Алмазбек Атамбаев Португалия президентине көңүл айтты

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев көптөгөн адамдардын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Португалиянын президенти Марселу Ребелу ди Созага көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Жалпы Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атыман кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайратка чакырган  сөздөрдү, жапа чеккендердин баары  тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,-деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Эске салсак, Португалиядагы бир нече аймактарда күндүн ысыгы акыркы күндөрү 40 градуска чейин көтөрүлгөн. Анын кесепетинен токойлордо өтр чыгып, 60тай адам каза тапкандыгы айтылууда.