Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Чыгарманын үчүнчү бөлүмүн баштоонун алдында экинчи китептин соңун, тактап айтканда окуянын токтогон жерин окурмандардын эсине салып, кайталап  коюуну туура көрдүк…

Кызмончок каяктандыр, кимдир бирөөнүн ыйлаган үнүн эшитти. Алыстан угулуп жаткандай, үзүл-кесил чык- кан ошол ый улам дааналанып, ага жакындап келаткан сыяктанды. Канчалык укпайын де- гени менен ботодой боздоп, сыбызгыдай сыз- даган үн такыр эле басылбай койду. – Кечир мени, Кызмончок? Суранам сен- ден, кечир?!.  Ы-ы-ыы… «Бул ким?» – демин ичине катып, ким- дин үнү экенин ажыратып билгиси келди эми. –Мен сени сүйгөм! Менин алсыздыгым- ды кечир, Кызмончок? Үү-үү… «Кызмончок дейби?.. – бүшүркөй түштү келин. – Сүйгөм дейби? Ким бул? Бектемир- би?..» – Сен жок эми кантип жашамак элем, мага да жашоонун кереги жок! Кереги жо- ок!.. Үү-үү… «Сен жок” дейби? Мен жокмунбу? Өлгөм го…” – үн чыккан тарапка карады. Жакын эле жерде кимдир бирөө ыйлап, томолонуп  жаткансыйт… «Ким бул? – Буга эмне болгон?” Ушуну ойлоп үлгүрө электе, баланын жанында сороңдоп дагы бирөө пайда бол- ду! Жыландын ийрелеңдеген элесин элес- булас  боолгоду келин: «Жан?!.» – кай- да жатканын, буга чейин эмне болгонун эми эстегендей, көздөрү умачтай ачылып, көмөкөйүндө бир катуу чыңырып алды. Жы- лан жерде жаткан адам баласынын жаны- на сойлоп келип, кудум чагып алчудай, ба- шын алдыга-артка күүлөп, сереңдеп калган  болчу. – Жан?! – үн катты келин. «Селт!» этип чочуган Жан Кызмончокту карай имериле калды. Ый дагы «тып» басылды. Айлана-тегерек кулак-мурун кескендей жымжырт боло түштү. Кызмончоктун денесин майда калчыл- дак басып кетти: – Жан?!.


 (Мистикалык-фантастикалык повесть)Сандан-санга


Кызмончоктун добушунан да, көздөрүнөн да: “Сага эмне болгон? Сен да кыянаттык кыла аласыңбы?..” – деген суроо бар эле. Жылан эмне кыларын, эмне деп жооп айтарын билбей, жанын  коёрго жер таппай, бирок тирмийген көздөрүн тартып  да ала албай тиктеп тура берди. Асан да сак жатты. Ал Кызмончок менен Жандын «арбашуу- сун» карап,  кокус береги макулук  келинди карай октолсо эле тура чуркап, так моюндан капшыра кармап, кысып өлтүрүүчүдөй  ман- жалары титиреп, комдонуп калды. Бирок жылан каккан казыктай болуп, катып тура берди. Ушул учурда ал анын көздөрүндөгү жа- зууну окуган болсо: – Булар сени барктай алдыбы, Кызмон- чок?! Акыры бириңди өлүк, экинчиңди чала өлүк кылып, ай талаага таштап кетишти го! Кана, адамдардагы сен айткан асылдык?! Кана, улуулук?! “Адамга кара санаба” дечү элең, а булардын сага ак санаганы кана? – дегенди окуйт болчу. Кызмончоктун карегинен мончоктоп, ысык жаш куюлуп кетти. Эрдин тиштене, ордунан турду да, өзүнөн көз албай, жооп күткөн жыланга ый аралаш жылмайды. Анын бул жылмаюусунан кандайдыр, кимгедир бол- гон ишенимдин, үлпүлдөгөн үмүт менен кечиримдин шооласын көрдү да, Жан бар тулкусун титирете бир катуу ышкырып алды. Үшкүрүккө окшош эле бул…

– Демек, сен адамзаттын улуулугу туура- луу оюңдан дагы эле кайткан эмес экенсиң?  Кызмончок башын чайкады: – Анда ата-энеме болгон  ишенимден да кайткан болом, Жан… Жыландын эми элеки тарамыштай түйүлгөн денеси бошоп, жумшара түшкөндөй болду. Ошондон кийин гана: – Бул ким? – деди Кызмончок бозала чаң болуп, бети-башы жаш менен топуракка боёлуп, таптакыр таанылгыс болуп отурган Асанга ээк жаңсай. Жан адамдар кеткен тарапты карады: – Тигилерден… Алардын өзү тууралуу сүйлөшүп жат- канын боолгогондой, Асан ордунан туруп,  өзүн бүшүркөй тиктеген келинди тик багып карай албай, үстү-башын күбүнгөн болуп, кайпактап кетти. – Сен кимсиң? – деди Кызмончок.

– Мен – Асан… – каргылданган үн менен акырын унчукту улан. – Касендин баласы… Дыбырап жамгыр жаап келди. Жан башын көтөрүп, асманды карады.

(экинчи бөлүмдүн соңу)

***

Асманда айланган таз жорулар  дагы эле жүрүшөт… Азыр эле долусу кармап, ага-буга урунуп, жер тытып ызылдап жүрүп  акыры тынчы- ган шамал эми  желпилдеген  айдарым желге айланып, кыймылсыз жаткан Алымкандын этек-жеңин делбектете тарткылап, ала-була чачын агымы менен кошо учуруп кетчүдөй желбиретип, “агызып” турат…  Ага кошул-ташыл  дыбыраган жамгыр катуулап, аялдын  эки бети ылдый  муздак суу шорголоп агып жатат… “Бул менби? Эмне жатам?..” – жерде кый- мылсыз сулаган денин  айланып-тегеренип өзүнүн элеси жүрөт.  Жерде жаткан тулкусун өйдө тургузганга, ойготконго кудурет-күчү келбей, эмне болуп жатканына түшүнө ал- бай  делбектеп, тийип-качат…  Тиги жердеги үчөөнү карайт… Эркек баланын кийимин кийип, жа- зылган чачы согончогуна түшүп,  шөмтүрөп суу болгон Кызмончок,  жанында Асан, ал экөөнүн  ортосунда – аяк алдында башын жерден улам көтөрө коюп, улам кайра жата калып, өзүнө-өзү батпай жаткандай ойдо- локтогон Жан… Алымкандын буту жер баспай, абада кам- гактай калкыган элеси  аларга улам жакын- дап келип: “Кызмончок, эмне турасың? Бу жерде эмне болуп жатат? Мен эмнеге тиякта жатам? Калгандар кайда?” – дейт.  Бирок ага эч кимиси жооп бербейт, атүгүл аны көрбөй да коюшту. Ал кайра эле өз денесине айланчыктап  келет… Аңгыча, кандайдыр тааныш шоорат ту- юлат… Алда неден үмүт кылгандай элеңдеп, айланып-тегеренип издейт. Айткандай эле, тигине, тээ чагылгандар каршы-терши сайылган кара булуттардын  арасынан  баягы жыланга окшогон  ийри- муйру таягын таянып,  кайненеси дикилдеп түшүп  келатат… – Эне?.. – ыйбаа кылгандай, эреркеп кет- кендей, айыбы бардай да абдаарый карайт аял.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.