Көчкүдөн жабыр тарткан айылдын тургундары көчө турган жер такталды

Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылынын тургундары кайда көчүрүлөрү аныкталды. Бул тууралуу  Заргердин башчысы Динмухаммет Бокошов билдирди.

«Көчүрүү боюнча жер тилкелерин тактадык, кошуна Төрт-Көл айыл аймагында турак жай салууга ылайыктуу 42 гектар жер бар экен, трансформация үчүн документтерди Бишкектен күтүп жатабыз«, — деди Бокошов.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган.