С.Жээнбеков Ысык-Көлдөгү өрттүн себебин тыкыр иликтөөнү тапшырды

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигине Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы эки адамдын өмүрүн алган окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды. Ал эми ӨКМге жарылуу эмнеден болгонун тактоо, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына тез аранын ичинде газ сатуучу жайларда коопсуздук эрежелеринин сакталышын текшерүү, талапка жооп бербесе аларды жабуу тапшырылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине жарылуудан улам жабыркаган адамдарга кечиктирилбестен квалификациялуу медициналык жардам берүүнү буюрду.

Эскерте кетсек, 19-июнда кечке жуук Ананьеводо газ балондор жарылып эки адам тирүүлөй күйүп кеткен. Дагы сегиз адам ооруканада, алардын абалы оор экени кабарланууда.

Иликтөөнүн жүрүшү өкмөт башчысынын жеке көзөмөлүндө турат.