ээлеп алган эле. Ошол кездеги Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу, обончу Бейшеке Жандаровдун комуз классында, гитарачы М.Матустун гитара классында сабак алып, «комузчу», «гитарачы» деген кесипке ээ болдум. Эстрада деген топтор өткөн кылымдын 60-жылдардын аягында жаңы чыгып, популярдуу боло баштаган убак болгон. Жаштардын көпчүлүгү гитараны колдо-рунан түшүрбөй, эстрада дегенге суусап турган кези эле. Филармониянын эстрадалык студиясынын бүтүрүүчүлөрү менен окуп жаткан студенттердин ичинен, 1973-жылы «Гүлкайыр» деген аваздык эстрадалык ансамбль түзүлөт. Кыргыз филармониясынын тарыхында Чоро Кожомжаровдун эстрадалык ансамблинен кийинки топ «Гүлкайыр» деген аваздык эстрадалык ансамбли болгон. Ошо топто алгачкылардан болуп «бас» гитарада ойноп калдым. Ал жерде иштеп жүргөнүмдө, алгач «Сени менен», «Музыка», «Роза гүл» деген обондорум ансамблдин репертуарында ырдалып жүрдү. Кыргыз радиосунун алтын фондусунда ошол убактагы жана кийинки убактардагы жазылган обондорум бар. Мындан башка да 80-90-жылдары чыгарган, өзүмдүн аткаруумда күүлөрүмдү радиого жаздыргам. Комуз менен музыка, мен үчүн жашоомдогу ички дүйнөмдүн жарчысы деп эсептейм. Эмнени көрсөм, билсем күүлөр, обондор аркылуу бергим келет.

 – Сизди ээр чапкан, комуз чапкан уста катары айтышат. Устачылыкты кимден үйрөндүңүз. Канча жашыңыздан усталыкка өттүңүз? Канча ээр, канча комуз чаптыңыз? Чапкан комуздарыңызды чоң комузчулардан кимдер чертип жүрүшөт?

– Ээр чапканды атайын деле кесип кылып алайын, же бирөөнүн шакирти болоюн деген ой таптакыр менде болгон эмес. Айылыбыз Арашанда колунан көөрү төгүлгөн темир, жыгач уста, балбандыгы бар Аманбек Саадабай уулу деген таякебиз бар эле. Ошол уста таякебизди бир тууган агам Сайырбек усталыгына карап, «мага ээр чаап бербейсиңби» деп калат. Ал таякебиз, жок дебестен макул болуп, ээрге деп кесилген кара жыгачты үйгө келип, көрүп эле жактырат. Ошентип, күндө жумуштан кийин биздин үйгө келип, ээр чаба баштайт. Мен жанында эч жакка жылбастан узанганын карай берем. Бир күнү чот, керкилерди алып устанын чапкандарын туурап кичине сомдоп койдум. Аман таяке күндөгү убагында келип, жаап кеткен ээрди карап, «буларды ким минтти?» – деди. «Мен” дедим. Устага иштин оор жагы бүтсө жакшы тура, иши кичине болсо да азайганына ыраазы болуп калды. Өзүнүн белгилеген убагы бар эле, ошого чейин иштейт да, үйүнө кетип жатканда кудай жалгап мага тапшырма берип калды. Ошодон кийин, мага берген тапшырмаларын күндө аткарып коём. «Сенден бир нерсе чыгат экен дейт» да, баягыдан мага кыйын жерлерине келгенде «тиги жерди тигинт, бул жерин минт» деп, мага ишенчү болду. Менин алгачкы дагы бир өнөрүмдүн башаты ошентип башталган. Ал убак 9-класстагы кезим болчу. Ортодон көп жылдар өттү. Чаткал районунда иштеп жүргөн убагымда «үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» демекчи? – отунга деп кыйылып келген жоон кайыңдын жоон жагына кызыгып аралап алдым да, баягы көргөн өнөрүмө салып жекече бир ээр чаптым. Кийин башкасын чаптым, андан барып комуз чапканга өттүм. Азыр үйдө өзүм чаап, буканын териси менен каптаган бир гана ээрим калды. Балким неберелерден атка ышкыбоздору болсо токунар деген ой менен сактап жүрөм. Комуздар-ды анча деле көп чапканым жок. Иштеген кызматтарыма карап бул өнөрлөрдү улантканым жок. Кээде бирөөлөрдүн комуздарынын кемчиликтерин көрө калсам, оңдоп бере коём. Сапаттуу комуз болушу үчүн катуу жыгачтар болушу керек – өрүк, кара жыгач, алма, арчадан чапса болот. Капкактарга тоонун буралбай өскөн кызыл карагайларынан болсо жакшы үн чыгат. Чапкан комуздарым кимдин колунда жүргөндөрүн деле билбейм, сурагандарга берчүмүн, башкаларга окшоп белги деле салчу эмесмин. Бирок өзүм чертип жүргөн комузум бар. Устачылыкты такай отуруп улантканым жок, ал үчүн бүтүндөй убактымды, дүйнөмдү арнашым керек.

