Кырсык шаары деп жарыяланган Бейрутка Франциянын президенти барды

Бейшемби күнү Ливанга Франциянын президенти Эммануэль Макрон барды. Ал жарылуудан кийин бул өлкөгө барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду. Француз президенти ливан бийлигин экономиканы оңдоо жана акыркы кездери коррупцияга каршы акцияларга чыгып жаткан элдин нааразылыгын токтотуу үчүн тез арада реформаларды жасоого чакырды. Ал Ливанга акча чогулуу боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү убадалап, ошол эле маалда бийлик каражаттын жабыркагандарга жетишин камсыз кылышы керектигин эскертти.