22 миңден ашуун абитуриет колледжге тапшырышты

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча 22 миңден ашуун абитуриент колледждерде окуу үчүн өтүнмөлөрдү тапшырышты

1-турдун жыйынтыгы боюнча КР БИМ тарабынан атайын иштелип чыккан системада https://spuz.edu.gov.kg/ 22 070 өтүнмө катталды.

3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштайт.

3-6-августта – абитуриенттер окожго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыкоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат.

Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жайларга  жылдын башында бериши керек.