 – Комузда канча толгоо бар, сиз анын канчасын пайдаланасыз? Канча күүнү ийине жеткире черте аласыз?

– Комузда мурда мен оң, сол буроо дегенди эле билээр элем. 1982-жылы Ленинграддан окууну бүтүп келип, Каракөл шаарында иштеп жүргөнүмдө, ошол шаардын музыкалык мектебинде Өзүбек Рысбеков деген комузчу агай менден сурап калды. «Кайнарбек, комуздун канча буроосу бар экенин билесиңби?» – деп. Мен билген толгоом оң, сол дегендерди айттым. «Мындан ары билип ал, комуздун 13 буроосу бар» – деп. Мен таң калып, кандайча дегенимде, бирден санап толгоп көрсөтүп берген. Мисалы, Ыбрай Тумановдун «Жыргал» күүсү – секунда, квартага толгонуп чертилет. Комуз өзү үч кылдуу жөнөкөй көрүнгөнү менен, өтө татаал музыкалык аспап. Гитара, балалайка, скрипка, домбра, маренхуа жана башка кылдуу аспаптар бир буралган бойдон ойнолот. Ал эми комуз 13 буроосу менен ар кандай күүлөрдү, обондорду ойносо боло берет. Канча күүнү ийнине жеткире черткенимди санаганым деле жок, залкар күүлөрдүн көбүн эле чертем.

 – Устачылык өнөрдүн сырлары менен бөлүшсөңүз, бул бүтүндөй бир чыгармачылык эмеспи. Жакшы ээр, жакшы комуз дайыма эле чабыла береби?

– Эгерде адам чын ыкласы менен көңүлүн койсо, бардык нерселерди сапаттуу жасаса болот. Ээрди чапкан адамга түрлөрү көп, курап чапкан, туюк чапкан ээрлер болот. Такай атка токуп мине турган ээрлердин сапаты да бөлөкчө болушу керек. Аттын сээрин ээр басып салгыдай кылбай чабуу зарыл. Ал үчүн, ичмек, тердик, желдик салып, үстүнө ээр токулат да. Ээр желдиктин үстүнө түшкөндө– ортосунан көрүнүп тургудай жылчык болушу зарыл. Андай болбосо, токулган аттын сээрин ээр басып салып, сээрди жоор кылып жиберет. Экинчи жагы, ээрди токуганда – арткы желдикке ээрдин жаткан жактары жакшы жатышы абзел. Асты жагы куушурак келип, арт жагы кенен болот. Эгерде бир жагы, экинчи жагынын желдикке жакшы жатпай басып койсо, анда аттын капталдарын жоор кылып салат. Ээрди каптаганда, төөнүн же буканын терилери менен капталса ээр абдан бекем болот. Аларды каптаардан мурда сууга чылап, жүндөрүн кырып, капкара болуш үчүн жаңгактын кадимки эле көк жалбырактарын 3, 4 күндөй тери менен кошо чылап койсо, өңү кара түсткө айланат. Болбосо анардын кабыктарын ошондой кылса, өңү саргыч болот. Чылаарда суу сөзсүз жылуу болушу керек

– Өзүңүз канча күү чыгардыңыз? Устаттарыңыз кимдер, шакирттериңиз барбы?

– Өзүмдүн ушу кезде чыгарган 9 күүм бар, анын экөөсү радиого бериле элек, калган 7 күүм алтын фондуда. Устатым Бейшеке Жандаров, андан башка Шекербек Шеркулов, Бейшеналы Кулболдиев, Алтымыш Мундузбаев, Өзүбек Рысбеков менен отуруп, комуз черткен күндөрүм болду. Ар бири өзүнчө чоң окуя. Айтып бергендей гезит радиодой эмес, жаза берсе узарып кетип көп орунду алып коёт. Комуз үйрөнөм деп атайы келип үйрөнгөн шакирттерден болгон жок. Өзүм уюштурган «Беш-Таш кайрыктары» деген эстрадалык ансамблде колумдан тарбияланып чыккан актер, ырчы шакирттерим бар. Мисалы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, драмалык жана киноактер – Бузурман Одуракаев, Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы – Калипа Чалова ж.б. көп эле.

