Туташ санариптештирүү адам факторун, коррупцияны кыскартат

1-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек курган. Төмөндө маектин айрым урунттуу учурлары менен окурмандарды тааныштырабыз.

Учурдагы кырдаал жөнүндө

Бул илдет ар бир кыргызстандыктын тынч жашоосуна бүлүк салды. Көптөгөн мекендештерибиз аза кайгысын тартышты. Мен дагы чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум…

Бүгүн адистер, «абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда» деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок, мындай шашма баа берүүгө дагы эрте. Эмне үчүн дегенде, дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек.

Ошондуктан биз дагы деле кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, ар ким өзүн, өз жакынын коргоосу зарыл болуп турат, биримдик менен бирге бекем тартипти унутпайлы. Негизинен дары-дармек менен камсыздоо, ооруканаларыбызды кышка даярдоо, жаңы ооруканаларды куруу, эскилерин жаңы талапка ылайык өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.

Санариптештирүү жөнүндө

Акыркы эки жылдан бери өлкөнү туташ санариптештирүү саясатын жүргүзүп жатабыз. Негизги максат — калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактарда адам факторун, коррупциялык элементти кыскартуу. Өзгөчө, калкыбыздын калың катмарын камтыган — билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары, салык, бажы тармактары, элге социалдык кызмат көрсөткөн тармак толугу менен санариптешет.

Биз негизги тармактарга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Ушул гана жол менен биз өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасир тийгизген коррупцияны кыскартып, элди ашыкча, кереги жок түйшүктөн арылтып, ыңгайлуулуктарды түзө алабыз. Муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул дүйнөлүк практика. Биздин өлкө, албетте, абдан кеч баштадык, бирок акыркы эки жылда жарандарыбызга сезилерлик жылыштарды жасай алдык. Мындан ары да бул саясат жеке көзөмөлүмдө болот. Бул — менин президенттик ишимдеги негизги багыттардын бири.

Ал эми билим берүү тармагын санариптештирүүнү алсак, ушул коронавирус пандемиясы бул процессти тездетти. Муктаждык жаралып, окутуу процесси толу-гу менен аралыктан окутууга өткөнгө шарт болду. Буга  өттүк десем туура болот. Албетте, мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту.

Мына ушундан улам, албетте, ата-энелерибиз, айрымдары нааразы болушу мүмкүн. Баланы окутуудан тышкары башка үй тиричилиги бар, жумушта иштеш керек дегендей маселелер көп. Ошондуктан кээ бир нааразычылыктар болууда.

Кечээ жакында билим берүү министринен жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат алдым. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карата камылга көрүлмөкчү.

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү аралыктан жогорку окуу жайларга тапшырышты. Менимче, ата-энелерге, балдарыбызга ыңгайлуу болду. Мурдагыдай, алыскы айылдардан 1 ай мурда Бишкекке келип, ата-эне түйшүк тарткан жок.

Балдар ошол жашаган райондордон эле тандаган кесиби боюнча аралыктан тапшырып, бир топ ашыкча чыгымдан кутулушту. Адам факторунун кийлигишүүсү жоюлду. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик болду. Саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүүнү күчөтөбүз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, санариптештирүүгө байланыштуу дагы бир жагдайды айта кетейин. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасын да туташ санариптештирдик.

Жыл башында Өкмөткө, Мамлекеттик кадр кызматына бир канча багыттар боюнча милдеттер коюлуп, бул иштин өтөөсүнө чыгыш боюнча тапшырма берилген. Мына ошол иштин өтөөсүнө чыктык. 1-августтан тартып, жаңы конкурстук система иштей баштайт. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер гана сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу.

Буга чейин айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес.

Социалдык-экономикалык өнүгүү жөнүндө

Азыр түзүлгөн оор кырдаал шартында, ишкердикти колдоо багытында, бир топ иш-аракеттер жасалды. Ишкерлерди фискалдык, финансылык жактан колдоо боюнча мен деталдаштырып, токтолбой эле коеюн. Мен баса белгилеп айтып кетчү жагдай — «Ишкердик субъекттерди финансылоо» программасы бекитилди. Программаны биринчи башталгандан жалпы финансылоо фонду 14 млрд. сомдон кем эмес өлчөмдө пландалууда. Бул быйылкы жылга кабыл алынган пландар, баштапкы этап.

2021-жылы бул сумманы 40 млрд. сомго чейин көбөйтөбүз. Бул боюнча тиешелүү финансылык институттар менен иштеп жатабыз. Ошол жактан дагы каражаттарды тартабыз. Программанын алкагында коммерциялык банктарга Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд. сом бөлүндү. Бул программанын алкагында биринчи жеңил өнөр жайы, туризм, фармацевтика өнөр жайы, жүк ташуулар, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына өзгөчө басым жасайбыз.

Ушул каражаттарды биз жумушчу орундарды түзүп, айрыкча экспортко чыгып аткан ишкерлерди, ишканаларды жана импорттун ордун толтуруп аткан ишканаларга жумшайбыз. Бул боюнча иш токтобойт, көзөмөлүмдө. Мен дагы Өкмөткө жардам берип, финансы булактарын сырттан издөө боюнча иштерди жүргүзүп атам.

2019-жылы биринчи жолу республикалык бюджеттен 2 млрд. сом каражат бөлүнгөн. Айрыкча, экспортко чыгып жаткан кайра иштетүү өнөр жайын колдоо боюнча. Мына ушул маселе да бюрократташып, 534 млн. сому берилип, калганы берилбей калды. Мына ошондон улам маселе чыгып жатат. Тиешелүү жумуш ордун түзүп, жакшы иштеп, экспортко чыгып, импорттун ордун толтуруп жаткан ишкерлер менен ишканаларга тездик менен каражаттар жетиши керек. Муну көзөмөлдөп жатам, иш башталды. 7 айдын жыйынтыгы боюнча дагы бул маселеге кайрылып келебиз.

Кышка даярдык жөнүндө

Бизде эмес, региондо суу тартыштыгы болуп жатат. Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 млрд. тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок, тилекке каршы, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы суу сактагычтарга дагы — эл аралык маанидеги суу сактагычтар бар: Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак келип калды. Айрыкча, суу июнь менен июль айларында келет. Былтыркыга караганда азыр 2 млрд. 400 млн. куб суу аз болуп турат. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого карап, анан тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт. Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эгерде күн жылып кетсе, суунун келиши көбөйсө, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буйруса.

Т.ИСХАКОВ