 – Жазуучулук өнөргө качан келдиңиз?

– Жазуучулук өнөргө келгениме себеп болгон жагдайлар бар. Студент кезимде дүйнөлүк адабият (мировая литература) деген сабакты 2 курс окудум. Дүйнөлүк адабиятта, дүйнөгө белгилүү жазуучулар: Дж.Ольдридж, Э.Хеменгуэй, Т.Драйзер, Т.Манн, Жюль – Верн, А.Дюма, Л.Толстой, Ф.Достаевский, Ч.Айтматовдун чыгармаларын өтө кызыгып окугандан кийин, кандай бактылуу кишилер жазуучу болот деп койчу элем. Мен жазуучулукту алгач поэзиядан баштадым, кээ бир обондорумдун сөздөрүн өзүм жазам. Ырды көп деле жазбайм, уялат көрүнөм. Профсоюздук кызматта көптөгөн докладдарды жазып жүрүп такшалдым көрүнөт. Кызматка байланыштуу көп макалаларды жазууга туура келди. «Чаткал оттору» деген райондук гезиттерге профсоюздук иштер жана башка макалаларымды берип турар элем. Ал тургай редакция тарабынан баалуу сыйлыктарды алган күндөрүм болгон. Ал кезде гезиттин редакциялык жамаатында – Ч.Нармырзаев, А.Акбаров, С.Токтосунов ж.б. иштечү. Жазуучулук жолумду, өз көзүм менен көрүп, билип жүргөн баштан өткөн окуяларды жазгым келчү, жаздым. Жазып бүтүп, тобокелге салып Рашид Масыракунов деген жакшы таанышыма кол жазмамды окуп, пикир, сунуш, оюңузду айтыңыз деп, бердим. Ал эки жумадан ашык окуп, жолукканда: «Бул жакшы чы-гарма болчудай, басып чыгаралы» – деп калды. Колдо кармап жүргөн уйларымдын бирин сатып, «Гүлчынар» басмаканасынын директору Сейткадыр Асаналиевге Р.Масыракунов экөөбүз кол жазманы алып барып бердик. Эки айдан кийин 2010-жылы басмаканадан алгачкы жазуучулугумдун бет ачары «Адашуу» аттуу повесттен башталган. Чыккандан кийин филология илимдеринин доктору, профессор Үсөнбек Асаналиевдин пикирин билейин дедим. Окуп чыккан экен, абдан жакшы ой-пикир, кеңештерин берип колумду кармап: «Сен мындан ары жазуучулукка аттан, сенден жакшы жазуучу чыгат!» – деди. Окуган окурмандар тарабынан жакшы пикирлер болуп, телефон аркылуу кутуктоолор, суроолор болуп жатты. Жазуучулук жолумдун алгачкы кадамы ушундайча башталган.

 – Сиз дээрлик тарыхый темада жазасыз. “Жанкороз” аттуу мыкты чыгарма жараттыңыз. Тарыхый маалыматтарды кайдан таптыңыз? Канчасы чындык, канчасы көркөм ой?

– 2009-жылы журналисттик жолум башталган, ага чейин мезгилдүү басмаларда ар кыл темадагы макалаларым жарык көрүп калган. «Көк Асаба» гезитинин тиражын көтөрүүдө республиканын ар кайсы жерлерин кыдырып жүргөн убагымда, эл арасынан санжыраларды жыйнай да, жаза да баштадым. Санжыра, кыргыздын урууларынын таралышынан башка хронологиясы жок кызыктуу тарыхты камтыйт эмеспи. Ошол санжырачылардын ичинде, Керимкул уулу Төрөгелди, Ырыскулбек уулу Ысабек, Субан уулу Жумаш, Касымбек уулу Ормонбектерден Жанкороз олуя, Шааке апа ж.б. тууралуу бай материалдарды жыйнаганга жетиштим. Топтолгон санжыралар тарыхый хронологияларга канчасы туура келет, канчасы туура келбесин салыштырып ылгап жүрдүм. Туура келбегендерин алып салам, туура келгендерин өткөн тарыхый окуяларга салыштырып, бөлүп жазып чыгам. Ошонун натыйжасында «Жанкороз» деген роман жазганга материал топтолуп даяр болуп калыптыр, жазып чыктым. Романда көркөмдөлгөн жерлери – жаратылыштын кооздуктары, айлана — чөйрөлөр гана кирбесе, көпчүлүгү тарыхый чындык окяларга басым жасалган.

 – Жанкороз тууралуу окурмандарга кабар бере кетсеңиз?

– Бул адам өткөн XIX кылымдын 1833-жылы төрөлүп, XX кылымдын баш жагы 1910-жылы дүйнө салган. Анын жашоо турмушу, өткөн доордогу туура эмес жүргүзгөн датка менен бийлердин иштерин айгинелеп, түздөн-түз беттерине айткан, жалчы-жакыр, кедейлердин талабын талашып, салыктардын көлөмдөрүн азайтканга жетишкен. Ошонун аркасында даргага тартылып кетерин астын-ала билип, өз жанын ким сактап каларын билген. Олуялыгынын касиети менен, баласы жокторго батасы менен балалуу кылып, жакырларга жардам берген. Олуялык жагы өтө жогору болгон, анын саясий ишмердиги алгач Талас жергесине 1862-жылдардан кийин орустардын келишиндеги жашоо турмушка кандай таасири тиерин астын ала айтып, алар менен тынчтыкта жашоону элине сунуш кылгандары баяндалат. Орустар Талас__жергесине келип отурукташкандан баштап, тарыхый археологиялык курулуштар менен күмбөздөрдү бузуп, өзүлөрүнө курулуш куруп кирген орустарга нааразы болуп, орус төбөлдөрүнө айтып, буздурбай токтотуп калганга жетишкен. Орус бийлиги анын олуялыгын билип, ар кандай курултайларды уюштурганда ага башкартып, элдердин тынч жашоосун камсыздандырган коомдук – саясий ишмер экенин катуу баалашкан. Орус эли менен тынчтыкта жашоодо кийинки абал кандай болорун, астын ала элдерге кайрылып, алар менен тең ата болуп жашоону көздөгөн. Уруу арасында, аш-тойлордогу байгелерге адамдарды саюуну, төө чечмей оюндарына тыюу салганын эл катуу баалаган. Кыргыздар өзүлөрүнүн уруулары бол-гон: кушчу, сарбагыш, солто, саяк, бугу жана башка орус, уйгур, өзбек, дунган элдери менен достук абалда болуу, ынтымакта жашоонун белгиси деген.

 – Тарыхый теманы иликтөөдө эмнеге таянасыз?

– Кыргыз санжырасы менен илимий тарыхты астыңкы орунга коём. Аларды изилдеп жазган илимпоздор менен тарыхый кол жазмаларын калтырып кеткен эмгектерди жетекчиликке алам. Андайлардын катарына – Махмуд ибн Вали, Ний- аз Мухаммед Хуканди, Абулгази бар. Булардын эмгектерин абдан кылдат карап чыгып, анализ жасайм. Бул эмгектерде жалаң эле кыргыздар эмес, бүтүндөй Борбордук Азия элдеринин уруучулук байланыштары, баатырдык эрдиктери убагында жакшы көңүл бурулбай калгандыгы байкалып, өтө кызыктуу окуялар кездешет. Эмгектерди окуп чыккандан кийин, жакшы маани-маңыздуу иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө, көңүл бурганга жардам берет. Иликтөөсүз жыйынтык чыгаруу кыйын, тарых ушунусу менен маанилүү жана кызык.

 – Тарыхчылык кесипке качан ээ болгонсуз, учурда кайсы теманын үстүндө эмгектенип жатасыз?

– Адам заманга жараша алдыга багыт алып туруу зарыл, коомдон артта калуу болбойт. Азыркы талап кандай, эмнелер калып, кайсы тармак үстөмдүк кылып баратат, ушундайларга көз салуу керек. Тарыхчылык кесипке ээ болгонум, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасында аспирантура бөлүмүн окуп бүтүп, тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн кандидаттык диисертациямды жактагам. Азыркы убакта эмгектенип жатканым көбүнчө тарых багытында. Жазып койгон илимий эмгектеримди топтоп, бир жыйнак кылып чыгаруунун үстүндө иштөөдөмүн. Мындан тышкары, XVIII кылымдагы Жунгар хандыгына каршы күрөшкөн кыргыз, казак, өзбек элдеринин баатырлары жөнүндө «Алатоону бошотуу» деген тарыхый романдын үстүндө иштеп жатам. Азыр бир сыйра тарыхый тактоолорду кийрип жатам, буюрса бүтүп калдым десем болот. Мындан башка, тарыхый инсандарга арналган жана башка эмгектер менен алекмин. Айта берсем – иштеп жаткан ишим өтө көп, азырынча калгандарын айтпай турайын.

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”